Өткөндөн элес
Театр жана кино артисти Жоробек АРАЛБАЕВ:
"Арманды" көрсөм, азыр да кыйналам"
- Жоробек мырза, чыгармачылык жолуңуздун башатынан кеп салсаңыз?
- Фрунзедеги ?5 орто мектепти аяктап, кичинемде спорт гимнастикасы менен машыгып жүргөндүктөн, дене тарбия институтунда окуюн деп документтеримди тапшырганы жөнөдүм. Баратып, искусство институтунун жанында топтолгон абитуриенттерди көрдүм. Аларга аралашып, документтеримди искусство институтуна тапшырып, биринчи турдан өтүп кеттим. Ошол кезде "Болот кантип курчуду?" деген кино жаңы жүрүп аткан. Москвадан экзамен алуу үчүн келген мугалимдер ошол кинодогу башкы ролду аткарган актер В.Конкинге окшоштуруп, дароо эле кабыл алышты. Экзамен тапшырууда кыйынчылык болгон жок. Ошентип, Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайдын студенти болуп калдым. Окууну бүткөндөн кийин Алматыда аскердик кызмат өтөп, ал жактан "Пляски" аттуу аскер ансамблинде ырдап жүрдүм. Алматыда эле калбайсыңбы деп кызмат өтөгөн жактан сунушташкан. Бирок, үйдөгүлөр макул болушкан жок.
- Биринчи жолу "Арман" фильминдеги башкы каарман Султандын образын жараттыңыз...
- Мен анда 1-курсту гана бүткөм, 18 жашта элем. Чыгармачылыкты жаңы баштаган жаш жигит үчүн улуу артисттер менен жолугушуу, алар менен тасмага түшүү өсүүгө өбөлгө түздү. Кыргыздын алты фильмине тартылыптырмын. А калганынын көбүнчөсү Россия фильмдери. Ошондо баш-аягы жыйырмага жакын тасмага түшүптүрмүн. Армиядан келгенде Б.Шамшиев менен жолугуп, ал мени "Бөрү зындан" фильмине тартылууга сунуштады. Ушундай белгилүү инсандар менен чогуу иштешкениме кудайга ыраазымын. Москвада беш жыл окуганым бул жакта чоң инсандар менен жолуккандан кийин шоона эшпей калат экен.
- Сизди ошол кезде бүт дүйнөгө таанымал киножылдыз Ален Делонго салыштырышчу тура?
- Ооба, ошентип аташчу.
- Эмне үчүн азыр чыгармачылыкка аралашпай калдыңыз?
- Союз тарап, кайра куруу башталганда киностудияга бюджет бөлүнбөй, кино тартылбай калды. Ошондо башка ишке өтүп кеттим. Бирок, мени Горький атындагы, "Мосфильм", "Одесса" киностудиялары чакырып турушту. Одессадан көп чакыруу болуп, ошол жакка көп тартылдым. Лариса Удовиченко менен чогуу тасмага түштүм. Согуш мезгилиндеги фильмдерге көп тартылгандыктан, ушул теманы жакшы түшүнөм. "Арман" деле согуш мезгилин чагылдырган кыргыздын фильми да. Жалгыз баласын согушка жибербей эне-атасы калтырып койсо деле болмок. Бирок ошол кезде патриоттук сезим күчтүү болчу.
- Азыр "Арман" киносундагы жаш кезиңизди, ошол кинону көргөндө кандай абалда болосуз?
- Өзүм да ошого таңгалам. Ал кино 1975-жылы тартылган. Азыр "Арманды" көрүүчү катары эле көрөм. Көрүп отуруп, башкалардай эле каармандарга кайгырып, толкунданам. Жашым элүүдөн өтүп калгандыктан, ошол кездеги ата-баланын абалын жакшы түшүнөм. Жанымда отургандар байкабасын деп кинодогу оор тагдырды көрүп, өзүм да кыйналып кетем. Мен тартылган фильмдерди дискке көчүрүп беришкен досторума ыракмат. Балдарыма, неберелериме чоң атасынын эмне иш кылганы тууралуу эстелик болуп калат экен.
- Чыгармачыл адамдар көп үйлөнүшөт го, сиз канча жолу үйлөндүңүз эле?
- Бир эле жолу үйлөнгөм. Бул менин биринчи жана акыркы сүйүүм деп ойлойм. Үч балам, эки неберем бар. Жубайым Кенже балабакчада тарбиячы болуп эмгектенет.
- Мамлекет тарабынан берилген сыйлык, наамдарыңыз барбы?
- Театрда аз эле иштедим. Ошол кезде "Дың жер" спектакли коюлуп, Брежневдин образын жараткам. Анда Т.Усубалиев Кыргызстанды башкарып турган кез эле. Спектаклди көрүп, жакшы ойногонумду айтып мактаган. Өмүр бою менин ушул кесибимди жактырбай келген атама да жагыптыр. Ал кез союз убагы болгондуктан, Брежневге кат жазышып, сыйлык беришмек. Спектакль чыккандан бир айга жетпей Брежнев өтүп кетти. Мен сыйлык албай калгам. Негизи сыйлык алайын деп чуркаган эмесмин. Азыр той-топурларга барганда мени тамадалар "Кыргыз эл артисти" деп тааныштырып калышат, бул сөз мага ыңгайсыздануу алып келет.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА