Сөз атасы өлбөсүн...
Алтынды дат баспайт
Садыркуловго асылгандарга күмүш сырга
Француз ойчулу Поль Валеринин: "Если бессильны атаковать мысль, они атакуют автора" деп айтканы бүгүнкү кыргыз саясатындагы хансарай оюндарына куп гана жарашып турат. "Ажого ким таасир этет, ким жакын" мелдеши көркүнө чыккан кербези. Кудум Макиавелли, Цезарь доорундагыдай. Бир топ дөө-шаа аткаминерлердин кекиртегине сайылган сөөк бүгүн - Медет Садыркулов. "Акаевге акча ташыган" деп айкырышты эле, сот толук актап салды. "Экс-президенттин куйругу" деп улушту эле, өздөрү деле "куйруктан" алыс узабагандарын коомчулук көрүп турат. Анан минтип аргументтери түгөнгөндө, айлалары куруганда улутуна асылышып, "казак" деп мазактай баштаган оппоненттери (Чакановичтин душмандары бийлигинде да, оппозициясында да жетиштүү экенин кара, эй!) өңдүүлөрдүн ичтери күйгөнүн түшүнсө болот. 2005-жылдан бери Үсөн аке Сыдыков менен М.Абдылдаев президенттик администрацияны башкарышканда колкоздун деңгээлине түшүп, тамтыракайы чыгып кетти эле, Медет мырза келгени ажого жардамы жакшы эле тийип жатканына баарыбыз күбөбүз. Курманбек Бакиев аныктаган реформаларды алдыга жылдыруусунда анын колкабыш кылып жатканы көрүнүп эле турат. Түгөнбөгөн митингдердин токтошу, Консот чечими, парламент тарашы, референдум менен парламенттик шайлоо өтүшү, өлкөдө бийликтин бар экени ачык көрүнгөнүндө Садыркуловдун үлүшү канча экенин башкалар билмексенге салса, президент К.Бакиев беш колдой билет. Баалайт. Тигилер ошого чачтарын жулуп атышат.
А казактыгына келсек, атасы Чакандын небак кыргыздашканын, Мекенине опол тоодой эмгек өтөгөнүн Чүй өрөөнү гана эмес, мүлдө калың улутубуз аңыз кепке айланткан. Ал жөнүндө өзүнчө сөз козгойбуз. Бүгүн болсо Медет мырзанын канына, генетикасына, улутуна микроскоп менен кызыккандар үчүн атактуу таятасы Дүр аксакал жөнүндө замандашыбыз Мырзабек Касымалиевдин чакан изилдөөсүн сунуштайбыз.
Алымбек АЙДАРАЛИЕВ
Коңорчоктун түзүндө эртең мененки бээнин биринчи сааны бүтүп, жаңыдан кымызга олтурушканда Сооронбайдын Акталаадан келген жигит башы болгон кайдулат саяк Айылчы: "Бий, сүйүнчү, аялыңыз Седеп аман-эсен көз жарып, уулдуу болдуңуз" деди. Үч күндөн бери аялынын толгоосуна кулагдар болгон бий капысынан айтылган жакшы кабарга чочуп кетип, турагалып ары бери басып, "капыр ий, денем дүр дей түштү, деги арты жакшы болгой эле" деген экен.
Дүрдүн энеси Седеп көп нерсеге көзү жетип турса да өзүнүн мокок, тартынчактыгынан бийдин улуу аялдарына теңата боло алган эмес. Такай кемсинген турмуштун азабын көп тарткан. Төркүнүнүн кембагалдыгы да анын жашоосуна кедерги болгон. Дүрдүн азан чакырып коюлган аты Абдывахап, бирок эли-журту аны Дүр деп атап алышкан.
Төрөттүн оордугунан кыйналып жүрүп Дүрдүн энеси эки айлыгында эле өлүп калган. Дүрдү Бака деген агасынын аялы эмизип чоңойткон. "Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим" болуп, Дүр өтө кыйналып эрезеге жетет. "Өз киндигин өзү кесип" дегендей, чыйрак, тың, шок, тентек болуп өскөн. Айланасына жатакта калган кедейлердин балдарын чогултуп, торпок жарыш, эңиш, балбан күрөш, ордо оюндарын уюштурган. Тамакты чогуу ичишип, бири бирине өтө кайрымдуулукта өсүшкөн. Досторунун көпчүлүгү өзүнө окшоп же энеси, же атасы жок, же таптакыр эле томолок жетимдер болушкан.
Кийинчерек балдарыңарды орусча окутканга Алматыга жибергиле дегенде байбичелер чогулуп, бираз болсо дагы эс алып, тиги тентектен кутула туралы деп бийди көндүрүп, окууга жалгыз жөнөтүшкөн. Караманча орусча билбеген бала жарым жылдын ичинде классында эң мыкты окуган окуучулардын катарына теңелген.
Эки жыл бүтүп, үчүнчү жылдын окуусуна киргенде бийдин эсине келип баягы тентектин бары-жогун билип, кабар алып келгиле деп Айылчы, Арзымкан деген жигиттерин Алматыга жөнөтөт. Атасынын жиберген адамдарын мончого алып барып жуундуруп, шаарды көрсөтүп, жакшы дүкөндөрдөн кийим-кече, ар түрдү кездемелерди сатып берген. Гимназиянын шарты боюнча мугалимдери ак шапке, ак костюм шым, ак ботинке кийишкен. Алдыңкы окуучулардан шайланган класстын старостасы, учкомдун председатели, мугалимдер ак форма кийүүгө милдеткер эле. Дүрдүн ак кийимин көрүшкөн айылдыктары, анын эр жетип өткүр, чечен, акылдуу мамилесине таң калып, ыраазы болгондугун бийге сүйүнчү катары айтып келишкендигин айыл аксакалдарынан көп жолу уккам. Сооронбай "байбичемдин эр жеткен балдарына көңүлүм тойбоду, көзүм жумула электе, колуман тарбия алсын, акылымды уксун, айтар сөзүм көп" деп Дүрдүн ой-боюна койбой окуусунан алдырып алат. Ошондо Дүр үч жылда аттап окуп, беш жылдыкты бүтүп келген.
Орус тилин жакшы билгендиктен, Токмоктогу, Пишпектеги уездде писарь, тилмеч болуп көп жыл эмгектенген.
Петербургдун уруксаты менен Чоңкеминден карагай алып,Чүй районундагы Сайлык айылына 1890-жылы жыгачтан ашталып жасалган мектеп курдурган. Курулушка Токмоктогу уста орус, ногой достору жардам берген. Бул Кыргызстандагы мусулман балдары үчүн ачылган орус тилиндеги биринчи мектеп эле. Мугалимдери Россиядан, Уфадан келген. Алган маяналарын, жашоо-шартын толугу менен Дүр көзөмөлдөгөн. Убагында айрым түшүнбөгөн мусулмандар балдарыбыздын дилин, тилин тескери буруп жатат деп, Дүрдү "чокундук" деп көрүнө дагы, көмүскө дагы жаманатты кылышкан.
Дүр багбанчылыкка, дыйканчылыкка, аары өстүрүүгө абдан көңүл бурган. Алманын жаш көчөттөрүн Алматыдан төөлөргө топурагы менен калың кийизге жабуулап, кургатпай алып келген. Сооронбайдын багы деген 100 гектарга жакын алма бакты Мичурин колхозу пайдаланып, 1960-жылга чейин мөмө берип тургандыгына көпчүлүк эл күбө. Дүрдүн таасири менен Чүй районунда Кошойдун багы, Жоломандын багы деген алма бактар пайда болгон. Ал Кыргызстандагы биринчи багбан Фетисов менен ысык мамилелешкен.
Анжиандан сүрүлүп келген отуз үйлүү адигине уруусундагыларга жер бөлүштүрүп берип, Чүйдүн Кызылсуусуна жайгаштырган. Жаңы туугандар келди деп байлардан мал, буудай, арпанын үрөнү менен жардам бердирген. Бир жыйында Ормон хандын элчиси аталган Кубат уулу чечен Калыгул алардын түрүн көрүп туруп:
"Боору кара, сырты көк,
Мунун отуз үйлүү эли бар,
Отузунун отуз миңдей деми бар,
Башында Сооронбайдын Дүрү бар,
Дүрдө ажыдаардын сүрү бар" - деп баа бериптир .
Ошол мезгилдеги орустардын жер ээлөө саясатын Шамшы, Бурана болуштугундагы Максым кожо Турумбек, Ыбрайым ажы, Чалдамбай сыяктуу прогрессивдүү адамдар колдошкон. Тарыхта көрсөтүлгөндөй орустар ичкериден көчүп келе баштаганда эле кыргыздын жери ченелип өздөрүнө асылдуу жакшы жерлер, чабынды, токойлуу кыштоо жайлоолорду ээлеп башташкан. Кыргыздар суусу жок, кайрак чөлгө, аккар, көк муздуу жердин этегине сүрүлүп ташталган.Токойдон отун алып от жакмак түгүл, чырпык жагууга дагы тыюу салынган. Жергиликтүү эл жайдыр-кыштыр көң жагып оокат өткөргөн. Кокус кемегеден жыгачтын күлүн эле көрүп калса токойду кыйып атасың деп кыйыктап, малын талап-булап олжого алган.
1916-жылы Туркестанда жашап жаткан ар бир оруска 3,17 теше тандалган, ар бир жергиликтүү тургундарга 0,21 гана теше жер туура келген. Жердин тарыхый аттары алеки заматта которулуп, Калиновка, Покровка, Орловка болгондугуна Дүр чыдамсыздык менен мамиле кылып, керектүү жерде айта жүргөн.
Кыргыздын бирден бир алгачкы жазма акыны, санжырачысы аталган Тоголок Молдонун калыптанышына Дүр чоң себепкер болгон. Ал аталаш агасы Айылчыны ээрчип Нарындын Курткасынан келген. Сооронбайдын айлына келген манасчы, ырчы, санжырачылардын айтканын кагазга түшүрүп турган, билимин жогорулаткан, үйбүлө күткөн.
Ташкент, Алматы, Пишпектен, Уфадан алдырып келип, китепкана уюштурган. Ага билимдүү Шарафуддин жетекчилик кылган. Колунан китеп түшпөгөн, дүйнөлүк адабият менен тааныштыгы болгон. Тилекке каршы Дүрдүн өзү жазып жүргөн чыгармалары бизге жетпей калды, өзү атылгандан кийин өрттөлүп кеткен.
1918-жылы Токмоктогу Орловкадагы бүкүр Егнат баштаган шовинист орустар бир нече күн камап жатып, Чүй дарыясынын Шордөбөгө кетчү жолдун жээгине алып барып, Дүр менен кошо жети атактуу адамды сотсуз эле атып таштаган. Алардын арасында Калпа Келдибеков, Ормонхандын чөбөрөсү Жапый Көкташ уулу, Тезекбаев Түлкү, Максымкожо Тоголоккожоев, Турумбек болуш жана Канаттын уулу болгон. Үмүт деген кыйын нерсе эмеспи. Кечээ эле чогуу, аралаш жашап жүргөн адамдар бүгүн аракка аябай тоюп алып, бакылдашып, бирде ырдап, бирде куру каткырып, мылтык кезеп айдап келе жатса дагы өлүмгө өздөрүн бирде кыйып, бирде жашоодон үмүттөнүп, жамандыкка жорубай сыртынан эр адамдын сапатын сактап, жөө-жалаңдап сүйлөшүп келе беришкен. Атыларга жакындаганда Дүр "ии кожом, колдойм эле колдойм дечи элеңиз, эми качан колдойсуз" - деп Максым кожого кайрылганда, "ии, Дүр мырза, кожоң колдогон үчүн шейит кетип жатпайсыңбы" деген алардын өлүм алдындагы коркпогон мүнөздөрүнө мас орустар ого бетер жинденишкен. Ичинде дунган, ногой улутундагылар да болгон. Артынан ыраактан буулугуп, коркконунан үнүн чыгарбай келе жаткан атылгандардын жакындарына кайрылып, эми көөмүп салгыла деп орусча бакырып коюп татырактата чаап кетишкен. Ошол эле мас топ Көкжардан 300дөн ашык адамды бала-бакырасы менен кырып таштаган.
Карышкыр тийген койдой калтаарып, элеңдеген байкуш кыргыздар өлүктөрүн түн катып алып кеткендерине ыраазы болушкан. Дүрдүн сөөгү Сайлык айлына коюлуп, ашы 1926-жылы күзүндө Окторкой жайлоосунда өткөрүлгөн.
М.В.Фрунзенин колу коюлуп Дүрдү Москвага кызматка чакырылган телеграммасы кийинчерек табылгандыгын айыл аксакалдары кан какшап айтар эле. Дүр камакта жатканын уккан Шамшы элинин мыктылары: Ыбрайым ажы, азык Чалданбай, атам Касымалы Бозгунчу уулу айтканын нечен жолу кулакдар болгом.
1994-жылы тагдырдын буйругу менен Президент администрациясынын уюштуруу бөлүмүндө иштеп турганымда, жетекчим М.Садыркулов мага кайрылып: апамдын чоң атасы Дүр Сооронбаев деген адам сиздердин Чүй районунда жашаган экен, ал киши жөнүндө кабарыңыз барбы деп капысынан сурап калды. Ал киши тууралуу билгенимди айтып бергенимде, Мекем сүйүнгөнүнөн мени катуу кучактап өпкөн. Кийинчерек киндик каным төгүлгөн Чүйдөгү Онбиржылгага барып, Дүр атанын 80 жылга жакын сакталып келаткан сүрөтүн Мекеме карматтым. Көрсө мен тапшырган Дүр ата түшкөн жапжалгыз сүрөт экен. Эми минтип улуу адамдын музейин уюштурууда, эстелик бюстун жасоого мен берген сүрөттүн дарыдай керек болгонуна менин төбөм көккө жетүүдө. Баарынан дагы Сайлык айылындагы Дүр Сооронбаев атындагы мектептин айланасын кооздого генералдык планын түзүп, бюст орнотууга заманыбыздын залкар скульптору, мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор Айдар Усукеевдин катышканы мыкты болду.
Дүр өмүрүндө үч аял алган. Алматыда окуп жүргөн кезинде энеси татар бай казактын Зейтун деген сулуу кызына катуу ашык болуп, көп кыйынчылыктан кийин ага үйлөнгөн. Үчөөнөн Зайнилабдин, Султан, Садвакас жана Асанкул деген төрт бала калган. Булардын баардыгы 1941-1945-жылдагы согушта курман болушкан. Ушул тапта Дүр атанын Асанкул деген уулунун жападан жалгыз Медет Садыркуловдун энеси болгон 80 жаштагы Насипа апа гана өмүр сүрүүдө, башка тукум калган эмес.
Кыскартып айтканда, Дүр Сооронбаев Кыргызстандын түндүк регионуна жана маңдайкы казак туугандарга атагы чыккан кадырман, барктуу адам болгон. Дагы бир өзгөчөлүгү - ал өтө жөнөкөй, боорукер, кичи пейил, бой көтөрбөгөн, эл үчүн жаралган адам эле.
Атам Касымалы өз заманындагы залкар Кубат уулу Калыгул, Белек Солтоноев, бала Айылчы, Надырбектин Абдылдасы, азык Чалданбай, Бөрү Кененсарин жана башка улуу адамдардын сөзүн угуп, таалимин алган. Мен дагы ата таасири менен Ормонхан, Шабдан баатыр, Дүр тууралуу абдан көп укканмын. Алар жөнүндө тарыхый чыгармаларды жараткан белгилүү адамдар бекеринен мага кайрылышпаса керек. Айрыкча Дүр ата мага өтө жакын. Балалык кезинен баштап, көзү жумулганга чейинки мезгилин көз алдыма такай элестете берем. Анын жээни Медет Садыркуловду көп жагынан ага окшоштурам...
Кудая тобо, эр тайын тартатпы деген сөз ыраспы дейм? Бүгүнкү күнү бийлик менен оппозициянын ортосуна калыс көпүрө болуп турганына аябай ыраазы болом.
Мырзабек Касымалиев