![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №28, 18.04.08-ж. |
Меймансап Форум Апта астрологиясы 21-апрелден 27-апрелге чейин Кой (21.03-20.04) Апта башы айлык акысы көбүрөөк жумуш издөөөгө ылайыктуу. Эгер алдыңызга ушундай максат коюп, ага жетүүгө болгон аракетиңизди жумшасаңыз, ийгилик сиз тарапта болот. Ишиңиз алкоого татырлык. Косметикалык иш-чараларды токтото турууңуз керек. Букачар (21.04-21.05) Чыгармачылык менен алектенүүгө ылайыктуу мезгил. Жеке мамилелерге олуттуу карап, жоопкерчилитүү болууга аракет кылыңыз. Машине айдоодо, жол жүрүүдө этият болуңуз. Баарлашууда кептин чыныгы маанисин түшүнбөй калышыңыз ыктымал. Эгиздер (22.05-21.06) Бардык финансылык операцияларды ишке ашырууга, ири суммага келишим түзүүгө апта башы ылайыктуу. Кадыр-баркыңызды, аброюңузду пайдаланыңыз. Жакындарыңыздын моралдык колдоосу зарыл. Техника каражаттары менен иштөөдө сак болуңуз. Бөйөн (22.06-23.07) Жаңы идея, сунуштарыңыз, ойлоруңуз колдоого ээ болот. Куру убада берүү, ойлонбой туруп чечим кабыл алуу беделиңизге шек келтирет. Аптанын экинчи жарымында көпчүлүк менен пикир келишпестиктер болушу ыктымал. Ички туюмуңузга ишениңиз. Арстан (24.07-23.08) Аптанын биринчи бөлүгүндө финансылык маселелерди чечүүгө туура келет. Ийгиликке жетүү үчүн конкреттүү максат коюп, алдыга умтулуу зарыл. Аракеттериңиз дароо эле үзүрүн бере баштайт десеңиз катуу жаңылышасыз. Келечекке иштеңиз. Бийкеч (24.08-23.09) Апта узакка созулган саякатка чыгуу үчүн ылайыктуу. Чет тилдерди үйрөнүүгө басым жасоо керек. Олуттуу чечимдерди өз алдыңызча кабыл алуу зарыл. Аптанын экинчи жарымында жөнү жок тобокелчиликке барбаңыз, көңүлүңүз жабыр тартышы мүмкүн. Тараза (24.09-23.10) Аптанын биринчи жарымы ийгиликтүү болот. Тажрыйбалуу адистердин кызматынан жогорулоосу күтүлөт. Көптөн бери азап чегип жүргөн илдеттен кутулууга ылайыктуу учур. Жеке мамилелерге кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Чаян (24.10-22.11) Жеке мамилелерди, ишмердикке байланышкан маселелерди стабилдештирүүгө ылайыктуу мезгил. План-дарыңыз, идеяларыңыз өнөктөштөр тарабынан колдоого алынат. Жумушка көп убакыт бөлүү чарчатып, денсоолугуңузга зыян келтирет. Жаачы (23.11-21.12) Аптанын биринчи жарымында кесиптештериңиздин урмат-сыйына ээ болосуз. Бул учурдагы романтикалуу мамилелер келечексиз экенин эсиңизге түйүп коюңуз. Жума аягында балдарга көбүрөөк көңүл буруңуз, жүрүм-турумуна катуу көзөмөл зарыл. Текечер (22.12-20.01) Жеке турмушуңуз аптанын негизги маселесине айланат. Жылуу сезимдерге чулганган махабат кечтерин өткөрөсүз. Аптанын экинчи жарымында жакындарыңыз менен пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Үйбүлөлүк иштерге эч кимди кийлигиштирбеңиз. Суу пери (21.01-19.02) Кесиптештериңиз менен жылуу мамиледе болууга шарт-ыңгай түзүлөт. Эмгек акыңыз көбөйүшү мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында жолго чыгуудан баш тартканыңыз оң. Маанилүү чечим кабыл алууда ички туюумга ишенүү керек. Балык (20.02-20.03) Жөнөкөй пикир алышуудан жандүйнөңүз сергип, көңүлүңүз көтөрүлөт. Чыгармачылыгыңызды көңүл сыртында калтырбаңыз. Ишмердигиңизге байланышкан көйгөйлөр оң жагына чечилет. Аптанын экинчи жарымында акчага этият болууңуз керек. Афиша "Октябрь" кинотеатры 18-24-апрель Кызыл зал "Супергеройское кино" - комедия. Башталышы: 12.20, 16.30, 20.40 Билет баасы - 80-150 сом "27 свадеб" - комедия. Башталышы: 14.20, 18.30, 22.40. Билет баасы - 80-150 сом Жашыл зал "Влюбиться в невесту брата". Башталышы: 12.40, 16.40, 20.30, 22.30. Билет баасы - 80-100 сом "Шаг вперед-2". Башталышы:14.40, 18.40. Билет баасы - 80-100 сом "Алатоо" кинотеатры 18-24-апрель Чоң зал "21". Башталышы: 11.10, 13.30, 15.50, 18.10. 20.30, 22.50. Билет баасы - 80-150 сом Кичи зал "Золото дураков". Башталышы: 11.20, 13.40. 18.00, 20.20. Билет баасы - 80-150 сом "Никто не знает про секс-2". Башталышы: 16.00, 22.30. Билет баасы - 80-150 сом А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры 18-апрель Вечер современной хореографии. Башталышы: 17.00. Билет баасы - 70-200 сом 19-апрель "Евгений Онегин" операсы. Башталышы: 17.00. Билет баасы - 70-150 сом 20-апрель "Паяцы" жана "Сельская честь" опералары. Башталышы: 17.00. Билет баасы - 70-150 сом Орус драма театры 18-апрель "Живи и помни" - драма. Башталышы: 16.00. Билет баасы - 50-250 сом "Божьи коровки возвращаются на землю". Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом 19-апрель "Он, она, окно и покойник" - комедия. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом 20-апрель "Принцесса и свинопас" - жомок. Башталышы: 11.00. Билет баасы - 100 сом "Правда - зорошо, а счастье лучше" - комедия. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом 22-апрель "Хитроумная влюбленная" - комедия. Башталышы: 15.00. Билет баасы - 50-250 сом 23-апрель "Пианино в траве" - мелодрама. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом 24-апрель "Призраки" - комедия. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом. "Манас" кинотеатры 20-апрелге чейин "Табышмактуу тагдырлар" (Кыргызстан). Башталышы: 15.00, 19.00. Билет баасы - 50 сом М.Жангазиев атындагы куурчак театры 20-апрель "Воришки-лгунишки". Башталышы: 11.00. Билет баасы - 20 сом |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|