![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №29, 22.04.08-ж. |
Меймансап Форум Айназиктин аксандык Махабат дартына чалдыкпаган ким бар. Баарыбыз кабылабыз. Окурман, эгер сүйүүдөн баш айланып, бактыңыз ашып турса да, арзыганыңыздан айрылып, кайгыга чөгүп же качанкы бир сезим жүрөк кыйнап, унутулбай жүрсө, же жаңыдан сүйүүгө кабылып, көкүрөгүңүзгө батыралбай жатсаңыз, а балким жалгызсырап, сүйүүгө суусап да турсаңыз, "Агымдын" Айназиги бугуңузду бөлүшкөнгө дайым даяр. Кайгылуу болсун, мейли, күлкүлүү болсун, айтор, окуялуу сүйүү баяндары үчүн аксандык ап-ачык! Түш Менден обочо олтурдуң. Көз кыйырыңды салганың менен экөөбүз бир-бирибизге жакындагандан тартындык. Ортобузда жайнаган адамдар. Алардан да корундук өңдөнөт. Чын турмушта деле ошол эмеспи. Сезимдерди ичке катып канчадан бери жашап келатабыз. Көздөрүңдөн көздөрүмдү албай тигилгим келди. Бек кучактап, ичте далайдан бери кайнап турган кусалыктан арылууну эңседим. Бирок, жадагалса, түшүмдө да ошол бакыт буюрбаптыр… Мирана, Бишкек шаары СМС Арбир таңда, ар бир кечте жазышчубуз. Адегенде жөн гана ал-жай сурашмай, каалоо-тилек, ана-ан… сезим сырларынан. Жообуң бир азга кечиге түшсө, бушайман болгонумду айтпа. Агер жагымдуу сөздөрдү жөнөтсөң, көңүлүм учуп калчу. Смстериңден ырахат ала, арбирин "архивге" сактап, өзүнчө бир дүйнөдө жашачумун. Бирок, ошол жагымдуу сөздөр, сонун смстер акыры мени ушунча кайгыга саларына, ал эми ошол сөздөрдү терген сенин ташбоордугуңа таңгалып бүталбайм. Көптөн күткөн кезигүүдө сен чындыкты ачтың. Көрсө курбуң экөөң мени тамашага салчу турбайсыңарбы? А мен сага, ошол сансыз СМСтериңе ишенгем. Экинчи эч ким менен смс жазышпайм деп шерттендим. Жалган сезим, жайнаган жалган смс жазып, сага не күч келди эле? Же бир өчүң бар беле? Же сага адам көңүлү оюнчукпу?.. Акбар, студент Каттарды төмөнкү дарек боюнча: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 132, "Агым" гезитинин "Айназиктин аксандык" рубрикасына же aynazik01@yandex.ru электрондук почтасына жөнөтсөңүз болот. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|