Коомдук-саясый гезит
№29, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү укугу өкмөткө берилди. Бул республика экономикасына, жалпы эле эл турмушуна кандай таасир тийгизет?
Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
- Тескери. Бардык өлкөлөрдө парламент коррупцияга бөгөт койгон орган болуп эсептелет. Эгерде, Жогорку Кеңеш менчиктештирүүнү көзөмөлдөө укугунан ажыраса, анда коррупцияга жол ачылды дей бер. Экономикага гана эмес, өлкө келечегине да доо кетиши мүмкүн.

Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ, саясат таануучу:
- Мындай чечим бийликке аброй алып келбейт. Ушу кезге чейин өкмөт чечимдерди коомчулукту, элди аралаштырбай кабыл алып келгени маалым. А Жогорку Кеңеш андай маселеге келгенде кеңири талкууга алып, коомчулукту катыштырып, чечим кабыл алууга аракет кыла турган орган. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселесинде эчен жолу оозубузду күйгүздүк. Өкмөт азырынча бул мыйзамды колдоно элек. Андыктан, кандай таасир тийгизерин айтууга али эрте.

Алтынбек МАМЫРАЛИЕВ, хирург:
- Баарынан да электр тармагын бир колго өткөрүп берүүгө каршымын. Не дегенде, биздин болгон байлыгыбыз - электр энергиясы. Жеке менчикке өтүп кетсе, элге эле кыйын болот. Убактылуу сатып алган адам карапайым калктын кызыкчылыгын ойлойбу же ойлобойбу? Башкы маселе ушунда турат. Коңшу Казакстанды мисалга алалы. Кезинде алар электр тармагын сатып жиберишкен. Убагында кетирген катачылыгын түшүнүшүп, кайра кымбат баада сатып алышпадыбы. Биз ошолордон сабак алсак жакшы болот эле…

Султан ЖУМАГУЛОВ, Би-Би-Си радиосунун журналисти:
- Учурда электр тармагы оор абалда. Эгерде, өкмөт аны саздан чыгарып кетсе, анда кеп башка. Тескерисинче, "Кудай берди" таризинде өз каалаганын кылып, коррупцияга айлантып жиберсе, аягы жаман болот. Өкмөт негизи президентке баш ийет эмеспи. Менимче, президент да бул маселеде жоопкерчиликтүү болуш керек. Болбосо, бардык тармакты менчиктештирип жибергенден кийин, өкмөт мүчөлөрүн отставкага айдап жибербейт деп ким кепилдик бералат? Мындай көрүнүш бизде "салтка" айланып калганы жалпыбызга маалым. Ошондуктан өлкө тагдырын чече турган маселелерге келгенде жети өлчөп, бир кескенибиз жакшы.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





  Эй, кыргыз, эсиңдеби?

Бүгүн Лениндин туулган күнү
Айтып жатсам Владимир Ильичти,
Анда балдар мунуң ким деп күлүштү.
Ишендирип кирдим анан аларга,
Ичке катып, сактап жүргөн күйүттү.

Өлүңкү көз өткөн кылым башында,
Өзү жашап чөпалачык чатырда.
Жардам эткен жаагын сүйөп ойлонуп,
Жарыбаган жарды-жалчы, бакырга.

Башта шапке чоюп тартса батпаган,
Бутта чокой, батеги жок таштаман.
Билгин уулум, Питер деген шаарда
Биздер үчүн революция баштаган.

Коркуп-үркүп, тоого-ташка камалган,
Кордолгондор колго жарык шам алган.
Уюткуну Ульянов таратып,
Улут болуп ушул жерде жаралгам!

Чыктык дешип коммунисттик илдеттен,
Чыйт түкүрүп чычайышат билмексен.
Чындык турат, чындык турат тарыхта,
Чычып ийсин маа десе, сиймектен.

Азыркыдай эл ырысын жебеген,
Алатоону ай-асманга теңеген.
Чынар элек чырпык дагы калбады,
Чыга качып кетким келет денемен.

Аттиң, бүгүн көзүбүз зар караанына,
Ардансаңар анда мени сабагыла?
Жекте мейли, Владимир Ильичти,
Жети атамдын киргиземин санагына!
Жолочу РЫСПАЕВ

Редакциядан: Башкасынын болбосо да Бишкек шаар бийлигинин эсинде бар сыяктанат. Атажурт бүтүндүгүн сактайлы, эл-жерибизди сатпайлы дегендей тилек менен ЖК алдында пикет өткөрүүгө аракет жасаган жаштарды кыргыз бийлик "жасоолдору" камап, сабап, сот жообуна тартып жиберди эле, мындай жайларга жыйын уюштуруп, пикир айтууга болбойт маанисинде. Лениндин туулган күнү сомунисттер, тоюс, коммунисттер партиясына ЖК алдында митинг өткөрүүгө ыракым кылды. Андай ыракым "Сергий Радоженский менен Айкөл Манас" деген фондго, алакушту атынан айтсак, ончакты оруска да берилди. Ленин саясатынын бир бутагын аткарып, АКШ империясынын авиабазасы Кыргызстандан чыгып кетсин деп куру айбат көрсөтүү үчүн. Бир гана айырмасы: ал Горький аянтында өттү. Бул азыркы бийликтин эмне аткарып атканына көзү жетпеген өпөң-чычаң саясаты эмей эмне?..




  Мыйзам кыскада, тил узун

Орус опузасыбы же кыргыз кыйкымыбы?
Жекшемби күнү күндүзгү эки жарымдарда, борбордогу Жибекжолу-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен В7554N номерлүү "Тойота-Аристо" автомашинасы жол эрежесин бузуп кетип баратканда МАИ инспектору ага токтоого белги берет. Аны машине айдагандар тоотпой, чыгыш тарапка учкан бойдон жол улайт. Айдоочунун мунусу инспекторлордун бир нерседен шек саноосун күчөтүп, алар радиобайланыш аркылуу келерки коетторго кабар берип, жогорудагы машинени кармоого аракет кылышат. "Тойота" андан ары да эрежелерди бузуп, МАИ кызматкерлерине баш ийбей, зуулдай качат. Аны тияк-биягынан тосмолоп атып, Канттагы "Фатима" кафесинин маңдайынан кармашат. Бирок машинеде отургандар каршылык көрсөтүп, такыр баш ийбейт. Милиция кызматкери табелдик куралдан асманга атып, эскертүү жасайт. Курал атылгандан кийин да милиция кызматкерлерине баш ийбей, тирешүүдөн каршылык көрсөтүп жаткандардын бирине ок жаңылат. Ошондон кийин гана алардын ким экенин билүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Алар: М.Зотов, Канттагы орус аскер базасынын финансы начальнигинин орунбасары, Р.Ясыров, Кант шаарынын тургуну, Д.Шульгаувов, ушу базада аскер кызматкери экендиктери аныкталат. Ок тийген Зотов адегенде Ысыкатадагы ооруканага андан кийин Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна жеткирилген. Ушу тушта окуя оңуту боюнча бардык экспертизалар өткөрүлүп, тергөө башталды.
Ал эми Россиянын Кыргызстандагы элчилиги "милиция формасындагы үч адам орус аскер кызматкерлеринин машинесинин жолун тосуп, күч менен аларды машинеден чыгарып, сабап, аскерлердин бирин жарадар кылган. Жарадар болгон аскер тезинен Бишкекке жеткирилип, операция жасалды" деген маалымат таратты. Иштин аныгын бекемдөө максатында орус элчилигинин басмасөз кызматына бирнече жолу телефон чалып, бирок жооп алалбадык.
Жогоруда ИИМ басмасөз кызматынын билдирүүсү менен орус элчилигинин маалыматынын эки ача болушу ар кандай күдүк ойлорду жаратат. Милиция формасын кийген үчөө жөн адамдарды кантип кубаласын, бул жерде орустардын шовинисттик сезими ойноп, биздин аскерлерди неге кармашат деп арадай жерге чарадай чуу салып жатпасын деген ой аргасыз эске келет. Аскер жарадар болсо, демек милиция кызматкерлеринин жай сөзүн уккан эмес. Кант аскер базасы Россияныкы, бирок анын жайгашкан жери Кыргызстандыкы экенин андагылар эстен чыгарбаса.
Аскер САКЫБАЕВА




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


Парагвай. Жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен католиктик епископ Фернандо Луго жеңишке жетишти. 2006-жылы саясат үчүн диний кызматкерликтен баш тарткан Фернандо Луго 1947-жылдан бери бийликте турган "Колорадо" партиясын четке сүрүп чыккан биринчи президент болду.
Гана. Соода жана өнүгүү боюнча өткөрүлгөн Конференциянын ачылышында "азык-түлүк баасынын глобалдуу кымбатташы дүйнө өлкөлөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө кедергисин тийгизет" деп белгиледи БУУнун генералдык секретары Пан Ги Мун. Анын сөзү боюнча, азык-түлүктүн, өзгөчө дан эгининин кескин түрдө кымбатташы БУУнун 2015-жылга карата жакырчылыкты төмөндөтүү программасынын ушуга чейинки көрүлгөн иш-аракетин жокко чыгарып, бардыгын башынан баштоого туура келет.
Испания. "Плайя де Бакио" балык уулоочу кеме Сомалинин жээгинен деңиз каракчыларынын кол салуусуна дуушар болгон. Барымтадагы адамдардын саны - 26, анын ичинен 13ү Испания жарандары, ал эми экипаждын калган мүчөсүнүн улуту тууралуу маалымат такталалек. Каракчылар акча талабы менен Испаниянын улуттук радиосуна байланышка чыгышкан.
Улуу Британия. Бажы кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында британиялык жети бизнесмендин Ирандын Коргоо министрлиги жана ислам революциясынын күзөт Корпусу менен курал-жарак ташуу боюнча келишим түзгөндүгү ачыкка чыкты. Бизнесмендердин бири ракета системасында колдонулуучу навигациялык жабдуу менен камсыз кылса, бири Иран армиясына пулеметторду сатууга аракет жасаган. Кызматтын билдирүүсүндө британдык курал-жарак ташуучулар Пакистандын ядердик бомбасынын түзүүчүсү Абдул Кадир Хан менен байланышта болушкан. Ал эми анын кызматынан Ирандан тышкары Түндүк Корея менен Ливия пайдаланары белгилүү.
Афганистан. Маданият жана маалымат министрлигинин тескемесине ылайык, 26-апрелден баштап афган жергесинде Индия тасмаларын көрсөтүүгө тыюу салынат. Тескеме парламент тарабынан колдоого алынып, "ур-тепкиге" негизинен жеке телеканалдар кабылган. Министр Гульбеддин Хекматиардын айтуусунда, "тасмалардагы аял-эркектин бирге бийлеши ислам коомунун эрежелерине жана афган улуттук маданиятына карама-каршы келет". Буга каршы афган журналисттери нааразычылык акцияларын өткөрүшүүдө.
Россия. Амур облусундагы кургак чөптүн өрттөлүшү менен катуу шамалдан улам пайда болгон өрттүн натыйжасында эки адам каза таап, 300дөн ашуун адам үй-жайсыз калган. Он саат бою алоолонгон жалындан 104 турак-жай өрттөнүп кеткен.
Иерусалим. Жекшембиде сыйынууга келген армян жана грек христиандарынын ортосунда Иисустун табытынын жанында ким канча убакыт турушу керектигинен улам талаш чыгып, мушташка жеткен. Ортого түшкөн Израиль полициясы эки армянды кармап кеткен. Аларды бошотууга храмдан чыккан жоон топ түз эле полиция участогуна келип, каршылык акциясын өткөрүшкөн.
Түркмөнстан. Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун токтомуна ылайык мамлекет жаңы конституцияга ээ болот. Алгач парламент министрлик, ведомстволордон учурдагы конституцияга кошумча-сунуштарды жыйнап, анын негизинде даярдалган документтин акыркы редакциясын Конституциялык комиссияга сунуштайт.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan