Коомдук-саясый гезит
№31, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум




 ...же даңкталып жыйынга барбай, же орден албай

Акын Абдылда БЕЛЕКОВ:
"Эмнегедир мектепке деректир болгум келди"
Акын Абдылда Белеков быйыл 80 жашка чыгыптыр. Анын калеминен жаралган "Чолпонбай", "Кожомкул", "Бүркүт шаңшыйт", "Эр Тайлак", ж.б. элге кеңири сиңген поэмалары бар. Бир нече китептердин автору. Редакциябызга башбаккан акын агайыбыздын мааракеси менен куттуктап, маекке тарттык.

- Эл оозунда "Ак булутту аралап ай баратат" деп ырдалып жүргөн ырыңызды канча жашыңызда жаздыңыз эле? Бул ыр бирөөгө арналып жазылды беле же?..
- Мен ал ырды Кемел деген балам төрөлгөн кезде жазгам. Түн ичинде баламды көтөрүп турсам, асманда ай тийип туруптур. Жаш кезде кат жазып жүргөн кыздар эсиме түшүп, ошолорго арнап жазсам керек эле. Кийинчерек Нуркан Турсунбаев менин ушул ырымды гезиттен көрүп, обон чыгарып карындашыма бергем дейт. Таттыбүбү Турсунбаева биринчи ырдап чыкты деп айтып жүрүшөт.
- Ырыңыз ырдалганда автору сиз экенин билишчү беле?
- Бир жолу кеминдик акын Сулайман Маймулов ыр альманах чыгарыптыр. Ошол "Ак куу болуп асманда ай баратат" деген ырымды китепке кошуп, авторун Жалил Садыков деп коюптур. А Жалил Садыков болсо менден уялып жүрөт. Бир күнү Сулайман Маймуловго капысынан кезигип калып, ага эмне үчүн менин ырымдын автору Жалил Садыковдуку деп жазасың десем, ал буйтактатып жакшы жооп бере албай койду. Андан кийин дагы бир жолдошум айтат, "КТР- Обо" гезитине Жылдыз деген журналист жазыптыр дейт, "Аккуу болуп асманда ай баратат" деген ырдын автору да, обону да Нуркан Турсунбаевдики деп. Анан ал редакцияга телефон чалса, ошол Жылдыз өзү алыптыр. Бул ыр Абдылда Белеков деген акындын ыры болчу, эмнеге туура эмес жаздыңар эле, редакторуңарга айтайын, автордон кечирим сурасын дептир. Анда Жылдыз "редакторго айтпай эле коюңузчу, мен өзүм эле бери жактан оңдоюн" деп коюптур. Ошол бойдон аны деле териштирген жокмун.
- Азыр пенсиядасыз да, кандай кызматтарда иштедиңиз?
- Мектепти аяктаганда Нарынга Калмамбет деген артист агаларыбыздын үйүнө барып калгам. Ал "28 баатырды" Манастын обонуна салып ырдачу. Ошол жактан беш айлык мугалимдик курсту бүтүрүп, Атбашынын Талдысуу деген жеринде жети жылдык мектепке адабияттан сабак берип, мугалим болдум. Кийинки жаңы окуу жылы башталганда ошол райондогу Терексуу айылындагы 9 жылдык мектепке завуч болуп иштеп калдым. Андан кийин кышкы каникулда Нарынга кайра келип, эмнегедир мектеп директору болгум келди. Калмамбет агабыздын кызын Көкөев деген жакшы кызматта иштеген жигит алыптыр. Бир күнү Көкөевдикинде чай ичип отурсак, ал "эмне жумуштап келип калдыңыз" деп сурап калды. "Директор болоюн деп келдим" десем, чай куюп аткан карындашым күлүп жиберди. Кийин ал карындашымдан эмнеге күлдүң эле деп сурасам, "орто мектептен начар окусаң, тентек болсоң, кантип директор болом дедиң" дейт. Чынында кичинекей кезимде аябай тентек болчумун. Ошондон кийин Шоро деген айылда толук эмес орто мектеп бар экен, ошол жерге директор болуп иштедим. Согуш бүткөн жылдары биринчи жолу Сталинге арнап саясый ыр жаздым. Ага чейин майда-барат эле бирөөлөрдү тамашалаган ырларды жаза берчүмүн. Андан кийин Ысыккөлдүн Караколуна барсам, мени облустук гезитке кабарчы кылып алды. Эки жыл иштедим. Ошол кезде республикалык жаш жазуучулардын конференциясы болуп, ырларымды чогултуп Фрунзеге келгем. Жазуучулар союзуна ошондо мүчө болуп кирдим. Ал кезде К.Маликов Жазуучулар союзунун жооптуу катчысы болчу. Мен андан "Агай, мен силердей кантип чоң жазуучу болом?" десем, ал: "Сен оку, мына биз техникумду эле окуп, азыркыга чейин арман кылып жүрөбүз" деди. Анын айтуусу менен пединститутка тапшырдым. Арадан ал университетке айланды. Ошол университеттин биринчи бүтүрүүчүлөрү Муктар Борбугулов, Шүкүрбек Бейшеналиев ж.б. болдук. Ысыккөлдүн Күрмөнтү айылына барып мектепке мугалим болуп иштеп, кайра шаарга Жазуучулар союзуна келсем, К.Маликов дагы эле катчы болуп иштеп атыптыр. Ал менин ырларым менен тааныштыгы бар болгондуктан, шаарда кызматсыз жүргөнүмдү көрүп, бизде жаш жазуучулардын кеңешчиси жакында эле кызматтан кетип, орду бош, ошол жерде иштегин деди. Бир-эки жыл кеңешчи болуп жаш акындар менен иштешип калдым.
- Ошондо сиз азыр аты чыгып калган акындардын ичинен кимдерге кеңеш бердиңиз эле?
- Ал кезде жаңы ыр жазып жүргөндөр: Омор Султанов, Майрамкан Абылкасымова, Мариям Буларкиева, Гүлсайра Момунова менден кеңеш алып кетишчү.
- Азыркы жаңы адабият менен тааныштыгыңыз барбы? Кандай айырмачылыктарды байкайсыз?
- Айырмасы бар. Мурда ээн-эркин жазалбай, рамкадан чыгалчу эмеспиз. Азыр каалаганыңдай жазасың. Советтер союзу тарагандан кийин мен да тынбай жаза баштадым. "Тайлак баатыр" деген чыгармамды, саясатка байланышы жок колхоздун жөн эле активи Кожомкул балбанды жаздым. "Кожомкулду" окуган сынчылар бул поэма эмес, муну роман дешке болот деп айтышты. Жусуп Абдрахманов жөнүндө "Кыргыз Прометейи" деген поэманы баштап койгом. Азыр ошону чыгарайын деп бул жакка келсем, 80ге чыгыптырсың, белгилейли деп атышат.
- Азыр Бишкекте жашайсызбы же Көлдөбү?
- Пенсияга чыкканда Көлгө көчүп кеткенбиз. Төрт балам, небере-чөбөрөлөрүм бар. Айылга көчүп барганыма ончакты жыл болуп калды.
- Эгерде сизди шаарга келип жаша десе, келет белеңиз?
- Айыл эле жакшы. Шаарда машинанын көптүгүнөн адашчудайсың. Көчөдө түшүнүксүз англис алфавити менен жазылган сүрөттөр көбөйүп кетиптир. Абасы да аябай бузулуптур, аппак шейшеп жайып койсок, карарып калат дейт тааныштарым. Шаар ичи аябай кымгуут болуп калыптыр.
Назира КУЛМАТОВА




 "Джаз - Бишкек - Жаз"

Эркин адамдардын музыкасы
Музыка - эларалык тил, улуттарды жакын кылып, өз ара түшүнүшүүгө жардам берип, достукту чыңдайт. Жылыга биздин борбор калаабызда "Джаз - Бишкек -Жаз" фестивалынын өтүшү салтка айланды. 25-27-апрелде өткөн эң демократиялуу музыканын кезектеги фестивалы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.
Катышуучулардын тизмесине: германиялык Ларс Дуплер триосу, Лукас Нигглинин ZOOM триосу жана швейцариялык Саадет Туркез менен Нильса Вограмдын дуэти, Франциядан ZARBITURIC , Венгриядан Djabe, Өзбекстандан "Арцах", Тажикстандан "Мизроб", ошондой эле Кыргызстандан "Аура" тобу жана дебют категориясында Викрам Рузахуновдун триосу киришти.
"Бишкек джаз клубунун" ачылышы фестивалдын чоң жаңылыгы болду. www.jazz.kg сайты аркылуу клубдун мүчөсү болуу жолдору менен таанышып, Бишкектеги джаздын акыркы жаңылыктарынан кабардар болсоңуздар болот. Джаз эркин чыгармачыл адамдардын музыкасы.
Кечелердин бардыгын советтик джаздын легендасы, джаз конферансьеси Владимир Фейертагдын алып барышы дагы бир кубандырарлык жагдай болду. Акыркы жолу Бишкекте 20 жыл мурун болуп, ал кездеги бир да музыкантты жолуктурбаганын айтты.
Джаз филармонияда эле жаңырбастан, APPLE түнкү клубунда 25-26-апрель күндөрү джем-сейшн болуп, 28-апрелде Каракол шаарында ZOOM триосу, Лукас Ниггли, Саадет Туркез менен Нильс Вограм дуэти жана "Мизроб" тобу концерт беришти.
"Джаз - Бишкек -Жаз" фестивалын Швейцария кызматташтык боюнча бюросу, Маданият жана маалымат министрлиги, Германия жана Франция элчиликтери, Венгриянын КРдагы ыйгарым укуктуу консулдугу жана "Гете институту" биргелешип уюштурду.
Нуржан АЛЫМКАНОВА




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай

Алтынай Замирадан уккан сөзүнө таңгала, эмне дээрин билбей:
- Сизди Алмаз байке сүйөт го… - деди.
- Койчу ошонун сүйүүсүн! Ал сүйүү жөнүндө эмнени билет экен. Эгер чындап сүйсө, менин төрөбөгөнүмө деле карабайт болчу. Каяктагы арам сийдик, ким тууганы белгисиз, таштанды баланы мага бактырып, үйдө отур дейт. Ушул бала Алмаз экөөбүзгө бакыт, ынтымак, сүйүү алып келет го деп ойлогом. Бирок, ушул желмогузду багып алганым чоң жаңылыштык болуптур… - деген Замира Алтынай көтөрүп турган кичинекей баланын чекесин нукуп койду. Анын жаман көргөнүн сезген бала терс бурулуп, Алтынайды кучактап калды.
- Карасаң, ушул да мени жаман көрөт! Берчи мага, атасы жокто жакшылап тарбиялап коеюн! - деп Замира кичинекей баланы алмакчы болгондо Алтынай:
- Замира эже, бул балада эмне күнөө? Жөн эле коюңузчу… - деп ары басып кетейин деди эле, Замира анын ой-боюна койбой, чырылдап баргысы келбей ыйлаган баланы колуна алды. Алтынай чыйпылыктап, канчалык бергиси келбесе да, ага үстөмдүк кылган Замирадан жаман сөз угуп каламбы деген кыязда аргасыз унчукпай калды.
- Эмне, мени унутуп койдуңбу?! Баягы менден жеген таягыңды сагынып калгансың го, ээ? Атасы келсе эркелеп кутуруп кетет, а сени ким багып атат! Балакеттин баарын билесиң ээ, шайтан! Мына сага! - деп башка-көзгө чапкылап, эч себепсиз эле баланы чырылдата ыйлатып, сабап кирди. Алтынайга колун созгон кичинекей бала Замиранын ар бир чапканына чучуктай чаңырып атты. Баланын ыйлаганына Алтынай чыдабай кетип, Замиранын колунан жулуп алды. Алтынайдан мындайды күтпөгөн Замира:
- Сага эмне болду? Балага да ушунча болушасыңбы? Бул сага да, мага да эч ким эмес. Буга убал-сооп жок. Ушунун айынан мен бактысыз болуп отурам. Ушул шүмшүктүн азыртадан эле биротоло көзүн тазалап салыш керек, - деди.
Алтынай анын сөзүн чыдап уга албай, ыйлаган баланы көтөрүп сыртка чыгып кетти. Азыр гана Замираны ушунчалык жек көрүп турду. Ыйлап, өпкөсү көөп турган баланы аяп кетти. Менин баламды да бирөөлөр ушинтип ыйлатышат турбайбы, баарыбир баккан бала өз бала болуп бербейт экен да деп жүрөгү сыздап, көзүнүн кычыгына толо түшкөн жашты аарчыды. Эшиктин астында баланы эркелетип, өпкүлөп, жалынып-жалбарып сооротуп көтөрүп жүргөн Алтынайды терезеден Замира мисирейе карап турду. Эмнегедир Алтынай менен көтөрүп жүргөн баланын ортосундагы окшоштукту байкады. Экөөнү таңгала шектүү карап алды. "Капырай, экөө окшошуп кетеби?.." деп сүйлөнүп, бирок, жөн эле адамдардын ортосунда боло берчү окшоштук деген ойго кетти.
Аңгыча дарбазанын коңгуроосу кагылып, Алмаз кирип келди. Эшикти ачкан Алтынайдын колундагы баланын алкымынан жыттап өптү да:
- Замира келдиби? - деп сурады Алтынайдан.
- Ооба, келди… - деди Алтынай суз. Эринин келгенин терезеден көргөн Замира ары басып кетти. Үйгө кирген Алмаздын астынан тосуп чыгып, эч нерсе болбогондой анын моюнуна колун арта адаттагысындай анткорлоно эркелейин деди. Бирок, кабагын чытып кирген Алмаз анын колун силкип салды.
- Жаным, сага эмне болду? Мага таарынып калдың го ээ…Таарынчагым менин. Сага айтпай эле, сюрприз кылайын дедим эле. Бирок, билип калдың. Эми айтпаска чарам жок… - деп сүйлөй баштаганда, Алмаз:
- Жетишет! Сенин калпыңды уккум келбейт! - деди.
- Адегенде менин сөзүмдү ук, анан чечим чыгар. Сага билгизбей, доктурга көрүнүп, дарыланып, балалуу болсокпу деген эле ниетим болчу. Экөөбүздүн сүйүүбүздөн, каныбыздан жаралган бала болсо жаманбы. Мен сага окшош балтайган бала төрөп берсемби деген оюм бар. Моминтип башка бирөөнүн баласын бакпай, өзүңдүн балаңды баксаң кандай жакшы… - деп шыйпалаңдап эрин кучактап эркелеп кирди.
- Буга чейин мен кыйынмын деген доктурларга көрүнбөдүң беле. Эч жыйынтык чыккан эмес эле го. Эмне, азыркы текшерген доктуруң сени туудурам деп атабы! - деп кыжыры келди эри. Алмаздын ушул сөзүнө Замира боору эзилгенче каткырып күлдү. Анын оюна жаш жигити Рашид келди.
- Эмне ырсалактайсың, антпей эле бала баккандан тажап, көңүл ачып жүрөм деп айтпайсыңбы. Мени менен жашагың келбейби, азыр эле чыгып кет. Ансыз деле катындай болуп баланы бакпайсың. Карачы, баланы багып аткан Алтынайды. Сенин колуңан ошол нерсе келбейби? Сен ташбоорсуң, атүгүл баланы да жаман көрөсүң! Ошон үчүн Кудай сага бала бербейт, - деп кесе айтты Алмаз.
- Алтынай деген айылдык кыз. Мен шаарда өсүп-чоңойгом. Андай кара жумуштарга көнгөн эмесмин. Айылдык кыздарды тың деп жактырсаң, ошондой кыз албайсыңбы, менин бактымды байлабай. Сен деп доктурга көрүнүп, балалуу болоюн десем, аны да жаман көрөсүң… - деп өзүн кара күчкө сала бышактап ыйлап кирди.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan