![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №28, 18.04.08-ж. |
Меймансап Форум "Жүрөгүмдүн үйүнө бирөө келген го..." Бектур, 4 жашта - Атың ким? - … - Сүйлөй аласыңбы?.. - … - Аа, сүйлөгөндү билбейт турбайбы, бу бала. - Тилимди жутуп алгам! - Балыктын мүйүзү барбы? - Жок, ким айтты бар деп? - Анан эмне сүзөт?.. - Жүрөгүмдү тыңшасаң? - ... - Түк… түк… түк… дебатат. Жүрөгүмдүн үйүнө бирөө келген го… - Маршрутканын отургучу эмнеден жасалат? - Чүпүрөк, кебез ичинде темир бар. - А биздин ичибизде эмне бар? - Жүрөк, өпкө, боор… - Жо-ок, сөөк бар дебейсиңби? Айылга баратып: - Ата, айылдагы үй кимдин үйү? - Сенин, менин, чоңатаңдын. - Кайсы чоңатамдын? - Менин атам, сенин чоңатаң. - Өлүп калганбы? - Ооба. - Анан эмне келбейт. - Келалбайт да… - Анан эмне башка ата албайсың? - Сен башка ата аласыңбы? - А сен жакшысың да. Күлкү келатыр Ырадиоң иштебесе машинеңе ырчы салып ал Бир эркек досуна: - Бешмиң долларың болгон жакшыбы же беш кызың болгон жакшыбы? - Беш кызым болгон жакшы да! - Ии, эмнеге? - Менин беш эмес сегиз кызым бар болубатпайбы… Китепканада: - Өз жанын өзү кыйгандар жөнүндө китептерди кайдан тапсам болот? - Сол жактагы бешинчи этешеркеде. - Ал жерде бир да китеп көрүнбөйт го… - Ооба да, аларды эчким кайтарып бербесе анан… Матак көрүнүп бүткөндөн кийин доктурдан сурайт: - Байке, эми пиво иче берсем болобу? - Кайдагы пиво?! - Келечектечи. - Кайдагы келечекти айтасың?! Бир кыз доктурга келип: - Йе доктур, мен күзгүгө карансам эле жүрөгүм айланып, куса баштайм да, ал эмнеси? Эмне болмок эле чоң кыз, зрениеңиз мыкты да! Кемпир колясканы карап: - Ии ананайындарым сонун балдар тура. Экөө тең эркекпи? - десе, атасы: - Жок. Сол жактагысы эркек, оң жагындагысы ашкабак - дептир. - Я досуке, сен эмне дайымале машинеңе ырчы салып жүрөсүң? - Ырадиомду уурдап кетишиптир! - Айнекти ким сындырды?! Эчким унчукпайт. - Өө-й шумкарлар, мобуреки айнекти ким сындырды дейм? Жымжырт. - Акыркы жолу сураватам, ким сындырды айнекти?! - Коюңузчу агай, үч эле жолу сурап коесузбу. Күлкү чакырган Күлтүк |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|