Гол!

"Дордой-Динамо" ажайып Формозаны "багындырды - 3:0, 2:0
"Дордой-Динамо" клубу 2008-жылдын 10-17-апрель күндөрүндө Тайвандын борбору Тайпей шаарында өткөн АФК Президент Кубогунун тандоо турунан жеңиш менен кайтты. Кубок финалы сентябрь айында өтөт. Алдыңыздарга Тайпейде өткөн оюн туурасында кенен маалымат сунуштайбыз.

Азия Футболдук Конфедера-циясынын Президентинин төртүнчү Кубогун эки этапта өткөрүү каралган. Алгач үч топтогу тандоо туру өлкөнүн үч региону - Тайвань, Шри-Ланка жана Непалда өттү. Кыргызстандын чемпиону "Дордой-Динамо" клубу Тайпейде А тобундагы биринчилик үчүн "Нагакорп" камбоджиялык клубу жана талаа ээси "Тайвань Пауэр" менен таймашты. Үч топтун жеңүүчүлөрү жана "Лаки Лузер" (Lycky Looser), б.а. экинчи орун ээлеген командалардын ичинен эң көп упай топтогон команда сентябрь айында АФК Президентинин Кубогу үчүн ат салышат.
АФК Президентинин Кубогу Азия регионундагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде футболду өнүктүрүү максатында 2005-жылы старт алып, АФК Чемпиондор Лигасы жана АФК Кубогунан кийинки эле АФК клубдук кубок болуп эсептелинет. Буга чейин ага 8 өлкөнүн клубдары мүчө болсо, азыр алардын саны он бирге жетти: Бангладеш, Бхутан (ушу жылдан баштап), Камбоджа, Кыргызстан, Мианмар (ушу жылдан баштап), Непал, Пакистан, Тажикстан, Тайвань, Түркмөнстан (ушу жылдан баштап) жана Шри-Ланка.
"Дордой-Динамо" Тайвань талаасында эки жолугушуу өткөрдү: 14-апрелде талаа ээси менен болгон оюнда 3:0 эсебинде жеңишке жетишти (голдорду Мурзаев Мирлан, Амиров Ильдар жана Харченконун берүүсү менен Аскаров Даврон киргизишти) жана 16-апрелде "Нагакорпту" 2:0 эсебинде утуп алды (Харченко Вадим, Аблакимов Роман). Тайванга кыргызстандыктар толук эмес, орто деңгээлдеги состав менен барганына карабастан, ийгилик биз тарапта болду. Биринчи матч эки атаандаш "Нагакорп" менен "Тайвань Пауэрдин" ортосунда болуп, оюн бирдей эсепте (2:2) аяктаган. Андан соң дордойчулар бардык аракетин жумшап, ийгилик ээси болушту.
Турнир жыйынтыгында клубдун машыктыруучулары менен жетекчилигинин сын-пикирин уктук.
Подкорытов Борис Александрович, клубдун башкы менеджери, дордойчулардын мурунку насаатчысы:
- Албетте, башкы жыйынтык - биздин жеңиш. Ал эми эгер оюндарга талдоо жүргүзсөк, тилекке каршы, эки жолугушууда тең айрым гол киргизиле турган жагдайларга оюнчуларыбыз көңүл бөлалбай калышты. Кемчиликтердин үстүнөн иштөөгө туура келет. бирок, жалпысынан, анча күчтүү эмес состав, б.а. көбүнесе жаштар барганына карабастан, команда мүңкүрөбөй мыкты оюн көрсөталды. Экинчи оюнда камбоджиялыктар курч каршылык көрсөтүштү, алардын артыкчылыгы да бар болчу, кантсе да төрт күн эсалышпадыбы. Бирок буга карабастан биздин балдар жогорку деңгээлдеги оюн тартуулашты!
"Дордой-Динамонун" жаңы машыктыруучусу Дворянков Сергей Александрович ушу жылдын январынан баштап команданы даярдаган. Жаш болсо да иш тажрыйбасы мол москвалык "КАМАЗдын" тренери Кыргызстанга клубдун чакыруусу менен "Дордой-Динамонун" потенциалын чыңдоого келген.
Дворянков Сергей Александрович, команданын ага-машыктыруучусу:
- Курамы кем болсо да команда өз максатына жетти. "Тайвань Пауэр" менен болгон биринчи матчта, өзгөчө биринчи таймда балдар толкунданып, чаржайыт болушуп, бирок бир аздан соң өздөрүн колго алып, мыкты оюн көрсөтүштү. Экинчи оюнда команда өз күчүнө бекем ишенип, болгон дарамети менен ойноду. Эми команданы Кыргызстандын Чемпионаты жана Кубогу алкагындагы оюндар күтөт. Өлкөңүздөрдөгү футболдун ал-абалы менен таанышып, Аскар Салымбековго окшогон адамдардын арты менен аз да болсо футболдун дэңгээли көтөрүлүп баратканы кубандырат. Бирок, бул спорт түрүнүн толук кандуу өнүгүшү үчүн мамлекеттик колдоо зарыл. Ошондо мыкты командалар көп болуп, атаандаштык курч алат да, оюн деңгээли жогорулайт.
Ар оюндун алгачкы таймдары өзгөчө оор болду. 1:0 эсебиндеги оюн кандай аяктары белгисиз эле. Клубдун вице-президенти Улукбек Салымбеков Тайпей талаасынан өз командасы үчүн жан үрөп, улам Бишкектеги ?1 күйөрман Аскар Салымбековдун Бишкектен чалууларына жооп берип жатты.
Салымбеков Улукбек Аскарович, Клубдун вице-президенти:
- Биз бир канча максаттарыбызды ишке ашырдык. Биринчиси жана эң негизгиси - жеңиш менен кайттык, команда АФК Президент Кубогунун жарым финалына чыкты. Экинчиси - Тайвандагы турнир команданын жаш курамы үчүн бир чети сыноо болду, балдар бул сыноону жоопкерчиликтүү кабылдашты. Биз эми жаңы, күчтүү муун өсүп келатканын билебиз. Эмки сезондогу максаттарыбыз - Кыргызстан Чемпионатында жана Кубогундагы жеңиш, анан албетте, АФК Президентинин Кубогун жеңүү. Бизди биринчи орундар гана кызыктырат!
Белгилүү болгондой, "Дордой-Динамо" клубу КР ЖК депутаты, саясый-коомдук ишмер Аскар Салымбековдун демөөрчүлүгү жана моралдык колдоосу менен түзүлүп, иш алпарат. АФК Президентинин Пакистанда өткөн Кубогунда Аскар Салымбеков Тайвань Футбол Ассоциациясынын Президенти, футбол ышкыбозу Доктор Лин менен жолугушкан. Өз сөзүндө Доктор Лин эларалык мелдештерди өз мекенинде өткөрүү үчүн болгон аракетин жана байланыштарын жумшаарын айткан. Көрүп турганыбыздай, ал сөзүнө турду. Тайванда көбүнесе америкалык футбол менен бейсбол жакшы өнүккөн экен. Доктор Лин көп жылдар бою Америкада жашап, өз ишинин мыкты адиси экенине карабастан, футболду өнүктүрүү үчүн өз жерине кайтып келиптир. Эки фанат дароо эле тил табышып кетишти. Өлкөлөрдүн алыстыгына, маданият айырмачылыгына, тилинин ар башкалыгына карабастан, ушул эки адамдын окшоштугу мени таңгалдырды. Көрсө, аларды бириктирген нерсе - мамлекетти же бир коомду ийгиликке жетелөөдөгү бир күч, бир аракет, бирдей дем турбайбы… Тайвань да Кыргызстан сыяктуу мындай адамдардан жолдуу экен!
Ал эми кыргызстандыктардын Тайвань боюнча ачылыштарын - ажайып Формоза аралы тууралуу кийинки сандарыбыздан окуй аласыздар.
Жамбы ЖУСУБАЛИЕВА,
сүрөттөр автордуку



  Спорт дөө-шаасы

Майкл Жордан
Алгачкы кадам
Тирүү легендага айланган баскетбол жылдызы 1963-жылдын 17-февралында АКШнын Нью-Йорк штатында жарык дүйнөгө келген. Келечекте андан жылдызы балбылдап жанган спорт адамы чыгарына эчким деле ишенбесе керек. Не дегенде, мектепте аны "Таз баш" аташып, баскетбол командасына кошпой коюшкан. Бирок, шылдыңдоого, кемсинтүүгө карабастан, ал өз алдынча машыгуусун уланта берди. Ошентип, талыкпаган эмгектин аркасында Түштүк Каролина штатындагы окуу жайдын командасына келип кошулат. 1982-жылы Америкада студенттер арасында болуп өткөн чемпионатта биринчиликти ээлейт. Андан эки жыл өтпөй Лос-Анжелесте өткөн Олимпиада оюндарында жеңүүчү аталып, НБАнын курамына алынган.
Ийгилик артынан ийгилик
1984-жылдан тартып Майкл ийгилик менен гана жашап келди. Алсак, НБАнын үч жолку пайдалуу оюнчусу аталган (1988-ж., 1996-1998-жылдары). 1996-жылы НБАнын тарыхында 50 мыкты оюнчунун катарына кирген. 1988-жылдын мыкты коргоочусу аталганын да эскерте кетсек. Бир сезондо НБАнын курамында 10 жолу катары менен лидер аталып, рекорд койгон. Айтор, мындай мисалдарды жаза берсек, гезит бети чак келбес.
Кош бол, карьера!
Майклдын биринчи жолу спорттон кетүүсүнө (1993-жыл) атасынын белгисиз бирөөлөр тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү да себеп болгон. Не дегенде, чебер баскетболчу атасын эң жакын досу, санаалаш адамы катары эсептээр эле. Баскетбол менен кош айтышканы менен бейсболдо тагдырын сынап көрүүнү чечет. Бирок, спорттун бул түрүнөн алгылыктуу ийгилик жарата алган жок.
I am back
Ушундай (Мен кайтып келем) сүйлөмдү камтыган кат белгилүү "Чикаго Буллз" баскетбол клубуна факс аркылуу келет. Бул клубда Жордан мырза 1984-жылдан тартып ойногон эле. Алгач, катты алган машыктыруучусу Фил Жексон өмүрүндө мынчалык сүйүнгөнүн жашырган жок. Ошентип, америкалык баскетболчу жашоосунун экинчи этабын баштады. Өзү ойногон "Чикаго Буллз" командасы төрт жолу чемпион болду. Андан кийин мындай ийгилигин эки жолу кайталаган. Башталган иштин аягы болот демекчи, Майкл спорттогу карьерасын токтотту, аброюн сактап калды. Учурда дүйнө эли аны спорт дүйнөсүнүн өчпөс жылдызы катары баалашат.
Жай турмуш
Учурда экс-баскетболчу миллионер адамдардын катарына кирет. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Жордандын байлыгы 300 млн. долларды түзөт экен. "Найк" компаниясында, косметика чыгарган фирмаларда акциялары бар. Мындан сырткары, Американын бир нече шаарында ресторандары бар экени маалым. Үстүбүздөгү жылы тапкан кирешеси 31 млн. долларды түзүп, эң бай деген он спортчунун ичинен тогузунчу сапка илинди.
Маалымат үчүн
Белгилүү спортчунун үч баласы бар. Уулдарынын ысымдары: Жеффри Майкл жана Маркус Жеймс. Ал эми кызына Жасмин Михаил ысымын ыйгарган. Учурда Хайленд Паркта үйбүлөсү менен күн кечирип келет.
Тумар катары Түштүк Каролина университетинин "Өгүз" ("Бык") жазуусу бар шортигин кийгенден тажабайт. Оюн учурунда кийген шортторунун бири аукционго коюлуп, 100000 (!) долларга сатылган.
Оюн алдында стэйк жана жумуртканы жегенди салтка айланткан.
Мектептеги сүйүктүү сабагы - математика болгон.
Гольф ассоциациясынын бирнече турнирине катышкан.
Сүйүктүү итинин аты - Акита.
Спорттон тышкары киного да тартылганын көпчүлүк биле бербесе керек. Алсак, 1996-жылы жарыкка чыккан "Космостук Джем" ("Космический Джем") комедия жанрындагы мультипликациялык фильмде башкы ролду ойногон. Эки жылдан кийин "Анын оюну" ("Его игра") драмасында да баш каарманды ойногонун эскерте кетели.
Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ