Коомдук-саясый гезит
№28, 18.04.08-ж.

Меймансап
Форум





"Кимдин кандай коррупционер экени белгилүү"
"ОБСЕде элчи элем, ХИПКке каршы чыккам"
- Аликбек мырза, Исхак Масалиев сизди "абалга, шартка карап, пикирин өзгөртүп турат. Каркыра, казак пансионаттары жөнүндө маселе көтөрүлгөндө, 2001-жылы да, 2005-жылы да Алик мырза ТИМде иштеген. Бирок азыркыдай унчуккан эмес" деп айтты. Бул жөнүндө эмне дейсиз?
Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкаттык үчүн" кыймылынын лидери:
- Биринчиден, мен 2001-2004-жылдары Австрияда, ОБСЕде элчи болуп жүргөм. Туура, 2005-жылы мага пансионаттар боюнча тапшырма берилген. Бирок мен аны карап чыгып кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келет деп токтотуп койгом. Ал эми пикирин өзгөртүп турат деген сөзгө келсек, мен өкмөттө иштеп турганда ХИПК боюнча жалгыз гана баштан аяк мен каршы тургам. Эгер пикирим өзгөрүлсө, ошондо эле өзгөртөт болчумун. Муну баары жакшы билет. Туура эмес сөз.


- "Лица" гезитинде (?9) экс-премьер Атамбаев: "Мен шайлоодо эки эсе көп добуш менен утсам, ошо кездеги мамкатчы Касиевдин катышуусу менен менден мандатты тартып алышкан. Касиев сыяктуу адамдар бийликте отурганда Акаевге кошомат кылышып, бийликтин коррупцияланышына алып келишти. Эми оппозиция лидери болуп, таза шайлоолор жөнүндө айтып жатышат. Бул - өң карамалык!" деди.
Сиз эмне дейсиз?
Накен Касиев,
экс-министр:
- Атамбаев СДПКнын эки пайыздан беш пайызга кантип жеткени жөнүндөгү мен айткан чындыкка чычалап жатат. Мамлекеттик катчы болуп турганымда анын шайлоосуна кийлигишкен эмесмин, мунусу куру жалаа. Анын атаандашы мандатты сот аркылуу утуп алганы белгилүү. 2000-жылдагы шайлоолор кандай өткөнүн коомчулук жакшы билет, анын ыплас технологияларына аралашпагам. Экинчиден, кимдин кандай коррупционер экенин эл жакшы билет. Мен бир адамга эмес, элиме кызмат кылдым. Кээ бир шылуундардай болуп завод-фабрикаларды менчиктештирип, хансарайларды офис кылып отурганым жок. Анын буга чейинки кылганын эл көрдү. Алмаз мырзанын алдында дагы далай ашуу турат, буюрса аларды да көрөбүз.

"Өзүн да, сөзүн да сыйлайм, бирок кошул-байм"
- Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков бир гезитке берген маегинде оппозициянын да, бийликтин да программасы жок. Анан кантип эл аларга ишенсин маанайында оюн билдирди. Оппозиция лидерлеринин бири катары мындай пикирге айтар сөзүңүз бардыр. Чын эле сиздерде ачык-айкын программа жокпу?
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, "Акыйкат үчүн" кыймылы-
нын координа-тору:
- Ал киши менен жылуу мамиледемин. Ишенбай мырзанын өзүн да, сөзүн да абдан сыйлайм. Бирок, бу саам анын пикирине кошулбайм. Не дегенде, президент, өкмөт программаларды иштеп чыгып атпайбы. Оппозиция боюнча айта турган болсом, кечээ жакында Элдик курултай өткөрдүк. Алгылыктуу программасы жок, андыктан эл аларга ишенбейт дегени туура эмес. Өзүбүздүн стратегиялык программаларыбызды жакында жарыя кылабыз. Кыргызстандыктар кимге ишенерине ошондо күбө болосуңар.

Саясый анекдот
"Андай жашоонун кереги жок!"
Данияр Үсөнов премьер-министрди сөзгө жыга албай аткан чагы.
- Игорь мырза, улуу урматтуу президентибиз үчүн арак менен тамекини таштай аласызбы?
- Албетте, анын эмнеси бар экен? Оңой эле го,- деп жооп берет Чудинов.
- Бакиев үчүн казино, сауна-ресторандарга, кыздарга да барбайсызбы?
- Сөз жок, ажобуз үчүн бардыгына даярмын!
Сөз таппай калган Үсөнов көпкө ойлонуп, анан сүйүнүп кетет:
- Бардыгына даярмын деп атасыз. Президент үчүн өлүмгө да бараласызбы?
- Албетте!
- Кызык, чынелеби? - шаар башчысы таңгалыштуу карап калат.
- Ооба, андай кызыксыз жашоонун мага не кереги бар!




  Соопарк

Дүйнө кайда баратат?
Үстүбүздөгү жылы Анкарада ИКАНАС-38 эларалык конгресси өттү. Ага Европа, Азия, Африка, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн делегаттар катышты. Кыргызстандан өкүл болуп мен бардым. Конгрессте көлдөлөң түшкөн маселелер, анын ичинен дүйнө өлкөлөрүндөгү альтернативдүү медицинанын абалы тууралуу олуттуу талкуу жүрдү. Чыгып сүйлөгөн делегат-врачтардын козгогон маселе уңгусун уласак, бүт дүйнө ушул тапта альтернативдүү, б.а., элдик медицинага жүз бурганын байкоо кыйын эмес.
Аларды угуп отуруп, мен биздин өлкөдөгү элдик медицина абалына аргасыз ичим ачышты. Албетте, эчкандай сыр берген жокмун, тескерисинче, өзүбүздүн өлкөнүн арбайын көтөрүп, бизде ага байланыштуу албан мүмкүнчүлүк, эбегейсиз ресурстар бардыгын айттым. Менин сөзүмдөн соң элдик медицина тармагында биз менен иштешкиси келген көптөгөн өлкөлөрдөн сунуштар түштү. Мисалы, мага 2009-жылга чейинки эларалык конференцияларга катышуу чакырыгы берилди. Эларалык конференциялардын бирин биздин өлкөдө өткөрүү сунушу бар.
Арийне мен аларды кайда чакырам? Экология жаатынан дүйнөдөгү бирден-бир нукура, таза өлкөдө элдик медицинанын аракеттеги борбору жок. Таптакыр эле жок эмес, бар, тагырагы, ал Элдик медицинанын илимий-өндүрүш борбору деп аталат. Бирок анын аты затына 90-жылдары гана жооп берчү. Борбордо ошол мезгилде гана илим иштелип, көптөгөн илимий эмгектер жарык көрүп, сандаган жаңы ачылыштар ишке ашкан. Алардын негизинде жаңы дары-дармектер жаралган, врачтар ийнерефлектотерапия, иридодиагностика, фитотерапия, пульсодиагностика, массаж боюнча адистештирилген. Чет мамлекеттерден адистер чакырылып, дарылоо иштери чыныгы адистер тарабынан жүргүзүлгөн.
Ушунун бардыгын уюштуруп жетектеген академик Нарбеков Оморбай Нарбаевич эле. Азыр аты бар, заты жок ал борборду элдик медицина тууралуу түшүнүгү да жок, анын метод, ыкмаларынан караңгы Календеров Алмаз Календерович жетектейт. Алмаз Календерович үчүн элдик медицина деген - төлгөчү, көзү ачык, астрологдор. Анан кантип элдик медицинанын эртеңи жөнүндө сөз кылабыз? Элдин денсоолугун оңдомок түгүл, оңкосунан саюуга шарт түзгөн жетекчи канткенде республиканын кадыр-баркын көтөрөт? А чындыгында бизде адам денсоолугуна ак кызмат өтөөр, чындап сыймыктанар элдик медицинанын мүрөл үлгүсү бар, аны андан да кемелине келтирүүгө мүмкүнчүлүк көп. Албетте, азыркыдай жол менен эмес.
2008-жылы КР саламаттык сактоо министрлиги түзгөн комиссия элдик медицина борборун текшерип чыкты. Текшерүү жыйынтыгы боюнча справкаларды тиркейм.
Анархан НАДИРОВА, Тибет медицина доктору, фитотерапевт
Редакциядан: Доктор чындыгында эле "Бейиш" РНПЦНМ боюнча текшерүү актысын жана эки справка тиркептир. Гезит көлөмү өлчөлүү болгондуктан, анын баарын басалбадык. Арийне авторитеттүү комиссия документтерине баам салган адам "Бейиште" чыныгы профессионалдар аздыгын, илимий-медициналык иштер чала жүргүзүлгөндүгүн, атүгүл чарбалык-финансылык, уюштуруучулук жактан дагы чаржайыттык, көзбоемочулук көптүгүн байкабай койбойт. Маселең, штаттык расписаниесинин түзүлүшү, айрым медперсоналдар билими ээлеген кызматына ылайык эместиги аргасыз алакан жайдырат. Борбор канткен менен тажрыйба жүргүзүүгө ылайык жаныбарлар эмес, адам өмүрү менен "ойноп" жатканын компетенттүү органдар менен жетекчилер эске ала турган мезгил жетти.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan