Коомдук-саясый гезит
№27, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум





Кызмат алмашуудан бийлик өзгөрбөйт
Кечээ Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов президент финансы полициясын финансы полициясынын кызматы кылып кайра түзгөн указына түшүндүрмө берди. Мамытовдун айтымында, мунун бардыгы орто жана кичи бизнести күч структураларынын текшербөөсү үчүн жасалууда. Бул үчүн УККнын буга байланыштуу айрым функциялары да жаңы кызматка өткөрүлүп берилет. Мындан деле жарытылуу жыйынтык чыгары күмөн, анткени кайсы орган өз рычагынан ажырагысы келсин. Жылып бараткандай түр көрсөтүп, бирок ордубузда турганыбызга ушул себеп болуп жүрбөсүн?

Өкмөткө ишенбей, курултайга кайрылып
Нарындын Жетимтоо жайлоосунда темирдин чоң кени бар экени көптөн бери эле айтылып келет. Экинарын, Ташбашат, Кайыңды айылдарынын жашоочулары Коомдук парламентке, курултайдын уюштуруучуларына кайрылышып, кытайлар жүргүзүп аткан бул иштин чоо-жайын билүүнү суранышкан. Кыязы, нарындыктар бийликтегилерге ишенбейт өңдөнөт. Чудиновдун өкмөтү кытайлыктардын Жетимтоодо эмне кылып жүргөндөрүнөн кабары барбы, же дагы алдырып ийдикпи?

Кимге ишенебиз: президенткеби, мэргеби?
Борбордогу Киев-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги даараткананы жеке ишкер, "Ынтымак - эл биримдиги" бирикмесинин төрагасы Жамалбек Ырсалиев алып, ремонт жасап, үстүнө кафе куруп, иштетүүгө аракет кылып аткан. Бул иштери үчүн "Инэксимбанктан" 50 миң доллар кредит алган. Эми шаар мэри Данияр Үсөнов кафе иштегенге болбойт деп жатат. Ошол эле жерде павильондор жакшынакай иштеп атат. "Кичи бизнеске тоскоол болбогула, жардам бергиле" деп президенттин какшаганы кана, бүтүп калган ишке бут тоскон мэрдин кылыгы кайда сыят? Же баягы эле куу кекиртек так секиртип жатабы?

Телекөпүрөдөн темиржол аз шарактабайт
Өткөн жума күнү УТРК "Замандаш" ассоциациясы менен бирдикте Бишкек-Москва телекөпүрөсү өткөрүлүп, жооптуу адамдар катышып, миграция маселелерин талкуулашты. Телекөпүрө учурунда мигранттардын көйгөйлөрү дайыма болору, алар чечилиш үчүн өлкө да, адамдар да мыйзамды аткаруулары керектиги айтылды. Айтмакчы, бүгүн Кыргызстандын мигранттар жөнүндөгү эларалык Конвенцияга кошулганына 5 жыл толду.

Боха жоголду
Болотбек Сулайманов (Боха) мурда Рысбектин жигиттеринен эле. Бирок биртоптон бери андай чөйрөдөн бөлүнүп, саяпкерликке оогон. "10-апрелде Чүй айылындагы Ветгородок ?6 көчөсүндөгү үйүнөн аны Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары Ринат Курманалиев чакырып кетип, ошондон бери дайынсыз. Р.Курманалиев мурда да Сулаймановго келип акча өндүрүп жүргөн, андан кийин "Ромашка" аттуу 10 миң долларга бааланган таза кандуу байталын алып кеткен. Буга күбөлөр бар. Азыр Болотбектин кайда экендиги белгисиз жана биз абдан тынчсызданабыз", - дешет анын атасы жана аялы өкмөттүн коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүм башчысы Р. Амираевге жазган арызында.

Ким алсыз да, ким кыйын?
Brooking Institution эларалык изилдөө борбору "Алсыз өлкөлөрдүн рейтингин" жарыялаган. Изилдөө 141 өлкөнү камтып, анда Кыргызстан 73-орунда экен. Изилдөөдө төрт базалык параметр: экономикалык, саясый абал, коопсуздук жана социалдык тармак камтылган. Кызыгы, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң начар абал Түркмөнстан менен Өзбекстанда. Абалы жакшылардын арасында Грузия менен Украина, Вьетнам, Түркия бар экен.

Ректор оозун аппак кылууда
Тышкы иштер министринин алдындагы дипломатиялык академиянын экс-проректору Марат Сүйүнбаев жакында Москвада кыргыз-орус мамилелери жөнүндө доклад жасаган. Анда "АКШ Кыргызстанда жана Борборазияда өзүнө ишенимди жоготту, а Шанхай уюму аймакта авторитардык тенденцияны күчөтүүдө, Россия бул аймакка көңүлкош" дегени резонанс жараткан.
Эми дипакадемиянын и.о. ректору Ж.Жаманкулов "ал бизден 2006-жылы эле бошогон, анын басмасөздөгү материалдарына биздин окуу жайдын тиешеси жок" деп алды-артын тазалоодо. Жарыктык, анчалык эмнеден корктуңуз?

Акыл жаштан
Бишкектеги ?65 эколого-экономика-лык лицейдин 10-классынын окуучулары Руслан Бечелов, Тилек Садыкбеков жана Сергей Деревянко энергияны колдонууну кыскартуу, мектептерде жылуулукту сактоо боюнча долбоор иштеп чыгышкан. Эгерде бул долбоор ишке ашчу болсо, жылына өлкө боюнча жалаң жылуулук үчүн жумшала турган 8737443 сом үнөм болот. Аны ишке ашыруу үчүн "Абсамат Масалиев атындагы фонд" каражат бөлөрү маалым болду. Акыл жаштан деген ушу.

Саламаттыкты сактоо министри Мамбетов Марат Авалович
Өлкө медицинасы кайсы чекте, кайсы нукта? Эл эмнеге бул тармакка өзгөчө нааразы? Канткенде медицина жаатында коррупция тыйылат? Бейтаптарга мамиле тийиштүү деңгээлдеби? Медициналык мекемелердеги кейиштүү абал, дарыгерлер маянасы, күндөн-күнгө күч алган дарттын түрү. Айтор, түгөнбөгөн суроолорду министр Мамбетов Марат мырзанын өзүнө түз жолдоңуз.
Окурман, балким, медициналык кызматкерлердин айынан жабыр тартып, арыз-муңга толуп жүрсөңүз, же жөн гана бул тармактын өнүгүшүнө кайдыгер болбосоңуз, а мүмкүн, сиз ушул тармакта иштеп, көйгөйлөрүн жеринен билип, бирок үнүңүз министрге жетпей жүрсө, бул мүмкүнчүлүктү көздөн жаздым калтырбаңыз. 18-апрель, жума күнү, саат 10.00дөн 12.00гө чейин 665582 номуру боюнча арбир сурооңузду министр Марат мырза өзү тыңдап, өзү жооп кылат. Эгер алдын-ала суроо таштагыңыз келсе, электрондук дарек: aika01@mail.ru, факс: 665582.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan