![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №28, 18.04.08-ж. |
Меймансап Форум ![]() Пейджер Урматтуу окурман! Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. 15-апрелде "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр: П-302. Акүйдө эркек кузгундар пайда болду деген нарындык Кемелбек Ашыралиев мырзанын маегин окудум эле мурдагы жылы. Андан бери ургаачылар пайда болуп балалап кетти бекен деп оюм онго бөлүнчү болду. Байболгурлар, элдин кызыкчылыгы үчүн Кемелбек мырзадан кабар алгылачы. Мария, Сокулук. П-303. Кары жашка барып калган курагым/ Тезек терип от жакпаган убагым/ Бирок бийлик тезек тер деп айтканын/ Кокусунан угуп калды кулагым/ Талааларда тезек эмес таш да жок/ Билбей турам кандай айла кыламын/ Сейдана Бейшебекова. П-304. КТРден элдик курултайда уктап отурган карапайым элди көрсөттү. Уктап отурса да алардын жүрөгү таза. Чекчейип, кирпик какпай Мадумаровду тиктеп отурган "акжолчулар" эмнени кыйратышты. Алмаз. П-305. Гаагадагы эларалык сот эмнеге Бушту соттобойт. Ирак менен Афганистанды талкалап салды. Беш жылдан бери согуш, күнүгө 20-30 киши өлөт. Бул эмнеси же мусулмандарга убал, сурак жокпу. Темиркан Турсунбеков. П-306. Союз убагында Казакстан, Өзбекстан тарабынан курулган пансионаттар казак, өзбектики дегендик - бул эли-жерибизге болгон чыккынчылык. Бөжүрөгөн жаман түлкүдөй эки жүздүүлүк. Курулуш таш-машы, фундамент-сундаменти баары кыргыздыкы. Эчтеме берилбеши керек эле. Келишсе акчасын төлөп, эсалып кетип турушу керек эле. Жаманды үйгө кир десе башка чыгат деген ушу. Караш Насер. П-307. Жакшынын сөзү эп болот, улуунун сөзү чеп болот. Караш Насер. П-308. Акаевди качырса да сандаган/ Өлкөбүздү жаңы жолго салбаган/ Тополоңду революция деш болбойт/ Шумдар байып, жарды ашка зарлаган. Эркин Жаныбеков. П-309. Урматтуу Игорь Чудинов, Сиз кыргыз салтын сыйлоо менен тил үйрөнүп, калпак кийип жүрөсүз. А эмне үчүн министрлериңиз калпак менен кыргыз тилин жеришет? Же эмне алар элбузарларбы? Жооп күтөм. Асылбек. П-310. Этиканы билбеген, "энеңди" деп тилдеген богооздордун баарысы кызматчы болуп кетишти деп кечээ айттым эле. Бүгүн "Үй куруучу" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчыларынын төрагасы болуп шайланып калдым. Көрсө, сынтакпаш керек турбайбы, эми богооздук жукпас бекен... Медербек Сулайманов. П-311. Кудайды карап имиштерди чыгарсаңар боло, Атамбаевдин бөйрөгүнө ажо эмес, эл ишенбей калган. Ү.Сыдыковдун бөйрөгү таза болгону менен СССРден берки бөйрөктүн ажобузга кереги эмне. Алмаз. П-312. Кантет эй, биздин өлкөбүз/ Кымбаттап улам бөлкөбүз/ Арына келбей өлкөбүз/ Арзандабайт бөлкөбүз. Зам. Байдылда. П-313. Д.Үсөновдун жүрүм-турумун, ишкерлигин, сөзүн байкап мэрликке барганда өмүрү аягына чыкпаган иштерди сыйкырчыдай эле аткарат го деп ойлодум эле. Оюм туура эмес болуп калды. Ал деле орустар айткандай, "смертный" жан турбайбы. Темиркан Турсунбеков. П-314. Акыркы күндөрү боорум көп ооручу болду. Германия дарыгерлеринин дагы айыктырууга алы жеткидей эмес. Анткени ажонун "акжолчу" депутаттарына, айрыкча кыргыз элиме боорум ооруйт. Нурия. П-315. Өскөндөн бар муундарды муундар улап/ Өчкөндөн далайлардын тоосу урап/ Көрүстөнгө толгон койну, айланасы/ Борборго кремоторий зарыл убак. Эркин Жаныбеков. П-316. Кыздарыбыз кийим тандаганда этият болушса. Жарашса-жарашпаса деле мода деп ар түркүндү кийишет. Ичи ачылып, киндиги көрүнүп... ушундай кантип кийим болсун. Өзгөчө маршруткадан эңкейип түшүп бараткан кыздардын ич-кийимин көрүп, отургандардан уяласың. Семиз кыздар ошондой кийим кийбей эле коюшса, ачыган камыр чарадан түшүп баратканы эле көзалдыма келе берет. Таалайгүл. П-317. Иним Керимов Бекболотту, келиним Анараны уулдуу болушу менен куттуктайм. Балаңардын денсоолугу чың, келечеги кең, өмүрү узун болсун. Сый-урматын чогуу көргүлө. Эжеңер Элмира. П-318. Жөө жүргөнүмө кыздар, силер күнөөлүүсүңөр. Ушунча да сулуу болосуңарбы. Силерди карап баратып бирөөнүн машинесин сүзүп алдым. Анын да, өзүмдүн да машинем ремонтто. Жок жерден чыгым кылдыңар. Алик. П-319. Унчукпай, конокко келгенсип отура беришип "акжолчулар" кылгылыкты кылышты го. Неси болсо да тарыхта калдыңар. Силерге чейинки чакырылыштагы депутаттарды бекер урушуп жүрүптүрбүз. Бейшенбек. П-320. Данияр мырза Чыңгызхандын тактикасын колдонуп, Ош базарын тынчтык жолу менен баш ийдирди. Жунхай княздыгы өрттөлдү. Эми Дордой, Ортосай, Аламүдүн княздыктарын баш ийдирсе, Данияр ордосу түзүлөт. Канча кылым өкүм сүрөр экен. Алмаз. П-321. Кечээ кошунамдын бойго жеткен кызы келип "Кыргызстанда ловить нечего. Кетиш керек" дейт. Бир жакка кетип калсале кыргызстандык болбой калабы же Кыргызстанды унутуп калабы. Кеткенде эле ошол жактан ушу келет деп май токоч камдап турабы. Андан көрө өз эли-жериңде эле жашаганы туура эмеспи. Айымжан. П-322. Келинибиз Сансызова Алияны 17-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз. Денсоолукта болуп, көп жаша. Уулуңдун урматын, кызыңдын кызматын көргөн балпайган байбиче бол. Тумар, Аскар, Гүлайым. П-323. Шаарга машинелер батпай кетти го. Урматтуу депутат Улукбек Ормонов! Медеров-Пудовкин көчөсүнө светофор коюп берсеңиз сооп болот эле. Өзүңүз деле ошол көчөдөн өтсөңүз керек. Мира. П-324. Урматтуу мэр мырза! Кытайдан келген кызыл автобустарды эмнеге бооруңарга басып жатасыңар. Же көбөйтөлү деп атасыңарбы. "Жал" кичирайонунан башка жерлерге деле жүргүзүп койбойсуңарбы. Аларды качан пайдаланабыз? Гүлмира. П-325. Казактар көл жээгиндеги пансионаттарды жарым кылымга арендага алышса кыргыздын быйыл төрөлгөн балдары 50гө чыкканча көздөрү кызарып отурат экен да. Биздин миллионер байларыбыздын ар-намысы барбы деги? Андан көрө А.Салымбеков, Д.Үсөновго окшогон байлар ошол пансионаттарды өздөрү иштетишпейби. Казактарга путевкасын эле бериш керек болчу. Батмакан апа. Жеңүүчү - кыздардын айынан жөө жүрүп калган Алик (П-318), редакция менен байланышыңыз. Даярдаган Канышай БЕШБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|