Коомдук-саясый гезит
№29, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Көшөгө

Урматтуу түгөй издегендер! Жаштар! Жашы өтүп баратса да жашоодон жар издегендер! "Агымга" кабарыңарды билдирип, катташып туруңуздар. Азыр заман, мезгил баягыдай эмес. Гезит аркылуу таалайларын таап, өмүр бою таттуу жашап өткөндөр четтен табылат. Издеген адамыңызды биз аркылуу таап, бактылуу болсоңуз - биз да кошо кубаналы. Ак тоюңузга күбө бололу. Кана эмесе, кат жазгыла! Катташкыла! Биздин телефон: 66-56-70. Шаршемби күнү саат 10.00дөн 12.00гө чейин кайрылсаңыздар болот.

Абонент - 05.
Жашы - 36, бою - 164, жерлиги - Нарын, билими - жогорку, мүнөзү - оор басырыктуу, турмуш абалы - иштеген иши бар, бир кыздын энеси, үй-жайлуу. Кандай мырза менен таанышат - нарындык, көлдүк, чүйлүк, туруктуу иши бар, адамкерчиликтүү, ичпеген, тырышчаак, үйбүлө багууга кудурети жеткен 36-43 жаштардагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 06.
Жашы - 63, бою - 175, жерлиги - Нарын, мүнөзү - ачык. Турмуштук абалы - жашоо-шарты жакшы, намаз окуйт, материалдык жактан камсыз. Уул-кыздары турмуш куруп кетишкен. Кандай айым менен таанышат - өз ордун таба албай кыйналган, материалдык жактан колдоого муктаж болгон айымдар менен турмуш куруу максатында таанышат. Бир баласы болсо мейли.
Абонент - 07.
Жашы - 37, бою -160, билими - жогорку, жерлиги - Бишкек, мүнөзү - ачык-айрым. Турмуштук абалы - туруктуу иштеген иши бар. Кандай мырза менен таанышат - чечкиндүү, келбеттүү, туруктуу, шайыр, сабырдуу, иштеген иши бар, үйбүлө үчүн кам көргөн, 38-45 жаштардагы жигиттер менен турмуш куруу максатында таанышат.
Абонент - 08.
Жашы - 34, бою - 160, жерлиги - Бишкек, билими - жогорку, мүнөзү - токтоо. Турмуш абалы - туруктуу иши бар. Кандай мырза менен таанышат - иштеген, адамкерчиликтүү, камкор, үйбүлөнү сыйлай билген 40-45 жаштардагы мырза менен турмуш куруу максатында таанышат.

Урматтуу түгөй издегендер! Ушул жазылган абоненттерден көңүлүңүзгө төп келгенине кат жазыңыз же болбосо "Көшөгө-нүн" 66-56-70 телефону аркылуу байланышып, өзүңүздүн дарегиңизди калтырыңыз. Эгерде сиз өзүңүзгө өмүрлүк жубай же жандүйнөңүзгө жакын дос-курбу күткүңүз келсе, жогорудагы абоненттердей анкета толтуруп, аты-жөнүңүздү, паспорттун катталган жерин, номерин жазып бизге жөнө-түңүз. Дареги, паспорт номери жок каттар жарыяланбайт.
Биздин дарек:
Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, "Көшөгө".













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan