![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №30, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум ![]() Айланбас жердин айланма жаңылыктары АКШ, Улуу Британия, ФРГ жана Франция Россиянын Абхазия жана Түндүк Осетияны колдоого алгандыгына тынчсызданып, БУУ алкагынан тыш биргелешкен коммюнике кабыл алышты. Документте "Россиянын Грузия өкмөтүнүн макулдугусуз Абхазия жана Түндүк Осетия бийлиги менен расмий байланыш түзүү демилгесинен" кооптонуусун билдирип, Россияны андан баш тартуусуна чакырык ташталган. Россия бийлиги өз кезегинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 16-апрелдеги кабыл алынган резолюциясынын негизинде мыйзамдуу түрдө иш алпарып жатканын билдирди. ХАМАС жетекчилиги Израиль менен болгон тирешүүнү токтотууга макулдугун берди. Түзүлгөн келишимге ылайык, Израиль Газадагы ХАМАС согушкерлерине каршы чабуулун токтотот. Ал эми ХАМАС Израиль аймактарына ракеталык чабуул жана бардык аскердик аракеттеринен кайтат. Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы келишүү тууралуу сүйлөшүүлөр Египеттин ортомчулугу менен жүрдү. Шри-Ланка. Өкмөттүк аскер күчтөрү менен тамиль сепаратисттеринин ортосундагы кандуу кагылыш 150 адамдын өмүрүн алып кетти. Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, атайын операциянын натыйжасында "Тамил иламды бошотуучу арстандар" (ТОТИ) тобунан жүздөгөн согушкерлер жок кылынган. Өз алдынча "тамил мамлекетин" курууну максаттаган ТОТИ менен болгон кагылышта 43 аскер адамы өлтүрүлгөн, 33ү дайынсыз жоголуп, 120 аскер жарадар болгон. Дания. Террористтердин коркутууларынан улам Алжирдеги өкүлчүлүк өз ишин токтотту. Алжирдеги дипмиссиясынын иш шарты менен таанышуу максатында Дания өкмөтү тарабынан жиберилген комиссия коопсуздук маселесинен улам өкүлчүлүк ишин токтотууну чечкен. Австралия. Олимпиада отунун эстафетасы Канберра шаарында өттү. Австралия тарап дүйнөлүк эстафетаны уюштурууда отту коштогон кытайлык топ жолтоо тийгизип жатат, андыктан, от Австралия полициясынын курчоосунда болот деп билдирген. Ага карабай эстафета учурунда отко жакындоого аракет кылган кытайлыкты полиция кызматкерлери четке сүрүп салышкан. Жалпысынан Канберрадагы эстафетасы буга чейинки этаптарга салыштырмалуу тынч өттү. Эми Олимпиада оту Австралиядан Японияны көздөй сапар алат. Малайзия. "Defense Services Asia 2008" эларалык ири курал-жарак жана аскер техникасынын көргөзмөсүнө ракета системасын алып чыккандыгы үчүн ирандыктардын көргөзмөдөгү бөлүмү бийлик тарабынан жабылган. БУУнун 2006-жылы кабыл алынган резолюциясына ылайык, Иран ракеталык программага байланышкан жабдууларды четөлкөгө сатууга акысы жок. Резолюция Ирандын уранды көбөйтүүгө мораторий жарыялоого каршылык көрсөткөнүнөн улам кабыл алынган. Тайвань. Жогорку сот өлкөнүн шайланган президенти Ма Инцзоуга коюлган күнөөлөрдү негизсиз деп тапты. Инцзоуга юстиция министрлигин жетектеп турганда 11 миллион тайвань долларын (340 миң АКШ доллары) туура эмес пайдаланды деген күнөө коюлган. Өткөн жылы төмөнкү эки инстанция айыпкерди актап чыккан. Инцзоу айыбы жоктугун айтып, оппоненттеринин мындай аракетин "ыплас ыкма" деп баалады. Элдин 60% добушуна ээ болгон президенттин инаугурациясы үстүбүздөгү жылдын 20-майында өтөт. Россия. Челябинск шаарында пенсионерлердин митинги болуп өттү. Мындай кадам менен пенсионерлер жол киреге байланышкан өзгөртүүлөргө каршылыгын билдиришти. Кабыл алынган мыйзамга ылайык бекер жүргөн пенсионерлердин пенсиясына эми атайы жол кире үчүн 200 рубль төлөнөт. Буга нааразы болгон акция катышуучулары шаардын борбордук көчөсүн тосуп, парламентке депутаттарды киргизбей коюуга аракет жасашкан. Дүйнөкүн Жандүйнө . 15 жашар вьетнамдык кыз Дао Фи Лайга бетиндеги 7 килограммдык шишигин алып салуу үчүн операция жасалат. Мындай илдет менен кыз 3 жашынан бери ооруп келет. 12 жылдын аралыгында шишиктин салмагы 7 килограммга жеткен. Анын айынан кыздын келбети гана бузулбастан, кадимки күнүмдүк нерселерди жасоосу кыйындап, шишиктин көлөмү өтө чоң болгондуктан, андан думугуп өлүү коркунучу туулган. Кызга жардам берүү максатында Эларалык балдар фонду 107 миң доллар акча чогултуп, АКШда операция жасоону уюштуруп берди. Күлдүйнө . Рио-де-Жаней-ро шаарында жирафтардын үйлөнүү үлпөтү өттү. "Жубайлардын" көп балалуу болуусу үчүн зоопарктын администрациясы атайы нике кыюуга бразилиялык индеецтерди чакырган. Алар "жаштардын" алгачкы нике түнүнүн бейпил өтүшүн тилеп, өзгөчө ырым-жырымдарды жасашкан. Кеңдүйнө . Америкалык 80 жаштагы Гарри Ли Макгиннис ааламды жөө кыдырып чыгууну максаттоодо. Өз саякатын 18 жашында баштаган карыя бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн 70 өлкөсүн айланып чыккан. Мээдүйнө . Компьютердик оюн ышкыбыздорунун саны 300 миллионго жетти. Изилдөөлөргө караганда, ар бир экинчи оюнчу онлайн-оюндарына кызыгат. IDC статистикасына ылайык, 10 компьютердин 9унда жок дегенде бир оюн орнотулган. 15 миң геймердин жашоодогу негизги иши компьютер оюндары болсо, анын көбү ошол оюндардан нан таап жейт экен. Бүгүнкү күндө геймердин орточо жашы - 28, жакынкы алты жыл ичинде оюнчулардын орточо жашы 42ге жетет. Күйдүйнө . Япониялык 14 жашар окуучу кыз өз жанын кыюу үчүн уулуу газ - хлордуу суутекти пайдаланган. Эксперттердин айтымында, уу толтурулган бөтөлкөнү колдонууда кыз дароо эле мүрт кеткен. Анын кесепетинен коңшу бөлмөдөгү апасы да ууланып, өзгөчө жыттан улам кошуналар куткаруучуларды чакырышкан. Алар 200 адамды эвакуациялап, 20 адамды ооруканага жеткизишкен. Кыз апасы менен жашап, акыркы күндөрдө мектепке баруудан караманча баш тартып жүргөнү билинди. Жиндүйнө . Индиянын Керала штатында өткөн диний майрам учурунда кутурган пил үч адамды тебелеп салган. Күтүүсүз жерден пил жин тийгендей алдындагы нерселерди кыйратып, адамдарга кол сала баштаган. Үч сааттан кийин тынчыган пилдин мындай жүрүм-турумунун негизги себеби - суусап, ысыкты көтөралбагандыгы менен түшүндүрүлдү. Пил негизинен тынч жаныбарлардын катарына кирет. Качан гана багуусу начарлап, туура эмес мамиле жасала баштаганда жин тийип кутурат. Суудүйнө . Нигерияда турмушка узап жаткан кыз менен анын тууган-туушкандары түшкөн кеме кыйраган. Натыйжада келин болчу кыз менен 19 мейман дайынсыз жоголуп, 9 адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Индиянын Махараштра штатында үйлөнүү үлпөтүнөн келаткан кеме аласалып, 28 адамдын ичинен 9у гана аман калып, 2 эле адамдын сөөгү табылды. Жүргүнчүлөрдүн арасында балдардын көп экендиги айтылууда. Мындай кырсыктардын негизги себебин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кемелер көп сандагы адамдарды ташууга жараксыз экендигинде деп белгилешүүдө. WWW булактарынан даярдаган Канышай БЕШБАЕВА Грек-рим күрөшү Быйылкы жылды Россия "Үйбүлө жылы" деп атаган. Ошондон улам 29-30-апрель күндөрү спорт ордосунда "Россия газетасынын" ("Российская газета") байгесине арналган эларалык турнир өтөт. Мелдеште 14-15 жаштагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын спортчулары күч сынашмакчы. Жалпы жонунан бул иш-чарага 300гө чукул жаш балбандардын катышары күтүлүүдө. Олимпида-2008 Жалпы жонунан кыргызстандык 12 спортчу олимпиада оюндарына катышуу укугуна ээ: Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков (эркин күрөш), Руслан Түмөнбаев (грек-рим күрөшү), Юрий Захаров жана Василий Данилов (сууда сүзүүчүлөр), Евгений Ваккер (велоспортчу), Татьяна Ефименко (бийиктикке секирүү), Юлия Архипова (жөө күлүк), Расул Абдураим (таэквондочу), Асылбек Таласбаев (эларалык бокс чебери) жана Руслан Исмаилов (мылтыктан ок атуу). Аталган спортчулар август айын чыдамсыздык менен күтүп, катуу даярданышууда. Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эларалык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин өтөрүн эскерте кетсек. Андыктан кыргызстандык спортчулар олимпиадалык оюнга жолдомо алып калышы мүмкүн. Адистердин айтымында, грек-рим, эркин күрөш, дзюдо, жеңил жана оор атлетчилердин Бээжинге барууга мүмкүнчүлүгү бар. Фехтование Кечээ Бангкокто Азия чемпионаты башталды. Ага чейин Бээжин олимпиадасына жолдомо берилүүчү эларалык мелдеш өткөн. Турнирде шпага боюнча өлкөбүздүн намысын коргогон Сергей Кочурин алтын медаль тагынып, жайкы Олимпиадага жолдомо алды. Отуз төрт жаштагы Сергей - эларалык деңгээлдеги спорт чебери. Кочуринден сырткары фехтованиеден үмүт жандырган кыз-келиндерибиз да бар. Алардын бири Юлия Яйцевская Бээжин олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал. Эгемендикти алган жылдардан тартып биздин спортчулар үч жайкы олимпиадага катышкан. Алардын арасында фехтование боюнча спортчу болгон эмес. Демек, Сергей мырза фехтование боюнча алгачкылардан болуп жайкы олимпиадага катышкан спортчу аталмакчы. Дзюдо Казакстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Валерий Клобуцкийдин жаркын элесине арналган эларалык турнир Шымкент шаарында болуп өттү. Аталган иш-чарага 13-15 жаштагы спортчулар катышкан. Мелдеште кыргызстандык дзюдочулар эки алтын медалды багындырышты. Алар: Болот Токтогонов (73 кг салмактык категорияда) менен Алмазбек Сабиров (81 кг салмактык категориядан жогору). Оор атлетика 23-апрелде Японияда башталган Азия чемпионаты 3-майга чейин созулат. Ага Кыргызстандын курама командасы да катышууда.Турнирде биртууган Молдодосовдор: Кутман (69 кг салмакка чейин), Улан (100 килограммдан жогору), Султан (62 кг салмакта) жана Алексей Дудин (105 кг), Камбар Токтоналиев (60 кг салмакка чейин), Бекзат Исманалиев (62 кг чейин) менен Искендер Момунбеков (94 кг салмакка чейин) өлкөбүздүн намысын коргомокчу. Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|