Коомдук-саясый гезит
№29, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 

Масалиевден Горький, Горькийден Киев улукпу?
Борбордогу Киев көчөсүнө коомдук жана мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин атын ыйгаруу боюнча шаардык кеңешке сунуш түшкөн. Мындай чечим кабыл алынса, Украина менен катышыбызга каргашасы тийеби деп адатынча кооптоно баштады биздин бийлик. Ал эми мыйзам боюнча мекемелерге, көчөгө ат коюу кайтыш болгондон беш жылдан соң ыйгарылышы керек. А.Масалиевдин көзү өткөнүнө жакында төрт жыл толот. Мэрия Горький көчөсүн Киев көчөсү деп атап, Киев көчөсүнө Масалиевдин атын ыйгарууну караштырууда.

Депутат аке, карызыңды как!
Парламентте эки депутат бар, "Акжолдон" шайланып келген. Ошол эки азамат экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна карызын бербей жүргөн чагы. Алардын бири кадимки эле Кабай Карабеков. Узункулак "агенттерибизден" уккандарыбызга караганда, карыз өлчөмү 240 миң сомдун тегерегинде имиш. Ал эми экинчиси (өзү жакшы билет), 10 миң доллардын 15%ын Турсунбай ажынын 50 жылдык тоюнда ырайымдуулук кылып кайтарып берген экен. Калганы качан өнөрү белгисиз.

Өзүңдү эр ойлосоң, башканы мэр ойло!
Экс-депутат Акматбек Келдибековго ошентип акыл берүүгө аргасыз кылат. Кытайда өз бизнесин өнүктүрүп жүрүп, Кыргызстандын Үрүмчүдөгү консулу Сулайман Пиримкулов экөө саунага кирип, ичи-тышы ысыганда, биздин мурдагы парламент деп ойлогонбу, айтор казактар менен мушташа кетет. Кызыл Кытайдын милийсалары келип арачаласа, Акматбек мырза да, Сулайман мырза да биздин дипломаттык колтийбестигибиз бар деп коколойт имиш. Айрыкча Акматбек мырза депутаттыктан эбак түшкөнүн унутуп коюптур. Унутса эсине келсин деп, кытай милийсасы экөөнү тең соолуктуруучу жайга турсы, майкечен камап салыптыр. Ишенбесеңер Кытай соолуктуруучу жайынын 6-апрелдеги сводкасынан карагыла дешет.

Каптагаев Бишкекти каптатабы?
"Улуу Биримдик" партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев караколдуктардын Бишкекке жүрүшү 28-апрелде башталат деп билдирди. Мындай чечимди караколдуктар 17-апрелде кабыл алышкан. Алар Көл жээгиндеги төрт пансионаттын, Каркыра жайлоо тилкесинин Казакстанга өткөнүнө нааразы. Э.Каптагаев президентке "10 күн ичинде жооп бер" маанисинде кат жолдогон. Эгер жооп болбосо, Э.Каптагаев көлдүктөрдү ээрчитип, Бишкекке жүрүш жасайт.

УТРК далыга бираз тапталды
Өткөндө президент "Акжол" партия депутаттарын кабыл алып, мамлекеттин калбаат маселелери жөнүндө сүйлөшпөдүбү. Анда идеология айдыңына да учкай токтолуп, маалыматты өз учурунда туура, так жеткирүү жагынан өкмөт ММКлары аксап атканын айтты. Бир кезде КТР ошондой эле, бирок кийин жылыш бардыгын белгиледи. Мурдагы кожоюнубуздун анча-мынча ийгилигине биз да сүйүнүп калдык.

Бекназаров "Асабадан" безди
Азимбек Бекназаров "Асаба" саясый партиясынын ишкердүүлүгү ойдогудай жүргөн жок. Парламенттик шайлоо болор алдында бул партиядан Роза Отунбаева чыгып, СДПКга өттү. Анан партияга доктор Назаралиев кошула калып, бирок ал дагы шайлоого чейин эле чыгып кетти. Азимбек мырза төрагалыктан кеткенин беш жылга шайланган мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүрдү. Бирок партиялаштары бийлик менен түбөлүк тирешип, эчнерсеге жетпей сизди ээрчип жүрө бермек белек деп, оппозициячыны ордунан жылдырды деген кеп бар.




  Тараза таш

Кулов - Атамбаев=?

Мурдагысы: Акаевдин доорунда Феликс Кулов менен Алмаз Атамбаев бири-бирине карама-каршылыгы жок, ага-ини катары мамиледе эле. Кулов вице-президент, ИИМ, КГБ министри, губернатор, мэр кызматтарында жүргөндө Атамбаев бизнесте жүрүп, ЖК депутаты, президенттикке талапкер, андан кийин оппозицияга өтүп, Акаевдин качып кетишине чоң салым кошкон. Кулов түрмөдө жатканда Атамбаев: "А киши үч жыл түрмөдө отуруп чарчады. Анын президенттикке атаандаш болуп чыгарына көзүм жетпейт" деген ой айтып, мамилеси түз экенин билдирген.

Кечээгиси: 2005-жыл-дагы президенттик шайлоодо Атамбаев эгер Кулов бул шайлоого талапкер катары катыша турган болсо, анда ал катышпай турганын айткан. Ошону менен Феликс Шаршенбаевичти катуу кадырлап, өз мүмкүнчүлүгүнөн аныкы артыктыгын билгиси келсе керек. Кулов Бакиев менен тандем келишими менен шайлоого катышып, шайлоодон кийин премьер-министр болуп калды. Аны менен Атамбаев да өнөржай жана экономика министри болуп дайындалды. Бул кызматты ал тез эле таштап, оппозициядагы өзүнүн ордуна кайра барды. Ошентип, 2007-жылдагы ноябрь митингиси болуп, аны Атамбаев жетектеп, премьер-министр Куловдун элге чыгышын талап кылды, бирок Кулов чыкпады. Ушундан кийин экөөнүн мамилеси кескин бузулду. Кийин Куловдун өкмөт башында турган ишмердигин катуу сындап, ал жетекчилик, өндүрүштүк тажрыйбасы жоктугун гана далилдеди маанисинде көп ирет жарыя айтты. Кулов бириккен фронтту түзүп, оппозицияга башоту менен өткөн соң, Атамбаев андан дагы катуу атырылып чыкты. Ошону менен эгер Атамбаев Акаевдин ордунда болсо, Куловду анчалык деле аябастыгы билинди. Атамбаев оппозиция өкүлдөрүн бийликке чакырса, алар Куловго ыктап алышып, бирөө да бийликке барган жок. Тескерисинче, оппозиция арасында Атамбаев сатып кетти деген кеп аралады. Парламентке шайлоо алдында Атамбаев иш жүзүндө азыркы бийликке кереги жок болуп калды. Андыктан премьерликтен кошоматты кош айтып, жылуу-жумшак узады. Азыр бизнеси менен алек дешет. Айрымдары оппозиция менен жыңайлак катышып, азыркы бийликти эптеп аласалдыруу аракетин тымызын көрүп жатат дешет. Айтор, андай болгон күндө да, мындай болгон күндө да экөө эчкачан элдешкистей. Атамбаев апрель митингисинде да, андан кийин да Куловду жакшы эле ашатты, бирок Кулов жаман ой же сын-пикир айткан жок. Кегин ичине катып келет. Ошентип ага-ини сыяктууларды бийлик талашы билинген да, билинбеген да душманга айлантты.
Бүгүнкүсү: Экөө тең жалгыз. Оппозиция арасында экөө жөнүндө өйдө-ылдый сөздөр айтылат. Оппозициянын он жылдап кашыктап жыйган кадыр-баркын эки чүйлүк чөмүчтөп чачты, убактылуу кызмат үчүн азгырылып, ойронун экөө чыгарып кетти деген нааразылык карапайым калк арасында көп. Эртеңки күнү аларды кайсы калк (электорат) ээрчири да күмөн.
Гүлбара СЕРКЕБАЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan