Коомдук-саясый гезит
№31, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум





Жегендин кусмайы болот
Жалалабатта Ош облгубернаторунун мурдагы орунбасары Кушбак Тезекбаевдин, обладминистрациянын финансы-чарба иштери боюнча мурдагы бөлүм башчысы Сейиткасым Жээнбековдун жана "Март элдик революциясы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Тимур Камчыбековдун үстүнөн сот иштери аяктады. Тезекбаев Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171 жана 234-статьялары боюнча айыпталып, 5 жылга күчөтүлгөн режимге кесилди. С.Жээнбеков - 3 жыл, Т.Камчыбеков - 1 жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Кушбак ака мурдагысынан жазбай, "азыркы бийликти сындаганым үчүн сындырышты" деп жатат.

Энергоакцияны энелер баштайт
Наргизахан Жумабаева аттуу оштук айым 2-майда "Ошэлектро" ААКсына каршылык көрсөтүү жыйынын өткөрө турган болду. Бул мекеме анын үйүндөгү жарыгын 29-февралда эле өчүрүп салган. Айласы кеткен аял кошуналарынын жарыгынан пайдаланып жүрсө, эми "Ошэлектро" алардын да жарыгын өчүрөбүз деп жатат. Ага-туугандары, кошуналары, дегеле бул мекемеден жабыр тарткандар кошула турган болушту.

Өзбек-тажик бириксе, жаның калабы?
Кыргызстан Казакстан менен чегарасын такташып бүтсүн деп колдорун ушалап күтүп аткан өзбектер нака кызыкты эми көрсөтөт өңдөнүп калды. Өзбекстан Тажикстан экөө жең ичинен сүйлөшүп алышып, эми Кыргызстандын түштүк тараптагы аймактарына бир тараптуу доо кое турган болушуптур. Маалымат булагынын билдиргенине караганда, азыркы Каркыра деп каркылдаганыбыз биякта эле калат дейт. Нака жер талаш эми башталат.

Кечээ көргөн бүгүн жок...
Мамлекетке чыккынчылык кылышкан деп айыпталып келаткан төрт адамдын экөөнү кечээ Бишкек гарнизонунун аскер соту актады. "Мамлекеттик сырды ачышкан" деп айыпталып келаткан Дмитрий Гриб жана Максат Мамыркановду аскер соту төрт жылга жатак-абагына кести. Ал эми Валерий Гацула жана Владимир Бережной мамлекетке чыккынчылык кылышкан делип, 14 жана 13 жылга үй оокаты конфискация болуу менен эркинен ажыратылды.

Беш колдоп жегендер комбинатты төрт аяктатат
Башпрокуратура Субанбердиев атындагы полиграфкомбинаттын жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Комбинат жетекчиси Кубанычбек Абдылдаев мамлекеттик мүлктү махинация жасаган деп айыпталууда. Полиграфкомбинаттын кредитордук карызы 33 млн. сом. Аны каржылаган "Инэксимбанк" менен "Кыргызөнөржайкурулушбанкты" да директору документтерди бурмалоо жолу менен алдап келген. Азыр комбинат "Колбус" аттуу уникалдуу жабдуулардан ажыроо алдында турат. Андан ажыраса, ишкана жок болгону ошол.

Ташиевдин танкасы, дордойчулардын "маңкасы"
"Агымдын" эки номурунан бери "Дордой" базарында иштеген ишкерлер менен Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кайым айтышып келатат. Эки тарапты тең окуган соң, министрдин иш ыкмасына баш чайкайсың. Биринчиден, Ташиевдин үстүнөн арызданган он бир адамдын жасаган-дегенинде жүйө бар. Ошонүчүн Бишкектин райондор аралык соту министрлик менен ишкерлердин жер талашын ишкерлердин кызыкчылыгына чечип берген. Экинчиден, алар өрткө каршы башкармалык менен мыйзамдуу келишимди Ташиев министр бололекте түзүшкөн. Башкармалык 2001-жылдан ушу кезге чейинки ишкерлер төккөн каражатты жакшынакай эле алып келаткан. Өткөндө өрт чыкканына шылтоолоп, ишкерлерди сүрүп салуу аракети көзкөрүнөө. Болбосо Ташиев мамлекет кызыкчылыгын, анын байлыгын түзүп келаткан адамдар жөнүндө ойлонгон мамлекеттик кызматкер болсо, жок дегенде ишкерлерге башка жер таап берүүнү сунуш кылмак.

Коммунисттер неге чок баскандай чочуду?
Парламент жыйынында коммунист депутат Анаш СЕИТКАЗИЕВ Кыргыз энергосекторун 2007-жылы эле Александр Машкевич сатып алганын кабарлаган эле. Эртеси коммунисттик партия толугу менен саясый билдирүү жасады. Анда, партия бул туурасында эч кандай маалыматка ээ эмес, жыйында айтылган сөз жалгыз А.Сеитказиевдин пикири экендиги камтылган. Анаш мырзанын өзүнө кайрылып, маалыматтын аныктыгын, булагын жана бир аз кошумчалоону өтүнсөк, эртең бул маалымат эч кимге жаңылык болбосун кайталап, коомчулукта далай айтылып жүргөнүн белгилөө менен өкмөттүн шаштырганында эле мандем бар экендигинен шекшингенин билдирди.

Аксакалдар кадрларга нааразы
Ч.Эгенгелдиев, З.Алиев, У.Сыдыгалиев, К.Үтүров, М.Аманов баш болгон профессор, доцент карыялар ажого кайрылуу жолдошту. Анда президенттик администрациядагы, облустук, райондук деңгээлдеги бир катар кадрларга ичтери чыкпай турганын, ошондой эле президенттин басмасөз кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине нааразы экендиктерин билдиришкен. Анткени, президент баштаган реформанын жүрбөй атканына К.Бакиевдин жанындагы кадрлар күнөөлүү.

"Манаста" киноөнөрү өр алат
Кыргыз-түрк "Манас" университети кытайлык манасчы Жусуп Мамай жана Чыңгыз Айтматов тууралуу кино тартат. Учурда бул экөө жөнүндө кинодолбоорлор даярдалып жатат. Окуу жайда киноискусство бөлүмү ачылды. Андан киноиндустриясына байланыштуу адистер даярдалат. Баса, кечээ бул окуу жай режиссердук курстардын бетачарын өткөрдү.

Жапайы элге тарых сабак болбойт
Учурунда Үзөңгүкууш Кытайга кеткенде азыркы ЖК спикери А.Мадумаров баштаган топ Атбашыга эл менен жолугушууга барса, атбашылыктар "Үзөңгүкууш биздин жерибиз, берсек-койсок өз ишибиз" деп баргандарды кууп чыгышкан. Эми так ошол көрүнүш өткөн ишембиде Түптө кайталанды. "Каркыра деген жер түшүнө кирбегендер келип алышып, бизге үйрөткүлөрү бар. Жерди бериш-коюшту түптүктөр өзүбүз билебиз" деп чыгышты. Атбашылыктар, түптүктөр, оштуктар, баткендиктер, чүйлүктөр - ар ким өз каалаганындай жерди бере берсе, кыргыздын күнү бүткөнү ошо. Сырттан душман издеп эмне кылабыз, эл катары жок болордо ушинтип калабызбы? Тарыхтын фарс түрүндө кайталанганы ушул.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



Афганистан. Ыйык согуш жеңишинин 16 жылдыгына арналган аскер парады учурунда замбирек менен гранатометтон атуулар башталган. Натыйжада, 1 адам өлүп, 11 адам жарадар болгон. Терактты Гульбеддин Хекматиар жетектеген "Афганистандын Ислам партиясы" мойнуна алды. Алгач теракт өлкө президенти Хамид Карзайдын өмүрүнө кол салуу деп бааланса, азыр саясый акция катары каралууда. Жергиликтүү ММКнын билдирүүсүнө караганда, атышууга 6 согушкер катышып, үчөө өлгөн.

Кытай. Пекинден Циндаого жана Янтай шаарынан Шаньдунь шаарына бет алган эки поезд кагылышуусунан 66 адам каза болуп, 400гө жакыны жарадар болгон. "Синьхуа" маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, кагылышуу адамдык фактордон улам келип чыккан. Жарадар болгондордун төртөө - Франция жарандары.

Грузия Россия тараптын "эгер Грузия Абхазия жана Түштүк Осетияга каршы согуштук аракеттерди көрө баштаса, мекендештерибизди коргоо үчүн биз дагы согуш ыкмаларын колдонууга мажбур болобуз" деген билдирүүсүнөн улам НАТОдон жардам сурап кайрылат. Өлкө билдирүүнү Россия дипломатиясынын чоң жаңылыштыгы деп баалады. Грузия Тышкы иштер министри Давид Бакрадзе НАТО кеңешине Абхазия жана Түштүк Осетияда тынчтык орнотуу процессинен Россияны четтетүү маселеси менен чыгат. Жооп катары Москва Абхазия аймагында аскер базасын орнотуусу ыктымал.

Украина. Өлкө президенти Виктор Ющенко менен премьер-министр Юлия Тимошенконун ортосундагы кагылыш ачыкка чыгып, сотко өттү. Тимошенконун блогундагы депутаттар президенттин 10 токтомун Конституциялык сотко берип, жокко чыгарышты. Премьердин тарапкерлери Ющенкону кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууда деп айыптап, анын президенттик карьерасынын жакын арада соңуна чыгарын айтышууда.

Шотландия. Өлкөдөгү нефть иштетүүчү жалгыз Grandmouth заводунун жумушчулары жумуш ташташты. Себеби пенсия системасына байланыштуу. Эки күнгө созулган нааразылык акциянын айынан Улуу Британия экономикасы 100 миллион фунт стерлинг (198 миллион доллар) зыян тартты.

Латвия. Рига "советтик оккупация" жылдарында депортацияга дуушар болуп, жабыр тарткан жашоочулары жана Афганистан согушу менен Чернобыль АЭСиндеги авариядан тарткан зыян үчүн Россиядан жылына 1 млрд. доллар төлөм талап кылат. 1940-1990-жылдар аралыгында демография, экономика жана жаратылышты коргоого СССРдин тийгизген жалпы зыянын эсептөө үчүн өлкөдө атайы комиссия түзүлгөн. Ушундай эле иш-чара Литвада да өткөрүлгөн. Вильнюс келтирилген зыян үчүн СССРдин мураскери катары Россиядан 3 млрд. доллар талап кылган. Ал эми Россия президенти Владимир Путин 1991-жылы кабыл алынган мамлекеттер аралык келишимге ылайык "бул маселеге Россия экинчи кайрылбайт, анткени, жылына эле кечирим сурай берүүгө болбойт" деп жооп берген.

Иран. Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы Саид Жалили өлкө жакын арада глобалдуу эларалык көйгөйлөрдү, негизинен, дүйнөлүк саясат жана коопсуздук маселелерин чечүүгө байланышкан сунуштарын жарыяларын билдирди. Мындан тышкары, талкууга ядролук маселе да коюлмакчы.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan