![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №31, 29.04.08-ж. |
Меймансап Форум Мезгилсиз мемуар Академик Нарбеков: "Бейиш" кантип кейишке айланды? (Уландысы. Башы өткөн санда) Алкымдан азап - Япондор назарына илинген ошо Кочкордогу Чоң Туз санаторийин бирөөлөр приватташтырып кетти сыяктанат. Анын андан наркы тагдыры эмне болду? - Чоң Тузду сурасаң, ал жана мен айткандай күжүлдөп иштей баштаганда бийликтин айрым күркүлдөрү ал жерде туз эмейле кызылдай валюта казылып атат деп ойлоду сыяктанат, көз арта баштады. Абалы ал кездеги Нарын губернатору Кемел Ашыралиев облуска алам деп аракет жасады. Агезде Акаев менен ысык болчу. Андан эптеп куткарып калдык. Кийин өкмөт башына Чынгышев келди. Ал андагы саламаттык сактоо министри Касиев менен дос экен, Нарын облусуна алып берди. Иштете албай коюшту. Эки жыл таланып-тонолуп, аңгырап бош турду. Андан кийин Байтереков деген мыкты жигит бар экен, ошол менчиктештирип алыптыр. Бирок анын артында нарындык күркүлдөр турат дешти. - Азыркы абалы кандай? Кабарыңыз барбы? - 1-2 жолу атайын барып көрдүм. Жамандагандык эмес, эми аман эле болсун. Бержагына жаңы бирдеме курумуш этиптир. Андан башка эчнерсе жок. Бир киши бар экен. Бул эми клерктердин, кыргызча айтканда, кеңсенин майда кызматкерлеринин колунан келе турган иш эмес да. Эмне үчүн илимий изилдөө, табылга, инновация, инвестиция деп какшап атабыз? Инвестиция жалаң эле жаратылыш байлыгына эмес, илимий бекемделген инновация идеяларына келет. Япон адистерин ынандырган ошол. Мактаныч катары сезилсе, калк калыс болор, артында күпүлдөгөн эң миң күркүл турганы менен Байтереков академик Нарбеков эмес. - Интеллект менен личнос ть чоң роль ойнойт деңизчи? - Албетте. "Бейиш" ошонусу менен оозго алынып, медицина дүйнөсүнүн көңүлүн бурган. Бирок мындай да жагдай бар. Влерий Вольвич деген өзү медик эмес, Түптөгү кайсы бир ишканада электрик болуп иштейт экен. Чөптүн касиетин жакшы билет, андан дары жасап, айыл элин айыктырып жүрөт деп уктум. Ага атайын барып, жүрүңүз биздин борборго, чогуу иштешели десем, ишенбейт. Менин билгенимди үйрөнүп алышат да, айдап жиберет деп ойлойт экен. Канча дарың бар десем, беш дарым бар дейт. Ал дарыларың кайсы чөптөн кантип жасалар сырын ачпай эле кой, тек, ал дарыларың кайсы ооруга, кандай шартта даба, илимий кеңешке көргөз, далилде. Аның бирдеңкеге жараса, эчким талашпайт, өзүңкү эле болот, иштей бересиң деп араң көндүрүп апкелгем. Илимий кеңешке салдык, эксперименттин бардык түрүнөн өткөрдүк, уруксат алып бердик. Ал азыр республикага эле эмес, башка жактарга да белгилүү дарыгер. Ракты да дарылап атат. - Ракты? Ал киши азыр деле "Бейиштеби"? - Жок, өзүнчө "Вольвичтин медициналык борбору" деген дарылануучу жай ачып кеткен. Жибек жолу менен Совет көчөсүнүн кесилишинде. Рак демекчи, ал экөөбүз рак оорусун дарылар "Онколан", "Аллантонол", "Феррогал" деген фармстатья чыгарганбыз. Ал коңшу республикаларда, асыресе Казакстанда кеңири колдонулуп атат. Биздин онкология институту дагы пайдалана баштады. - Ракты дарылап атканыңыздарга республика жетекчилиги көңүл бурган жокпу? - Көңүл бурбаганы үчүн дарыларды массалык түрдө чыгаралбай атпайбызбы. Болбосо кардарлар көп. Чехия менен 2006-жылы түзүлгөн келишим мына. Жалгыз эле тигил үчөө эмес, Нарбековдун андан башка дагы ондон ашуун дарысына. Жалпы баасы 3 млн АКШ доллары. Келишимде андан башка дагы дарыларды Европа шериктештигиндеги мамлекеттерге жайылтуу маселеси каралган. Ал препараттарга кызыгып, Түркия телевидениесинен келиптир. Мен Астанада элем. А кездеги Саламаттык сактоо министри Ниязовго киришсе, бизде андай альтернативдүү медицина жок дептир. Дагы бир жетекчилерге кирсе, саясатты айтса керек. Кыскасы мени чакыртып келишти. Ысыккөл, Аларчаны, Воронцовкадагы курортология институтун ж.б. айтор Кыргызстанда элдик медицинанын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, мурда эле 3-4 документалдык киносун тарттырып койдум эле, аларды бергем. Алар биржарым сааттык телефильм жасаптыр. Телефильм Түркияда, Израилде, Сауд Арабиясында көрсөтүлүптүр. Быйыл Лондонго көрсөтүп келишти. Ошентип Кыргызстан жөнүндө ондогон миллион адам маалымат алып атыр. Бу да болсо республика кадыр-баркын көтөрүүгө кошумча. Анан мага чалышат, тигил же бу дарыны сурап. Алардын жана бир катар КМШ өлкөлөрүнүн суроо-талаптарын аткарууга биздин колдо база жоктугун жогоруда айттым. Таянганыбыз жалгыз "Бейиш" эле да... - "Бейиш" банкрот болду деп жатышпайбы? - Ошентет. Бул талап-тоноонун, арзан менчиктештирип кетүүнүн ыңгайлуу жолу экендигин 10-15 жылдык тажрыйба көрсөтпөдүбү. Канча завод, фабрика приватташтырылды же менчиктин башка түрүнө өттү. Бири өз профилин улантып иштедиби. Базарга, соода борборлоруна айланып тынды. Кыязы, муну да ошентип аласалдыргысы келгендер арбын окшойт. Көздөрү эмне үчүн кызарып атканы да түшүнүктүү: имарат эски болгону менен кенен, мыкты, чок борборго жайгашкан. Эми президент администрациясы карамагына өткөрөбүз деп жатышыптыр. Ушунун өзү нонсенс да. Илимий мекемени президент администрациясындагы кайсы илимпоз башкарат? Эң негизгиси, ага "Бейиштин" азыркы гендеректири Алмаз Календеров менен орунбасары Бекмурза Исмаилов өтө кызыкдар экен. Атүгүл мекеменин атындагы "илимий" дегенди алып салып, "өндүрүштүк" дегенин эле калтыралы деген демилгеси бар имиш. Анткени илимин алып салса, менчиктештиргенге жеңил. Биздин билишибизче, анын албан себептери бар. Рынок шартында маселенин өзөгү өндүрүштө да. Борбор дары-дармек чыгарып, аны сатып, ошонун эсебинен жашабаса, жалаң дарылоо менен өзүн-өзү багалбайт. Тилекке каршы кийинки төрт жылда өндүрүш да өчкөн, илим дагы өлгөн. Ачылыш, табылганы мындай кой, бир дары чыкпаса өчкөн эмей эмне, ошондон бери бир илимий макала, изилдөөлөр жарыяланбаса, өлгөн эмей эмне? Адис врачтардын көпчүлүгүн айдап чыгып, базардагы көзү ачык, табып төлгөчүлөрдү отургузуп койгон. Бүт кабинеттер, анын ичинен олуттуу лаборатория жайгашкан бөлмөлөр арендага берилген. Айрым кызматкерлердин айтуусунда аренда акысы жазуу жүзүндө башкача эсептелип, иш жүзүндө начальниктердин чөнтөгүнө башкача түшөт. Майда, бирок жыйынтыгын элестетүү үчүн маанилүү: гендеректир, а аныбыз мурдагы Саламаттык сактоо министри Бекмурза Исмаилов күнүнө жарым эле саатка кызматка келет. Калган убакта кайда жүргөнү белгисиз. Бирок 8 саатка айлык алат, отпускага чыгат, бир илимий методика же отчет алып келбесе да, илимий командировкага барат ж.б. Жаңы кызматка келгени илимий конференция, талкууларды мындай кой, бир дагы жолу коллектив менен жыйналыш өткөргөн жок дешет. Ушул сыяктуу жагдайларды, финансы жаатындагы шектүү фактыларды текшергиле деп коллектив министрликке көп ирет кат жазыптыр, бирок бир дагы реакция болбоптур. Эсеп палатасынан аудит чакырышыптыр. Ал келип-келелекте эле кайра чакыртып кетишти дейт. Мен жаным кашайгандан министрликке кирип, "бир компотенттүү комиссия түзгүлө, ичинде юрист, экономист, дарылоо, финансы аудиттери болсун, өндүрүшүн текшерсин" деп көжөлсөм, 7 кишиден турган комиссия жиберди. Алардын үчөөнүн справкасы менен тааныштым, эң начар деген жыйынтык чыгарышыптыр. Анан финансы-чарбалык иштерин текшере баштаганда эле эмнегедир жаңы келген министр токтотуп койду. Улам-улам эскертсек, ана-мына менен ушул убакка чейин эчнерсе жасаган жок. - Кечиресиз, Бекмурза Исмаилов азыр орунбасар гендеректир эмеспи. - Аны мурдагы министр Туйгуналы Абдраимов жайлап кетти. Биринчи орунбасары М.Каратаев борборду өзү башында туруп текшертип, Б.Исмаиловдун бүт быкыйын сыртка алып чыгарда, Абдраимов өзүнүн дагы бир орунбасары А.Календеровду гендеректир дайындап, Б.Исмаиловду анын орунбасары кылып атпайбы. Экөө тең эми ошол быкыйыбыз чукулбасын деп президент администрациясына өтөбүз деп чуркап жүрүшөт да. - Борборду сиз сызга отургузуп кеткен дешет го?.. - Ошентип 1 жыл куугун-сүргүн кылып, түрмөгө да отургузушту. А чындыгында иштин жөнү мындай. Өзүң билесиң, "Бейиш" чындыгында гүлдөгөн мекеме болчу. 1017 киши иштеп, бардыгы чарбалык эсепте, өзүн өзү каржылап, мамлекет салыгын үзбөй төлөп турчу. Биздин дарыларды негизинен Россия, Украина, Белорусия алчу. Элестетип көр, бир жолу чыгарган дарыбыз эле 19 млн.рублге бааланып, Россияга кетчү. Адистерибиз да мыкты эле, жана мен айткан Вольвичтен башкасы бүт жогорку билимдүү. Ошол баарыбыздын күчүбүз менен 100гө жакын дары-дармек чыгып калган. Ондон ашуун фармстатьяга ээ болгонбуз. Европа өнүккөн мамлекеттеринде бир фармстатьяга 300 миң доллар төлөйт. А бизге кайдан? Мал чарбасына, мисалы, котурга да дары чыгарып жибергенбиз. Мамлекеттен бир тыйын албай, кайра мамлекетке жардам берип аттык. Мисалы, саламаттык сактоо министрлигинин көптөгөн иш-чаралары биздин эсептен жүрчү. Кыргызстандын Өзбекстанга газ боюнча карызын жабуу үчүн миллиондогон долларлык дары-дармектерди бердик өнөржай министрлигине. Республика боюнча канча кайрымдуулук жасадык. Айтор санап отурбайын, эгемендик келип, экономикалык байланыштар үзүлгөнү биздин дарыларды сыртка чыгарыш кыйын да, кымбат да болуп калды. Ошол кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн өнөктөштөргө кайрылууга туура келди. Москвадагы достордон 250 миң долларга, Грециядагы достордон 200 миң долларга товар алып, бужерден өнөктөштөр мүлкүн күрөөгө коюп 1 млндон ашуун доллар берип дегендей, өткөөл учурдан эптеп чыгып баратканбыз. Бизди айыптаганы Канттын соцфондунан 9 млн.сомго шифер алып, аны өз убагында төлөй албай калдык. Ошого кылмыш ишин ачып... - Жогор жактын көрсөтмөсү менен го... - Албетте, болбосо, 100 миллиондоп жеген депутаттар деле кутулуп кетпедиби. Башпрокурор Шаршеналиев ар сессияда жалдырап турчу эле го: "ай, айланайындар, төлөп койсоңор" деп. Алардын алдында 9 млн эмне? Биз мамлекетке канча миллиондогон киреше киргиздик? Биз жасаган иштердин баары миллиарддаган акча болчу. Илимди барктабайт деген ошо да. Мына, Армения окумуштуулары акула кемирчегинен дары чыгарыптыр ракка деп. Ошону республика прокуратурасы каржылаптыр. А бизде тескерисинче: куу кекиртегине куйган деле бир тең, эл камына жумшаган деле бир тең. Ошентип мени сындырууга, медицина илими менен практикасынан четтетүүгө аракет жасашты. Бирок мен сынган жокмун, таптаза акталдым. Ошол мекемелерден алынган карыздардын жарым-жартылайы жүрөт да "Бейиштин" мойнунда. Ооба, борбор банкрот сыягында. Банкрот болбош үчүн иштетиш керек болчу. Булар 4-5 жылдан бери иштете албай койду. Мен азыркы бийликке кат жазып, оозеки айтып, конкреттүү сунуш, эсеп-кысабы менен чыгып атам. Мындай дарылар чыгат, баасы мындай болот, Чехиядан, Казакстандан мындай инвесторлор келет, биздин дарыларга АКШ, Израиль, Түркиянын айрым институттары кызыгып иштешели деп атат ж.б. Ошентип карыздан кутулуп, мамлекетке да киреше түшүрөлү. Бирок жооп жок. Саламаттык сактоо министрлигинде 2 жылдан бери, өкмөт менен президент админстрациясында 1 жылдан бери жатат. "Бейишти" алса, ушулардын баарын, карыздары менен кошо алсын деп жатам. Жо-ок, карызды алгысы келбейт экен. Кишилери да эмес, имараты эле керек өңдөнөт. Бирок келишимге "төлөп берем" деп мен кол койгом да. Сотко бериптир, райсоттун чечими да кызык: администрация начар иштегендиктен, финансы тартибин бузуу бардыгына байланыштуу жетекчилик президент администрация карамагына өткөрүлсүн! Бирок эчким эскертүү да албасын, карызды ким төлөсө, ошо төлөсүн. Логика ошондой болуп атпайбы. - Бизде көп учурда логиканы сыйпалап табыш кыйын. Айтыңызчы буга чейин кайда, эмне иштеп аттыңыз? - 1997-жылы КМШ эларалык фитоборборун түзгөнбүз. КМШ ортосундагы элдик медицина алака-катышын чыңайлы деп. Максат бардык мамлекеттердеги ага тиешеси бар окумуштуулар, адистер, ишкана, мекемелердин башын бириктирип, дүйнөлүк деңгээлде дары-дармек чыгаруу. Министрликтер кеңешмесинде кабыл алынган ал чечим. Президенти менмин. Ошол мекеме аркылуу 2004-жылдан бери Казакстанда иштеп келдим. Жүздөгөн, миңдеген кишилерди дарыладым, биртоп жаңы дарыларды жасадым, ийгилик жаман эмес, сынмак түгүл, майышкан да жокмун. - Ылайым ошондой болсун, маегиңизге ыракмат. Алым ТОКТОМУШЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|