Коомдук-саясый гезит
№30, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Теледен подуимга карай...

Кыргыз кийими орус жылдыздарынын тандамында
"Кыйынды кыйын деш керек" дейт элде. Сөз кылууга татыктуубу, айткандан биз тажабайлы. Ассоль МОЛДОКМАТОВАны биз теледен, кино, шоу дүйнөсүндө көрүп келсек, бир топ убакыттан бери мода дүйнөсүндөгү саамалыктарына күбө болуп жүрөбүз. Жакында Ассоль айым дал ушул мода индустриясынын анык өкүлү катары Москвада өтүүчү фэшн фестивалына чакырылды. Болгондо да анда Россиянын Хакамада, Митрофанов, Орбакайте, Воробей, Жасмин өңдүү популярдуу саясатчы, сахна инсандары Ассолдун коллекциясын москвалык мода сүйөрмандарына таанытышат. Бир аз мурда эле бул айымдын "De-Lux" аттуу түштүк кореялык жана француз ишканасынын жүзү болууга тандалганынан кабар алганбыз. Москва, андан соң Франция жана Сеулга аттанар алдында чакан маек куруп, окурмандар үчүн мезгилдин модалуу түсү, модалуу кийиминен кеңешин сурап жана анын коллекциясынан тааныштырууну эп көрдүк.

- Образыңыз бат-бат өзгөрүлүп турат, моданын тез темпи менен кантип жарышасыз?
- Кандай кийим болбосун, аны ар кыл аксессуар менен кооздоп, падышалык костюмдан да кем эмес көрсөтсө болот. Көп адамдар моданын ыкчамдыгын тилдешет. Бирок, моданын тенденцияларын өздөштүрүп алсаң, кийимиңдин "өмүрүн" узак кылып алыш өзүңдөн болот.
- Коллекцияңыздан байкасак, жаштардын да, улуу курактагылардын да талабы эске алынгандай…
- Ушул адамга жакса экен деп аракеттенбейм, болгону бардык кесиптегилердин, бардык жаш курактагылардын табитин тапканга умтулам. Көнүмүш стилди түп-тамырынан бери өзгөртүүнү туура көрөм, себеби, мага
өзгөрүүгө суусагандар кайрылат.
- Модельер имиджмейкер дагы эмеспи, мисалы, маңдайыңыздагы адамга эмне жарашып, эмне туура келбесин дароо көраласызбы?
- Албетте, адам кайрылып турса, мен кеңеш берүүдөн чарчабайм. Негизи эле тикмечилик, кездеме тандоо, аны бычуу, түймөчүлүк менен мен 12 жашымдан бери биргемин, ошол кезимден тарта эле заказ кабыл алчумун. Бул мага чоң тажрыйба болду. Түстөрдү айкалыштырууда да "кандай болуп калат болду экен" деп санаркабай, жаратылыштагы айкалышы боюнча тандай берем. Коллекцияда машина гана эмес, адам колу да чоң роль ойногонун баса белгилеп, кооз таштар, мончок же тасма менен кооздоого көңүл бөлөм. Бул бир жагынан адамга майрамды элестетет эмеспи. Менин профессионал командам 1 сутканын ичинде костюм жаратып, ага кошумча аксессуарларды кошо даярдап бүталат. Болгону үлпөт той кийими гана үч күн убакыт алат. "ASSOL" деген брендди алып турган буюм, ал кайталангыс болушу кажет. Ал эми сыртта ал "Made in Kyrgyzstan" деген этикеткасы менен өлкөнү таанытат.
- Бул жылы эмне жана кандай түс модада?

- Айымдарга көйнөк ылайыктуу. Назик, ачык, сезимтал түстөгү, жука, табигый кездемеден тигилген көйнөк бу жылы айымдардын гардеробунда сөзсүз болгону оң. Көйнөк өтө чыптабай, мүчөнү эркин сызык белгилеп турганы жакшы. Ал эми кара француз стилиндеги көйнөктү да айымдар унут калтырбаса болот, себеби, ал азыркыга чейин актуалдуулугун жоготолек. Ал эми түс палитрасында - сирень, фиолет, кызгылтсары, коралл, гүлгүн-бермет, ачык жашыл, сары түстөр бар. Ошондой эле көйнөккө эң жазы, ачык же кара түстүү жалтырак кур өзгөчө көрүнүш жаратат. Андан сырткары, моюнга африкалык стилдеги ири шуруну эки кат ороп койсоңуз андан бетер көрк ачат. Мурда макияж менен тырмактагы лак түсү айкалышып турушу шарт деген түшүнүк жашап келсе, азыр, мойнуңдагы мончок сенин бут кийимиң же көтөргөн сумкаң менен окшош түстө болгону кызык. Ичке шарф же галстук тагынсаңыз, жаңылбайсыз. Мырза стилиндеги күрмө менен джинсы кийип алсаңыз да болот, анткени, азыркы күндө мода дүйнөсүндө бир-бирине ылайык келбеген стилдерди айкалыштыруу адатка айланып барат. Айымдар юбканы жактырышса, анда анын узундугу тизени аз-маз жаап турушу зарыл. Ал эми сумкалардын көлөмү дербиштер көтөргөн каптай төрт бурчтуу, тике, табигый кездемеден жасалган сумкалар жай мезгилинде өтө ыңгайлуу да, модалуу да. Мырзалар да чочулабастан эле гардеробун назик сирень жана гүлгүн түстөгү кийимдер менен толуктаса болот. Атайын бир чек жок, мода эң демократиялуу нерсе. Башкысы жарашыктуу, башкалардан айырмалангандай кийим тандоо зарыл. Мисалы, шарфты эле өзүңүз каалагандай жана айланадагылардын күлкүсүн жаратпагандай кылып бир башкача байлап алсаңыз эле өзгөчөлөнө түшөсүз.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan