Коомдук-саясый гезит
№29, 22.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Бомбейкат

Доктур добушу
Кыргыз интеллигенттери, ийге келели!
Күн сайын баалар көтөрүлүп, аны менен кошо калктын калың катмарынын жашоосу оорлоп, өлкөнүн саясый-экономикалык абалы татаалдашып барат. Жерибиз, суубуз, кен байлыктарыбыз башка мамлекеттерге ачыктан ачык сатыла баштады. Эми экономикабыздын жалгыз көзгө басары - электр тармактары соодага коюлганы турат.
Кесибим врач болгондуктан, кыргыз улутунун генофондун эмнелер талкалап жатканы тууралуу басмасөзгө бир катар макала жаздым. Канчалык чыркыраганым менен коомчулук да, бийлик да көңүл бурган жок.
Ошондуктан сиздердин гезит аркылуу кыргыз элинин тагдырына чындап күйгөн нукура патриот интеллигенция өкүлдөрүнө кайрылат элем. Келиңиздер, катардагы мугалим, врач, журналист, юристтерден баштап, профессор, академиктерге чейин чогулуп, "Улуттун келечеги эмне болот?" деген азырынча шарттуу темада атайын конференция өткөрөлү. Саясый-экономикалык кризистен чыгуунун жолун изилдеп, көйгөйлүү маселелерди чечүү сунушун конкреттүү айтууга, аны өкмөт башына жеткирүүгө аракет кылалы. Менин оюмча, алган илим-билимибиз, топтогон тажрыйбабыз - бул чоң байлык. Ал элге пайда келтирбесе, өлгөн байлык. Ата-бабабыз жер үчүн, эл үчүн эчкачан жанын аяган эмес. Жанын бербесе дагы акылын кошоор, билимин жумшаар кыргыз калгандыр. Биздин оппозиция сыяктуу Акүй айланасын айланчыктап, бийлик талашкандан ашпагандын пайдасы жок. Башыбызды кошсок, гезит аркылуубу, түзбү, үн алышсак, качан, кайсы залдан, кантип жолугарды чечмек оңой. Ошондуктан ушул кайрылууга телефон дарегимди кошом: 66-55-82; 66-57-02; 66-57-64.
Шайлообек Акмат уулу Өмүралиев,
жогорку категориядагы врач-нарколог,
саламаттык сактоо отличниги




  АКШ менен Айтымбетовдун эсине

Бизди индеецтерге окшош деп ким айтат, ыя?
Кыргызстандагы АКШнын элчилиги чыгарган календарды карап, бир чети намыстансаң, бир чети күлкүң келет. Анткени, ал календарда 19-кылымдагы америкалык индеецтердин маданиятын 20-кылымдагы кыргыз элине салыштырып, кыргыз элин индеецке окшоштуруптур.
Анткен менен "дүйнөдө кыргыздан башка эл болгон эмес" деп көкүрөк кагып, бакылдаган "патриоттор" арданган да, кордонгон да жок. Жадагалса бир да гезитке туура эмес кылыптырсыңар деген эскертүү жарыяланбады. Эң таңкалыштуусу - көрүп-билип туруп АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен Камила Кожокматова менен Жылдыз Бекбалаев, АКШ Мамлекеттик департаментинин эларалык маалымат программаларынын бюросу, Кыргыз мамлекеттик тарых музейи, "Эсте" демилгеси календарды чыгарганга жардам бергендери. Эмне алар кыргыз тарыхы менен тааныштыгы жокпу? Календардагы сүрөттөрдү карап отуруп, АКШ элчилиги кыргыздын тарыхын, маданиятын билбей туруп ак элечектүү энебизди жылаңач индеецке окшоштуруп, дубалга иле турган календарь чыгарып жатса, унчукпагандарга: "Эй ага, эжелер! Биз кыргызбыз, кыргызча эле жашагыбыз келет. Өзүбүздүн маданиятыбыз өзүбүзгө жетиштүү эле" - деп айткыбыз келет. Ошол идеяны ишке ашырууга Америка акчасы ага-эжелерибизди кызыктырып атса, кыргыздын тарыхы, үрп-адаты, маданиятын уруп коюшабы?
Кыскасын айтканда, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыздарды шылдыңдагансып чыгарган календары үчүн кечирим суроого милдеттүү экенин белгилегим келет.
Сейит ИСАЕВ, студент




  Мал эмес, эл болсок

Электр тармагын коргоп калалы
Менчиктештирүүнүн болору болуп, боесу канды го деп оор күрсүнүп алсак, шордуу элдин шорпосу дагы кайнап бүтөлек окшойт. Каргыштын эң жаманы "Карайлап, караан түн түшүп калсын" дейт. Маңдайга бүткөн жалгыз жарык - электр энергиябыз калды эле. Бийлик элди эми ушу жарыктан ажыратканы турат. Ансыз да электр энергиясынын куну өз эли үчүн кутургандай кымбат. Айыл жеринде карайлап караңгы калбаш үчүн ыйлай-сыктай электр акысын өз убагында төлөп жатышат. Өз убагында төлөбөсө, зымды кесип, өчүрүп таштаганга "желдеттер" даяр.
Азыркы учурда бир кВт-саат электр энергиясынын өздүк наркы 3 тыйын турганы менен өз элибиз үчүн 62 тыйын, өндүрүш үчүн 90 тыйынга сатылууда. Бул деген өздүк нактан 20 жана 30 эсе көп. Эми Чудинов өкмөтү эл үчүн 71 тыйын, ишкана-мекемелер үчүн кВт-сааты бир сомдон ашуун деп токтом токуду. Бул эмне деген жорук? Элди багуубу, же тонообу? Биз өнүктүрүп ийебиз деп кыргыз өкмөтү өпкө көптүрүп аткан ишканалардын иши кантип илгерилейт? Анысы аз келгенсип, мамлекет өз колунда турган электр тармагын башка бирөөнүн менчигине өткөрүп берүүгө катуу, ачык талпынып атат. Бул жерде таңкалыштуу эчнерсе жок. Менчиктештирүү бийлик башындагыларга гана кошумча, бекер майталкан берерин турмуш көрсөттү.
Азыркы бийлик менчиктештирүүнүн "зарылчылыгын" энергетика системасын туура эмес башкаруу, уурдап, тоноочулук көп болуп жаткандыгы менен актайт. Аны тыялбаса, жок дегенде азайта албаса, анда эмнеси өкмөт, эмнеси мамлекет? Анда мамлекетти деле башкара албайт экенбиз деп Кыргызстан бийлигин деле кыраакы менеджерлерге өткөрүп бергиле. Он миңдеген милийса, армия, күч органдары бар мамлекеттин алы жетпегендерге ончакты жаңы четелдик кожоюндун алы жетеби? Андан көрө ошолорду бетке кармап электрден түшкөн ырыскыны көбөйтүп жейли деп эле ачык айтпайбы.
Эгерде биз келечек урпактарыбыздын мүдөөсүн көздөсөк, Атажурттун чыныгы көзкарандысыздыгын кааласак, анда энергетиканы менчиктештирүүгө кан-жанды аябай каршы турушубуз зарыл. Анткени, ал элдин тагдыры, келечеги. Электр энергиясы дегенде Алатоонун кашка тунук мөңгүсү, мүрөктөй суусу да экендигин эчкачан эстен чыгарбашыбыз керек.
Сартбай ДУБАНБАЕВ,
эмгек ардагери, Аксуу району, Кайырма Арык айылы




  Өтүгү Акүй төрүндө...

Ташиев ташбараңга алууда
КР президенти К.С.Бакиевге
... Биз "Дордой" базарындагы ишкерлер атынан Конституция гаранты катары сизге кайрылууга аргасызбыз. Анткени сиздин кол астыңызда иштеген айрым чиновниктер сиздин атыңызга жамынып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип атат. Айталы, биз 2001-жылы 2016-жылга чейин ишкердик жүргүзүүгө (соода кылып, тамак-аш жайларын ачууга) территория арендага алуу боюнча өзгөчө кырдаал министрлигинин Бишкек мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкармасы менен келишим түзгөнбүз. Андан бери өлкө мыйзамынан тап жылбаган такыба граждандары катары аренда акысын ошол эле министрлик башкармасынын ?2 өрт өчүрүү бөлүмүнө өз убагында төлөп келдик. Арендага алган аймакты өз акчабыз менен тазаладык, тартипке келтирдик, ремонтко, реконструкциялоого каражат жумшадык. Ошондой эле өз демилгебиз менен 6 миң долларга ? 2 өрт өчүрүү бөлүмүнүн чатырын жаап бердик, узак мөөнөттү ишкердик жүргүзүү максатында алар жайгашкан жайды куруштук, керектүү жабдыктар менен камсыз кылып, жайкы сезонго толук кам-чом көрдүк.
Арийне, 2008-жылдын 2-мартында Өзгөчө кырдаал министрлигинин ошолеле башкармалыгынан ушул жылдын 7-мартына чейин объектиңерди өз учурунда көчүрүп кетпесеңер МЧС аскерлеринин күчүн колдонуп, түрттүрүп салууга аргасызбыз, өз билгениңердей куруп алганыңар үчүн администрация жообуна тартыласыңар, анткени ал аренда келишими мыйзамсыз маанисинде катуу эскертүү жасаган ?8/6 - 88,90 буйругу түштү.
Бул талаптын мыйзамсыз экендигин далилдөө максатында, эмчектеги баласы бар, пенсионер, инвалид 8 аялдан турган ишкерлер өкүлү 2008-жылдын 3-мартында Өзгөчө кырдаал министри К.К.Ташиев мырзадан кабыл алуу сурандык. Бирок министр кабинетинен кабыл алуудан караманча баш тарткандыктан, сыртка чыгып биздин арыз-арманды угуусун өтүндүк. Министр чыгарын чыкты, бирок биздин бир да сөзүбүздү укпай сөгүп-кагып, коркутуп, мен деген министрмин, керек болсо МЧС аскер күчү менен силердин курганыңарды бир түндө таштандыга түртүп салам, анан ошол маселелериңерди таштандыга барып талашкыла дегенге чейин барды. Маселени мыйзам негизинде чечүү үчүн бир аз убакыт бериңиз деген кайрылуубузга 3-мартта жооп берүүсүн талап кылдык эле, эмдигиче жооп жок.
... Министр кайсы түнү аскер күчү менен курулушубузду түрттүрүп салат же өзүбүздү сабап, өлтүрүп кетеби деп ичкенибиз ирим, жегенибиз желим. Көпчүлүгүбүз бала эмизебиз, коркконубуздан эмчектен сүт чыкпай калды, айрымдарынын боюнан козголуп, ушул тапта ооруканада жаткандары бар.
... К.К.Ташиевдин келишимди мыйзамсыз аттап өтүп, курулуштарды өзүмбилемдик менен бузгандыгына байланыштуу ишкерлер КР районаралык сотуна кайрылууга аргасыз болгонбуз. Сот ишти биздин пайдабызга чечти, аталган башкармалыктын талап-шарты мыйзамсыз деп табылды. К.К.Ташиев мырза ушуга чейин сот чечимин чымын конгондой да көрбөй, коркутуп-үркүткөнүн улантып атат. Жиберген кишилери бизди бура бастырбайт, техникасы менен түн катып келип, курулуштарыбыздын түбүнө жетүүдө. Ал мырзанын "камчысынан" ушунчалык катуу корккондуктан, уктай албай да, иштей албай да калдык. Таянган тоосу ушунчалык бийиктигин ушундан байкаңыз, Ташиевдин үстүнөн жазылган арыз-муңубузду бир дагы мамлекеттик орган кабыл албайт. Акыркы үмүт сизде эле калды урматтуу Курманбек Салиевич!
"Дордой" базарынын ишкерлеринин атынан: Л.Сабирова, Э.Эралиева, Т.Исмаилова, Г.Чындыралиева, Г.Масалбекова, М.Айдарова, И.Казиева, К.Борбиев, Э.Чылпаков, М.Садыков, Г.Аманбаева
Бишкек, Элебаев к., 106/1
Редакциядан: Кат бизден башка дагы КР акыйкатчысына багышталган экен. Болгон-бүткөн максаты: арыз-муңубуз президентке жетсе дейт. Ага Акыйкатчы да көмөктөш деген ишеним менен кайрылууну кыскарта которуп бастык. Президент администрациясынын эл өтүнүчүнө тиешеси бар бөлүмдөрү да эске алар. Ачыгын айтыш керек, Президент командасындагы билермандар эл-журт, закон-заң менен эсептешпей, өтүгүн өз үйүнүн төрүнө эмес, Акүйгө илип салды.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan