![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №26, 11.04.08-ж. |
Меймансап Форум Балит-аракет Кыргызың эл болалбай атса, эмне кылалы? Ушул жумада парламент фракциялары Каркыра жайлоосу боюнча маселени жеринде карап келишти. Кыргыздар тарыхый жайлообуз казактарга кетип атат деп жаны кейисе, казактар кыргыздарга көп жер кетип жатат деп наалып турушат. Биз абалды билүү үчүн Каркырага барып келген эл өкүлдөрүнө кайрылдык. Гүлжамал СУЛТАНАЛИЕВА, ЖК депутаты: "Жалгыз жол - Каркыраны алмаштыруу" - Каркыраны жанагы өкмөт айткан аянты эки эсе көп жайлоого алмаштырсак, чын эле биз үчүн пайдалуу бекен? - Эгер кагаз бетине түшкөн документтердин негизинде карасак, биз үчүн жападан жалгыз пайдалуу жолдордун бири ушул. Бирок биз барганда жергиликтүү кеңештин депутаттары биздин чечилелек пикирге каршы экендиги билинип турду. Биз Каркыранын үстүнө чыккандан кийин артыбыздан жетип барып, "алмаштырбаш керек, туура эмес" дегендей ойлорун билдиришти. Бирок муну эч ким кесе айткан жок. Алар Каркыра биздин тарыхый жер экенин эле айтышты. Бирок тарыхый жактан кыргыздардын жери болгону менен муну ырастаган документ жок. Ал эми тиги алмаштырабыз деген жайыттуу тоо да кыргыздардыкы экен. - Демек, өзүбүздүн жерди эле өзүбүзгө алмаштырып жатышыптыр да... - Жергиликтүү эл айла жок ушуга барып атабыз, ушундай болсо да маселебизди чечип бергиле деди. Чынында бул маселеге терең карашыбыз керек. Анткени ар бир жер үчүн, ар бир кокту-колот үчүн биздин ата-бабалар кан төгүп келген. Бирок бизде таяна турган документ жок. - Жергиликтүү эл Каркыраны алмаштырууга макулбуз деп чыгышпадыбы? - Ал жердеги эл алмашууга каршы экен. Бирок бийлик биз барганда аудиторияны даярдап коюптур. Ошондой болсо да "дүжүр" кишилерди алып келген жоксуңарбы" деп губернатор, акимдерге айттык. "Жок, жок" дешкени менен даярдап коюшканы сезилип турду. Ирина КАРАМУШКИНА, ЖК депутаты: "Казак өкүлү болсом, Каркыраны кыргыздарга бермекмин" - Ирина Юрьевна, Каркыра жайлоосу боюнча жергиликтүү элдин пикирин уктуңуздарбы? - Биз эң алгач жергиликтүү эл менен баарлаштык. Ал жердин тургундары, мугалимдер, аксакалдар Каркыраны алмашууга макул экенин билдирип, жанагы жердин малга өтө жайлуу экенин айтышты. Биз маселени адистердин катышуусу менен терең талдап, алмашуудан башка аргабыз жок экенине ынандык. Бирок жергиликтүү элден нааразы болгондор да болбой койгон жок. - Казак тараптын талашып атканын туура деп ойлойсузбу? - Эми мен Казакстанга, казак элине да таңгалам. Биз ар качан кошуналарыбызга боор тартып турабыз. Бирок алар бизге эмне үчүн боор тартпайт? Эгер мен казак тараптын өкүлү болгонумда, "койгула боордоштор, тарыхый жактан жер силердики, Каркыраны да, тиги жерди да алгыла" деп эбак айтмакмын. Анткени аларда жер эбегейсиз көп эмеспи. Бирок алар биздин жер деп көшөрүп болбой жатпайбы. Антсе да жанагы жерди жергиликтүү эл малга жакшы деп атат. Негизинен Каркыра боюнча жергиликтүү элдин пикири да ар түрдүү. Келдибек НАЗИРОВ Айтпайын десең, ич күйөт Айтайын десең... "Ошту бергиче, жаныбызды берели!" Д.Садырбаевдин "Кайран эл" фильминдеги кыргыз байбичесинин чакырыгы Дамбал чек баяны деген эмне? Качанкы тарыхты айтпай-ак коелу, казак боорубуз кыргызды кийинки бир кылым ортосунда, же тактап айтканда, 18-кылымдын жарымынан 19-кылымдын жарымына чейин үч мерте чапты. Кечээ эле калмак баскынчылыгынан биргелешип кутулган биртууган элди ырайымсыз душманга айландырган чатактын себеби: жер талаш экени, айрыкча берекелүү Сарөзөн Чүй жана касиеттүү Ысыккөлгө сук артуу болгону кашкайган чындык. Бирок кыргыз жерин бердиби? Кашык каны калгыча кармашты. Берген жок. Соңку Кененсары, Ноорузбайдын өтө мыкаачылык жортуулунда теңдешсиз күчтөн аргасыз чегинген жоокерлердин жолуна Солтонун баатыр зайыбы аялдардын дамбалынан керме тартып, чек койгон экен. "Эгер чектен өткөнүң, дамбалдан башыңа чалма чалып, катын бол! Болбосоң, качпай кайра урушка кир" деп атажурттун арбир кадамы үчүн балдарын өлүмгө айдап, бакырып турган тура, кайран энебиз! Эми биз ким болдук? 49 жыл деген эки муундун өмүрү. Кырк байталдын соорусу кызык көрүнүп, "убактылуу жайлай туралы" деген жылма мамилеге алданып, Каракоңуз, Кордойдон айрылганыбызды кантип унутабыз? 49 жыл арендага бер. Бирок өзүңө бер. Беш жылдыздуу имараттарды кура турган байлар өзүбүздө жетишет. Эсеби маселең, ошол эле А.Салымбековго, Д.Үсөновго, К.Байболовго же Максимге бер, андай эле берешен болсоң. Качып жүрөт деген У.Барктабасовго бер, байлыгын элине бурсун. "Коюндан куюлса - кончко", "Кийиз сатсаң өзүңө сат, бир өңүрүн жамынасың" деген бабаларыбыз. "Көкөтөйдүн ашы" же иттин өлүгү дал ушул 49 жыл деген цифранын алдына көмүлүп атканын аңдабайлыбы. Үзөнгүкууш Кытайга кетип атканда А.Бекназаров бакырды. Ал саясатка айланып, алты жигит атылды. Демек, алты азамат Атажурт үчүн окко учту. А Каркыраны, болгондо да "Манастан" бери дапдаана айтылып келаткан асыл жерибиз Каркыраны жөн эле берип жиберебизби? Мынча эмнеге өчөйөбүз? БУУнун ж.б. эларалык уюмдардын курамындагы мамлекетпиз. Аймагыбызда эки лидер державанын авиабазалары турат, калдайып. Экономикалык бойкот болот дейт. Буудайды, нефти, газды дүйнөлүк баадан көтөрүп койду го. Эми эмнеси калды? Чакыралы, аргасыз тентип жүргөн мекендештерибизди. Жер жетет өзүбүзгө. Элди ынтымакка коюп, белди бек бууйлу. Мындан жаманында, кокту-колотто чачылып жүргөндө да кыргыз жерин берген эмес. Ачкадан кырылса да, кыргыз ардан кырылган эмес! Казак боорубузга өмгөктөгүдөй эмне жамандык өтөдүк? 30-жылдары жеринен бозгон казакка жалгыз эчкисинин сүтүн өз баласынан алакчылап берген кыргыз эле го! Туугандык парзыбызды колко кылбайлы. Акыйкат Абайды, эки Мухтарды, Жөжө менен Мукагалини, Жамбыл, Кадыр, Олжас, Оралхан, Шамшы, Роза, Ашымды өз боорумдай жакшы көрөрүм, сыймыктанарым чын. Арстанбек бабабыз айткан: "Алтын ээр атка чак,/ Атыңа туура келбесе,/ Алтынын алып, отко жак./ Агайын билер баркыңды,/ Агайын тууган билбесе,/ Акырын сүйлөп, жатка жак". Келдиби ошол мезгил? Биз кайсыныбыз менен элбиз? Албетте, жерибиз, суубуз, көлүбүз (алтының кара жерге кирсин!) элибиз менен. Электр энергиябыз менен элбиз. Азыркы президентибизге ишенип, добуш бергенбиз. Али үмүт куруй элек. Президент кыргыздын байлыгын жарымы жалган, жарымы чын, "Ак жолго" эмес, бүткүл элге кеңешип чечиши керек. Биз биргелешип, Акүйдү эмес, Атажуртту коргошубуз милдет! Дүйшөн КЕРИМОВ Өнөгүңдү алдырба! Жамандын коногу... КР Президенти К.С.Бакиевге Урматтуу Курманбек Салиевич! Учурда кыргызстандыктарды өзгөчө бушайман кылып, тынчсыздандырган маселе - кыргыз элинин сыймыгы, ажайып кооз байлыгы Ысыккөлдүн келечегине байланыштуу. 1992-жылы СССР курамына кирген 15 республиканын ортосундагы келишимге ылайык арбир жаңы көзкаранды эмес мамлекеттин аймагындагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр ошол мамлекеттин менчигине өтмөк. Бул Эларалык укуктук принциптер эгемендүү мамлекеттердин аймагынын бүтүндүгүн камсыздоого, алардын аймагында анклавдарды болтурбоого багытталган иш-чара эле. Маселен, Россиянын Есентуки курортундагы Казак Республикасынын "Казакстан", Өзбек Республикасынын Кисловодск курортундагы "Өзбекстан" санаторийлери, Сочиде жана башка союздук курортторго салынган эс алуу жайлары толугу менен аталган республикалардын каражатына курулгандыгына карабай, Россия Федерациясынын менчигине өткөн. Ошондой эле "Байкоңур" космикалык станциясы союздук республикалардын эсебинен курулса да Казакстандын менчигине өтүп, анын ижара акысына Россия жыл сайын миллиондогон доллар төлөөдө. Эларалык келишим, тилекке каршы, Кыргызстанда толук аткарылган жок. Маселен, Ысыккөлдөгү союз мезгилинде Казак жана Өзбек Республикалары курган пансионаттар бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын менчигине өтөлек. Биздин оюбузча мындай кырдаал мурдагы мамлекеттин жетекчилеринин принципсиздигинин, жоопкерсиздигинин, Атамекенибиздин бүтүндүгүн сактоого, кызыкчылыгын коргоого берген антын аткарбагандыгынын кесепетинен түзүлдү. Учурда Казакстандын менчигине Ысыккөлдөгү төрт пансионатты берүү жөнүндөгү маселе кызуу талкууланууда. Талкууга катышкан айрым өкмөт мүчөлөрү "биз Казакстанга жерди бербейбиз, жердин үстүндөгү имараттарды гана беребиз, жерден чоң салык алабыз" дегендей туура эмес пикирлерди айтууда. Мындай позицияны Конституциянын талабын, эларалык келишимди аткарбай, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы Казакстандын кызыкчылыгын коргогон, коомчулукка келишимдин мазмунун бурмалап түшүндүрүүгө багытталган позиция деп эсептейбиз. Эларалык келишим боюнча жер да, ал жердеги объекттер да Кыргызстандыкы. Бул талашсыз маселе. Эмне себептен биздин өкмөт мүчөлөрү ошол эле Казакстандын, Өзбекстандын жетекчилери кол койгон келишимдин кыйшаюусуз аткарылышын камсыз кылуунун ордуна, жарым жартылай сунуштарды таңуулашат. "Жардынын коногу билет" дейт. Өз үйүбүздө өзүбүздүн мыйзамдуу укугубузду коргой албасак, канткенде өз алдынча мамлекет болобуз? Казакстанга, Өзбекстанга таандык пансионаттарды Кыргызстандын менчигине алып, андан кийин гана мыйзамда белгиленген тартипте ижарага берүүгө болот. Эгерде бул пансионаттар Казакстандын менчигине берилсе, эртең Өзбекстан да Көлдөгү пансионаттарын берүүнү талап кылат. Ошентип, Ысыккөлдүн жээги акырындап Кыргызстандагы Сох, Шахимардан сыяктуу анклавдарга айланат. Анклавдар кыргызстандыктар үчүн канчалык кыйынчылыктарды келтирип атканын жакшы билебиз. Урматтуу Курманбек Салиевич! Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришип жатып Кыргызстан элине "Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык тутууга жана сактоого, Кыргыз мамлекетинин эгемендигин жана бүтүндүгүн коргоого берген антыңызды эске алып, Ысыккөлдөгү пансионаттарды коңшу мамлекеттердин менчигине бербей, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүүнү өзүңүздүн жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду сурайбыз. Сизди урматтоо менен, ЖК депутаттары: Б.Акунов, Ж.Каниметов, Б.Иманалиева, Д.Кыдыров, Т.Орозалиев, Ж.Рахимдинова, Д.Молдошева, А.Байбураева жана коомдук, мамлекеттик 17 ишмер кол койгон (түпнускасы редакцияда) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|