![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №29, 22.04.08-ж. |
Меймансап Форум О, атыңдан айланайын Алгачкы! Ал кезете биз баарыбыз эселек Рахат ИРСАЛИЕВ, ЖК депутаты: Алгачкы арзуу… студенттик кезде келген. Ал адамды көрүп жүрөм, экөөбүз азыр сый мамиледебиз. Алгачкы достук… 2-класста достошкон досум менен ушул кезге чейин мамилем ысык. Негизи эле окуучулук, студенттик курактагы достук эң бекем, тунук, ал эми мамилелер ак, таза болот. Турмуштагы достук турмуштук зарылчылыктан улам жаралат. Алгачкы айымдан алган белек… Классташ кыздар 23-февралда көбүнчө открытка берер эле. Алгач таткан ичимдик - "Шипучее вино". Жакын достор эч качан бирге бизнес жасабаганы оң экен. Анын кесепети көңүлдө калган. Каныкей ЭРАЛИЕВА, композитор: Алгачкы арзуум 8-класста окуган классташыма арналган. Ал мага кат жазып, мугалимдер кармап калып, тил уккам. Алгачкы досум Тамара деген классташым болчу. Экөөбүз такыр урушчу эмеспиз, жакын сырдаш элек. Азыркыга чейин катташып турабыз. Алгачкы алган белегим - парталаш баладан открытка алгам. Анда 3-класста окучумун. Аты эсимде жок. Алгач ичимдикти мектепти аяктап, студент болуп жүргөндө таткам. Ал кезде 90 тыйындан "Яблочное" деген вино сатчу. Кыздар чогулуп ичип, айылдагылар билип калбайбы деп коркконум эсимде. Алгачкы көңүл калуу эсимде жок. Өзүмдүн ак көңүл, ичиме кир сактабаган, ишенчээк мүнөзүм бар. Ишенчээктигимен көп адамдар алдашып, көңүлүмдү калтырышкан. Аттарын атабай эле коеюн. Кубик КАЛЫКОВ, куудул: Алгачкы арзуум 2-класста болгон. Мектебибиз кичинекей болгондуктан, 1-2-3-класс бир эле кабинетте окушчу. Ошондо 1-класста окуган Клара деген кыз көзүмө жакшы көрүнчү. Азыр эстесем, анын башка кыздардан өзгөчөлөнгөн деле эч нерсеси жок экен. Алгачкы досум , кошунабыздын Салы деген баласы болчу. Кичинебизде чогуу мал бакчубуз. Жарга барып чымчык атып, аны талашып урушуп, мушташа кеткен учурлар да болгон. Бирок, тез эле урушубузду унутуп, жарашып алчубуз. Азыркыга чейин катташып турам. Айылда фермер, жер иштетет. Барып калсак кучак жая тосуп алат. Алгачкы алган белегим открытка. 2-класста окуганда жанагы Кларадан белек алгам. Аябай сүйүнүп көпкө чейин катып, сактап жүрдүм. Алгач таткан ичимдигимди эстесем, жумушка орношуп, биринчи айлыгымды алганда коллектив кыйнап ичирип коюшкан. 50 грамм арак ичип алып мас болуп калгам. Алгач көңүл калуу… Анда студент кезим болчу. Балдарды чогултуп, мени бригадир кылып, чөп чапканы мугалимдер жиберишкен. Мен жокто балдар ичип алышып, мас болушуп, агайга кармалып калышыптыр. Эч нерсе ичпей, агайдан жөн эле токмок жеп, тил уккам. Аябай көңүлүм ооруп, капа болгом. Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА, ырчы: Алгачкы арзууга 15 жашымда кабылгам. Кат жазышчубуз, бирок, экөөбүз көпкө мамиле куралган жокпуз. Азыр таптакыр көрөлекмин. Алгачкы курбум - Анипа болчу. Азыр Сокулукта жашайт, шаарга чанда каттайт. Ал менен бир жыл мурда байланышсам керек. Алгачкы белекти классташ балдардан эле алсак керек. Майрамда кыздарды сыртка чыгарчу да, кайра кирсек, парталарыбызда бирдей белек коюлуп турган болор эле. Биз деле 23-февралда балдарга окшош белек камдачубуз. Алгач ичимдикти 6 жашымда таткам. Ата-энем менен мейманга барган элем. Чай ичким келип, апамдын алдындагы пиаладагы чамасы жок чайды ууртап жиберип, кыйкырып жатып калдым. Көрсө апам стаканындагы коньякты ошол пиалага куюп коюп олтурган экен. Алгач көңүлүмдү калтырган чыгармачылыкта мага жетекчи, аранжировщик, азыркы түшүнүк менен продюсер сымал адам болчу. Экөөбүз эки жолго түшүп, өз алдынча иштөөгө бет алганда ал мага: "ушуга чейинки ырларыңды менден сатып аласың" деди. Азыр ойлосом, рыноктук мамилелердин башталышы экен. Бирок, ошол убакта мага аябай катуу тийген, ооруп да калгам. Мен да намыска туруп, акыры баарын төлөп кутулгам. Динара ЭСЕНГУЛОВА, продюсер: Алгачкы арзуу мага эрте келген. Кайталангыс, чоочун, жагымдуу сезимдер эле. Башка өлкөгө көчүп кеткен, ал адам азыр алыста… Алгачкы курбум Чолпон менен 4 жашыбыздан бирге ойноп, бирге өстүк. 5-класста окуп жүргөндө анын үйбүлөсү башка айылга көчүп кетти. Жолугуп турдук, бирок, аралык баарыбир алыстатып коет экен. Кийин башка районго көчүп кетишти, таптакыр эле кабарын укпай калгам. 2001-жылы мени теледен көрүп, телефон чалды. Жолугууга чакырса, мен ошол кездеги абалымдан корунуп барбай койдум. Теледе иштейт десе эле баары укмуш ойлошот эмеспи, анда жадагалса мен үйүм да жок, жатаканада турчу элем. Балким, туура эмес кылдым, бирок, ошогезде куру намыс кармап туруп алган. Алгачкы белекти биринчи сүйүүм-дүн ээсинен алгам. Мектепте кыздар арасында толтурчу анкеталарда мен жакшы көрөм деген гүлдү таап тартуулаганы эсимден кетпейт. Андан сырткары духи, открытка, ж.б. Спирт ичимдиги экенин аңдабастан, кичинебизден бери эле майрамдарда, туулган күндөрдө шампан иччүбүз. Ал эми олуттуу спирт ичимдигин 22 жашымда таткам, ошондо да кыздар кыйнап атып ичиришкен эле. Алгач ирет мектептеги жакын курбум, классташ кыздардын кылыгы көңүлдү ооруткан. Кыштын кычыраган суугунда кыздарды эшикке сүйрөп чыгып, карга чыламай адат бар эле. Сезим арнаган бала мектепте атаман болчу, ошол себептен, мага эч ким тийише алчу эмес. Кыздардын ошого ичтери ачышканбы, төрт кыз, арасында эң жакын курбум бар, сыртка алдап чакырып, өчү бар адамдардай мени карга аеосуз көөмп ташташкан. Класска кирип алып, "буларга эмне жамандык кылдым эле" деп аябай ыйлаганым эсимде. Бирок, жанагы бала кыздарды тизелетип, менден кечирим сураткан. Нурлан МОТУЕВ, саяк башы: Алгачкы арзуумду айтсам, азыркылары таарынат го (күлүп). Жакында Зарема аттуу сулууга кезиктим. Ошол го менин арзуум, өзүм да түшүнбөйм. Алгачкы достук… Дос дегенге ишенбей калдым. Бар болсо көралышпайт, жок болсо, асырай алышпайт. Сен тың чыгып калсаң, келинчектеринин тилине кирип, сени көралышпайт. Алгач ирет мындан төрт жыл мурда Карема деген бизнес ледиден 20 карат бриллиант шакек алгам. Тилекке каршы, ал экөөбүз үйлөнбөй калдык. Өтө жаштарын эңсеп кеттим окшойт. Алгач жолу ичимдикти армияга кетердин алдында таткам. Миңкуштан. "Русская водканы" ичип алып, башым айланган. Кыш болчу, сыйгаланып жыгылганым да эсимде. Алгачкы көңүл калуу… Көп эле болду. Көбүнчө кыздар, достор сатып кетишет. Өзгөчө менин саясаттан көңүлүм үч көчкөн журттай калды. Сейит ЖЕТИМИШЕВ, жазуучу: Алгачкы арзуум болжол менен 14 жашымда келген. Анда мен 7-класста окучумун. 5-класста окуган көк көйнөк кийген кызды жакшы көрүп калган элем. Ал мектептин короосундагы көк шиберге гимнастика жасачу. Алгачкы достук Марлин деген бала экөөбүздүн ортобузда болгон. Экөөбүз жакын дос болчубуз. Тоого сарымсак тергени ээрчишип көп бараар элек. Бир жолу тоого барып адашып, түнү бою жаанда калганыбыз эсимде. Эртеси күнү айылга барсак эки бала жоголуп кетти деп ызы-чуу болуп атышыптыр. Ушул убакка чейин экөөбүз катышып турабыз. Азыр Марлиндин эки көзү көрбөй калды. Ага боорум ооруйт. Алгачкы алган белегимди эстесем… Мектепти аяктап атканда, Жамал деген кыз кичинекей ак бетаарчынын четине кыпкызыл розаны саймалап, укмуш кооздоп белекке берген. Ошол бетаарчыны көпкө сактадым. Алгач таткан ичимдигим… Анда согуш жаңы аяктаган мезгил эле. Ал кезде аракты жыгач бочке сыяктуу чоң идишке куюп сатышчу. Атам колхоздо актив болуп иштечү. Бир күнү Чапай деген досум экөөбүздү арак алып келгиле деп кошуна айылга жиберди. Чөөгүнгө куйдуруп келатып, жолдон кандай болот экен деп арактан ууртап, коркуп кетип агып аткан арыктагы тунук суудан ичкенбиз. Ошондо алгач арак деген шайтандын даамын таткам. Азыр эстесем 13 жашта болсом керек эле. Алгачкы көңүл калуум 1970-жылдарда, 34 жашымда болгон. Анын атын атабай эле коеюн. Өмүр бою мектепте жакшы бааларды алып, эл үчүн окуп, эл үчүн иштеп атам деген идеология менен жашагам. Бирок, эл үчүн эмес, өзү үчүн иштеген адамдардан моралдык, материалдык жабыр тарттым. Көпкө капа болгом. Суроо салгандар Айнагүл САПАРБЕК кызы, Назгүл КАЛМАМБЕТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|