Коомдук-саясый гезит
№28, 18.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


Украина. Өлкө президентинин секретариаты менен министрлер кабинетинин ортосундагы жектешүү ачыкка чыкты. Юлия Тимошенконун тарапкерлери президентке карата 10 дооматтан турган документ таратышты. Блок Виктор Ющенкону иштеше ала турган министрлер кабинетин тандап алуусун талап кылып жатат. Алардын айтымында, "президенттин чет мамлекетте жүрүп Украина өкмөтүнө терс сын айтуусу - жеке эле Тимошенкону эмес, бүтүндөй Украинаны сыйлабагандыгы". Ал эми Тимошенконун оппоненттери премьер-министр өлкө алдындагы жоопкерчиликтен качып, президентти өз отставкасын кабыл алууга атайы мажбурлап жатат деп билдиришүүдө.
Израиль. Премьер-министр Эхуд Ольмерттин өлкө жарандарына болгон кайрылуусунда еврей мамлекетине Ирандын коркунуч туудурган жалгыз куралы анын атомдук долбоору экенин айтып, дүйнө коомчулугун бул коркунучтан кутулууга бардык аракетти жумшоого чакырды. "Биргелешкен аракеттин жыйынтыгында Иран эч убакта ядердик державага айланбасына ишенем", - деп белгиледи өкмөт башчы.
Россия Абхазия жана Түштүк Осетия республикалары менен жакындашууга дагы бир олуттуу кадам жасады. Эми Москва аталган өлкөлөр тарабынан берилген расмий документтерди мыйзамдуу түрдө тааныйт. Цухуми менен Цхинвалинин көптөн берки республика катары таануу өтүнүчүн Россиянын ушу тапта ишке ашырышына Косово маселеси жана Грузиянын саясый багыты негиз болуп берет. Ал эми НАТО Москванын бул кадамын Грузиянын суверенитетине шек келтирүү катары кабылдарын билдирди.
Индия . Олимпиада оту Пакистандан Нью-Дели шаарына келди. Эстафетанын индиялык этабы президенттик ордодон башталып 2,5 км аралыкта өтөт. Буга чейинки Европа жана АКШда өткөн олимпиада отунун эстафетасы кытай бийлигине каршы чыккан Далай-Лама тарапкерлеринин нааразычылыктары менен коштолгон. Эми Индияда баш калкалап турган 100 миң Тибет качкындары эстафетанын өтүшүнө коркунуч жаратышууда.
Бразилия . Расмий иш сапары менен келген Индия президенти Пратибхи Патил жана президент Луис Игнасио Лула да Сильванын ортосунда азык-түлүк коопсуздугу жана кедейликке каршы бирге күрөшүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Мындан тышкары, эки өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчөлүккө кирүүнү максатташууда.
Конго . Гома шаарындагы авиакатастрофадан улам 40 адам каза таап, 111 адам жараат алган. Учууда учактын кыймылдаткычы ишке келбей, ылдамдык керектүү деңгээлге жетпей калган. Натыйжада, пилот рулду башкаралбай, учак базар аймагына сүрүлүп чыгып, кырсыкка учураган. Конго дүйнөдөгү авиация коопсуздугунун деңгээли төмөн өлкөлөрдүн катарына кирет.
АКШ . Колорадо штатында аптаптуу кургак абаырайы менен катуу шамалдан улам 3 миң гектар жерди өрт каптаган. Адамдар эвакуацияланып, 20 курулуш зыянга учураган. Полициянын билдирүүсүндө 3 адам көз жумган.



  Миң түркүн

Махмуд Ахманидежад
2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы 3 миң адамдын өмүрүн кыйган терактты "шектүү" деп атады. Ушунча убакыттын өткөнүнө карабастан бир да курман болгон адамдын аты-жөнү жарыяланган жок. Эки имараттын кыйрашын бетине кармап АКШ Ирак менен Афганистанга кол салды. Иракта бүгүнкү күндүн эсеби менен миллиондон ашык, ал эми Афганистанда он миңдеген адам өлгөн деп белгиледи Иран президенти.
Бриджит Бардо
Айтылуу француз киножылдызы мусулмандарды кордогону үчүн сот жообуна тартылуу алдында турат. Ле Пен Улуттук фронтунун тарапкери буга чейин да бир нече жолу расистик мүнөздөгү сөздөрү үчүн жазаланган. Прокурор жаныбарлардын укук коргоочусу 73 жаштагы Бардого эки айлык шарттуу мөөнөт берүү менен 24 миң доллар өлчөмүндө айып салууну талап кылып жатат.
Михаил Саакашвили
Акыркы президенттик мөөнөттү өтөп жатканын билдирди. Грузия мыйзамы боюнча президенттик мөөнөт 5 жыл, бирок бир эле адам эки жолу катары менен шайлана албайт. "Роза төңкөрүшүнөн" соң бийликке келип, 2008-жылы кезексиз президенттик шайлоодон жеңип чыккан Саакашвили Конституцияны бузбастыгын, учурунда эл тарабынан шайланганын, эми бул орунга барбастыгын айтты.
Николь Кидман
Голливуд жылдызы кош бойлуу экендиги билинип, жубайы Кит Урбант экөө маңдайы жарыла сүйүнүп жүргөн чактары. Мурунку жубайы Том Круз экөө бир нече жыл чогуу жашашса да ортосунда бала болгон эмес.
Максим Галкин
Германиядагы гастролун уюштургандардан алдынала 550 000 доллар алып, 20 концерттин биринчиси өтө турган Мангейм шаарына келбей койгон. Юмористтин расмий өкүлү Галкиндин иш визасы жок экенин шылтоолосо, концерттик турдун уюштуруучусу Виктор Шульман анын Германияда иштөө укугуна ээ экендигин айгинелеген документтерди көрсөткөн. 20 000 билет сатылып, баасы 85 еврого чыккан. Мындай кеңири рекламаны Германия көргөн эмес. Эми Галкиндин күйөрмандары же акчадан жок, же билет алмаштыргандан жок, кандай айла табарын билбей турган чактары.




  Дүйнөкүн

Күйдүйнө. Йеменде экинчи класста окуган кызын ата-энеси күйөөгө берип салган. Үйлөнүү үлпөтү нике Нуджуд 18 жашка чыккан күндөн баштап күчүнө кирет деген шарт менен өткөн. Бирок буга карабастан кыз 28 жаштагы күйөөсү менен эки жарым ай никеде жашаган. Мындай өкүм зордукка макул болбогон Нуджуд ата-энесин сотко берген. Жумушсуз отурган кыздын атасы мындай кадамга материалдык оор абалдан улам барганын айтып, күнөөнү мойнуна алды. Натыйжада, кыз башы бошоп, окуусун улантууга дилгир экенин билдирди.
Итдүйнө. Эми Италиянын Тоскано шаарында жергиликтүү жашоочулар менен шаар меймандары үй жаныбарларын коомдук жайларга өздөрү менен кошо алып жүралышат. "Жашылдар" партиясынын демилгеси менен чыккан бул мыйзам бардык жаныбарларга тиешелүү болсо да, кафе-ресторан, кинотеатрларга азырынча иттер гана барууда. Мыйзамга ылайык мындай жаныбарлардын сертификаты болушу керек. Мыйзам демилгечилеринин айтымында, ээси менен сүйүктүү жаныбары бири-бирин узакка көрбөй калса жандүйнөлөрү катуу жабыр тартат имиш. Идея көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгону менен Уффици галереясында же атактуу Коллизейде оюн салып жүргөн бир короо итти элестетип, жийиркенгендер да жок эмес.
Таңдүйнө. Улуу нацист Гитлердин образы жарнамачылардын көңүлүн бурууда. Алсак, баш кийим чыгаруучу немецтик HUT Weber компаниясынын Гитлердин муруту тартылган жарнамасы көпчүлүк, өзгөчө жаштар тарабынан жылуу кабылданган. TBWA бразилиялык агенттиктин кызматкерлери ит тамагын рекламалоого овчаркасы Блонди менен турган Гитлердин сүрөтүн пайдаланышкан. Жаңы Зеландияда пиццерия түйүнүнүн ээси пицца жарнамасына Адольф Гитлердин образын туура көргөн. Италиялык вино чыгаруучу компаниянын ээси Муссолини, Гитлер, Франко, Сталиндин сүрөттөрү чагылдырылган вино сериясын чыгара баштаса, Бомбейдеги жаңы ачылган ресторан "Гитлер крести" деген аталышты алган. Жексурлукту даңазалаган жарнамачыларга таңданбай койбойсуң.
Жекдүйнө. Челябинск бала бакчасындагы бала багуучу тарбиялануучуларын байма-бай уруп кордогону үчүн 3 жыл 6 айга эркинен шарттуу түрдө ажыратылды. Кордук көргөндөр 2-3 жаштагы кенже топтун балдары. Башка, денеге уруп-соккон бала багуучу тууралуу балдар ата-энелерине айтышып, алар укук коргоо органдарына кайрылышкан.
Сүйдүйнө. Германиянын экс-канцлери, 78 жаштагы Гельмут Коль өзүнөн 35 жаш кичүү Майка Рихтер менен баш кошууну чечти. Экөө Коль Германия өкмөтүн жетектеп турганда таанышып, акыркы үч жылдан бери бирге жүрүшөт. Рихтер Гельмут Коль жыгылып, баш сөөгүнөн жаракат алып ооруканада жатканда жанынан карыш жылбай камкордук көргөн. Экс-канцлер ооруканадан чыгары менен экөө үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшөт.
Доодүйнө . Аты аталбаган Ирак өспүрүмү 2003-жылы жарадар кылган британ аскерине каршы сот ишин утуп, рекорддуу суммада компенсация өндүрүп алды. Бала 13 жашында кокусунан британ аскери тарабынан жарадар болгон. Англиянын ооруканасынан чыккандан кийин келтирилген зыян үчүн компенсация төлөтүү талабы менен сотко кайрылган. Акча суммасы Ирак жарандарына төлөнгөн компенсациянын жалпы көлөмүнөн ашык экени айтылууда. 2003-жылдан бери ирактыктардын алган жарааттары, кыйраган үйлөрү, талкаланган эшиктери үчүн Англия армиясы 3,34 миллион фунт стерлинг компенсация төлөгөн.
Шамдүйнө . 37 жаштагы Дедэ аттуу балыкчы өспүрүм кезинде тизесин оорутуп алган. Ошондон баштап буту-колунан сөөлдөр өсө баштаган. Денесин жыш каптаган сөөлдөрдөн улам Дедэ жөнөкөй жумуштарды аткарууга жөндөмсүз болуп калган. Жумуш иштей албаган Дедэни эки баласы менен аялы да таштап кеткен. Оорудан айыкпасына көзү жеткен бак-адам кедейчиликте жашап, мазак-шылдыңдын борборунда эле. Эми дерматология боюнча америкалык эксперт Энтони Гаспари Дедэни айыктырууга белсене киришти. Анын айтуусунда Дедэнин денесиндеги сөөлдөр Папиллома (HPV) адам вирусунан улам пайда болгон. Илдетти мындан ары изилдөө үчүн Гаспари Дедэни АКШга да алып кетүүгө даяр эле, бирок финансылык жана бюрократиялык тоскоолдуктардан улам дарылоону Индонезияда өткөрүүнү чечти.

www булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan