![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №28, 18.04.08-ж. |
Меймансап Форум Жооп берер күн, аткаминерлерге жаза жана жөө күлүк депутаттар Бул жумада парламенттин Өнөржай, соода, туризм, орто жана кичи бизнес, транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектураны өнүктүрүү комитети менчиктештирүү программасын депутаттардын макулдугусуз эле өкмөт өз алдынча бекитүү демилгесин колдоп берди. Бул албетте, коомчулуктун да, айрым депутаттардын да нааразылыгын жаратпай койгон жок. Бул боюнча депутат Р.Ирсалиев өкмөттү кураган жана парламентте басымдуулук кылган "Акжол" партиясына да эртең Кыргызстан элинин алдында жооп берер күн келерин эскертти. Кечээги жыйында туулган күндөрдү куттуктоо аземинен соң, адаттагы аркыл маселелер түрмөгүндө Алишер Сабиров РЭС же тийиштүү министрлик калкка жарыкты өчүрүү маалы боюнча атайын маалымат жарыялоосун сунуштады. Калк качан чай кайнатып, качан меш жагып жана кайсы маалда муздаткычын өчүрүүнү билүүгө укугу бар, ал эми тийиштүү министрлик буга милдеттүү экенин белгиледи эл өкүлү. Парламентарий Бегалы Наргозуев Улуттук телеканалдын 50 жылдык өмүрү болсо да, республиканын түштүгүндөгү 35 кыштак өз эне тилинде эмес, өзбек телеканалдарын көрүшкөнүнө кейип, бул көйгөйдү жоюу үчүн теле тармагына кубаттуу передатчиктерди орнотууга 15 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүү демилгесин көтөрдү. Депутаттын айтымында, түштүктө кыргыз президентинин ысмын атай албаган балдар да бар. "Солярканы 20 сомдон жеткиралбаган соң, мамлекет убада кылбай эле койсо болмок" деген "акжолчу" Элмира Ибраимова азыр күйүүчү майдын баасы 30 сомго чыкканын, өлкөдө кредит берүү жетиштүү деңгээлде жүрбөгөндүгүн кабарлады. Шаардык бийликтин иш-аракеттеринен улам өлкө инвесторлордон кол жууп каларынан Осмонбек Артыкбаев кулак кагыш жасады. Андан соң, аял-эркек укугун теңдеген мыйзамдолбоору биринчи окууда кабыл алынып, иштеп чыгууга жөнөтүлдү. 2008-жылдын 1-апрелинен тарта оң рулдуу автомобилдерди өлкөгө алып келүүгө тыюу сала турган мыйзамдолбоору депутаттар тарабынан жактырылды. Бирок, буга чейин өлкө аймагында айдалып жүргөн машинелер керектен чыкканча пайдаланылат. Андан ары парламент Марат Кайыповдун коргоосундагы бир топ мыйзамдар арасында Үйбүлөлүк кодекске өзгөртүү киргизилип, анын негизинде үйбүлө жана балдарды колдоо бөлүмү түзүлө турган болду. Ошондой эле кечээги жыйында өлкө Омбудсменинин орунбасарларын иммунитетке ээлик кылган мыйзамдолбоору да парламенттен колдоо тапты. Адахан Мадумаров айтмакчы, төртүнчү чакырылыштын депутаттары ММКга бөтөнчө кам көргөндөй... Мамлекеттик структуралардын кызматкерлери ММКга маалымат берүүдөн баш тартса, 500-1000 сомго чейинки айып менен жазалоочу мыйзамдолбоорун депутаттардын баары бир добуштан колдоп беришти. Улуттук телеканалда Жогорку Кеңештин ишмердигин чагылдырган "Парламент" жумалыгы буга чейин 18.30 убактысында чыгып келсе, жазгы, жайкы, күзгү режимге өткөрүлүп, мындан ары 22.05те көрсөтүлө турган болду. Ал эми бүгүнкү пленардык жыйын дал ушул Улуттук телеканалды алыскы аймактарга чейин көрсөтүүчү передатчиктерди сатып алууга каражат бөлүү боюнча токтомду талкуулоо менен башталып, 2010-жылга чейинки Улуттук энергетикалык программа талкууга алынмакчы. Айтмакчы, жөө күлүк депутаттар 21,42 км. аралыкка чуркап, мелдешке түшүп да калышы мүмкүн. Мындай сергек жашоо образына кесиптештерин парламентарий О.Назаров үгүттөдү. Айнагүл САПАРБЕК кызы Жандырмак Оппозициябы же ООНбу? Кесиптешибиз Нарын Айып азыркы оппозициянын дараметин, жүзүн абдан таамай белгилеп, аны ООН (Организация освобожденных начальников) деп чукугандай ат коюп алыптыр. Кыргызчасы БАМУ (Бошотулган аткаминерлердин уюму) болот. Чындыгында эле бийликтин бүгүнкү атаандаштарынын дээрлик бардыгы мурда Акүй менен Көкүйдүн жоргосун жорголото мингендер. Бирин-серинин албаганда, бийлик менен байлыкка алынын келишинче тойгондор. Анан эле жорголору ташыркап, жүрбөй, өзүлөрү жайдак калганда, бийликке өчүгүшөт да калат. Айрым көзгө басаар жүйөөлөрүн айтпаганда, бүгүнкү оппозициянын калың журтту аянтка алып чыгаар дарамети да калбай баратат. Бир жагынан эл да аркы-беркини түшүнүп-билип, көрүнгөн оппозициячыны мурдагыдай ээрчип, көчө-аянттарга салпактабай калды. Карапайым калктын кээ бирин уксаң, тим эле Ишенбай Абдуразаковдон ашкан саясатчы да, дипломат да болуп кетиптир. Айылга баргылачы, андагы абышка-кемпирлер Бишкекте саясаттын чордонунда жүргөн бизден артык укмуш кеп куруп, токэтээрин сайгандай айткан далилдемеси, кадимкидей "концепциясы", кайнаган турмушта сыналган турум-тутуму бар. Ушундан улам, бу кыргызың жалаң эле философ, саясатчы, сынчы, даанышманбы деп кетесиң. Себеби, ар бир кыргыз өзүн ааламдын түркүгү сезет эмеспи. Күн бүркөлүп-ачылса да, шамал жүрсө деле ага карата сөзсүз оюн айтып, талашып-тартышып, каршысына жообун бериши керек. Бул жашоодо өзүн баарына жооптуу сезет белем, кайран кыргыз. Дүйнө элдеринин түпкү атасын, тегин, жээк-жергесин кыргыз, дегеле адамзат кыргыздан тараган дешкени да бекеринен эмес окшойт. Байкасак, ар башка себептерден улам бийликтен кетип, анын каршылаштарына айланып калган оппозициячылар акпейилдегени, учурдагы саясый кырдаалда өз жүгүн артынганы менен түпкү кулк-мүнөзү, чын ой-мүдөөсү жогорудагыдай эле бийликке умтулган. Тарыхка сереп салсак, бир кездерде айлана-тегерегиндеги башка элдерди титиретип, кубаттуу мамлекет болуп келген кыргыздардын түбүнө жеткен да ушул чатакчыл, ичитар, кекчил, саткын, бийликчил мүнөзү экен. "Акыйкаттык үчүн" кыймылы, Коомдук парламент расмий бийликке эч качан атаандашпайт, аны кулатпайт, тек гана кеп-кеңеш айтып, туура багытты көрсөтүп турат дешет аны уюштургандар. Алар чын ой-мүдөөсүн балп эттирип алышканын өзүлөрү да байкабады окшойт. Муну жалпак тилге салып чечмелегенде бийликте болбосо да ага жандашып-ийиндешип, учкашып, жасакерленип, айтор, эптеп көлөкөсүндө болсо да күн көрүүнү билдирет. Себеби, азыркы оппозициянын андан башкага акылы да, дарамети да жетпеси дааналанып бүткөндөй. Токэтээрин айтсак, бүгүн саясат сахнасына накта кыргыз мүнөз оппозиция чыгып турат. Анын анабашыларына көз жүгүртсөк эле ушунун өзү келип чыгат. Аликбек Жекшенкулов - Компартия заманынан баштап, анан эгемен Акүйдө да, Көкүйдө да үлкөн кызматтарда иштеп, тышкы иштер министрине чейин жеткен. Мыкты аткаруучу, элпек саясатчы. Болгону ушул. Элдин накта турмушунун чордонунан туруп, өз алдынча журт башкаруучулугу жок. Себеби, мурдагы система аны биротоло чампалап, калыптап койгон. Канчалык карапайым, өз алдынчалыгы, кылдаттыгы, билимдүү болгону менен Абдыганы Эркебаев азыркы күркүрөгөн саясаттын, ыркыраган рыноктун заманында эл башкарууга чамасы чакталуу экенин өзү деле билет. Бул инсан өзүнүн болгон саясатчылык дараметин сарптады, эми А.Акаевге өзү айткан кеп-кеңешин, сын-сыпатын карманып, кадыр-баркын сактап калганы оң. Досчо айтканда, Абдыганы экөөбүз эл башкарган заман өтүп кетти. Калгандары деле мурда комсомолдук, партиялык, мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген мурдагы системанын кишилери. Аны өздөрү деле жакшы билишет, мамлекетти, бийликти жакшыртыш үчүн системаны бузуш керек деп какшап да жүрүшөт. Бир гана жери, өздөрү дал ошол эски системанын эшегин кайра-кайра токунуп, камчыланып, аркыраган аргымак замандан калышпайлы деп темине беришет, жарыктыктар. Садырбек ЧЕРИКОВ Ысыккөлдөгү "Акыл ордо" уюму Каркыра, Казакстанга берилген пансионаттар тууралуу шашылыш жыйын өткөрүп, ага "Акыйкат үчүн" коомдук кыймыл өкүлдөрү да катышууда. Мындан эмне жыйынтык чыгат деп ойлойсуз? Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор: - Андагы каралып аткан маселелер небак эле чечилип калган. Андыктан, бул уюм кандай чечим чыгарбасын, эчкандай өзгөрүү болбойт. Жөн гана коомдук кыймылдардын, уюмдардын мамлекеттин тышкы саясатына каш кайтаруу аракети катары гана баалайм. Тайырбек САРПАШЕВ, "Туран" партиясынын лидери: - Жеке мен пансионаттардын казак туугандарга кетишине каршымын. Эртеңки күнү Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш аймактарда талаш жерлер боюнча маселелер талкууланат эмеспи. Ошондо башыбызды жерге салып, үнүбүздү чыгара албай калбасак болду. Караколдогу жыйынга көзкарашым түз. Аны колдогондор, каршы чыккандар да болушу мүмкүн. Мындай иш-аракеттер демократиялык өлкөлөрдө нормалдууле көрүнүш. Парламент ратификациялап койду, демек унчукпашыбыз керек деген туура эмес. Кандай гана коомдук уюм, жарандар болбосун өз ойлорун билдиргенге укугу бар. Азиза АБДРАСУЛОВА, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси: - Менимче, "Акыйкат үчүн" кыймыл лидерлери парламент чечим кабыл ала электе мындай иш-чараларды өткөрсө болмок. Түштөн кийин шашылыш жыйын өткөргөндөн не пайда? Эчкандай жыйынтык чыкпайт. Бүгүн ЖКда энергетиканы талкуулашат. Эртеңки күнү ал тармакты менчикке берип жиберди дейли. Анан чүйлүктөр, нарындыктар же болбосо таластыктар кыйкырып чыккандан абал өзгөрбөйт да. Бардыгына өз убагында реакция жасаш керек. Нурлан МОТУЕВ, көмүр "королу": - Биз Акаевге оппозиция болуп жүргөндө оттон, суудан, түрмөдөн коркпой, хан менен бектен кайра тартчу эмеспиз. Ал эми азыркы оппозиция алсыз. Баары түрмөгө түшкөндөн, өздөрүн курмандык кылуудан корккон кишилер. Бийлик, байлык дегенде жантыгынан жата калышат. Демек, көлдөгү жыйындан оңгулуктуу эчнерсе чыкпайт. Алмас ТУРДУМАМАТОВ, 5-каналдын баш продюсери: - Парламент пансионат, чегара маселесине чекит койгону жалпыбызга маалым. Албетте, кандай гана коомдук уюм болбосун чогулуп, жыйын өткөрүүгө укуктуу. Бирок, эмне үчүн буга чейин "Акыл ордо" уюму чогулуп, пансионаттарды алып калганга аракет кылышкан жок? Эми жыйын өткөрүп, элдин пикирин угабыз деп атышат. Балким саясый кызыкчылыктарын көздөп аткандыр?.. Не дегенде, карапайым калктын көпчүлүгүндө бул маселе боюнча маалымат да жок. Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|