Коомдук-саясый гезит
№31, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Улут көчү

Эл толкуйт, эл күтөт, жаш бөбөкчө үмүттөнө…
Кыргыздар Орусиянын курамына киргенге чейин кандай доордо, шарттарда жашап турганы тарыхтан маалым. Илгерки эле феодализмде турганбыз. Уруу-урук болуп бөлүнө, анан бир нече уруктун эли уруу башына биригип, бирөөнү хан шайлап, коңшу уруулар менен алака түзүп же урушуп-согушуп, биринин кишисин бири барымтага алып, малын чаап…
Мамлекет деген эбак урап жок болгон эле, ошол 1800-жылдардын башында. Түндүктү Ормон менен Жантайдын тукумдары башкарып, түштүктө Алымбек датка менен Курманжан датка бийлеп, бирок, биригип, Кокон хандыгына тете жаңы кыргыз мамлекети түптөлө элек. Өз ара чабышып, бири-бирине өчүгүшүп, тыңчыкмаларын жалпайта чаап… А балким, ошондо эле азыркы демократиянын үрөнү байлап, карапайым эл журтбашчыларына илгеркидей кыңк этпестен баш ийбей калгандыр. Ошондо заманачы-акындар элдин, улуттун түрүн көрүп, алдыртан байкап, бекеринен түтөбөгөндүр, "акыр заман келатат", "акыр заман кишиси андай болот, мындай болот" дешип. Бүгүн байкасаң, азыркылардын, өзгөчө жаштардын кейпи, кылган иши, ашкере айбанданган зөөкүрдүгү дал ошол заманачылар мындан эки кылым мурда көрүп койгон акыр заман кишилеринин эле өзү болуп баратышат.
Мамлекеттин азыркы абалы, элдин түрүнөн улам бүгүн ошол "акыр заман" келип калганбы деген ойго аргасыз кетесиң. Бүгүн эл боштондук алаарын алып, андан ары эмне кыларын билбей бараткандай. Бир нерсе кылалы, туура багыт алалы дешсе, журт башкаргандардын кейпи, кылганы тиги. Жалаң акча менен байлыктын арааны жүрүп калды. Андан башканы кеп кылуу да кызыксыз болуп баратат. Жаш балдардын кебин тыңшагылачы, алардын эмнени айтып, эмнени көксөөрүн. Ушуну байкаган саясат иликтөөчү Нур Оморов улуту уйгур болсо да кыргызга күйүп, "жакынкы жылдарда ыраматылык СССР кыйрагандан кийин туулуп-өскөн, ошол кыйроодон кийинки жапайы боштондуктун ачуу даамын татып, бүт өзүнө сиңирип алган муун бойго жетет, ошондо көргүлүктү көрөбүз" деп атпайбы. Бир чети, көргүлүктү көрө баштадык го. Жасалган кылмыштар тууралуу Ички иштер министрл игинин төбө чачты тик тургузган маалыматын окугулачы. Ушундай кылмыш-кылыктарга мурдагылар, барчу беле?
Саясат таанууда ар бир көрүнүштүн, окуянын, фактынын экинчи жагы болот деген айныгыс түшүнүк бар. Ошол түшүнүктөн алганда, бүгүн кыргыз коомунда акыр замандын башаламаны сыяктанган окуя-көрүнүштөрдүн дагы бир жагы болуп турат. Атап айтканда, канчалык кейип-кепчибейли, каңырыгыбыз түтөбөсүн, атургай ИИМдин маалыматтарындагы үрөйдү учурган кылмыштар да чындыгында карапайым элдин, азыркы жаш муундун аң-сезиминде түпкү бурулуштар болуп жатканын көрсөтөт. Ал эмне болгон бурулуш дээрсиңер. Аны да чечмелеп берели. Эл, дегеле коомчулук туңгуюкка кептелип, кандайдыр бир жаңылыкка умтулуп, мурдагыдан таптакыр башкача жашоону, өнүгүп-өөрчүгөн мамлекеттердей болбосо да, ошолорго жакындоону, жакшылыкты көздөгөн жаркын ой-тилектер ишке ашса, жетекчилер адал, адилет болсо, бизди туура багыттап турушса деп көксөйт. Атаганат, ушуну билип-туюшса да, оозу менен орок оргондон башкага дарамети да, көөнү да жок журтбашылар, аким-көкүмдөр элдин көксөсүн суутуп жатышпайбы! Кайда барсаң - бийлик талаш, байлык топтомой, кыскасы, Мамайдын көрү болуп турганда, мурда капитализмди баштан кечирбей, мындайча айтканда, байлыкты, менчикти колуна кармап көрбөй туруп эле кечээки уруу-урук доорунан социализмдин теңчилигине секирип өтүп, эми кайра капитализмдин ырайымсыз катаал мыйзамдарына туш келген, бирок, аң-сезими, үрп-адаты ошол уруу-урук бойдон феодализмде кала берген карапайым кыргыз башка эмне кылмак эле? Баса, карапайым элден мурда атургай аттуу-баштуу, илим-билимдүү, заманбап ойлоп-иштейт деген көптөгөн инсандардын иш кеңселеринен байыркы жер-сууга, тоо-ташка сыйынган, айбанаттарды пир туткан тотемизм буюмдарын, атап айтканда - сака-чүкө, керней-сурнай, комуз, чоор, камчы, кийиз-шырдак, дагы ушу сыяктуу бир далай буюм-тайымдарды көрүп эле жүрөбүз го. Бул эмнени билдирет? Дал биздин, тагыраак айтканда, ошол кеңседе кийиз-шырдакка оронуп-чулганып, элик сакаларды өкчөп коюп отурган аткаминерлердин аң-сезим деңгээлин билдирет. Анан кайдагы жаңылануу болмок эле?
Кыскасы, Батыштан алынып келинген Акаевдин демократиясы кыргызга эртелик кылат окшойт. Ага акырындык менен өтүш керек эле, элди тентитпей, чарбаны бүлүнтпөй, карапайым эл болсо Ысыккөлдөй бирде толкуп, бирде тынч. Өз арбайын өзү согуп, улам бийликке келген аткаминерди элейе карап, жаш бөбөкчө баео тиктейт, ага үмүт байлайт. Качан бизди бул туңгуюуктан алып чагат, качан жашообузду оңдойт, качан келечегибизге жол ачат деп…
(Уландысы бар)
Садырбек ЧЕРИКОВ




  Куйрук пайдасы курусун

Ирина КАРАМУШКИНА, ЖК депутаты:
"Сойкулуктун өсүшүнө мамлекеттик чиновниктер да күнөөлүү"

"Сойкулукту мыйзамдаштырган кээ бир өлкөлөр сексиндустриядан жылына 20 млрд. долларга чейин киреше алат экен, биз дагы муну легалдаштыруубуз керек" деп "Ак жол" фракциясынын депутаты Галина Куликова айткандан бери коомчулук чочуп калды. Анткени, "ак жолчу" депутаттар кайсы маселе көтөрүшсө эле палатада кабыл алынып жатат. Биз бул боюнча башка депутаттардын оюн билүү максатында СДПК фракциясынын депутаты Ирина КАРАМУШКИНАга кайрылдык.

- Коллегаңыз Галина Куликова сойкулукту мыйзамдаштыруу боюнча билдирүү жасап, мындан өлкө казынасына ири өлчөмдөгү киреше түшүп турарын айтты. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
- Негизинен сойкулукту көп өлкөлөр легалдаштырган. Айрыкча бул Батыш Европада өнүгүп, жакшы жолго коюлган. Бир катар Азия өлкөлөрүндө да бар. Бирок мен Кыргызстанда төрөлүп, Ортазия элдеринин салт-санаасын жакшы билгендиктен, сойкулукту мыйзамдаштырууга каршымын. Биздин кылымдардан келаткан үрп-адаттарыбызда кыздарды тарбиялоо өзгөчө орунга коюлган. Эгер сойкулукту мыйзамдаштырсак, алардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн. Анткени, жаштардын аң-сезими азыр такыр башка. Алар муну кесип катары көрүп, сойку болсоң көп акча табасың деген ойго азгырылып, ушул жолго түшүп кетиши ыктымал. Анткени аны коргогон мыйзам бар. Эгер ушундай болсо, канчалаган тагдырлар ойрон болгонун элестете бериңиз.
- Мыйзам жол бербеген күндө да сойкулук менен алектенгендер көбөйүп кетпедиби?
- Сойкулуктун болушу мыйзам-ченемдүү көрүнүш. Акыркы убакта биздин өлкөнүн кадыр-баркы мактанарлык деңгээлде эмес. Эгер сойкулукту мыйзамдаштырсак, огобетер ылдыйлайт. Ошондуктан биз сойкуларга жол ачып берүүнүн ордуна, тескерисинче, кыздарды ал жолдон сактоо үчүн жумушчу орундарды түзүп, аларга камкордук көрүп, астейдил көңүл бурганыбыз оң. Негизинен бардык эле кыздар сойку болууну каалабайт. Аларды бул жолго акча түртүп жатат. Анүстүнө денесин саткандардын 90 пайызы айыл жеринен келгендер. Эң өкүнүчтүүсү - өтө жаш, балакатка жетип-жетелек кыздардын сойку болгону. Биз азыртадан жаштарга көңүл бурбасак, кийинки муунду жоготуп алышыбыз мүмкүн.
- Көптөгөн мамлекеттерде сойкулукту ооздуктаган мыйзамдар бар. Ал тажрыйбаны биздин өлкөдө колдонууга неге болбосун?
- Сойкулуктун гүлдөп өсүшүнө бир эле аялдар күнөөлүү эмес. Ычкыры бош эркектер да күнөөлүү. Чоң кызматтарды аркалашып, сүйлөгөндө сопу болуп көрүнүшөт да, кызындай кыздар менен сауналарда көңүл ачышат. Же саясаттан, бизнестен чарчаган болуп, сойкуларды бир түнгө пулдап, шаардын чет жакасына чыгып кетишет. Ар бир көңүл ачкан эркектин аялы, кызы, балдары бар. Андыктан, ошолордун көңүл ачып кетишинен кудай сактасын.
Чынында мамлекеттик кызматкерлерди аялынын көзүнө чөп салуудан коргогон мыйзам кабыл алуу зарыл болуп турат. Мисалы, башка өлкөлөрдө мамлекеттик кызматка олтуруп жатып, илгери кандай күнөө, катачылыктарды кетирсе, ошонун баарын жарыя айтып кечирим сурап, экинчи кайталабаганга ант беришет экен. Ал эми биздин чиновниктердин моралдык жактан кандай күнөөлөрдү жасап жүргөнүн бир өздөрү, бир Кудай билет. Сауна ж.б. көңүл ачуучу жайларда чардап эле жүрүшпөйбү. Мен ушундай мыйзамды палатага сунуштайын деген ниетим бар. Себеби, бир күнгө сойку сатып алган чиновник эл тагдырына күйүп деле жарытпайт. Ал өтө оор жаза алууга тийиш. Ал эми биздегилерди бул айып менен кызматтан да түшүрө албайсың.
Келдибек НАЗИРОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan