Коомдук-саясый гезит
№30, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 ...атынан айтканда

Токтогул Какчекеев:
"Бийликке наадандар келгенде ирип-чирип, жеке кызыкчылык гана калат"
Азыркы бийликтин, оппозициянын табияты, көксөгөн максаты, бийликтин жарыгы не себептен калың катмарга тийбей жатканы жөнүндө белгилүү саясат таануучу Токтогул КАКЧЕКЕЕВ ой бөлүшөт.

- Токтогул мырза, азыркы бийликтин, коомдук абалдын кризиси эмнеден башталды? Кыргызстан СССРдин курамында туруп, Москва кулактан чоюп бизди башкаларга теңеп, эгемендик алгандан кийин мамлекет башкарууда тажрыйбасы жок адамдар 70 жыл жыйылган элдин байлыгын өз билгендей чачып-тоношту. 18 жыл ичинде байлыгы өзүнө жетишерлик, эли билимдүү, ортодон жогору жашоосу бар өлкөнү чөгөлөтүп кетишти. Кыргыз деген эркин, хан көрбөгөн тоолук эл, эчкимге жемин жедирбей, жер-суусун коргоп келген дегенди тарыхчылар, санжырачылар көп айтышат. Элибиз ушундай болсо, анда мамлекетибиздин башкалардын көзүн карама, жетелеме саясаты кайдан чыкты?
- Кыргыз каганатынан бери 2200 жыл өттү дебатышпайбы, болсо болгондур. Кыргыз эли үзүм-үзүм болуп ар кайсы жакка тарап, толук чогулалбай, көп учурда кордук көрүп келген. Ушу нерсе адамдын акыл-эсине, жүрөгүнө так калтырса керек. Ошонүчүн колунда барларга кошомат кылып, колунда жокторду кордоо, туруксуздук күнүмдүк жашоо тартибине айланса керек. Элге бирди сүйлөп, эл жокто тескерисинче жасоо - бүгүнкү саясаттын жүзү. Мына, Акаев элин таштап качып кетти. Азыр Осмонакун Ибраимов "Акаевди алып келишибиз керек, анткени ал биздин биринчи президент болгон" дебатат. Ар кимдин көзкарашын сыйлоо керек. Бирок тиги адамдын Кыргызстанга кошкон салымы, ишинин натыйжасы кандай болду, ошого жараша баалаш керек. Акаев андай академик, кеменгер экен, жок дегенде акыл-оюнунун отуз пайызы кыргыз эли жөнүндө болсо, анда кетерде мен Казакстандан келген экем, казакмын дебейт эле да. Каркыраны казактарга берүү анын учурунда болгон. Азыр болгону чегара демаркация болуп атат. Бу жерде башында айтылгандай экижүздүү саясат, көчмөндүк сезим, колумда турганда бийлеймин, андан кийин эмне болсо ошо болсун деген мамиле турат. "Көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин" дейт кыргыз. Ушулардын бардыгы биригип, көзкаранды саясатты калыптандырса керек.
- Акаев дүйнөдөгү төрт илимпоздун бирөө, үйбүлөсү менен илим-билимге сугарылган дебатышпады беле...
- Өзү академик, аялы илим доктору. Аялы укса эле "Виртуозы Москвы" дегенди, Ван Клибернди, өзү "Князь Игорду" угушат. Тимеле шумдук! А кыргыз элине кылган арам иштеричи? Элдин тентигени Акаев учурунда башталган, мамлекеттик мүлктү уурдоо анын учурунда башталып, гүлдөгөн. Мындай иштерге даңгыр жол ачылган. Акаев эле жаман, Бакиевдин учуру жакшы дегим келбейт. Анткени, Курманбек Салиевич ошогезде премьер-министр болгон. "Менин колум байлануу, сөзүм шоопурума эле өтөт" деген шылтоону айтып чыккан. ЖК кабыл алган мыйзам боюнча өкмөт башчынын колунда абдан чоң бийлик, милдет бар. Иштөөгө мыйзамдуу жолу ачык. Мындан артык дагы кандай бийлик керек? Адам өзүнүн ишине кайдыгерлигин, батымсыздыгын, колунан иш келбей турганын жаап-жашыруу үчүн өзүнөн жогору тургандарга арызданып, "ушундай болуп калды" деген шылтоону айтат. Мисалы, президент, айталы, мектептерди, ооруканаларды кышында жылуулук менен камсыз кылгыла деп каражат бөлөт. Кышында жазгы талаа жумуштарына камдангыла деп дагы көрсөтмө берет. Бирок булар эчкачан аткарылбайт.
- Себеп?
- Себеби, мамлекеттик кызматкерлер өз кызматынан пайда көрөт. Ал өз ишин уруксаты бар бизнесмендей, элге колко кылып иштейт. Айталы, кышында күйүүчү май арзан кезинде эчким албайт. Анткени, чиновниктер май бергендер менен "мен сенден кымбат алам, мага момунча шапке бересиң" деп сүйлөшүп алышат. Булардын кызыкчылыгынын көшөгөсү аркасында байкуш эл, бечара ижарачылар талаада калат. Чыңгышев премьер болуп турганда "аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт" дебатса, анткор президент Акаев Манастын арбагын коррупцияга каршы алачуркабады беле. Өзү, күйөө баласы, балдыздары, бажалары уурулукка белчеден батып, элди тоноп атышканын эң сонун билип туруп ушуну айтып атпайбы. Мына, прокуратура миллиондон ашык долларга баласы атасына эки машине сатып бергенин айтып чыкты.
- Мамлекеттин эсебиненби?
- Жок, өз акчасынан. Баласы болгону финансы министринин кеңешчиси болуп иштеген. Ал ошол учурда он миң, мейли, отуз миң сом айлык алсын, бирок мынча акчага миллион долларлык машине алууга мүмкүн эмес да. Ошо белекти алып аткан атасы деле бирооз "ай, балам, мынча акчаны кайдан алдың?" деп сураш керек эле да. Сураган да эмес, сурабайт да. Анткени, ал баласынын кандай иштерди кылып, акчаны кайдан "саап" атканын билет. Бизде мыйзам чегинде парламент, өкмөт, сот бийликтери бар. Бирок алардан да жогору үйбүлө бийлиги, кызыкчылыгы бар. Мына ошо үйбүлөгө кызмат кылып, байлыгын топтоп берген адамдар министр болушат, администрацияда иштешет, депутат болушат. Анткени, булардын бийликке келгендеги негизги максаты - ажонун курсагын тойгузуп, эсебине акча салып, анын үйбүлөлүк кызыкчылыгын коргогону мамлекеттин ишинен бийик турат. Ал бийликтен бийликке мурас катары калыптанууда. Акаев доорунда анын энергетика боюнча билермандары электр энергиясын жоготууну 64 пайызга чейин жеткирип, өзара эсептешүү дегендин арты менен акчаны эң жөнөкөй жол менен таап келишкен. Чын-чынына келгенде, так иштебегендик, ишти билбегендик уурулукка алып келет. Бийликке наадандар келгенде бийлик ирип-чирип, тармактар өлөт, болгону жеке кызыкчылыгы калат. Ошонүчүн мамлекеттик кызматкерлер жеке адамдарга кызмат кылышып, анысын элге колко кылып, андан өздөрү пайда көрүшүп, ушу күнгө келдик.
(Уландысы кийинки санда)
Аскер САКЫБАЕВА




"Андаш Майнинг Компани"
иши илгерилейт
Кыргыз өкмөтүнүн эксперттик комиссиясы тарабынан Талас жергесиндеги жез-алтын өндүрүү боюнча "Андаш Майнинг Компани" долбоору жактырылды. Мындай чечим Мамлекеттик экологиялык экспертиза тарабынан берилген баа, комиссиянын өздүк адистеринин корутундусу, ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү зарылчылыгы эске алынып кабылданды.
Аталган эксперттик комиссия Кыргызстан премьер-министринин тапшырмасы менен түзүлгөн. Өкмөт башчысы жергиликтүү калк арасында пайда болгон ар кыл соболдорго адистер жооп тапсын деп эсептеген. Министрлер кабинетиндегилер Талас тургундарына Андаш кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздук менен бирге анык кырдаалды түшүндүрүү зарыл деп болжошкон.
Долбоорду талкуулоого Өкмөт үйүндө жыйын өткөрүлгөн. Анда КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Арстанбек Давлеткелдиев, ушул эле тармактын мамлекеттик экологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Таисия Неронова катышып олтурду. Ал эми долбоорду изилдеген эксперттик комиссиянын курамына Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы К.Норузбаев, ушул мекеменин ошол эле бөлүм адиси Р.Калыгулова, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Талас аймактык башкармалыгын жетекчиси Э.Умаралиев, Чүй-Бишкек ТУООС көзөмөл-инспекция кызматынын башчысы М.Абдуллаев, Өзгөчө кырдаал министрлигинин алдындагы Мамтоотехкөзөмөлдүн көмүр өндүрүшү жана геологиялык чалгындоодогу көзөмөл бөлүм башчысы Ч.Татыгулова, өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар мамагенттигинин тоокен өнөржай жана чалгындоо техника башкармалыгынын жетекчиси Ы.Сманалиев, Улуттук академиянын Физика жана тоо түрлөрүнүн механика институт директорунун кеңешчиси И.Айтматов, УИА ИФМГП директору К.Кожогулов, УА ИФМГП жаратылыш жана техногендик катастрофалар лабораториясынын ага илимий кызматкери С.Барсанаев, Тоокенөнөржай жана геологдор ассоциациясынын башкармалык төрагасы О.Дүйшеев, "Көзкарандысыз экологиялык экспертиза" коомдук бирикмесинин төрагасы О.Печенюк кирген. Ал эми комиссияга Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба директорунун орунбасары А.Бурханов жетекчилик кылды.
Жыйында белгиленгендей, башта эле Андаш кенин иштетүү боюнча техникалык экономикалык негиздемелери бардык тийиштүү мамлекеттик структуралар менен макулдашылган. Ишкана зарыл болгон бардык эксперттик корутундуларды алган. Бирок, пульпопровод аркылуу иштелген кенди алып өтүүдө мүмкүн болгон кесепеттеринен чочулаган жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан соң, компания техникалык долбоорун өзгөртүп чыккан. Бүгүн, жыйында анык болгондой, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, өкмөт алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктер тарабынан долбоор өзүнө эч кандай доомат чакырган жок. Мындай доомат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамтоотехкөзөмөлдө да болбоду. Бирок, комиссиянын айрым мүчөлөрү Андаш кенин иштетүүдө гидрогеологиялык коопсуздугу боюнча маселени карап чыгуу зарылдыгын белгилешти. Жардырууларда кенге жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугу да жыйында көз жаздымда калбады. Айрым тургундар кендин иштеши аларга чыгым алып келеринен чочулап келишет. Бирок, Кыргызстан УИАнын физика жана тоо түрлөрүнүн механика институту кенди иштетүүдөгү жардыруулардан эч кандай зыян тартпай тургандыгын белгилөөдө. Жакын жайгашкан үйлөргө жардыруулардан зыян таасирдин жок экендигине атайын адистештирилген уюмдардын корутундулары да күбө. Ансыз да "Андаш Майнинг Компани" айылдыктардын коопсуздугунун кепилдиги үчүн бир катар чараларды көрүүнү пландаган.
Жолугушуунун катышуучулары "Андаш Майнинг Компаниге" долбоор аягына чыгып калганда аталган эксперттик комиссиянын мүчөлөрүн чакыруу менен бирге Талас жергесинде анын бет ачар аземин өткөрүү сунушташты. Ошондой эле ишкана тийиштүү мекемелер жана коомдук уюмдарга Андаш кенинин гидрогеологиялык коопсуздук боюнча бардык кошумча документтерди көрсөтүүгө милдеттендирилди. Өкмөттөгүлөр ошондой эле башта пландалгандай компания ишти жергиликтүү кадрларды даярдоодон баштоону туура көрүшүүдө. Министрлер кабинети аталган жез-алтын кен ишин илгерилетүү керек деген ойдо. Ошол себептен, бул максатта өкмөттө белгилешкендей, тийиштүү мамагенттиктерде жана мекемелерде "Андаш Майнинг Компани" сунуштаган долбоорду экспертиза жүргүзүүнү тездетүү оң. Алгач, Андаш долбоору боюнча чечимди парламенттин отун-энергетика комплекси жана жерди пайдалануу комитети кабыл алган. Бардык маалымат менен таанышып чыккан соң комитет облустук жана райондук жетекчилик тарабынан калк арасында аталган кендин район, ал гана эмес жалпы өлкө экономикасы үчүн мааниси кандай экендиги терең түшүндүрүлбөгөндүктөн, калктын чочулоосу күчөгөнүн белгилеген. Парламентарийлердин пикиринде, элге түшүндүрүү иштерин ишкана өзү да уюштурууга, ошондой эле кенди иштетүүдө өндүрүштүн айлана-чөйрөгө зыяндуулугун мүмкүн болушунча төмөндөтүүгө жана аталган аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга колдоо көрсөтүүгө тийиш.
"Андаш Майнинг Компани" Кенди иштетүүдө органикалык реагенттерди колдонуу менен флотациялоонун коопсуз техногологиясын пайдалануу ниетинде.

Мээрим АКЫЛБЕКОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan