![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №30, 25.04.08-ж. |
Меймансап Форум ОшМУ периси - 2008 Оо сулуулар, оймоок ооз, керме каш, Силер барда дүйнө сулуу, дүйнө жаш 18-апрелде Ош Улуттук драма театрында өткөн "ОшМУ периси - 2008" сулуулар сынагы жаштардын жандүйнөсүн жаңыртып, негедир жаңы өңүткө дем бергендей болду. Ашыктык сезим, арзуу ырлар жаңырып турду. Жаштардын деми, көзкарашы менен эсептешпей коюуга болбос. Анткени... Сынак жылдагыдан айырмаланып, жогорку деңгээлде уюштурулуп, ЭлТР телеканалы, "Супер инфо", "Агым", "Жаңы ордо" гезиттери маалыматтык колдоо көрсөттү. Бул сынакта жалпысынан өң-келбети келишкен аккуу моюн, кымча бел он эки бийкеч күч сынашты. Сулууларга "Супер инфо" гезитинин президенти Кылычбек Султанов, ОшМУнун тарбия департаментинин директору Замир Божонов, "Агым" гезитинин башредактору Керим Айдаров, "Кыргызстан периси - 2007" сынагынын жеңүүчүсү Айпери Окоева жана башка тогуз кишиден турган калыстар тобу калыстык кылышты. Сынак жалпы жободо бекитилген алты турдан туруп, алар "Саламдашуу", "Кечки стиль", "Акылкарачач", "Таланттуу пери", "Кечебиздин кымбаты - ажарлуу кыздын сымбаты" (мында кыздар торчо жоолук курчануу менен купальникчен чыгышты), "Ийкемдүү кыз" (чыгыш бийи) багытында өз жөндөмүн көрсөтүшүп, жыйынтыгында ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Алина Гаипова "Ажарлуу пери", дүйнөлүк тилдер факультетинин студенти Элнура Мусаева "Таланттуу пери", ал эми эларалык мамилелер жана мамлекеттик кызмат факультетинин студенти Нурия Зулпуева "Акылкарачач" номинацияларына татыктуу болду. Башбайге, башкача айтканда, "ОшМУнун 2008-жылдагы периси" титулун орус филологиясы факультетинин журналистика адистигинин студенти Аймээрим Кангелдиева жеңип алды. Мындай конкурстар Ош жергесинде жылына өтүп турат. Мынча болду, бир кызык окуяны эске салайын. Сулуулукка кызыкпаган ким бар дейсиң. Өткөн жылы дал ушундай конкурс өткөн соң, сулуу кыздардын бирин алакачып кетет. Сүйлөшкөн жигити артынан барып, ал жерден өз үйүнө алакачып алат. Бүгүн алар бактылуу үйбүлө. Бул жолкусунда кайтаруучулар мыкты болдубу, айтор, жигиттер суктанып кала беришти. Болгону, жандүйнөдө эргүү, ашыктык сезим ойгонуп алды... |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|