Эң биринчи...
Турсунбай Бакир уулу:
"Мал укуктарын коргоодо биринчи болмок"
Жаңы рубрикабызда Кыргызстан тарыхында кайсы тармак болбосун, эң биринчи чыйыр салган инсандар тууралуу сөз болот. Алгачкы сөз кыргыз тарыхында биринчилерден Акыйкатчы (Омбудсмен) институтун жетектеген Турсунбай БАКИР уулунда.
- Турсунбай мырза, маегибизди сиз жетектеген Акыйкатчы институтунун жаралыш тарыхы, аткарган иштери, көйгөйлөрү жөнүндө кеп кылуудан баштасак.
- Акыйкатчы (Омбудсмен) институтун киргизүүнүн алдында Париж принциптеринин негизинде Кыргызстан президентинин астында Адам укуктары боюнча комиссия 1998-жылы түзүлгөн. Акаев менин ага оппозицияда экендигиме карабай, комиссиянын төрагалыгын сунуштады. Алгач сунушту четке какканым менен кийин макул болууга туура келди. Ошентип, эки жыл бою айлык акы албай иштедик. Бирок, 2000-жылы президенттик шайлоодогу шайтан оюндарды, Адам укуктарынын тебеленип атканын көрүп, бул коомдук башталыштагы кызматыман кеттим.
2002-жылы Кыргызстан Адам укуктары чөйрөсүндө өзүнүн милдеттеринин экинчи этабына өттү. Жогорку Кеңеш 5 мыйзам долбоорунан мен иштеп чыккан вариантты колдоду. Президент жана анын командасы ЖКдагы Акүйгө караштуу депутаттардын каршы аракеттерине карабай, 1-турда эле 7 талапкердин ичинен менин кандидатурамды тандап алды.
Аткарган иштерибизди айта берсек, гезит бети чак келбес. Андыктан, беш жыл аралыгында кандай жумуштарды аткарганыма эл күбө, өз баасын берет.
Биздин эң башкы көйгөйүбүз - каржы маселеси болду. Адам укуктарын коргоо үчүн жылына 4 млн. сом бөлүнөр эле. Бул ар бир кыргызстандыктын укугун коргоо үчүн бир жылга 80 тыйындан бөлүнгөнүн айгинелеп турат. Акаев, Танаев менен талашып, акыры 2005-жылы Омбудсмен аппаратынын бюджетин 23 млн. сомго чейин көтөрдүм. Өкүнүчтүүсү, 2005-жылдын 24-мартынан кийин мыйзамды одоно бузуп, бюджетибизди 5 млн. сомго кыскартып салышты. "Демократия арзанга түшпөйт, адам укуктарынын эсебинен каражатты үнөмдөбөгүлө" деген чакырыгымды бардыгы четке какты.
- Сиздин Акыйкатчы катары ишмердүүлүгүңүздү сындагандар жок эмес. Алсак, убагында Турсунбек мырзанын "Омбудсмен институтунда жалаң эле селдечен, дамбалчандар толуп кетиптир" деп айтканы бар. Негедир сиз тараптан жооп болгон жок. Кийин Турсунбек мырза Акыйкатчылыкка шайланып, сизге чапан жаап, калпак кийгизейин, элдешели десе келбей коюптурсуз. Дегеле экөөңүздөр бөлүшө албаган эмне бар? Бири-бириңиздерге каршылашып эле жүрөсүздөр дегеним…
- Туура, жооп бергеним жок. Т.Акундун айткандарына врач-психиатр комментарий берсин дегем. Маалымат жыйындарында, интервьюларында, ЖКда таратылган "тоголок катында" мен жөнүндө ушак-айыңдарды, калптарды жайылтып, жалган жалаа жаап атканда ойлонсо болмок. Т.Акунга да айтарым, жигит болсо эл алдында кечирим сурасын!
Баамымда, Т.Акун мени идеал тутат окшойт. Эмне кылсам ошону кайталайт. Мисалы, Баткен окуясында мага окшойм деп аракет кылды. Бирок, бир да барымтадагы адамды бошотуу колунан келген жок. Бир кезде Т.Бакир уулу президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссияны жетектеди эле деп К.Бакиевди алдап, Ү.Сыдыков, Д.Сарыгулов жана О.Абдыкалыковду ортого салып атып, ал максатына жетти. Эми минтип Акыйкатчы институтун жетектеп отурат. Бирок, ал дайыма менден кийин 2-номерде келатканын түшүнбөй атпайбы. Мындай адамдар эчкачан биринчи боло албайт. Балким, өз кесибинде иштегенде, Нурлан Мотуев айткандай, "мал укуктарын коргоодо эң биринчи болот эле".
- Баткен коогалаңында сиздин өтөгөн эмгегиңиз зор экени талашсыз. Бирок, ал окуя боюнча да талаш маселелер жок эмес.
- Баткен согушу башталардын алдында ИДУ боевиктеринин колуна Баткен районунун акими менен коопсуздук кызматтын эки подполковниги түшүп калыптыр. Аларды бошотуу үчүн кыргыз өкмөтү 250 миң АКШ доллардын 50 миңин берип, калганын сол чөнтөккө солоп жиберишкен. Согуш башталганда 4 жапон (котормочулары менен), генерал А.Шамкеев баш болгон кыргыздын 7 милиция кызматкери туткунга түшкөнү жалпыбызга маалым. Кыргыздын патриот, дипломат, ажы уулу катары Араб эмираттарына, Ооганстан, Тажикстанга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, согушту токтотуп, барымтадагыларды аман-эсен бошотком.
Баары бүткөндөн кийин баатырлар четинен пайда боло баштады. Алардын ичинде Акаевдин генерал достору, Т.Акун да бар. Жапондорду алдап, Акүй адамдары 2,5 млн. долларды кантип кымырып алганын жана башка кызыктар жөнүндө жакын арада чыга турган "Иду к ИДУ" деген китебимден окуй аласыздар. Анда согуш бүткөндөн кийин Акаевге алып кирип беришкен 420 миң доллар жөнүндө да жазылган. Кыскасын айтканда, Баткен окуясы жөнүндө талаш маселелерге ошол китебим чекит коймокчу.
- Сиз жетектеген партия оппозицияга оойт деген имиштер бар. Жакын арада сизди оппозиция жээгинен көрүп калбайбызбы?
- "ЭрК" ("Эркин Кыргызстан") партиясы түзүлгөн күнүнөн (1991-жыл, 4-октябрь) баштап бийликтин камчысын чапкан жок. Акаев заманында радикалдуу, азыр болсо конструктивдүү оппозициядабыз. "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидерлери А.Эркебаев, А.Жекшенкулов, мүчөлөрү Н.Касиев жана башка оппозициячылдардан "бизге кошулуңуз" деген биртоп сунуштар түшүп атат. Бирок, расмий сунуш түшкөн жок. 26-апрелде "ЭрК" партиясынын 15-курултайынын 2-этабы болот (1-этабы 29-мартта Ош шаарында өткөн). Ошондо партиянын багытын аныктайбыз. Курултай кандай чечим кабыл албасын, ага мен лидери катары баш ийем. Бирок, бийликке кошоматчыл партия болбойбуз. Ансыз деле Кыргызстанда кошоматчылар толтура.
- Акаев доорунан тартып, азыркы бийликке чейин кызматта толук беш жыл отурган кыргыз аткаминерлерден жалгыз сизсиз. Учурда бош убактыңызда эмне менен алектенип атасыз? Мурдагыдай убакытты көп талап кылган жумушуңуз жок дегендей…
- 50 жашка чейин коомдук, мамлекеттик иш деп жүрө берипмин. Азыр карасам балдарым, неберелерим бар экен. Алардын эр жеткенин күнү-түнү иштеп жүрүп байкабай да калыпмын. Күнөөмдү сезип, азыр аларга көп убактымды бөлүп атам. Жөн отурбай "Акыйкат тамчылары" аттуу китеп жазып бүтүрүп, 7-апрелде бетачарын өткөрдүм. Азыр болсо орус тилинде үч китеп жазып атам. Мындан сырткары, жумасына эки жолу бильярдга барам. Дос-туугандарыман алыстап кеткен экенмин, эми болсо ар күнү аш демдеп, бат-баттан чогулуп турабыз.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ