![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №30, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум Мен билген Азис Диктор УТРКда "Бетме-бет" көрсөтүүсүн алып барган тележурналист Азис Шаршенбаев экөөбүз 1996-жылы республика радиосунда ал диктор, мен кабарчы болуп, чогуу иштегенбиз.1997-98-жылы ал телевидениеге (КООРТ), мен "Асабага" кеттик. Зоотехник Азис кесиби боюнча зоотехник, айылчарба институтун бүтүргөн. Журналист болуу оюна да келчү эмес. Институтту аяктаган соң, башаламан турмушта ал биринчилерден болуп Россияга барып, андан кийин биякта да соода кылды. Бир күнү кыргыз радиосу диктор издейт деген жарыяны угуп, КТРге келди. Ыраматылык Тамара Алсеитова менен Валерий Ровинский текст окутуп көрүп, Азисти дароо эле жактырышат. Ага айрыкча Тамара эже болгон таалим-тажрыйбасын үйрөттү. Ошол эле учурда телеге диктор болууга жасаган аракетинен майнап чыкпады. Эфир Тележурналистикага аралашкандан тарта ал Интерньюс уюму менен тыгыз иштешип, алардан көп окуп, үйрөндү. Телевидениенин эларалык сырларын өздөштүрдү. Кийин Москвага ОРТ каналынан эки жолу окуп келди. Телевидениедеги маалыматтардын таасирдүүлүгүнө жетишүү үчүн алып баруучу көрсөтүүнү башынан аягына чейин өзү уюштурушу керек дейт ал. Андан кийин Азис НТС телеканалында иштеп, ал алып барган "Начистоту" көрсөтүүсү кадыр-баркка жетти. УТРКга Мелис Эшимканов баргандан кийин бул жерде реформа болорунан үмүт кылып, кайра алгачкы эфирге чыккан жерине келди. АКШнын Улуттук демократия институту бул канал менен адегенде иштешип, кийин иштешүүдөн баштарткан. Азис аларды ынандырган соң, алар "Бетме-бет" көрсөтүүсүн кайрадан каржылап баштады. Азис бул институттун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Скотт Кирин мырзага ар дайым ыраазылык билдирип келет. Кызыктуу телесюжеттери үчүн эларалык уюмдар сыйлыктарын бирнече жолу жеңип алган. Өзү Кочкордун Шамшы айылынан, үйбүлөлүү. Баса, бүгүн Азистин туулган күнү. "Бетме-бет" "Агымда" "Агым" мындан ары УТРК менен маалымат өнөктөштүгү катары иш алпарат. Телекөрүүчүлөр жана окурмандар үчүн кызыктуу делген көрсөтүүлөрдүн гезит бетиндеги вариантын да окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бүгүн УТРКнын "Бетме-бет" берүүсүнүн 22-апрелдеги көрсөтүүсүн кыскартуу менен сунуш кылабыз. Зайнидин КУРМАНОВ: "Толук мамлекет бололекпиз" Алып баруучу Азис Шаршенбаев: - Жакында Жогорку Кеңеш кыргыз-казак чегаралары боюнча келишимдерди ратификациялады. Буга ылайык, Каркыра жайлоосунан алты жүздөн ашык гектар жер бөлөк жерге алмаштырылып, совет доорундагы казактар курган төрт пансионат аларга арендага берилди. Ратификациялоого жалаң "Ак жол" партиясынын депутаттары "макул" деп добуш бергендиктен, студияга "акжолчу" депутат Зайнидин Курмановду чакырганбыз. Ошондой эле бул келишимге терс баа берген "Акыл ордо" уюмунун уюштуруучуларынын бири, экс-министр Өкмөтбек Алмакүчүковду да чакырганбыз. Бирок ал белгисиз себептерден улам түз эфирден баш тартты. Зайнидин Карпекович, Каркыра жайлоосу эмне болгон жер эле, ал канча гектар жерге алмашылды? Мындан ары Каркырадан түбөлүккө айрылдык десек болобу? Зайнидин Курманов, ЖК депутаты: - Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда он беш талаш чегара участоктору бар. Талашка түшкөн участок дегенибиз, эларалык укук боюнча кимдики экени белгисиз жерлер. Он беш талаш жердин он экиси менен талашсыз эле бир чечимге келип, үч участоктон талаш чыкты. Булар: Таластагы Көксай айылында, Ысыкатада жана Ысыккөлдөгү Каркыра жайлоосу. Эларалык эреже боюнча талаш жерлер 50х50 деп бөлүнөт. А.Ш.: - "Манаста" деле Каркыра жайлоосу жөнүндө айтылат. Анда эмне үчүн бул жер эч кимдин жери эмес болуп калат? З.К.: - Бул доомат далилге жатпайт. Биздин эл ал жерге мал жайчу дегенди казактар деле айтса болот. А.Ш.: - Казактар Каркыранын ордуна берген жерлердин бизге пайдасы барбы? З.К.: - Эларалык эреже боюнча, жер талашка түшсө, сатууга жана алмашууга уруксат берилет. Биз кабыл алган келишимде жерди алмашуу каралган. Каркыраны берип салды деген туура эмес түшүнүк. Анткени, Каркыранын баары кеткен жок, бир чети алмашылды. ЖК эксперттик тобу бул жерге барып, Санташ айылынын тургундары менен жолугуп, карталарды көрүп келишти. Ошол айыл тургундары бул маселе чечилсе жакшы болот эле дешкен. Андан кийин биз бул боюнча парламенттик угууларды өткөрүп, бардыгын угуп, ушунун негизинде келишим бекитилди. А.Ш.: - Каркыранын 630 гектары казактарга кетип атса, Каркыра өзү жалпысынан канча гектар? З.К.: - Каркыранын чоңдугун билбейт экем. Кыргыз тараптан да, казак тараптан да жер боюнча комиссиялары карталарын жайганда, жанагы жер казактардыкы болуп атат. Бирок, аны илгертен эле биздикилер да анча-мынча пайдаланып жүрүшкөн. Де-юре - бул казактардыкы экен, де-факто - пайдаланып келаткан кыргыздар экен. Ошонүчүн бул чатакка айланып кетти. Мен он эки жылдан бери эларалык укук маселелерин окуп келатам. Кыргыз-казак ортосундагы келишимде кыргыздар же казактар жаңы эреже чыгарган жок. Себеби, экөө тең БУУ мүчөсү. Венада 1966-жылы эларалык келишимдердин конвенциясын кабыл алышып, бекитишкен. Анын бир бөлүмүндө чегаралар эларалык эреже боюнча кандай чечилери айтылган. А.Ш.: - Эми Ысыккөлдөгү төрт пансионат жөнүндө сүйлөшсөк. Бирөөлөр "алар казактарга биротоло өттү" десе, башкалары "арендага гана берилди" дебатышат. Документтер боюнча кандай, кыргыздын менчигине булар кайра канча жылда өтөт? Аларды казактарга берүүдөн биз кандай пайда көрөбүз? З.К.: - 1992-жылы КМШ өлкөлөрүнүн он эки республикалык менчик объектилери боюнча өзара келишимге кол коюшкан. Ал келишимдин төртүнчү пунктунан башкасына макулмун деп Кыргызстан кол койгон. Ошондон тарта бул объектилер талашта. Келишимди парламент, өкмөт аткарбай, 1996-жылга келдик. 1996-жылы Кыргызстан, Казакстан бул боюнча жаңы келишим түзгөн. Мына, ошолордун бири 2004-жылы 13-апрелде чыккан ?00252 номурлуу өкмөттүн токтому чыккан. Ошо учурда буга макулдук бергендер кимдер? Бүгүн көрсөтүүгө келбеген Өкмөтбек Алмакүчүков - Спорт, жаштар саясаты жана туризм министри, Муратбек Иманалиев - Тышкы иштер министри, Равшан Жээнбеков - Маммүлк төрагасы, Бакирдин Субанбеков - Ички иштер министри. 2001-жылы кабыл алган өкмөт токтомунда премьер-министр Бакиев да бар. Азыр ушу маселеге каршы чыгып аткан адамдар 2004-жылы добуш берүү менен бул маселени жөнөкөй эле чечип келишкен. 2006-жылы да бир келишим түзүлүп, ага мурдагы чакырылыштагы депутаттар толуктоолорду киргизишкен. Анда пансионаттарда иштегендердин 80 пайызы ысыккөлдүктөр, пансионаттар төрт жылдыздуу болуп, жыл бою иштей турган болушу керек деген шарттар бар. А.Ш.: - Бул шарттар аткарылбаса, казактардан пансионаттарды кайра алып коюуга укугубуз барбы? З.К.: - Укугубуз бар. Анткени казактар имараттарга гана ээ, жердин ээси кыргыздар. Келишимде жер жөнүндө сөз жок. Биздин Жер кодекси боюнча четөлкөлүктөр биздин жерге ээлик кылууга укугу жок. А.Ш.: - Биз аларды канча жылга арендага бердик? З.К.: - Мыйзам боюнча 49 жылга берилип жатат. А.Ш.: - 49 жылдан кийин кайра биздин менчикке өтөбү? З.К.: - Өтүшү да, келишим мөөнөтү кайра узартылышы да мүмкүн. А.Ш.: - Эксперттер шериктеш өлкөлөр кимдин аймагында кандай объект болсо, ошол өлкөнүн менчигинде калсын деген келишим түзгөн. Бул жагынан алганда укук бузулду дебатышат, буга кандай карайсыз? З.К.: - Алардын арасында белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев, юристмин деп көкүрөк койгулаган Азимбек Бекназаров бул маселени чечалбай калыштыбы? Эмнеге элдин башын айлантышат? Юристтер үчүн бул жеңил эле маселе. Негизи булардын башында мураскерлик институту деген бар. Бул милдет СССР кулаганда, өз алдынча болуп кеткен өлкө жетекчилери тарабынан айтылып, чечилген. 2005-жылдан кийин Бакиев саммитке барып, мурдагы режимдин алган убада-милдеттерин аткарарын айткан. Антпесе, саясатта хаос башталат. 1917-жылы совет өкмөтү "падышалык бийликтин буга чейин кылгандарын тааныбайбыз" деп чыкканда, Россия чегарасыз калган. Ошону кайра башынан баштап, Россия муну сексен жыл өткөндөн кийин араң чечип атат. Мураскерлик укугу дегенде ушундай болорун тигилер жакшы билишет, бирок эмнеге айтпай жатышканына таңгалам. Мына, Байкоңурду Россия өзү алып, ал үчүн Казакстанга 100 млн. доллар аренда төлөйт. Байкоңурда казак юрисдикциясы сакталган сыяктуу эле, пансионаттарда да кыргыз юрисдикциясы иштейт. Ал боюнча пансионаттарда Кыргызстандын мыйзамдары иштейт. Байкоңурду казактар келишим менен бардык процедураларын чечип берди, биз келишим негизинде чечпей жатып, доомат артып жатпайбызбы. Келишим ратификация болуп, кол коюлду. Эми аренда келишимин көтөрүүгө болот. А.Ш.: - Акаев учурунда кол коюлган келишимди азыркы бийлик эларалык норма боюнча бузса болот беле? З.К.: - Бузса, бизге эларалык уюмдар санкция жасашы мүмкүн. Анткени биз БУУ уставын бузуп атпайбызбы. А.Ш.: - Бирок оппозициялык саясатчылар эми өзбектер да пансионаттарды бергиле деп чыгышы мүмкүн дебатышат. Өзбектердин ушинтүүгө мүмкүнчүлүгү барбы? З.К.: - Албетте, бар. Бирок өзбектер менен чегара чечилелек. Алар менен чегараларды такташуу өтө оор жүрүп атат. Ошонүчүн жогорудагы маселени чегара менен байланышта караш керек. А.Ш.: - Эми казактар менен чегарабыз такталып бүттү десек болобу? З.К.: - Биз эми Өзбекстан, Тажикстан менен чегараларды такташып, келишим түзүп, аларды ратификациялаган соң толук кандуу мамлекет болдук деп айтсак болот. Азырынча мындай мамлекет бололекпиз. А.Ш.: - Өзбекстан жана Тажикстан менен Акаевдин тушунда ушундай келишимдер, макулдашуулар болду беле? З.К.: - Макулдашуу боюнча иштер, талаш-тартыштар жүрүп атат. Бир нерсе айтайын, Бакиев бийликке жаңы келип, Пекинге расмий сапар менен барарда, Роза Отунбаева кыргыз-кытай чегарасын денонсация жасагыла деп демилге көтөргөн. Биз ошондо уят болдук. Себеби, БУУнун Вена конвенциясы боюнча чегара боюнча келишимдер денонсация болбойт. Эгер денонсация болсо, ал согушка алып келиши мүмкүн. Согуш болбосо да, эки өлкөнүн мамилеси бузулат. Ушундай болбосун деп эларалык норма кабыл алынган. А.Ш.: - Келип ой бөлүшкөнүңүзгө ыракмат! Кагазга түшүргөн Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|