Коомдук-саясый гезит
№30, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 Хайл, Сайракан!


Сая-саалы
ЖК Россия чиновниктерине каш кайтара алабы?
"Акжолчу" депутат Зайнидин Курманов ЖК билдирүүсүнө долбоор даярдады. Эсиңиздедир, кыргыз коомчулугу 1916-жылдагы үркүндү "Курмандыктарды эскерүү күнү" жарыялоо демилгесин көтөрсө, Россия тышкы иштер министрлиги антсеңер эки мамлекеттин ортосундагы мамиле бузулат маанисинде каршы чыккан. З.Курманов даярдаган долбоордо 1916-жылдагы үркүндө кыргыздар эле эмес, орустар, украиндер, татар, өзбек, дунгандар да курман болгонун, демек, бул ошол курман болгондордун арбагын сыйлоо экендиги, анын азыркы Россия саясатына тиешеси жоктугу айтылат. Андан нары кыргыз парламентинин чечимине сырттан эч мамлекет кийлигишүүгө укугу жоктугу эскертилет.

Токтокүчүк Мамытов бардыгына токпейил жооп берди
Республиканын коопсуздук кеңешинин катчысы Т.Мамытовго "Азаттык" радиосу чегара, төрт пансионат, элдик курултай, Каракол-Балыкчы жүрүшү өңдүү көптөгөн суроолорду берди эле, бардыгына күймөлбөй жооп берди. Катчынын айтуусунда, Казакстан-Кыргызстан чегара маселеси өтө калыс бүтүптүр. Тажикстан менен 900 км ашуун чегаранын 361и такталыптыр, Өзбекстан менен 58 участок боюнча кичине кайчы пикир бар экен. Каркыра, пансионат, чегаралар жөнүндө оппозиция жөнеле оозуна келгенди оттоп аткан имиш. Ж.б. ж.б.

Байкоочуларды ажо өзү дайындайт
Жогорку Кеңеш депутаттары Лейла Сыдыкова, Рашид Тагаев, Ибрагим Жунусов жана Жусупжан Жээнбеков иштеп чыккан "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору парламентте жактырылып, мамлекет башчысынын кол коюусуна жиберилди. Ага ылайык, Улуттук телерадиокорпорациясынын Башкы директорун өлкө президенти өзү дайындайт. Мыйзамга мындай пункт депутат Бегалы Наргозуевдин демилгеси менен киргизилген.

Мыйзамга кыйшаң мамиле
Депутат Улугбек Ормонов ИИМ менен ТИМден жакында Канттагы орус аскер базасынын кызматкерлери менен болгон чыр-чатак тууралуу толук маалымат берүүнү өтүнгөн. Парламентарий ошондой эле мындан бир нече жыл мурда, 2005-жылы орус жараны Рудаковдун дипломатиялык статуска жамынып алып, эки кыргыз жаранын атып салганын эскерте кетти. Ошондон улам, деги орус жарандары кыргыз мыйзамдарын сыйлашабы же тебелей беришеби деген суроо кабыргасынан коюлууда.

"Темир генерал" жөө жүрүшкө катышпайт.
"Арнамыс" партиясынын анабашыларынын бири Эмил Алиевдин айтымында, ысыккөлдүктөрдүн Бишкекке карай нааразылык жүрүшүнө партия башы Ф.Кулов катышпайт, ал эми өзү катышар-катышпасын ойлонот. Ошол эле учурда "темир генерал" катышпаса да, партиянын аймактагы өкүлдөрү катышат дейт Эмил мырза.

Атамбаев соттон соопкерчилик сураганбы?
Мурдагы башбакан Алмаз Атамбаев "Форум" ишканалар бирлигин башкарып турганда, ага жансакчы болуп жүргөн Эркин Мамбеталиевдин буюртма киши өлтүрүүгө тиешеси боюнча Чубактын кунундай созулган сот иши дагы кийинкиге калтырылды. Буга ИИМдин мурдагы кызматкери Абдумажит Касымовдун сот ишине Атамбаев премьер-министр кезинде кийлигишкен дегени себеп болду.




  Крим-аалы

Жол - ажал
21-апрелде Кочкор-Балыкчы автожолунда "ВАЗ-21099" автомашинасы астынан келе жаткан "Ауди-100" машинасы менен сүзүшкөн. Кырсык болгон жерден жети киши жабыр тартып, анын ичинен үч жана төрт жаштагы эки бала оор жаракат алган. Бир жаштагы наристе кыз көз жумган. Ал эми 23-апрелде Каракол-Эңилчек автожолунда 1974-жылы туулган О.Баязов "Фольксваген-Пассат" машинеси менен келатып, жол боюндагы бакты сүзгөн. Окуя болгон жерден айдоочу дароо көз жумуп, жанындагы 1980-жылы туулган М.Чикеев оор абалында ооруканага жеткирилген.

Алаасынын азабын тарткан аңги
23-апрелде Бишкек шаарындагы Көлмө жаңы конушунун тургуну, 1975-жылы туулган Д.Кыдырмаев Биринчимай райондук ички иштер бөлүмүнүн изкубарлары тарабынан колго түштү. Көрсө, ал 22-апрель күнү кечки саат тогуздар чамасында 1996-жылы туулган, 12 жаштагы М.К. аттуу өспүрүм кызды зордуктоого аракет жасаган экен. Азыр алаасынын азабын тарткан аңги темиртордун ары жагында сурак берип турган кези.

Жуткандын кусканы да бар
Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында укук коргоо бөлүмүнө Д.Мукамбетова Мирзат аттуу жигит 2000 долларын алдап алып, куйругун түйүп кеткендиги тууралуу арызын жазган. Ушуга окшош арыз менен Т.Турдакматов да Мирзатка 500 долларын алдатканын айткан. Изкубарлардын изилдөөсү менен 1980-жылы туулган М.Бейшенбаев кармалып, жуткан акчасын кусуп берүүгө даярданып турган кези.

Студенттен 500 доллар талап кылган мугалим
Бишкек гуманитардык университетиндеги кафедралардын биринин жетекчиси окуткан студентинен кышкы сессиясында бүтүрө албай калган экзамен, зачетторуна жардам берем деп 500 доллар талап кылган жеринен финансы-полициясы тарабынан колго түштү. Учурда тергөө иши жүрүп атат.

Алкымы чоң тергөөчү
Жалалабад облусунун РИИБдеринин биринде тергөөчү болуп иштеген 26 жаштагы милициянын улук кызматкери жол эрежесин бузган айдоочудан 1000 доллар сураган. Бирок, 10 миң сом берген айдоочу алкымы чоң тергөөчүнү укук коргоо кызматкерлерине салып берди. Тергөөчү алган акчасына өкүнүп, актанып отурган учуру.

3,5 килограмм баңгизат менен кармалды
35 жаштагы Ош шаарынын жашоочусу 3 кг. баңгизатты (героин) алып, такси менен Бишкекти көздөй кетип баратканда изкубарлар тарабынан колго түштү. Анын мындай өлчөмдөгү баңгизатты кайдан алгандыгы такталууда.




  И- тагдаалы

Бирназаровдун биринчи чоң полотносу
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы жаңы көркөм фильм тартуулаганы турат. Сценарийдин автору жана режиссеру Темир Бирназаровдун "Үмүттү утурлап" фильми бүгүнкү күндөгү биздин коомду чагылдырат. Буга чейин "Шайтан көпүрө", "Үлүлдүн үйү" кыскаметраждуу тасмаларын тарткан Т.Бирназаровдун биринчи чоң полотносу ушул жаңы фильм.

Барсыңбы?
Баш көтөр!
"Айтыш" фонду, "Калемгер" адабий клубу, "Манас-Мурас" фонду жана "Айтышфильм" киностудиясы, башкача айтканда, чыгармачыл жаштар өлкөнүн келечеги үчүн тынчсызданганын билдиришип, башка чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүн да бүгүнкү күнгө кайдыгер карап турбоого чакырат. Каркыра жайлоосунун жана төрт пансионаттын казактарга өтүшүнө ой-пикирлерди билдирүү зарыл. "Айтыштын" төкмөлөрү Ысыккөлдөгү жөө жүрүшкө катышууга, элди үндөөгө даяр.

Тур!
Туристтик сезон келатат
28-29-апрелде Бишкекте элдик колөнөрчү чеберлердин биринчи эларалык фестивалы өтөт. Фестивалда кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгүнүн продукциялары, кийими, тамак-ашы көрсөтүлөт. Буга өзгөчө жаштарды тартууга аракети зор. Туризм боюнча мамлекеттик агенттик фестивалга Кыргызстандагы диаспоралар өкүлдөрү, 30 өлкөдөн туристтик компаниялар өкүлдөрү катышарын билдирди.

Мэрия "сүйүнчүлөдү"
Бишкекте 1-июндан жыл аягына чейин муниципалдык транспортто жүрүү 5 сом, маршруттук бустарда 8 сом болот. Бул боюнча кечээ шааркеңеш депутаттарынын жыйынында чечим кабыл алынды. Бусик ээлери менен шаар мэри Д.Үсөнов "бунт" чыгарып атышып, ушуга жетишти. Жолкире, жарык, азык-түлүк, жылуулук аябай кымбаттады. Деги кымбаттабаган эмне калды? Адам өмүрү эле калды окшойт.

Жылда бирден самолет кыйрап
Ички иштер министрлиги Жалалабаттын Ноокен районундагы Достук айылөкмөтүндө А-27 самолету кыйрап, учкучу өлгөнүн билдирди. Көрсө, бул самолет "Композит" аттуу жеке авиакомпанияга таандык экен. Ал айылчарбасындагы зыянкеч чегирткелерди жок кылуу үчүн талаага химиялык зат чачып жүргөн. Рулда авиациянын отставкадагы полковниги болгон. Катуу соккудан улам самолет күйүп, анан кулаган. Тергөө иштери башталды.

Октябрда
"Кыргызтелеком" кетет
Өкмөттүн планы боюнча "Кыргызтелеком" ААКы ушу жылдын октябрь айында менчиктештирилет. 2008-жылы бул ишкана 177 млн. сом таза киреше табат. "Кыргызтелекомдун" 77,84% акциясы Маммүлк комитетине, 12,51%ы Соцфондго, 9,65%ы анда иштегендерге таандык. "Кыргызтелекомду" тендерден утуп алган "ВИП Капитал" компаниясы баалайт. Баалоо кызматы үчүн ал 1 млн. сом алат. Акчаң болсо, акция сатып алып кой.




  Жума каарманы

Эй, кыргыз, электриң небак сатылган
Биртоптон бери кыргыз парламенти менен өкмөтү бири менчиктештирбейбиз десе, экинчиси менчиктештиребиз деп кызыл чеке боло кырылышып-талашып жаткан кыргыз энергетикасынын тагдыры эбак чечилип калыптыр. Бул маселеде Жогорку Кеңештеги кызуу талкуу, талаш-тартышта коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейтказиев биздин энергосекторду былтыр, 2007-жылы эле белгилүү бизнесчи, дүйнөдөгү бай адамдардын бири, азыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси болуп саналган Александр Машкевич сатып алганын "балп" эттирди.
Түшүндүрө кетсек, А.Машкевичтин түбү кыргызстандык. Фрунзеде туулуп-өсүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Кийин комсомолдо, ИИМде иштеп, 80-жылдардан бизнеске киришкен. А.Акаевдин убагында Кыргызстанга бир нече жолу келип, инвестиция кылуу ниетин билдирген. Бирок, андан алдаканча кирешелүү Казакстанга бизнес ачкан. АКШда, Израилде, Орусияда ишмердикти ойда жүргүзүп келет.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan