![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №27, 15.04.08-ж. |
Меймансап Форум Муундан муун... Жаңыча жаңырган эски кайрыктар Акыркы кезде радио оболорунан жаш ырчылардын аткаруусунда элдик ырлардын же улуу композиторлордун бир кездерде абдан популярдуу болгон кайрыктары кайрадан жаңырып, хитке айланууда. Бул ыр дүйнөсүндө мыйзам ченемдүү жана муундан-муунга кайталанып келаткан көрүнүш. Ошентсе да, жаш ырчылардын эски кайрыктарга кайрылганына эмне себепчи болгонун жана созгон ырларынын тарыхынан билер-билбесин сурап көрөлү. Айжан ГАЗИЕВА "Сары ойду" созолонто созуп калат. Ал эми анын тарыхынан толук кабардар болбосо да, ырды аткарып жүргөндөрдүн запистерин тыңдап чыккан. Кандай чыкса да, көпчүлүк эл Айжандын аткаруусундагы "Саройго" ыраазы. "Сарой" (үзүндү) Саройдун гана салкын ай тоосунан Сагызган гана учат зоосунан. Санаага алып издесем. Кантейин табалбай койдум ордуңдан. Мирбек АТАБЕКОВ: - "Таласым" - бул илгерки ыр. Шекербек Шеркуловго таандык, алгач өзү аткарып чыккан экен. Андан кийин бир топ аткаруучулар аткарып жүргөн. Бирок, мен бул ырды алгач үйдө, апам, эже-байкелеримден уккам. Мектепте да ырдагам. Дасторкон четинде ырдап калчубуз, бир күнү угуп олтуруп, продюсерим ушул ырды сунуштап калды. "Стилиме туура келбейт" деп, сунушту кагып койдум. Бирок, ошол сунушту ойлоп олтуруп, мага сонун идея келди. Канат байкеге ыраазымын, ушул ырды ырдагандан кийин мен улуулардан мактоо уктум, улуу муундун сыйына татыдым. Кайсы кечеде ырдабайын, олтургандар мага кошулуп ырдашат. Өзүм ырдап чыккан соң гана ырдын оригиналын автордун аткаруусунда уктум. Мен канчалык заманбап стилде ырдабайын, Шекербек Шеркулов укмуш аткарган. Мага биринчи жана акыркы куплети өзгөчө жагат, мааниси абдан терең. Кудай буюрса, илгерки кайрыктарга дагы кайрылам. "Таласым" (үзүндү) Береке нурун сепкен жер, Каныкей жашын төккөн жер. Хан Бакай, Кошой баш болуп, Кабылан Манас өткөн жер. Акшумкар сызып учкан жер, Атагың дүйнө уккан жер. Чокусу бийик Таластан, Чолпонбай, Чыңгыз чыккан жер. Урмат УСЕНОВ быйылкы жеке концертинде Муса БАЕТОВдун "Кыздар ай" ырын өз күйөрмандарына бериле аткарып берди. - Аталган ырдын гармониялык түзүлүшү бөтөнчө. Мурда Жылдыз Осмоналиеванын аткаруусунда угуп жүргөм. Бирок, тарыхынан толук кабарым жок. Согуштан кийинки жылдары жаралса керек, себеби, пароходго салыштырган саптары бар. Автордун аткаруусундагы записти ырдап чыккандан кийин уктум. Мага өзгөчө төмөнкү куплети аябай жагат: Жашыл гүлдөй жайкалып, Айылды сонун түрлөткөн. Ак жибектей буралып, Балапандай тең өскөн. Басканы сонун маралдай, Биздин Алатоонун кыздары. Султан САДЫРАЛИЕВ "13 жашар баланын арманын", андан соң, Чубак САТАЕВдин "Кан досума кайрылуу" ырын аткарып жүргөнү белгилүү. - 2006-жылдан тарта эле ушул ырга көңүлүм түшкөн. Бирок, автордун уулу анда мага уруксат берген эмес. Негизи эле кичинемден Чубак Сатаевдин ырлары жакчу. Тайжуртумдун таланттары казакчага которуп ырдашчу. "Кандосумдун" сөзү да, обону да жагат. Болжол менен 18-19 жылдык жолду басып өткөн чыгарма. Акыры быйыл уруксат алып, элге тартуулап чыктым. …Бул бир келген өмүрдө Кир калтырба көңүлгө. Сыйлашып өт эл менен, Ушул жакшы өмүрдө. Жашоо күрөш тайманба. Акмак айтса, арам сөз. Жан кейитип арданба. Колдон келсе, Сыйлашып өт бул жалганда. Кайгырбачы, Кайгырып кандосум, Кайгыга алдырбачы. Макс БЕГАЛИЕВ XX кылымдагы кыргыздын чыгаан композиторлорунун бири Жумамүдүн ШЕРАЛИЕВдин "Түшүмдө" ырын жаңы стилде жазып чыкты. Ал ырды аябай жактырып калып, ыр кимге таандык экенин тактабай эле жаздыра баштаган. Ыр Макска толугу менен жагат. Төмөндө саптарынан эсиңизге салып коелу, окурман. "Түшүмдө" (үзүндү) Түндөгү менин түшүмдө, Түйүнүн чечип түшүнсөң, Түңүлбөй менден жаш көңүл, Ии койчу, түбөлүк үчүн түзүлсө. Ильяз АНДАШ "Айжамал" аттуу Ашымбек Мамытбековдун ырын жаңыртты. Аткаруучу алгач бул чыгарманы 6-7-класстарда окуп жүргөндө эшиткен эле. Уккулуктуу болгондуктанбы, көңүлүн көптөн бери кытыгылап жүргөн. Продюсери менен кеңешип, ата-энеси менен акылдашып, ырды жаш-кары дебей сүйүп уккандай кылып, жаздырган. Авторун Токтогул же Ош жакта деп угуп, бирок, Ильяз таптакыр дарегин билалбай жүрөт. Эгер ушул гезит автордун же жакындарынын колуна тийип калса, "Агым" аркылуу байланышка чыгууну суранат. Ырчы жигит кульминациялык моменти төмөнкү саптарда деп санайт: Көзүнө түшсөң башканын, Убайың тартып жаш чагым. Ушул ыр сага арналат Айжамал (2 ирет) Укчу сөзүмдү. Айжамал КАБЫЛОВА "Сүрөтүңө" аттуу Жолдошбек Мамажановдун кайрыгын кайрадан кайрып чыкты. Ырчы айым авторду тааныса да, тарыхынан кабар албаптыр. Ал эми ырдап чыгышына "Кызбурактагы" эжекеси Кенже Дүйшеева түрткү болгон. Ыр жазылып, аткарылгандан кийин гана авторго бир ооз айтылган. Айжамал бул ырдагы төмөнкү саптарды жактырат: Күлкүңө шектүү карап бүткөн жүрөк Сезимге бир башкача ой түшүрөт. Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе, Калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Мирбек ИМАНБЕКОВ "Мөлмөлүм" деп сыздап калды. Бул кайрык Барпы Алыкуловго таандык. Автордон кийин бул ырга Малик АЛИКЕЕВ экинчи өмүр тартуулаган, убагында эл сүйүп уккан, азыркы тил менен айтканда хит ырлардын бири болгон. - Бул чыгарманы эстрадалык жанрда алгач мен ырдап чыктым. Көңүлүмө төмөнкү саптары аябай жагат: Беттин көркү нур менен, Белдин көркү кур менен. Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм, Белгилүү болсун ыр менен. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|