Коомдук-саясый гезит
№30, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Апта астрологиясы

28-апрелден 4-майга чейин
Кой (21.03-20.04)
Финансылык маселелерди чечүүгө ылайыктуу мезгил. Бардык иш-аракеттериңизде ички туюмга эмес, акылыңызга ишениңиз. Аптанын экинчи жарымында ишмердигиңиздеги ийгилик материалдык абалыңызды жакшыртат. Куру убарадан алыс болуңуз.
Букачар (21.04-21.05)
Кеңеш-сунуштарыңыз колдоого алынып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болосуз. Көөп, "жылдыз" оорусу менен ооруп кетпеңиз. Аптанын биринчи жарымы келбетиңизге көңүл бурууга ылайыктуу мезгил. Жакын адамыңыздан жылуу сөз аябаңыз.
Эгиздер (22.05-21.06)
Жандүйнөңүздү эс алдырыңыз. Жалгыз болуп, жашоо маңыз-максатын ойлонуу пайдалуу. Өзүмчүл болбоңуз, жакындарыңыздын көңүлүн оорутуп алышыңыз мүмкүн. Бардык маалыматка эле ишене бербеңиз. Йогага кызыгуу пайда болушу мүмкүн.
Бөйөн (22.06-23.07)
Жаңы план, алгылыктуу идеяларыңызды көпкө сактабай, иш жүзүнө ашырууга мезгил жетти. Ушу тапта көпчүлүк менен биргелешип аракеттенүү эффективдүү болот. Аптанын экинчи жарымы эски достор менен жолугуп, баарлашууга, көңүл ачууга ылайыктуу.
Арстан (24.07-23.08)
Максаттарыңызга жетүүдө тыным албай аракет көрүү зарыл. Чечим кабыл алууда чечкиндүү болуңуз, өз акылыңызга ишениңиз. Аптанын экинчи бөлүгү ийгиликке мол болот. Материалдык абалыңыз тууралуу бирөөлөр менен сырдашуунун кереги жок.
Бийкеч (24.08-23.09)
Билим алууга, акыл көрөңгөңүздү кеңейтүүгө мыкты убакыт. Иш үчүн анчейин апта болгондуктан, убакытты эс алуу үчүн пайдалансаңыз туура болот. Илимий изилдөөлөр, эксперименттер ийгиликтүү өтөт. Жеке мамилелердин өнүгүшү үчүн ылайыктуу мезгил.
Тараза (24.09-23.10)
Кумар оюндарына азгырылбоого аракеттениңиз. Жеңил ойлуу мамилеңиз менен жакын адамыңыздын жүрөгүн оорутуп алышыңыз ыктымал. Кыймылсыз мүлк, акчага байланышкан маселелер сиздин пайдаңызга чечилет. Апта аягында үйдө болгонуңуз оң.
Чаян (24.10-22.11)
Ишмердигиңизге да, жеке турмушуңузга да активдүүлүк апкелүүчү апта. Үйбүлө ишине жакындарыңыздын кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Жума баш кошууга, куда түшүүгө, сөйкө салууга ылайыктуу. Жалгыз бой адамдар өз түгөйүн кезиктириши ыктымал.
Жаачы (23.11-21.12)
Ишмердигиңиздеги бардык маселелер оң жагына чечилет. Ушак-айың кептен алыс болуңуз. Шашкан шайтандын иши экенин эстен чыгарбаңыз, акыл токтотуп иш кылсаңыз гана ийгиликке жетесиз. Кызмат тепкичинен көтөрүлүшүңүз ыктымал.
Текечер (22.12-20.01)
Кыялыңыздагы адамга жолугуп, бактылуу көз ирмемдердин ээси болосуз. Жылуу сезим, махабат кечтери, романтикалуу маанай ишмердигиңизге да, чыгармачылыкка да оң таасирин тийгизет. Бир гана кеңеш: капчыгыңызга карап иш кылыңыз.
Суу пери (21.01-19.02)
Үйбүлө ичиндеги тиричиликке байланышкан бардык көйгөйлүү маселелерди чечүүгө кудуретиңиз жетет. Өзүмчүл болбоңуз. Курулуш иштерин баштоого же улантууга ылайыктуу учур. Апта аягында тобокелчиликке барып, кумар оюндарына азгырылбаңыз.
Балык (20.02-20.03)
Достор менен жолугууга, баарлашууга ылайыктуу апта. Жагымдуу маалымат ээси болосуз. Бирок ага дароо ишенүүнүн кереги жок, бардыгын текшерүүдөн өткөргөнүңүз оң. Юридикалык маселелер менен алектенүүнү эмки жумага калтырганыңыз оң.




  Афиша

"Октябрь" кинотеатры
25-30-апрелге чейин
Кызыл зал
"Запретное царство". Башкы ролдордо: Джеки Чан, Джет Ли. Башталышы: 12.10, 14.10, 16.20, 18.30, 20.40, 22.40. Билет баасы - 80-150 сом
Жашыл зал
"Новые приключения Золушки" - анимация. Башталышы: 11.40. Билет баасы - 80 сом
"Знакомство со спартанцами" - комедия. Башталышы:13.20, 17.10, 21.00. Билет баасы - 80-100 сом
"Я никогда не буду твоей" - мелодрама. Башталышы: 15.10, 19.00, 22.50. Билет баасы - 100 сом
"Алатоо" кинотеатры
25-30-апрелге чейин
Чоң зал
"21". Башталышы: 11.20, 15.50, 20.20. Билет баасы - 80-150 сом
"27 свадеб" - комедия. Башталышы: 13.40, 18.10, 22.40. Билет баасы - 80-150 сом
Кичи зал
"Супергеройское кино". Башталышы: 11.10, 15.00, 18.50, 22.50. Билет баасы - 80-150 сом
"Приют" - триллер. Башталышы: 12.50, 16.40, 20.40. Билет баасы - 80-150 сом
"Октябрь" жана "Алатоо" кинотеатрларында билет бааларынын жогорулашы күтүлөт.
"Манас" кинотеатры
30-апрелге чейин
"Кайып булак" (Кыргызстан). Башталышы: 18.00, 20.00. Билет баасы - 50 сом
М.Жангазиев атындагы куурчак театры
20-апрель
"Хитрый кот". Башталышы: 11.00. Билет баасы - 20 сом
А.Малдыбаев
атындагы опера жана балет театры
26-апрель
"Баядерка" - балети. Башталышы: 17.00. Билет баасы - 70-200 сом
Орус драма театры
25-апрель
"Божьи коровки возвращаются на землю" - драма. Башталышы: 16.00. Билет баасы - 50-250 сом
"Шум за сценой" - комедия. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 20-250 сом
26-апрель
"Хитроумная Влюбленная" - комедия. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом
27-апрель
"Волшебный цветок" - жомок. Башталышы: 11.00. Билет баасы - 100 сом
"Он, она, окно, покойник" - комедия. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом
29-апрель
"Он, она, окно, покойник" - комедия. Башталышы: 15.00. Билет баасы - 50-250 сом
"Старая дева выходит замуж" - драма. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом
30-апрель
"Бесприданник" - комедия. Башталышы: 18.00. Билет баасы - 50-250 сом
Май майрамын утурлап...
Обончу, ырчы Сыймык Бейшекеев үч күндүк (27-28-29-апрель) концерти менен Түштүк жергесинде.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan