Коомдук-саясый гезит
№29, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Оозуңардан от учат го, мырзалар!

Каркыра тилкеси 4 пансионат менен Казакстанга кантип өткөн
Жакында Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы бир катар келишимдерди ратификациялады. Анын ичинен Каркырадан бир тилке жер кыргыздар жайгашкан андан эки эсе чоң аймакка алмашылып, совет мезгилинде Ысыккөлгө казактар курган 4 пансионат Казакстанга арендага берилди. Албетте, эки мамлекеттин ортосундагы ага окшогон макулдашуу иштин көзүн ийне-жибине чейин билбеген карапайым калктын канын кызытып, арчыл сезимдерин айрыкча ойготору турулуу иш. Андан ашкан айып, жеткен кынтык табуу укугу эчкимге берилген эмес. Бирок ошол ишти кыларын кылып, кыл жип менен бууп койгондор, бүгүн кызматтан түшө калса, ага чейин эчнерсе билбей, эми угуп жаткансып кызыл кекиртек кыйкырык чыгарып жатканы акыл-эси ордунда адамды жийиркентпей койбойт. Эсеби маселең, биздин колдо документ турат, бул маселе боюнча Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы макулдашуу процесси 2001-жылы эле аяктаган, ратификация процедурасы гана калган. Казакстан аны небак аткарган, биз эми мына, 7 жыл кечигип жүзөгө ашырып отурабыз.
Ошол кезде Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы чегара макулдашуусуна катышып, кол койгон өкмөт мүчөлөрүнүн тизмесин түпнускасында жарыяласак мындай:




Анын ичинен андагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев менен Саламат Аламанов келишимди ушул турган турпатында, б.а., Каркыранын бир тилкесин Казакстан жерине айырбаштоо зарылдыгы тууралуу илимий жактан да, практикалык жактан да темирдей бекемдеген доклад окуган дешет. Аны архивден алып чыгуу, албетте текейден арзан. Баса айтарыбыз, келишимдин 7-статьясында анын түбөлүктүү экендиги, аны денонсациялоого, карапайым тил менен айтканда, эки тараптын бирөө дагы келишимди бузууга акысы жоктугу атайын белгиленет.
Арийне, биздин парламент аркандай саясый оюндун кызыкчылыгына ал маселени кылычтай пайдаланып, ратификацияны создуктуруп жатып алгандыктан, келишим 2003-жылдын 25-августунда жана бир жаңыланат. Андан да ураалап макул болуп, жер тепкилеп кол койгон өкмөт мүчөлөрүн дагы түпнускасында келтирели.


Гезит бетине аябай зериктирме тизмелерди кайталап жатканыбыздын жөнү бар. Каркыра менен 4 пансионатты президент Бакиев Казакстанга белек катары тартуулап салды деп казат уюштуруп, иш жагдайынан анча кабарсыз калктын канын козгоого, ошону менен азыркы бийликтен четтетилип калганынын кысасын алып, кыбасын кандырууга аракет жасап жаткан кимдер? Ошондогу өкмөт тизмесине көз жүгүртүп өтсөңүз, ошолор: Өкмөтбек Алмакүчүков, Равшан Жээнбеков, Муратбек Иманалиев ж.б. Албетте, бул жерден бир гана экс-министр Муратбек Иманалиевге тан берсе болот, канткен менен саясатка канык, илим-билимдүү ишмер эмеспи, өз катышы бар экендигин да билгендиктенби, арбир сөзүн ийлеп, жондотуп, учкай айтууга аракет жасап атыр.
Күйгөндө эле кимден күйөсүң? Өкмөтбек Алмакүчүковдон. Ошол жылдары кыргыз өкмөтүнүн түшпөс мүчөсү болгондугун тизмеден байкоо кыйын эмес. Ошого карабай азыркы бийликти жөнеле өмгөккө салып жөөлөп, анча-мынча "бозо патриоттору" менен "Атажурт эле Атажурт" деп жер тепкилеп, айгай салууда. Анын сырын анча биле бербеген ысыккөлдүктөрдү уюштуруп, "Акыл ордо" аттуу уюм ача салды. Болор иш болду, кыларды кылып, кыл жип менен бууп салып, жөнеле үрө бересиңби сыягында эскерткен эчким жок. Аны өзү деле билет, бирок Акүй акырынан алыстатып койгондордон өч алыш керек, бийлик үзөңгүсүнө эптеп кайрадан бут илүү - болгон максаты. Ө.Алмакүчүковдун үнү ошол кезде эмнеге буулуп, Атажуртка сүйүүсү эмнеге мынчалык ашып-ташыган эмес. Анткени ал кезде премьер-министр Николай Танаев менен табакташ, б.а., бизнеси бирге болгонун биртоптору билет.
Ушул эле кыяпатты алыскы АКШда окуп жаткан, Акаев учурунда мамлекеттик мүлктү башкарып, андан алып койсо оппозицияга тийип-качып кызмат кылган Равшан Жээнбековдун "Нарындан жазган салам катынан" да байкоого болот. Болбосо Акаев мезгилиндеги мамлекеттик мүлктүн аеосуз таланып-тонолуусуна анын ат көтөргүс салымы бардыгын чекеден чертип көргөзсө болор эле. Арийне, азыркы революция дегенине аздыр-көптүр салымы, анын ичинен мүмкүн каражат жаатынан салымы бардыгын эске алыппы, айтор, ошол кездеги мамлекет экономикасынын майтарылышына жасаган жагымпоз аракеттери, андан да ашырыгак айтсак, талап-тоноого түздөн-түз катышкандыгы тууралуу сөз жок.
Көлдөгү 4 пансионаттын ошол кезде эле Казакстан карамагына де-факто өтүшүнө КР мамлекеттик мүлк төрагасынын, алакушту атынан атаганда, Равшан Жээнбековдун үлүшү үлкөн экендигин өзү танса да, документтер тандырбайт. "Колжазма күйбөйт" деп ошонүчүн айтышат тура. Ысыккөлдөгү 4 пансионатты Казакстанга каш кайтарбай өткөрүү жөнүндө демилгени биринчи көтөрүп чыккан так ушул Равшан Жээнбеков болчу. Эми бээ десе төөнү сүйлөп атпайбы. Премьер Танаевдин 13-апрель, 2004-жылдагы ?252 токтомунун негизинде 4 пансионатты Казакстанга өткөрүү боюнча өкмөттүн атайын өкүлү болуп дайындалган. Ошол замат аларды ратификациялатууга ЖКга жан үрөп жүгүргөн, далилдөөгө, депутаттарды кандай гана жол менен болбосун ынандырууга эчнерсе аяган эмес.
Эми караңдар, ошол өзү боктуулар бүгүн Атамекен үчүн күйүп-өрттөнгөн "патриот" сыяктанып, бардык күнөөнү президент Бакиевдин мойнуна илүүгө, аны менен элди ага каршы козутууга аракет жасап атыр. Мен азыркы президенттин анчалык күйөрманы эмесмин, бирок документтерди карагыла, ал киши ошол мезгилдеги позициясынан анда да танбаптыр, азыр да танган жок. Каракурсак камы же күнүмдүк жыргалчылык, кызмат, даража үчүн ата-энесин сатуудан да таюу тартпаган азыркы заманда андай кишилер сейрек кездешет.
Азырынча айтарыбыз ушул. Керек болсо кепти дагы документ, аргумент, факт негизинде улоого даярмын.

Жумагул КАСЫМАЛИЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan