![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №30, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум ![]() Молдошева каяктан? Ал да биздин саяктан! "Акжол" партиясы депутаттык шайлоодо талапкерлерди региондор боюнча теңдеп кошкон. Ошол теңдемелердин ичинде Баткендин Айдаркенинен Динара Молдошева да бар болчу. Аның "Акжолдун" аркасы менен депутат болору менен Айдаркенде жарым кылым жашаган ата-энесин Бишкекке көчүрүп келип, түбүбүз Таластан, мен түндүктүк болом деп түлөө өткөргөн имиш. Каркыра менен төрт пансионатты бекер коргобоптур деп, "акжолчулар" алаканды шак коюп отуруп калды дешет. Смирно! Сабировдун туулган күнү! Атактуу депутат Алишер Сабиров туулган күнүндө сөзсүз милийса формасын жалтылдата кийип, медаль, значокторун жаркылдата тагынып чыгат. Кечээ да парламентке ошентип кирген экен, депутаттардын шарттуу рефлекси ошол замат иштеди дейт. Кабинетке казы-карта жайылып, француз коньягы, фин арагы агып... табакташтары полковник бойдон жүрө бербеңиз, генералдыкка татыктуусуз маанисинде тост көтөрүптүр. Сөз ортосунда "Агымга" нааразылыгын анын кожоюнуна кыстара кетиптир. Моюнга алабыз, андай итчилигибиз бар. Ишенбай мырза кайырмакка илиндиби? Бир күн президент, бир күн спикер боло калган Ишенбай Кадырбеков 2005-жылдын 24-мартындагы тополоңдо ЖК карамагындагы үйлөрдү менчиктештирип жибергени дайын. Андан кийин Ишенбай мырза өкмөт алдындагы архитектура жана курулуш агенттигинин директорлук кызматын аркалап, кыңыр иштин далайын кылып жибергенин Эсеп палатасы бир-эки деп санап салды. Кечээ орус тилдүү гезиттердин бири атайын курулуш тармагындагы адистердин пикирине таянып, шаардагы 2005-жылдан кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдүн архитектуралык жактан талапка жооп бербей турганын жазды. Ишенбай мырзанын ушул сыяктуу көптөгөн илинчектери жөнүндө гезиттин келерки санында кеп кылабыз. Данияр Токтогуловичтин дарты Аны мэрия басмасөз кызматы аркылуу айттырыптыр. "Данчик" атаганыңар мамлекеттик этикага сыйбайт дейт. Туура. Арийне аны "Агым" ойлоп тапкан эмес. Көпчүлүк гезит дамамат ошентип жазат. Жакшы көрүшкөнүнөн го. Жириновскийди деле "Жирик" деп жүрүшпөйбү? Экинчи. Д.Үсөнов Жогорку Кеңештин макулдугу менен 1-вице-премьерликке бекиген дейт. Биздин билишибизче ЖК эчкачан макулдук берген эмес. Атүгүл депутаттарга 300 миң доллар пара сунса да. Аны биз эмес, экс-премьер-министр Ф.Кулов жарыя кылганын эскерте кетели. Үчүнчү. Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга берүү келишимине кол коюу анын вазийпасына кирбейт дейт. Бирок андай "эрдигин" биз эмес, Аккан досу - Адахан Мадумаров даңктап чыккан. Анүстүнө келишимге анын койгон колун "Алиби" гезити түпнускасында жарыялады. Кыскасы, пресс-жетекчинин аныктамасын өзүнө багыттасак: жооп берүүдө да "алды-артын ойлонуп иш кылсак..." Бжезинский кимдерге "бензин" куюп атат? Кечээ Алматыда Евразиянын 7-медиа форуму башталды. Ага 500гө чукул бүт дүйнөнүн "башын" мүлжүгөн саясатчылары, тарых жүрүшүн иликтөөчүлөр, журналисттер катышууда. Форумду казак президенти Н.Назарбаев өзү ачты. Ачпаганда кантет, ага СССРди ойрондоонун теориясын ойлоп чыккан Американын саясый көзү ачыгы Збигнев Бжезинский өзү катышып атса. Үч күнгө созулган бул форум Косово менен Тибеттен тартып, Борбор Азия журналистика абалын жиликтейт. Кыргызстандан УТРК башчысы Мелис Эшимканов баштаган 7 өкүл "таманын жегиче" такылдап, активдүүлүгүн көрсөтүп атыр. Эң кызыгы, алар кадимки Бермет Акаева жана Адил Тойгонбаев менен капыстан сүзүшүп алыптыр. Бирок кимисинин чекеси томпойгону белгисиз. Алмакүчүковдун оозуна алма Ө.Алмакүчүковдун өктөм жооптору даярдалып жатканда (7-бет) жаңы маалымат түштү. Каркыра менен төрт пансионатты калкты көтөрүп кайрыйм деп кагынып чыккан кайран эр кечээ эртең мененки "Азаттыктан" жүрүшкө катышабыз, бирок "Акыл ордо" менен Акүйдү акыйкат сөзгө келтирүү максатында маанисинде сайрап атты эле, жөнү бар экен. Акүй илгерки акыр-чикирин казып чыгып, кысчу жериңди кыс, болбосо... десе керек. Кысканы ушул: Ысыккөл губернаторлугун сураптыр. Ал кирип-чыккан Акүйдөгү белдүү чиновник тескери карап түкүрүп, оң карап баш ийкеген имиш. Осокенин оозунан апаптайбыз 22-апрелдин таңында Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган жалтылдаган "Тойота Прадо" Жип машинесин артынан КамАЗ келип капшыра сүздү дешет. "Прадонун" ичинен "Акаев илиминин академиги" кадимки Осмонакун Ибраимов башын мыкчып онтоп түшүптүр. Акаев менен өзүнүн бала-бакырасынын бактысы тоодой экен. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|