Коомдук-саясый гезит
№31, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Бийлик бар жерде...

Кыргыз качан тамак менен урчу эле?
Оппозициянын жөө жүрүшү аргасыз токтотулду. Уюштуруучулардын айтымында, буга - бийлик тарабынан чагымчылардын жүрүштү үзгүлтүккө учуратуу аракеттери себеп. 20-30 чакты адам жөө жүрүш катышуучуларына таш, жумуртка ыргытышкан, башка-көзгө койгулашкан. Алардын колу "атамекенчи" Б.Шерниязовго да тийген. "Кан төгүлүп кетпесин" деген ниетте оппозиция жөө жүрүштү токтотууга мажбур болгон. Бирок, оппозиционерлер кантсе да акция максатына жеткендигин айтышууда.

Бүгүн "Акыйкат үчүн" кыймылы атайын саясый билдирүү менен чыкмакчы. Кыймыл мүчөлөрүнүн билдиргенине караганда, анда 26-апрелдеги чагымчылык аракеттер боюнча жазалоо талаптары коюлуп, Башкы прокуратурага кайрылуу жолдонот.
Уюштуруучулардын жана аларга тилектеш болуп барган инсандардын пикирин тыңдадык:
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору: - Бийлик дагы бир ирет чыныгы жүзүн ачты. Чагымчылар бийлик тарабынан алдын-ала даярдалган. Кыргыз эч качан тамак менен урбайт. Эл чогулалекте эле 20-30 чакты мас абалындагы адамдар жолубузду тосуп, чагымчылык аракеттерин жасашты. Артында милиция кызматкерлери карап турду. Булар Ысыккөлдүн эмес, бийликтин өкүлдөрү. Арасында айылөкмөт, райкеңештин адамдары бар болгон, себеби, Бишкектен атайын көрсөтмө барган экен. Азыр биз дагы анализдеп, тактоодобуз. Балбай айылына барганда дагы эле жанагы аялдар, жарандык форма кийген милиционерлер жүрдү. Көл эли башынан сабырдуу, эл башкарган далай уулдары чыккан. Бийлик пас адамдарды топтоп, оппозицияга каршы чыгарган. Эң башкысы, оппозиция мыйзам чегинде иш алпарып, а бийлик тескерисинче, мыйзамды тебелеп жатат. Эркин жүрүш, эркин көзкарашты билдирүүгө, ошол күнү "Атамекен" партиясынын конференциясы өтмөк, ага да жол тособу? Анда эмне заман болуп баратат? Кайра кайтканыбызда аксакалдар тосуп: "Таарынбагыла, чагымчылар - жергиликтүү эл эмес" деп бизди колдоорун айтып калышты. Ушул жүрүш менен Түп регионуна да пайда келтириппиз. "Оппозиция келет, эл чыкпасын" деп, солярка, ун тараткан экен.
Күч көрсөтүп, коркутуп-үркүтүп, элди басып коюуну ойлосо, бийлик чоң жаңылышат. Стабилдүүлүктү орнотуу үчүн бардык саясый күчтөрдүн пикири менен эсептешүүгө тийиш. Биздин күч - жалгыз чындыкта. Биз токтоп калбайбыз, мындан ары да эл, жер үчүн күрөштү уланта беребиз.
Иса ӨМҮРКУЛОВ, ЖК депутаты, соцдемократ: - Жаран катары сөз эркиндигибизге тыюу салуу болуп атат. Ал жерге баргандар, жергиликтүү тургундар өз ойлорун айтып, пикирлерин билдирмек. Уккандар угуп, тиешелүү тыянак чыгарып алышат эле. Ага тоскоол этүүнүн эмне зарылдыгы бар? Өз дарегине айтылган сын-пикирден бийлик жыйынтык чыгарып, аны жоюуга чара көрсө деген ниет менен айтылат да. Чогулган эл Кыргызстандын кызыкчылыгын бийик тутуп, жөн гана Каркыра, пансионаттар боюнча пикирин билдиргиси келген. Ага да мүмкүнчүлүк бербей, бийлик өзүңөр күбө болгон провокацияларга барды. Ошол жерден бирөө майып болсо, ким жооп берет эле. Чагымчылар арасында саясатчыларды жүзүнөн тааныбагандар деле бар экен. "Тигил жүрөт, бул жүрөт. Неге турасыңар? Урбайсыңарбы!" дегендер башкаларды тукуруп жатышты. Баары атайын жасалганы билинип турат. Соккуга алып, катышуучуларды уруп-соккон көрүнүштөр болду. Ооба, бул ирет да элге ачык, толук маалымат жеткен жок. Бирок, бийлик мындай аракеттери менен элди басалбайт.
Даярдаган
Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Дөөтүнүн дөөдөй чыры

"Тойоталар" кимдерди сотко сүйрөйт?
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы парламенттин өткөн чакырылыштагы депутаттарына арналып, бирок, буйрубай калган 75 даана "Тойота Кэмри" машине боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул боюнча кечээ "24 kg" маалымат агенттиги жарыялады.
Кылмыш ишинин ачылышына 2005-жылдын экинчи жарымынан тарта 2007-жылга чейинки мезгил аралыгындагы Жогорку Кеңештин финансы-чарбалык ишмердиги боюнча Эсеп палатасынын текшерүү жыйынтыктары негиз болгон.
Өмүрү кыска парламент өз автопаркын жаңыртуу ниетинде четөлкөлүк маркадагы машине сатып алуу чечимин кабыл алып, 2007-жылдын 27-июнунда автомобиль алып келүү келишими түзүлгөн. Ага ошол кездеги ЖК аппаратынын иш башкармалыгынын жетекчиси А.Абдимомунов жана "Al hamzan used cars EXHB" жоопкерчилиги чектелген коомунан Кизван Улах Хан Рахмат кол коюшкан. Сатып алуучу тарап арбири 836 миң сомдук нарктагы 2007-жылкы, 2,4 GL түрүндөгү "Тойота Кэмри" (75 даана) машинесине тендер жарыялап, аталган коомдон жалпы 62 миллион 700 миң сомдук заявка алган. Бирок, парламент гаражына болгону 55 гана автомобиль токтотулуп, ал учурда жаңы депутаттарга таратылып берилген. Калган 20 "Тойота Кэмри" тагдыры жана тендердин канчалык мыйзамдуу экендиги көзөмөлдөөчү орган тарабынан аныкталмакчы.




 

Түптөгү оппозициянын иш-аракети бийликке кандай таасир тийгизет деп ойлойсуз?
Турсунбай БАКИР уулу, "ЭрК" партиясынын лидери:
- 26-апрелде биздин партиянын да курултайы болгон. Каркыра, төрт пансионат боюнча каршы пикирибизди билдиргенбиз. Ошол күнү Түптө жүргөн оппозиция лидерлери менен телефондон сүйлөшкөм. Ал окуя бийликке эмес, коомдук пикирге таасирин тийгизиши керек. А бийлик кандай чечим чыгары - алардын мындан аркы кадамына жараша болмокчу.

Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:
- Сөзсүз түрдө таасири тиет. Бийликтин учурда көзүн май басып турган кези. Былтыр референдум жолу менен ыплас шайлоо өткөрүп алышкан. Ошондон кийин өзүбүз каалаганды кылабыз деп эрдемсишет. Түптөгү окуя - бүгүнкү бийликтин алсыздыгын дагы бир жолу далилдеп койду. Мындай мамилеси аркылуу Акүй аткаминерлери өздөрүнө ор казып алышты. Бийлик өз колу менен өзүнүн мөөнөтүн кыскартып аткандай. Жөө жүрүшкө чыккан оппозицияны атайын даярдалган адамдар ур-токмокко алыптыр. Бул жакшылыкка алып барбайт.

Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ, саясат таануучу:
- Элди, оппозицияны күчкө салып таратканы - иш-чаранын бийликке тийгизген таасири деп ойлойм. Буга чейин коомчулук бийликтин пикет-митингдерге жасап келген мамилесин кокустук, утурумдук нерсе катары түшүнүп келген. Ал эми, Түптөгү окуя бийликтин эл тарабынан уюштурулган саясый акцияларга караманча каршы экенин көрсөттү. Андай иш-чараларды болтурбаш үчүн бийлик колдон келген мүмкүнчүлүгүн эч аянбай жумшоого даяр экенин далилдеди. Бийлик мындай саясый акцияларга системалуу, максаттуу түрдө күрөш жүргүзөрү айкын болуп калды. Ошондуктан, оппозиция дагы өз мүдөө-максаттарын жүзөгө ашырышы үчүн башка ыкма, жол табышы керек.

Илим КАРЫПБЕКОВ, "Медиа өкүлчүлүк" институтунун директору:
- Азыркы оппозицияда эчкандай биримдик жок. Болбосо, өткөн курултайда бир лидерин эл алдына алып чыкпайт беле. Алар бийликтин кетирген катачылыктарын издөө менен гана алек. Түзөрман сунушун, программасын көрсөткөндө, эл ээрчимек. Андыктан, оппозициянын мындай иш-аракети бийликке орчундуу таасирин тийгизе албайт.

Бактияр ТУКЕЕВ, "Жаңы муун" жаштар кыймылынын борбордук кеңешинин мүчөсү:
- Пикет-митингдерге бийлик көнүп бүттү. Андай кырдаалдан чыгуунун оңой жолун таап алышкан. Андыктан, оппозиция мамлекеттин ички жана тышкы саясатындагы кемчиликтерди коомго ачык чагылдырып берүүнүн жаңы ыкмасын колдонушу керек. Ошондо гана эл оппозицияны ээрчийт.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ
















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan