![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №28, 18.04.08-ж. |
Меймансап Форум Панкратион Камчыбек Осмоновдун жаркын элесине арналган 5-эларалык турнир бүгүн борбор калаабызда башталды. Бул мелдешке тандалма 40 спортчу гана катыша алат. Турнирге Кыргызстандын атынан "Дордой-Жакып", "Бек Барс" өңдүү клубдар катышса, казактардын "Спарта" жана "Азия-Намат" клубдарынын келиши күтүлүүдө. Ошондойле казак, орус спортчуларынын ортосунда кызуу беттеш өтөөрү маалым. Мындан сырткары, Азиянын абсолюттук чемпиондугуна ээ болуу үчүн Акун Алмаз таймашка чыкмакчы. Панкратиончулардын мушташын көрүү үчүн кирүү акысы 300 сомдон ашпай тургандыгын эскерте кетели. Сууда сүзүү Жакында Англиянын Манчестер шаарында болуп өткөн дүйнө чемпионатында жердешибиз Василий Данилов 14-орунга чыкты. Ал 400 м аралыкты 4 мүнөт 19,01 секундда сүзүп өткөн. Бул биздин өлкө үчүн жаңы рекорд болуп эсептелет. Ошентсе да, 19 жаштагы спортчу алтын медалды багындырыш үчүн жогорудагы көрсөткүчтөн 8 секунд бат сүзүшү керек. Айтмакчы, ошол эле чемпионатта дагы бир Юрий Захаров аттуу жердешибиз кыргыз спортчуларынын арасында үч жаңы рекорд койгонго жетишкен. Албетте, мындай ийгиликтер кыргыз спортунун тарыхында биринчи жолу сууда сүзүүчүлөрүбүз дүйнөлүк аренада жакшы жыйынтык көрсөткөнүн айгинелеп турат. Футбол Тайванда АКФнын президентинин кубогуна арналган мелдеште Кыргызстандын төрт жолку чемпиону "Дордой-Динамо" "Тайвань Пауэр" командасына туш келип, 3:0 эсебинде утуп алганын жазганбыз. Бул биздин футболчулардын турнирдеги биринчи беттеши эле. 16-апрелде экинчи беттешүүсүн Камбоджанын "Нагакорп" командасы менен өткөрүп, жеңишти колдон чыгарышкан жок. Биздин футболчулар жалпы жонунан 6 упай топтогонго жетишкен. Эми алдыда жарым финалдык оюндар бар. Анда да ийгилик биз тарапка оосо, 19-21-сентябрда финалдык бөлүктө "дордойчулар" топтун артынан кубалап калышы ажеп эмес. Минтип мекендештерибиз чет жактан кыргыздын намысын коргоп жүргөн чакта, Кант шаарында республикалык чемпионат эртең башталмакчы. Турнирдин алгачкы күнүндө "Абдыш-Ата" менен "Дордой Плаза" беттешет. Ошол эле күнү Ошто "Алай" (Ош) менен "Нефтчи" (Кочкората) командасынын ортосунда кызуу оюн болушу күтүлүүдө. Апрель айынын аягына чейин боло турган мелдештин өтүү тартибин окурмандарга тааныштыра кетсек: 20-апрель: "Кант-77" - "Алай" 22-апрель: "Абдыш-Ата 91" (Кант) - "Дордой-Динамо" (Нарын) 24-апрель: "Нефтчи" - "Дордой Плаза" (оюн өлкөнүн түштүк аймагында өтөт) 27-апрель: "Жаштык Ак алтын" (Карасуу) жана "Кант-77", "Алай" менен "Дордой Плаза" Теннис Аялдардын Өзбекстандын Наманган шаарында өтө турган эларалык турниринде Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Ксения Палкина катышат. Учурда ал WTA рейтингинде 294-тепкичте турат. Ал эми Орто Азия аймагы боюнча экинчи позицияда. Аталган иш-чарага Россия, Грузиянын теннисчилери катышары маалым. Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ ИНСТИТУТ МЕДИА ПРЕДСТАВИТЕЛЯ В КЫРГЫЗСТАНЕ ОБЪЯВЛЯЕТСЯ КОНКУРС НА ПОЗИЦИЮ МЕДИА ПРЕДСТАВИТЕЛЯ В КЫРГЫЗСТАНЕ Институт Медиа Представителя продолжает работу по направлению "Правовая помощь средствам массовой информации" и объявляет конкурс на позицию Медиа Представителя. Медиа Представитель оказывает юридическую помощь СМИ, журналистам и физическим лицам; защищает интересы журналистов и СМИ в судебных органах; представляет интересы СМИ перед третьими лицами, участвует в разработке законопроектов, регулирующих деятельность СМИ в КР, оказывает содействие усилиям, нацеленным на решение конфликтов, возникающих в сфере СМИ. Медиа Представитель осуществляет свою деятельность на общественных началах при технической и административной поддержке Института Медиа Представителя. На позицию Медиа представителя требуется юрист с высшим образованием, имеющий глубокое понимание вопросов журналистской деятельности, опытом защиты прав журналистов и/или СМИ, знанием сферы медиа в КР. Основные требования: обязательное высшее юридическое образование; опыт работы юристом не менее 5 лет; преимуществом обладают кандидаты, имеющие максимальный опыт работы в сфере юридической защиты СМИ; Медиа Представитель избирается Рабочей комиссией в составе представителей некоммерческих организаций, работающих в сфере СМИ сроком на два года. Кандидаты на позицию Медиа Представителя должны предоставить в Институт Медиа Представителя резюме и рекомендации от профессиональных медиа ассоциаций, профессиональных объединений юристов, или отдельных средств массовой информации. Институту Медиа Представителя в Кыргызской Республике требуются юристы (две вакансии). В основные обязанности юристов входят: Представлять и защищать интересы в государственных, судебных и других органах; Принимать участие в законотворческой деятельности КР. Предоставлять письменные и устные консультации, в том числе своевременно предоставлять необходимую информацию по юридическим вопросам; делать подбор законодательных актов необходимых в их работе; Анализировать ситуацию по законодательству, информировать, давать разъяснения и комментарии СМИ в письменной и устной форме по текущим событиям и изменениям в сфере законов и положений; Требования к кандидатам: Высшее юридическое образование Опыт работы представительства в судах. Знание процессуального законодательства Владение компьютером на уровне опытного пользователя. Коммуникабельность, активность, хорошо поставленная речь, умение убеждать. Знание русского, кыргызского языков. Знание английского приветствуется. Кандидаты на позицию юристов должны предоставить подробное резюме. Документы принимаются ДО 26 апреля 2008 по адресу 720044, г. Бишкек, пр. Мира, 44, кв. 1. Тел.: (312) 59-51-28, 59-54-67, с пометкой на конверте "МЕДИА ПРЕДСТАВИТЕЛЬ", "ЮРИСТ" либо по эл. почте: raushan@media.kg Жолтикен Дааратканын жанындагы өлүк Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу укук коргоо бөлүмүндө Алтынбек аттуу 36 жаштагы жигит көптөн бери баңгизатын пайдалангандыгы үчүн учетто турчу. Атасынын эжеси 68 жаштагы Майрам экөө үч бөлмөлүү жертамда жашашчу. Анда-санда милиция бөлүмүнө барып текшерилип турчу Алтынбек бир айдан ашык убакыт милиция бөлүмүнө барбай калат. Аны ошол аймактын милиционери үйүнө издеп келгенде Алтынбектин эжеси Майрам Россияга иштөө үчүн жиберип ийгендигин айткан. Бирок, кошунасы Эрмек алардын үйүндө курулуш ишине мындан бир жума мурун эле жардам берип иштеп жүргөндүгүн, анын Россияга кеткенге акчасы да, документтери да жок экенин айтканы милиция кызматкерин шектентет. Бир жума бою издөө салып, улам-улам келген милиция кызматкерлерине Майрам адегенде үйүн көргөзбөй койгон эле. Бирок, акыры жүрүп, үйүнө киришкен милиция кызматкерлери шектүү эчнерсе таба алышпады. Короосундагы баардык жерлерге издөө салышкан изкубарлар даараткананын жанындагы жердин топурагы жаңырып калганын байкашат. Акыры ошол шектүү жерди каза башташат. Жерди 20-30 сантиметр казганда көмүлгөн адамдын колу көрүнөт... Жерде көмүлүп жаткан адам бир жумадан бери издөөдө жүргөн Алтынбек болуп чыкты. Адегенде эле шектүү деген анын эжеси Майрам суракка алынды. Ал Алтынбекти кимдер өлтүрүп, бул жерге кимдер көмүп салганын билбейм деп, ар кандай шылтоолорду айтып, сүйлөгөн сөздөрүнөн жаңылып отуруп, акыры жасаган күнөөсүн моюнуна алды. Көрсө, окуя мындайча болгон экен. Алтынбек баңги заттарын пайдаланганы аз келгенсип, арак ичип, мас болуп, үйгө тынчтык бербей, Майрамды беймазага көп салчу экен. Улгайып калган адамды жаман сөздөр менен сөгүп, кээде колу да тийген күндөр болуптур. Кошуна-колоңдордун жумуштарын акчага эмес, аракка деле иштей берчү. Ошол каргашалуу күнү Алтынбек адаттагысындай бутунан туралбай мас болуп келет. Үйгө ызы-чуу салып, улгайып калган кемпирди сабайт да, үстөлдө отурган калыбында уйкуга кетет. Жанатан Алтынбектен жеген ур-токмогуна ызаланып калган Майрам сыртка чыгып балка алып келет да, аны баардык күчү менен бир нече жолу башка чабат. Кыймылдаганга дарамети жетпеген Алтынбек ошол боюнча о дүйнөгө аттанат. Анын өлгөнүнө көзү жеткен кемпир, короодогу даараткананын жанына алы жеткенче ор казат да, Алтынбекти сүйрөп чыгып, эптеп көмөт. Иш караңгыда болгондуктан Алтынбекти өлтүрүп, даараткананын жанына көмгөнүн эч ким көрбөй, билбей калган. "Эгерде Алтынбек мени урбаса, көңүлүмдү ооруткан сөздөрдү айтпаса, аны эмнеге өлтүрмөк элем. Мен пенсияма да ээ болбой, тыңырак тамак да ичпей калгам. Мага да жашоо керек…" деп ыйлап, Майрам көзүнүн жашын көлдөтө жасаган кылмышын моюнга алды. Кылмыш жаза кодекси боюнча Майрам жашы улгайганына карабастан СИЗОдо бир жылга жакын жатты. Бир нече жолу болгон сот процесси аны шарттуу түрдө төрт жылга эркинен ажыратты. Назира КУЛМАТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|