Коомдук-саясый гезит
№27, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Үчилтик

Ааламда
Келдибек НАЗИРОВ
Ташпиш
Өз кезегинде дүйнөнү дүңгүрөткөн СССР аттуу улуу державанын кыйраганына быйыл 18 жылдын жүзү болот. 18 жыл - айтканга жеңил болгону менен адам өмүрүнө өлчөсөк бир топ эле убакыт. Бул жылдарда Советтер Союзунун курамында турган 15 республика дале жанагы өнүккөн деп аталчу өлкөлөрдүн катарына кошулбай келет. Ырас, Россия, Казакстан, Балтика жээгиндеги өлкөлөр жерден боорун көтөрүп, боюн түздөп алууга жетишти. Демек, өз алдынча экономикалык жактан өнүгүү жеңил эместигин турмуш ырастады. Ошондуктан ар бир республика өз алдынча дүйнө өлкөлөрү менен алака түзүп, революция жасаган Грузия жана Украина АКШга бойсунду.
Грузияны кое туралы, эгер Украина НАТОнун курамына кирсе, биринчи ирээтте эки өлкөнүн ортосундагы чегара маселеси курчуйт. Анткени Украина менен Россиянын чектешкен аймагы бир эле Ростов облусу менен Луганск облусунда 660 чакырым узундукта. Бул аймактарда али делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жүргүзүлө элек. Эгер чегара маселеси тактала турган болсо, кээ бир ири калктуу пунктарды так ортосунан тең экиге бөлүүгө туура келет.
Учурда бир эле айылды орустар Чертовка деп атаса, украиндер Меловое деп аташат. Бүгүн ошол Чертовка менен Меловоенун ортосун жалгыз көчө бөлүп турат. Көчөнүн бир тарабында орус атуулу болуп атасы жашаса, тиги тарабында украин атуулу болуп баласы жашаган фактылар оголе көп. Ал эми көчөнү кылымдардан бери эриш-аркак жашаган биртууган славян эли "Достук" көчөсү деп атап алышыптыр. Бирок бул сөз азыр эки өлкөнүн мамилесине шайкеш келбей, кулакка өөн учурап турат. Муну менен эле бүтпөйт. Ошол көчөгө удаа темир жол да бар, анда күнүнө эки ирет поезд каттап 6 жарым миң адамды ары-бери ташып турат. Азыр Украина менен Россиянын ортосундагы талаш аймактар боюнча тирешүүлөр башталды. Ар дайым кеңпейил деп аталган Россия Украинага эми бул мүнөзүн көрсөтпөйт шекилдүү. Анткени боордош, кандаш болуп турса да Украина жергесинен НАТОнун карааны көрүнө баштады. Орусту ушул ирээнжитет. Андыктан орус-украин чек арасына куралчан жоокерлер коюлуп, биртууган славян эли бири-бирине автомат кезеп калышат. Ал эми курал болгон соң, ал бир күнү атылып адам өмүрүн мойсойт. Муну алыска барбай эле тажик-кыргыз, кыргыз-өзбек чегарасындагы маал-маалы менен чыгып жаткан кандуу окуялар бекем ырастайт.
Эгерим эле ошондой болсо ишенген тоосу бийик болгон украин жоокерлери аянбайт. Анткени НАТОго кирүү аракетин орустарга үстөмдүк кылууну, бери эле дегенде тең ата болууну каалаган Киевдеги саясый күчтөр колдоп жатат. ЖОЖдордон орус тилин такыр алып салууну Украина өкмөтү козгогондугу да бекеринен эмес. Ал эми улуу орус эли аскерий жактан бирөөнүн астында басынууну эзелтеден каалабайт. Анын үстүнө НАТО Украинанын мейкин талаасына, кара деңиз флотуна, андан да Россиянын жээк астына альянстын базаларын жайгаштырууну көздөп жатканы айдан ачык. Бул эле эмес, НАТОнун таасирин чыгышка Россиядан озунуп күчөтүү максатында Грузия менен Украинага ылым санап олтурушат. Мындай болгон соң эми Ооганстан жана Ирак сыяктуу чырдуу өлкөлөргө НАТОлук стандартта куралданган грузиндер менен украин жигиттери жөнөтүлөт.
Президент В.Путин Американын максатын, ачык жүзүн, эмне каалап турганын акыркы кезде расмий чөйрөдө байма-бай айтып келатат. АКШ демократияны жайылтуу шылтоосу менен бүт дүйнөгө ээлик кылуу ниетин (анын ичинде Россияга да) толугу менен далилдеди.




Алатоодо
Аскер САКЫБАЕВА
ЧЫЙКАН
Бакиев Германияда ооруп жатканда администрация башчысы Медет Садыркулов 13-мартта коллегия өткөрүп, анда Ататүрк паркындагы мыйзамсыз салынып аткан особняктар жөнүндө чоң сөз болгон. Ошол коллегияда шаар мэри Данияр Үсөнов участокту мыйзамсыз алышып, мыйзамсыз үй куруп алышкан биртоп адамдардын аты-жөнүн атаган. Аталгандарды мисал келтирип, мен да макала жазгам.
Макала жарык көргөндөн кийин тизмедегилердин бири - Аманбек Карыпкулов редакцияга телефон чалды. "Ал жерде менин үйүм жок, болгону жети сотых участогум бар. Түркияда элчи болуп жүргөнүмдө ошол жерге мен алып келген инвестиция азыр иштеп атат. Ал эмес, "Вефа-борборду" да мен алып келгем. Ошол эмгегимди баалашып, "сиздин жериңиз жок экен, ушу жерден участок алыңыз" деп жер беришкен. Каражат жогунан ал жерге эч нерсе салынбай турат. Мен деле өмүрүмдө бир жолу мамлекеттен жер участогун алууга акым барбы же жокпу?" деп акыраңдаса, трубкадан көзү менен тили чыга калып жатты.
Биз парк аймагынан мыйзамсыз жер участокторун алгандар жөнүндө сөз кылганбыз. Бир кезде айрым адамдардын эле эмес, мамлекеттин тагдырын калчап турган адамдын айтканы ушул болсо, башкалар жөнүндө сөз жок.
Аманбек Карыпкулович, ошо участокту берип атканда, "ой, бул жериңер мыйзамсыз го?" деп эмне үчүн бирооз айткан эмессиз? Сиздей чиновник парк аймагына үй курууга болбостугун билген эмес дегенге ооз барбайт.
Президент Ататүрк паркына барып, мыйзамсыз курулуштарды териштирип, бул маселени жөнгө салууну талап кылганына май айында бир жыл толот. Биякта андан бери эмне өзгөрдү? Эч нерсе. Үйлөр баягыдай эле тынымсыз курулуп, "кой, бул жер мыйзамсыз экен, сатып же көчүп кетейин" деген бир да адам чыкпады. Данияр Үсөновдун "булар менен күрөшкөн - өлкөнүн жарымы менен күрөшкөнгө тете" деген сөзүнө огобетер дем байлап алышты өңдөнөт.
Азыр Октябрь райакимиаты булар менен соттошууда. Жогорку сотко чейин жеткен арыздар азыр кайра биринчи инстанцияга кошумча иликтенүү үчүн кайрылып, иликтөөлөр жүрүүдө. Аман болсок, булардын аягы эмне менен бүтөрүн да билебиз. Ушу маселеде шаар мэри Данияр Үсөновдун чечкинсиз, мыйзамсыз мамилеси баш чайкатат. Базарларды сүзө качырып "жоем, көчүрөм, мыйзамды бузуп атасыңар" деп мамлекеттен иш, акча сурабай өз үйбүлөсүн багып аткандардын далайын көчөдө калтырды. Андай эле мыйзамчыл болсо, "силер момундай мыйзамдарды бузупсуңар, парк аймагын бошотуп койгула" деп эмне үчүн тигилерди омуроолобойт? Жок, анткени Үсөновдун колу кыска, себеби, Ататүрк паркын ээлегендердин анабашында Үсөновдун аталыгы Апас Жумагулов турат. Экөө кандайча чырмалышканын элдин бардыгы билет.
Ататүрк паркынан мыйзамсыз жер алгандардын арасында Маммүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов да бар. Демократиялуу өлкөдө кызматтагы чоң чиновниктин мындай мыйзамсыз кылыгы билинчү болсо, бери дегенде отставкага кетмек. Бизде отставка оозуңдан айлансын, бул чиновник казактардын бу жердеги өкүлүндөй иштеп атат.
Садыркулов өткөргөн коллегиянын аягында бул маселе боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал муну аягына чейин териштирип, бир чечимге келүүгө тийиш эле. Ушу комиссия кандай иштеп атканын билели деп өкмөттүн биртоп бөлүмдөрүнө чалып, өкмөт дегеле бул маселеде ың-жыңсыз жатканын билдик. Кыязы, Үсөновго окшоп булар да паркта жашагандарга батыналбай турат окшойт.
Бийликке элдин ишеними кеткенин дамамат айтып келебиз. Ишенимди кайтаруу үчүн жөнөкөй адамдардан мыйзамдуулукту бийлик кандай талап кылып жатса, өзү да мыйзамды сыйлай турганын көрсөтүүгө эң оңтойлуу учур келди. Антпесе, тизмедегилерден улам бирөө чыгып, "мен момундай эмгек сиңиргем" деп бир кезде элдин эсебинен айлык жеп кызматта турганын бүткүл элге колко кылгандар чыга берет.




Абийирде
Нурканбек КЕРИМБАЕВ
Сойкулук
Өткөндө бир гезит жазып чыгыптыр. Кадимкиле кыргыздын жигити өз энеси менен төшөктө болгонун окуп алып, дене боюм титиреп кетти. Албетте, экөө тең бири бирин тааныган жок деңизчи. Бирок, ошол окуянын өзү эле бүгүнкү багы жок элдин жашоо картинасын чагылдырып турбайбы. Төрдө балпайа отуруп, келининин колунан ысык чай ичкендин ордуна уулуна абийири ачылып отурат.
Айланаңызды карасаңыз. Сизге кандай сезилет билбейм, мен үчүн чакан өлкөбүз сойкуканага айланып бараткансыйт. Сойкулуктун түрлөрү күн санап өсүп барат. Көңүл чордонуна айланган саясат айдыңын мисалга алалы. Мындан туура бир жыл мурда болгон апрель митинги элдин эсинен алигиче чыгалек. Анын аркасынан кырчындай болгон төрт жигитибиз камалып кетти. Ал эми пикетти уюштурган айрым адамдар бүгүн бийликте беттери чымырап койбойле отурушат. Ошол камалган, тагдыры талкаланган төрт жаш жигиттен кабар алган бирөө жарым болдубу? Башкаларды билбейм, мен бул боюнча алигиче угалекмин. Дагы уялбай көчөдө денесин саткан кыздарды күнөөлөп койобуз. Кечээ бирди айтып, бүгүн башканы сүйлөгөн саясатчы сөрөйлөрдүн алардан айырмасы эмнеде? Абийир деген баалуулуктан кечип, жалаң гана байлык, бийликке умтулган саясый сойкулук эмеспи бул?!
Бул го бул болду дейли. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо болгон шайтан оюндарды эстейличи. Бюллетенди интернетке жарыялап жибергени үчүн жаш саясатчы Эдил Байсалов азыр Алматыда күн кечирип аткан чагы. Албетте, ал мындай кадамга жөндөн жөн эле барбайт болчу. Айрым саясатчылар аны көкүтүп, ошол ишти кылууга мажбурлашкан дегендер да жок эмес. Жыйынтыгында эмне болду? Минтип өз өлкөсүнө келалбай жүрөт. Саясый сойкулуктан тапкан пайдасы…
Кечээ жакында парламент көптөн бери тай талашка түшүп келген төрт пансионатты, чегарадагы талаш жердин тагдырын чечти. Күткөндөй болду. Депутаттар үчүн улут кызыкчылыгынан дагы мансап жогору турат экен. Ал маселени колдобосо, эртеңки күнү депутаттык мандаттан кол жууру турган иш. Биз ишенген бийлик төбөлдөрүнүн кейпи бу болсо, карапайым калк жашап аткан экен да. Эми эртеңки күнү калган коңшуларыбыз келет, ата-бабабыздан мураска калган жерибизди бергиле деп. Мындай деми менен парламентарийлерибиз анда деле аткез берчүдөй түрү жок. Абийир, улуттук ар намыс, жоопкерчилик деген кана? Эртеңки күнү тарых алдында кантип жооп беришет болду экен? Тапишмак
Кезинде экс-ажо Үзөңгүкуушту Кытайга кармата берген эле, эки өлкөнүн ортосундагы жылуу мамиле сууп калбасын деп. Бербей койсок эле, Кытай өлкөсү биздин ? 1 душманыбызга айланып кала тургансып. Жерин саткан адам элине батпай, өз өлкөсүнөн куулуп чыгарын азыркы бийлик өкүлдөрү көрүп-билди го. Не үчүн андан сабак албайт…
Мындай саясый сойкулук токтогондун ордуна күн санап өнүгүп бараткандай. "Жериңди бергенин - эненди сатканга барабар" дейт кыргыз. А биз көздү жуумп, жерибизди четинен кертип, ар кимге карматып атабыз. Бербеген эле эки нерсебиз калды окшойт. Биринчиси - өзүбүз, экинчиси …















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan