Коомдук-саясый гезит
№27, 15.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Жаратылышты коргойм десең...

"Япониянын тазалыгы - Кыргызстанда"
Туризм боюнча мамлекеттик агенттик өлкөбүздөгү япон элчилиги менен биргеликте ушундай аталыштагы ишембиликти космонавттар күнүндө өткөрүштү. Аталган иш-чара Эмен бак паркында өткөнүн эскерте кетсек.
Бул акцияга "VITLINE" моделдик агенттигинин сулуу кыздары, парламенттин атынан депутат Бегалы Наргозуев, эларалык "Дүйнөнүн туризм сулуусу" компаниясынын президенти Джон Сингх, япон борборунун директору Митихиро Хамано жана Кыргызстандагы япон элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Ишембилик өтүп аткан жерде болуп, акциянын айрым катышуучуларын сөзгө тарткан элек.

Бегалы НАРГОЗУЕВ, ЖК депутаты:
"Улуу көчмөн цивилизациянын бир өкүлү - кыргыздар"
- Бегалы мырза, "Япониянын тазалыгы - Кыргызстанда" деген аталыштагы ишембилик өтүүдө. Бул акция сизге кандай таасир калтырды?
- Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктен бул иш-чарага мени парламенттин атынан катышып бериңиз деп чакыруу келгенде дароо кабыл алдым. Себеби, мындай акциянын тарбиялык мааниси өтө зор.
Негедир менде кызык ой пайда болду. Эмне үчүн "Япониянын тазалыгы - Кыргызстанда" дейбиз? А эмнеге "Кыргыздын миң жылдардан берки тазалыгы" деген аталыштагы акция өткөрбөйбүз? Себеби, кыргыздар таза, пакиза калк болгон. Ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою тазалыкка маани берип келишкен. Дегеле кыргыздын турган турпаты, жаратылышы мына ушу тазалык менен байланыштуу.
Биз, кыргыздар улуу көчмөн цивилизациянын бир өкүлү катары эсептелет эмеспизби. Тазалыкты ушунчалык жогору баалагандыктан, көчмөн жашоо образын тандап алганбызбыз деп ойлоп кетем. Бир конуштун кунары кетпесин деп экинчи конушка көчүп, жайлоодон жайлоого көчүп-конуп жүргөнүбүз жалганбы. Ушунун өзү тазалыкка умтулган үлгүлүү калк экенибизди айгинелеп турат.
Жакшылап байкасаңыз, кыргыздар жадагалса жиликти да таза мүлжүйт. Анан сөөгүн итке ыргытат, болбосо жерге көөмп коет. Мына ушунун бардыгы таштанды болбосун деген ички сезимдин белгиси деп эсептейм. Мындан сырткары, ата-бабаларыбыз аң-сезимдүүлүк менен эле баалуу, тарыхый, маданий маалыматтарды башкаларчылап кагазга түшүрбөй, оозеки түрдө муундан муунга өткөрүп келген. Кыргыздын энциклопедиясына айланган "Манас" эпосу буга далил. Менимче, кыргыздар кагаздан аң-сезимдүүлүк менен баш тарткан окшойт. Ошонүчүн кыргызда таштанды деген көйгөй болгон эмес. Андай көйгөй жашообузда кагаз пайда болгону чыкпадыбы.
- Депутаттардан жалгыз сиз келдиңиз. Минтип таштанды чогулткандан уялып, тартынган жоксузбу?
- Жок, тазалыкка үндөгөн акцияларга келип, таштанды чогултканга дайым даярмын. Андан бир жерим
кемип калбайт. Жалпыбыз бүгүнкүдөй акцияларга катышып, өз үлүшүбүздү кошсок, Кыргызстаныбыз сулуу, кооз өлкөгө айланат эле. Кудай берген жаратылышыбыз бар, башка мамлекеттерден өзгөчөлөнүп турган. Аны таза сактап калуу - биздин милдет.
Тацухико КАСАЙ,
КРнын Япония маселелери боюнча убактылуу өкүлү:
"Ар бир улут өзү үчүн сулуу"
- Кыргызстан өтө таза, кооз өлкө. Анын жаратылышы өзүнүн кайталангыс кооздугу менен өзгөчөлөнүп турат. Мына ушундай кереметтүү көрүнүштү таштандылар жоготуп коюшу мүмкүн. Андыктан, баарыбыз Кыргызстандын тазалыгын сакташыбыз керек.
- Айтсаңыз, кыргыздын кыздары сулуу бекен же япон кыздарыбы?
- Кыргызда: "Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө" деген макал бар го. Анынсыңарындай, ар бир улуттун өзүнүн өзгөчөлүгү, сулуулугу болот. Кыргыздын жаратылышы таза, кооз, ошондой эле кыздары да сулуу экен.
Айгерим АШЫРБЕКОВА, акциянын катышуучусу:
"Жаратылышыбыздын сулуулугун бузуп албайлы"
- Мага бүгүнкү иш-чара абдан жакты. Мындай ишембиликтер тез-тез өтүп турса жакшы болмок. Себеби, бир гана Бишкектин эмес, бүтүндөй өлкөнүн таза, кооз болушу баарыбызга керек.
- Жаштарга эмне айтар элеңиз?
- Мындан ары өзүбүз демилге көтөрүп, ишембилик өткөрөлү. Биз - Кыргызстандын келечегибиз. Өлкөбүздүн эртеңи биздин колубузда. Жерибизди, жаратылышыбыздын сулуулугун бузуп албайлы. Төгөрөктү төрт кыдырсак да Кыргызстандай кооз мекенибизди табалбайбыз. Аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек.

Турусбек МАМАШОВ, Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы:
"Кыргызстанда жашагандар өлбөйт"
- Турусбек мырза, бүгүн минтип ишембилик өтүп атат. Бул иш-чаранын башкы максаты неде?
- Эң башкы максатыбыз - Кыргызстаныбыздын жаратылышынын тазалыгын сактоо. Өткөн жылы "Туризм - тазалык үчүн" деген ураандын алдында акция өткөргөнбүз. Өлкөбүздүн түштүк аймагында - Жалалабат, Ошко чейин барып келгенбиз. Сулайман тоого чыгып, бөтөлкөлөрдөн, ыплас нерселерден арылттык. Ал ишибиздин акыбети кайтпай койгон жок. Ошондон кийин Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында тазалыкты сактоо боюнча иш-чаралар өтө баштады. Алсак, мэрия "Менин сүйүктүү Бишкегим" деген аталыштагы акция уюштуруп атат. Демек, былтыркы жылы өткөргөн иш-чара жакшы натыйжа берди десем жаңылышпайм.
Көпчүлүк "Япониянын тазалыгы - Кыргызстанда" деген ураандын алдында өткөрүп аткан акциябызга түшүнбөшү мүмкүн. Өзүңүз жакшы билесиз, Япония дүйнөдөгү эң таза өлкөлөрдүн бири. Бул акциянын башкы максаты - Кыргызстаныбызды Япониядай таза өлкөгө айлантуу. Сөзсүз түрдө мындай иш-чара өз үзүрүн берерине ишенем. Бүгүнкү өткөрүлүп аткан ишембиликти сиздер, журналисттер теле, гезит беттеринде чагылдырасыздар. Жыйынтыгында, ар бир кыргызстандык жаран тазалыкты сактоого болгон аракетин, салымын кошот деген ишеним зор.
- Бүгүнкү ишембиликке сулуу кыздарыбыз да чыгыптыр. Мага Туризм агенттиги бир ок менен эки коен аткандай таасир калтырды...
- "Дүйнө жүзүн сактап, кармап кала турган - сулуулук" деген кеп бар эмеспи. Ал эми биздин өлкөбүздүн жаратылышы кооз, таза экендиги талашсыз. Ошол кооз табигатыбызды сулуу кыздарыбыз аркылуу дүйнө жүзүнө тааныткыбыз келет. Мындай иш-чарага калайык калктын көңүлүн татынакай кыздарыбыздын фонунда бурдуруу болуп атпайбы. Эгерде сиз экөөбүз чыгып иштесек, эч ким көңүл бурбайт. Бул дагы өзүнчө бир ыкма да. А биздин максат - Кыргызстанды таза өлкөгө айландыруу болуп атпайбы. Татынакай кыздарыбыздын иштеп атканын көргөндөр кайдыгер карабай, эртең биздин катарга келип кошулушу мүмкүн. Ушундай үмүт менен биз бул акцияны өткөрүп атабыз. Кудай буюрса, өткөргөн иш-чарабыз дагы өз жемишин берерине ишенем.
Былтыр Араб өлкөсүнөн бирөө келген. Ошол кишинин айткан сөзү дале эсимде: "Бул жерде жашаган адамдар өлбөйт" деген. Бул сөздүн терең философиялык маанисин карабайсызбы. Биздин Кыргызстандагыдай керемет жер жок дүйнө жүзүндө. Демек, ошол сулуулукту, тазалыкты сактап калуу үчүн баарыбыз тең аракет жасашыбыз керек.
- Неге ушул эс алуу багын тандап алдыңыздар? Башка жерде деле ишембилик өткөрсө болбойт беле?
- Мындан бир аз күн мурда шаарды кыдырып чыкканбыз. Анан ушул жерге келип токтолдук. Карасак, чын эле ыплас жайга айланып баратыптыр. Анүстүнө бул жер - борбор. Чет жактан меймандар көп келет. Анан шаарыбыздагы эс алуу багындагы мындай көрүнүштү көрүп, тескери ойго кетпейби.




 

Кимиси кимисин жалпайта чабат?
IBF, WBO версиялары боюнча оор салмактагы дүйнө чемпиону Владимир Кличко титулун сактап калуу үчүн рингге чыгууга даяр экендигин билдирди. Ал үчүн ушул жылы америкалык мушкер Тони Томпсон, Россиянын темир муштуму Александр Поветкин менен жан аябай былчылдашышы керек. Тони мырза мекендеши Эдди Чемберсти жалпайта чаап, кичүү Кличкого тең тайлашам деп турган чагы. "Германиядан атаандашым Томпсондун Луана Красничини кантип нокаут менен жеңип алганына күбө болгом. Сегиз жыл бою чемпиондук курун эчкимге алдырган жок. Андыктан, мен аны татыктуу атаандаш катары эсептейм" деген оюн билдирди, украиналык мушкер. Кличко-Тони беттеши аяктагандан кийин жеңген мушкер 26-ноябрда Поветкин менен ринг үстүндө беттешүү өткөрмөкчү. "Аганы көрүп ини өсөт" демекчи, Владимир мырза жеңилүү ызасын тартпай, титулдарын татыктуу коргоп алат деп ишеним артып туралы.
Сен Кошойдун кыбырасы болосуңбу?
Кыргызстандын курама командасы эркин күрөш боюнча лицензияланган эларалык эки турниге катышат. Команданын курамында 4 булчуң балбаныбыз бар. Алар: Турарбек уулу Нурлан ( 55 кг салмакка чейин), Надырбек уулу Улан ( 66 кг салмакка чейин), Талант Жекшенов ( 74 кг салмакка чейин) жана өлкөбүздүн чемпиону Самат Толубаев. Аты аталган спортчуларыбыз эртең Швейцариянын Мартини шаарында күч сынашмакчы. Мелдеш 21-апрелге чейин созулаары күтүлүүдө. 4-орунга чейин илинген балбан жайкы Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алат. Ал эми экинчи турнир Варшава шаарында 2-майда старт алып, үч күндөн кийин жыйынтыгы чыгат. Кошойдун кыбыралары аталган спортчуларыбыз кыргыздын намысын коргойт бекен же жалп өчкөн шамдай үмүтүбүздү өчүрөбү? Күтө туралы…
Бабалардан калган оюн
Карабалта шаарында болуп өткөн алтын томпой боюнча (ордо оюну) республикалык турнир аягына чыкты. Жыйынтыгында баш байгени Манас бабабыздын жергесинен келген команда жеңип алды. Андан кийинки күмүш медалга ордолуу Ош шаары татыктуу болсо, коло медаль Бишкек шаарына буйруптур. Ал эми эң акыркы тогузунчу орунга өрүкзарлуу Баткен облусунан келген коноктор татыктуу болгонун эскерте кетсек. Албетте, акыркы орунду камсыз кылуу - кандай гана команда болбосун оңойго турбаса керек. Андыктан, жеңилүү ызасын тартпайын десе, ар бир команда даярдыгын күчтөндүрүшү абзел.
Тоголонуп топ барат
Тайвань АКФнын президентинин кубогуна арналган Тайпей шаарындагы мелдеште Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Нарындын "Дордой-Динамо" командасы аталган өлкөнүн чемпиону "Тайвань Пауэр" командасын 3:0 эсебинде утуп алды. Биринчи эки голду Элдар Амиров, үчүнчүнү Давран Аскаров киргизген. Эмки оюнда "дордойчулар" Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону "Нагакорп" менен беттешмекчи.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan