![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №28, 18.04.08-ж. |
Меймансап Форум Торбо толобу? Пайзылда РАХМАНОВ, мамлекеттик сатып алуу жана резервдер агенттигинин деректири: "Нандын баасы кескин көтөрүлбөйт" Эл арасында мамлекеттик резервде буудай калбаптыр, бир тоголок дан жок экен, болгон буудайды да мите курттар басып кетиптир деген сөздөр көбөйүп, бышыкчылыкка жетер бекенбиз деген сарсаналуу көздөр жайнайт. Биз буудайдын бар же жок экенин билүү максатында мамлекеттик сатып алуу жана резерв агенттигинин жетекчисине кайрылдык. - Жакынкы күндөрдө нандын баасы кескин көтөрүлөт деп атышат. Ачыгын айтыңызчы, азыр резервде канча тонна буудай бар? - Биринчиден, мыйзам боюнча баланча тонна буудай бар деп айтууга укугум жок. Экинчиден, кудайга шүгүр, буудай бар. Болгондо да 2006-2007-жылдарга салыштырмалуу эки эсеге көптүк кылат. Жакынкы күндөрдө дагы эки жарым эсеге көбөйүшү күтүлүүдө. Алар Токмок, Бишкек, Карабалтанын кампаларында сакталуу. Баары элеватордо турат. - Ошол буудайларды мите курттар басып кетти деген маалыматка не дейсиз? - Бизде мындай маалымат жок. Дандын сакталышы боюнча жооптуу адамдар бар. Элеватордо тургандан кийин аларды желдетет, сактоонун бардык технологиялары колдонулат. Химиялык тазалоо жүргүзүлүп турат. Мите курт баскан фактылар жеке фирмаларда болушу мүмкүн. - Матрезервдеги буудайлар айрым учурда дыйкандарга кредит түрүндө берилет экен. Ушунун кайтарымы кандай болуп атат? - Берилген кредиттик буудайдын 60 пайызы кайтарылып алынды. Ал эми 40 пайызы же 30 миң сом элдин колунда. Аны акчалай төлөсө да болот. Кредитке берилген буудайдын толук кайтарымы болбогонунун себебин буудайдын кескин кымбаттап кетишинен улам. - Кампада сакталган буудай зарыл учурда кандайча бөлүштүрүлөт? - Мыйзам боюнча мамлекеттик резервде турган мүлк бир гана президент же премьер-министрдин буйругу менен сыртка чыгат. Ошондо да акчасы төлөнүп, биздин колубузга келип түшкөндөн кийин наряд берүүгө укугубуз бар. Бирок мурда резервден товарлар зарыл учурга карыз иретинде берилген экен. Жалпы суммасы 41 млн. сом. Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз. - Эгер кокустан нан кризиси башталса, элди ачкадан өлтүрбөй кармап турууга даныбыз жетиштүү экен да? - Жетиштүү, мындан шектенбеш керек. Былтыркы жылы 37 миң тонна буудайды муктаж адамдарга ун кылып таратсак, быйыл мунун өлчөмүн эки эсеге көбөйткөнгө даярбыз. Андыктан, нандын баасы кескин көтөрүлбөйт. - Эми мамлекеттин мүлкү кампада жаткан соң суук колун салган кызматкерлер да бардыр? - Андайлар өтө көп, жеп-ичкендер боюнча кылмыш иши козголуп, асты камалып чыкты, качып жүргөндөрү да бар. Бардык иштер сотко чейин жеткен. - Эгер сыр болбосо, резервде дагы кандай азык-түлүктөр сакталат? - Шекер, самын, фляга, шифер, цемент ж.б. тиричиликке керектүү буюмдар... Келдибек НАЗИРОВ P.S. Бирок "Акун" ЖАК төрагасы "Азаттыкка" берген интервьюсунда ундун баасы бир айга жетпей кымбаттайт деди. Өпөң-чычаң От менен ойногондорбу же?.. Дүйшөмбүдөн бери Жетөгүз районундагы Тамга айылында тынчтык жок. Себеби, ал жердеги аскер санаторийиндеги чыр-чатак ушу кезге чейин ар кандай мааниде тарап келди. Биз Тамга, Тосор, Барскоон, Чоң Жаргылчак жана Кичи Жаргылчак айылдарынын Жаштар союзу бирикмесинин лидери Эркин ТУРУСБЕКОВдон окуянын чоо-жайын билдик. - Эркин, Тамга айылындагы элдин нааразычылыгы эмнеден башталды? - Айылдагы аскер санаторийинин директору, подполковник Абдибай Матиевдин бу жерде иштеп баштаганына жыйырма эле күн болуптур. Ошо келгенден кийин анын кылган иштерине эл арасында нааразычылык чыккан. Себеби, ончакты адамды иштен себепсиз бошоткон. Ал министр Исаковду жаман көрсөтүп атат. Директор санаторийде иштегендерге өтө орой мамиле жасаган. Ал жерде негизинен ашканада иштеген, идиш жууп-тазалаган, чөп, гүл өстүргөндөр - аялдар. Алар үйлөрүнө барып күйөөлөрүнө, балдарына "директор минтти-тигинтти" дешсе, алар чогулуп санаторийге келишет, а жерден мушташ чыгат, директор качып кетип, орунбасары таяк жеген. 15-апрелде үч айыл эли чогулуп жыйын өткөрдү. Ошо жыйында директор "силерге өз чөнтөгүмдөн эки жарым миң сомдон төлөп иштетпедимби" деди. Эл "бизге андай чөнтөктөн төлөгөндүн кереги жок, келишим түзөлү, ошого жараша төлөп бергиле" деди. Өз чөнтөгүнөн акча төлөгүдөй директор эмне, миллионерби? Эгер өз чөнтөгүнөн акча төлөсө, ал кайдан келген акча? Үйлөрдү бошотуу жөнүндө директор элге эчтеке айталбады. Элдин айтымында, санаторийдин мурдагы директорлору медик болгон, бул аскер кишиси экен. Өзүнөн башка дагы эки орунбасары Түштүктөн. Азыр санаторийге жөнөкөй адамдар кирип-чыгалбай калды. Ошо жыйында эл министр Исмаил Исаковго кайрылуу кабыл алышты, муну тезирек териштирип, чечсин деген. - Демек, башка маалымат булактарында жазылгандай, санаторийдин директору "силер чыккыла, биякка баткендиктерди алып келебиз" деген эмес экен да? - Мындай сөз болгон-болбогонун айталбайм. Бирок үйлөр ремонттолуп жатат. Бул сөз - үйлөрдө жашагандардын бардыгына эмес, балким, бирин-экин адамга айтылгандыр. - Коргоо министрлигинин "Скорпион" атайын бөлүгү ушу чыр-чатакты басуу үчүн түшүрүлгөнү чынбы? Ал террористтерге каршы же коомдо өтө коркунучтуу кырдаал түзүлгөндө түшүрүлчү эмес беле? - Эл ошондой деп атат. Анан эмне алар чөп чапканы барды дейсиңерби? Анча-мынча иштерди ошо жерде жашагандар менен келишим түзүп иштетсе болот да. - Министр Исаков "санаторийдин үйлөрүндө мыйзамсыз тургандарды ал жерден баары бир чыгарам, алар небак пенсияга чыккандар же ижарага берип коюп башка жакта жашагандар. Жайында туристтерди киргизип, бизнес жасап, санаторийди колдонуп атышат" дегенине эмне дейсиз? - Эмне, алар ошол жерде туулуп, санаторийде иштеп калганы үчүн күнөөлүүбү? Өмүр бою ошо жерде иштегендерди пенсияга чыккандан кийин каякка кубалашат? А жерде иштегендер ошол эле үйлөрдө жашашат. Балким жайында тууган-уругу келип эс алышкандыр. Санаторийде көп улуттуу эл иштейт. Кандай адистиктеги адамдар керек болсо, ошолордун бардыгын жергиликтүү элдин арасынан эле табууга болот, башка жактан чакырбай эле. Ошо жыйында эл санаторийдин аймагындагы мүлккө зыян келтирип же дагы бир башка иш-чараларды көрө тургандарды да катуу эскертишти. Тамга айылынын эли билимдүү, Москвадан окуп келгендер көп, себеби, санаторий мурда Москва аскер округуна карачу. Аскер САКЫБАЕВА P.S. Гезит басууга даярдалып жатканда "Кыргызстандын патриоттору" партиясынын мүчөсү Жекен Шамыралиев менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү кабарлады: - Кечээ Караколдогу музыкалык окуу жайдын залына эки жүздөй адам чогулуп, Каркыра жайлоосу, пансионаттар жана Тамга айылындагы чатактарды талкуулады. Көл эли Каркыранын, пансионаттардын казактарга берилишине, документтердин ратификация болушуна каршы экендиктерин билдирип, резолюция кабыл алышты. Анда керек болсо Бишкекке жана чегара тарапка жөө жүрүш жасалары айтылды. Тамгадагы окуя боюнча аскер санаторийинин жетекчилиги жергиликтүү элди басмырлабасын, адамдар үйлөрүнөн чыгарылбасын, Түндүк-Түштүк деп от жакканды токтотсун деген чечим кабыл алынды. Суроо сансыз, жооп жок Бегиш Ааматов: "Акаевдин камчысын чапкандар да качышы керек эле" - Бегиш ага, акыркы Конституцияда табигый кенбайлыктарды менчиктештирүүгө жол ачылды. Мунун арты эмне менен бүтүшү мүмкүн? - Мунун артында чоң коррупция турат. Мен бир түрктүн колунан Кыргызстандагы алтын кендеринин тизмесин көрдүм. Кендерге лицензия алгандар аларды эларалык биржаларга коюп сатышат экен. Буларды ким берди? Дегеле, азыр табигый байлыгыбыздын канчасына өзүбүз ээбиз, канчасына башкалар ээлик кылышат? Биздин өкмөт стратегиялык объектилерди сатуу алдында турат. Мындан ары Нарын дарыясынын энергетикалык ресурсунан элибиз ажырап калуу коркунучунда. Себеби дарыянын боюнда дагы он тогуздай ГЭС курула турган жер бар. Акчасы көп четэлдиктер аларды да сатып алат. Суу сактагычтардан, Токтогул каскадынан ажырап, малы көбөйгөн казактар Суусамырды, кытайлар Алайды, Аксайды бер деп чыгуулары мүмкүн. Чүйдүн талааларынан айрылып калуубуз ыктымал, анткени бизде 50 гектарга чейин жер сатылат. Ушинтип келечекте мамлекеттүүлүгүбүз жоюлушу ыктымал. 18 жылдан бери мамлекет куралбай жатабыз. Өлкөбүз башкалардын көзүн карап, суранып-тиленип жашап атат, өлкө ушинтип аткандан кийин, адамдарыбыз да башкалардын таманына төшөлүп, көчөсүн шыпырып, таштандысын чыгарып күн көрүүдө. Энергетиканын башын мыкчып туруп, тезек жаккыла деген, көмүрү туруп казалбаган, ушундай сонун жерде жашап туруп нан сурап жеген уят болот. - Бийликтегилер экономикага өзгөчө көңүл бөлүп, мурда иштебей, таланып-тонолгон ишканаларды иштетип жатабыз. Биздин жетишкендиктерди оппозиция көргүсү келбейт деген ойлорду айтып келишет... - Көзгө көрүнгөнүн айтсак, аз-маз үйлөр курулуп жатат. Буларды биздин өкмөт эмес, корейлер, түрктөр, россиялыктар куруп атат. Кытайлар менен бирге цемент заводун куруп атабыз дегени биздики болоруна ишенбейм. Немистердин айнек заводу иштеп атат, Канттагы цемент-шифер комбинатын казактарга биротоло өткөрүп беришти. Жетишкендикпи ушулар? - Азыр азык-түлүк кризисин күтүп жатабыз. Бул дүйнөлүк тенденция деген бетке чапма шылтоого кандай карайсыз? - Бизде 1 млн. 300 миң гектар сугат жер бар, мунун 400 миң гектарына буудай эксек, 1 млн. 200 миң тонна түшүм алууга болот. Кыргызстандын керектөөсү миллион тоннага да жетпейт. Азыр талаанын бардыгы кысыр жатат. Бүгүн эмне, жүз миңдеген гектарга пахта, тамеки, кызылча эгилип жатабы? Мурда биз өзүбүздү эле эмес, казактарды да кошо бакчубуз. "Каркыраны бербесек, казактар буудай бербей коюшат" дебатышып, кампага катып койдук деген буудайын өздөрү сатып бөлүп алышыптыр. Айылчарбасын ырааты менен жөнгө салып, чоң чарбаларды кайра уюштуруп, пландуу иштеген жан жок өкмөттө. Өткөндө айылчарба министри канча сугат жери бар экенин президентке айталбай койду. Жер канча экенин эки жерде эки төрт дегендей билиши керек болчу. Кыргызстан Ортоазиянын кочегары болуп турганда 5 млн.тонна көмүр казылчу, азыр болгону 300 миң тонна казылат. Бүгүн 1 млн.тоннага жакын көмүрдү Карагандыдан 100 млн.долларга алып келишет экен. Ушунча акчаны Сүлүктү, Ташкөмүр, Кызылкыяга беришсе, ал жерден эл качпай, кармалып калат эле го. Сүлүктүгө чейин 750 км падышалык Россия учурунда эле курулган темир жол бар. Ошону пайдаланса болот эле го? Ушул тапта квартира баасы 200 доллар, адамдар экинчи биякты желкемдин чуңкуру көрсүн деп көчө качып атышат. (Уландысы 14-бетте) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|