![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №27, 15.04.08-ж. |
Меймансап Форум Өткөндөн элес Театр жана кино артисти Жоробек АРАЛБАЕВ: "Арманды" көрсөм, азыр да кыйналам" - Жоробек мырза, чыгармачылык жолуңуздун башатынан кеп салсаңыз? - Фрунзедеги ?5 орто мектепти аяктап, кичинемде спорт гимнастикасы менен машыгып жүргөндүктөн, дене тарбия институтунда окуюн деп документтеримди тапшырганы жөнөдүм. Баратып, искусство институтунун жанында топтолгон абитуриенттерди көрдүм. Аларга аралашып, документтеримди искусство институтуна тапшырып, биринчи турдан өтүп кеттим. Ошол кезде "Болот кантип курчуду?" деген кино жаңы жүрүп аткан. Москвадан экзамен алуу үчүн келген мугалимдер ошол кинодогу башкы ролду аткарган актер В.Конкинге окшоштуруп, дароо эле кабыл алышты. Экзамен тапшырууда кыйынчылык болгон жок. Ошентип, Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайдын студенти болуп калдым. Окууну бүткөндөн кийин Алматыда аскердик кызмат өтөп, ал жактан "Пляски" аттуу аскер ансамблинде ырдап жүрдүм. Алматыда эле калбайсыңбы деп кызмат өтөгөн жактан сунушташкан. Бирок, үйдөгүлөр макул болушкан жок. - Биринчи жолу "Арман" фильминдеги башкы каарман Султандын образын жараттыңыз... - Мен анда 1-курсту гана бүткөм, 18 жашта элем. Чыгармачылыкты жаңы баштаган жаш жигит үчүн улуу артисттер менен жолугушуу, алар менен тасмага түшүү өсүүгө өбөлгө түздү. Кыргыздын алты фильмине тартылыптырмын. А калганынын көбүнчөсү Россия фильмдери. Ошондо баш-аягы жыйырмага жакын тасмага түшүптүрмүн. Армиядан келгенде Б.Шамшиев менен жолугуп, ал мени "Бөрү зындан" фильмине тартылууга сунуштады. Ушундай белгилүү инсандар менен чогуу иштешкениме кудайга ыраазымын. Москвада беш жыл окуганым бул жакта чоң инсандар менен жолуккандан кийин шоона эшпей калат экен. - Сизди ошол кезде бүт дүйнөгө таанымал киножылдыз Ален Делонго салыштырышчу тура? - Ооба, ошентип аташчу. - Эмне үчүн азыр чыгармачылыкка аралашпай калдыңыз? - Союз тарап, кайра куруу башталганда киностудияга бюджет бөлүнбөй, кино тартылбай калды. Ошондо башка ишке өтүп кеттим. Бирок, мени Горький атындагы, "Мосфильм", "Одесса" киностудиялары чакырып турушту. Одессадан көп чакыруу болуп, ошол жакка көп тартылдым. Лариса Удовиченко менен чогуу тасмага түштүм. Согуш мезгилиндеги фильмдерге көп тартылгандыктан, ушул теманы жакшы түшүнөм. "Арман" деле согуш мезгилин чагылдырган кыргыздын фильми да. Жалгыз баласын согушка жибербей эне-атасы калтырып койсо деле болмок. Бирок ошол кезде патриоттук сезим күчтүү болчу. - Азыр "Арман" киносундагы жаш кезиңизди, ошол кинону көргөндө кандай абалда болосуз? - Өзүм да ошого таңгалам. Ал кино 1975-жылы тартылган. Азыр "Арманды" көрүүчү катары эле көрөм. Көрүп отуруп, башкалардай эле каармандарга кайгырып, толкунданам. Жашым элүүдөн өтүп калгандыктан, ошол кездеги ата-баланын абалын жакшы түшүнөм. Жанымда отургандар байкабасын деп кинодогу оор тагдырды көрүп, өзүм да кыйналып кетем. Мен тартылган фильмдерди дискке көчүрүп беришкен досторума ыракмат. Балдарыма, неберелериме чоң атасынын эмне иш кылганы тууралуу эстелик болуп калат экен. - Чыгармачыл адамдар көп үйлөнүшөт го, сиз канча жолу үйлөндүңүз эле? - Бир эле жолу үйлөнгөм. Бул менин биринчи жана акыркы сүйүүм деп ойлойм. Үч балам, эки неберем бар. Жубайым Кенже балабакчада тарбиячы болуп эмгектенет. - Мамлекет тарабынан берилген сыйлык, наамдарыңыз барбы? - Театрда аз эле иштедим. Ошол кезде "Дың жер" спектакли коюлуп, Брежневдин образын жараткам. Анда Т.Усубалиев Кыргызстанды башкарып турган кез эле. Спектаклди көрүп, жакшы ойногонумду айтып мактаган. Өмүр бою менин ушул кесибимди жактырбай келген атама да жагыптыр. Ал кез союз убагы болгондуктан, Брежневге кат жазышып, сыйлык беришмек. Спектакль чыккандан бир айга жетпей Брежнев өтүп кетти. Мен сыйлык албай калгам. Негизи сыйлык алайын деп чуркаган эмесмин. Азыр той-топурларга барганда мени тамадалар "Кыргыз эл артисти" деп тааныштырып калышат, бул сөз мага ыңгайсыздануу алып келет. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА Жаңырык Азыркы хаос, эртеңки караңгылык УТРК алдындагы "Учур" телетеатры акыркы кезде жаңы спектаклдерди коюп, театр сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратып келет. Март айында Иброхим Содиковдун "Апендинин беш катыны" комедиясын, апрель айынын башында Султан Раевдин "Меккеге карай узак жол" притчасын коюшту. Театрдын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек ШЕЙШЕНОВ менен театр жаңылыктары тууралуу маектештик. - Шаршенбек мырза, эмне үчүн "Меккеге карай узак жол" притчасын тандады-ңыздар? - Эмне үчүн тандаганыбызды айтуудан мурда, бу чыгарманын мазмунуна токтоло кетейин. Соо десе соо, оорулуу десе оорулуу, түшүнүксүз абалдагы жети адам бир бөлмөгө чогулуп калышат. Анан аны "жетинчи бөлмө" деп аташат. Жетөөнүн бирөө бир кезде "мени силер император кылып шайласаңар, силерди Меккеге алып барам" деп айткан имиш. Калган алтоо өздөрү үчүн ыйык делген оокаттарын көтөрүп алып, ошол бөлмөгө чогулушуп, "сиз бизди Меккеге алып барам дегенсиз, эми жол көрсөтүңүз" дешет. Ушу жетөө аркылуу биз Кыргызстандын, Кыргызстан эле эмес, башка өлкөлөрдөгү да хаос абалды, эртеңки күнүбүз эмне болору белгисиз кырдаалды көрсөтүүгө аракет жасадык. Азыркы глобалдашуу агымы бардыгын өзүнө тартып кетип аткан учурда "ар бир адам өз жандүйнөсүн, жүрөгүн тыңшасын, жүрөктү, напсини, сүйүүсүн тазаласын, андан кийин гана Меккеге барууга болот. Дегеле жүрөк, ниет тазаланса, ошонун өзү Меккеге барганга тете" деген ойду айткыбыз келди. Анткени, биз азыр Меккеге барып келген айрым адамдар кандай иш кылып атканын көрүп жүрбөйбүзбү. Кыргыздын "молдонун айтканын жаса, кылганын жасаба" деген жакшы сөзү бар эмеспи, ушу боюнча дин маселеси да оюнда камтылган. Жалпысынан учурдагы адамдын жандүйнөсүн көрсөтүүгө аракет болду. - Силердин койгон спектакль менен театрдын, актерлордун жашоосу канчалык үндөшүп турат? - Театрдын максаты адамдарды жакшылыкка, тазалыкка чакыруу деп билебиз. Ар бир театр өз репертуарын жылдап тандайт. Тандоого көп себеп бар. Бул притчаны жамаатыбыз менен чогуу окуп, бүгүнкү күнгө ылайыктуу экен деп тандадык. Мындан сырткары, мартта өзбек драматургу Иброхим Содиковдун "Апендинин беш катыны" комедиясын койгонбуз. Бул эки спектаклдин максаты да, салмагы да эки башка. Ар бир эле театрга кассалык спектакль керек эмеспи, жогорудагы комедия ошондой максатты көздөйт. Башкалардан айырмаланып, биздин театрдын абалы жакшы. - "Учур" УТРКдан бөлүнүп кетсе, өз алдынча жашай алабы? - Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө деле бир да театр өз алдынча жашай албайт. Бул жалпыга белгилүү. Бир кезде кыргыз театрларынан да бөлүнүп, өз алдынча иштөөгө аракеттер болгон, натыйжасын баарыбыз билебиз. Бизди УТРКга батырып, колдоп келаткан жетекчиликке ыраазычылык билдиребиз. Ушу жумадан тарта "Учур" театры Нарын, Ысыккөлгө гастролго чыгабыз. Андан кийин Түркияга Чыңгыз Айтматовдун "Жаабарс" чыгармасын алып барабыз. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|