Коомдук-саясый гезит
№31, 29.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Элге кебин айтпаса, эл өкүлдөн не пайда?

ЖК депутаты Бакыт ИМАНАЛИЕВ:
"Экс-депутаттык корпус бизнес-клуб эле"
"Акжол" фракциясынан. Депутаттыкка чейин бул инсан жеке ишкерлик менен алек эле. Кийинки кездерде өкмөт аппаратында, Каржы министрлигинде иш алпарган. Кесиби боюнча денетарбия мугалими. Бул эл өкүлүнө Казакстанга кеткен 4 пансионат маселеси каралып жаткандагы кебинен улам көзүбүз түшкөн. Кезигип, учкай маек курдук.

- Эмнеликтен, "Акжол" партиясын тандадыңыз? Парламентке оңой жол дедиңизби же чындап эле көзкараштар төп келдиби?
- Турмушта туу тутканым - калыстык жана чындык. Чындыгын айтайын, мен эмес, мени "Акжол" тандаган. Алар Ысыккөл облусу боюнча бир канча талапкерлерди карап, мага токтолушуптур. Атүгүл партиянын съездине катышкан эмес элем. Менден сурабай, кеңешпей туруп, тизмени жарыялагандарына ыраазычылыгымды билдирип, бирок шайлоого барбайм дедим. Тизмеде ?48 кылып, алдыга жылдырышты. Ошентип, буйрук экен, буга чейин эки ирет аракет кылып, бирок оңунан чыкпай, эми шайланып келдик.
- "Акжолчулар" Акүй көрсөтмөсүнөн чыгалышпайт дегенге кандай жооп берет элеңиз?
- Кыргызда жакшы макал бар: "Учкашпа, учкашкан соң түшө качпа". "Акжол" партиясынын катарында депутат болуп келгенден кийин, мен милдеттүү түрдө партиянын саясатын айтышым керек. Мыйзам ошондой, керек болсо, Кудайдын алдында да түз болушуң керек. Сурооңуздагы пикирге кошулбас элем. Албетте, партиянын ичинде да ар кандай депутаттар бар. Бийликтин арыгын чаап, бийлик эмне десе, бир гана ошол ишти аткаргандар да бар. Ошол эле учурда алардын айтканына каршы чыгып, калыс кебин айткандар да жок эмес. Жакындагы эле пансионаттарды алалы, ысыккөлдүк депутаттардын баары каршы турушканына эл күбө. Президентке ачык кат жаздык. Эгер бийликтин көзүн карасак, андай кат таптакыр биз тараптан жазылмак эмес да.
- Өзүңүз мүчө болуп турган парламенттин төрт айлык ишмердигине кандай баа берет элеңиз? Анткени, ишмердиги тургай, Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгүн тааныгысы келбеген коомдук парламент турат.
- Легитимдүү парламенттин мүчөсү катары мен коомдук парламентти миң ирет таанысам да, ал мыйзамсыз. Ал эми Жогорку кеңештин төртүнчү чакырылышы партиялык тизме менен шайланып келиши алдыга бир кадам экени талашсыз. Мурда парламент кандайдыр бир саясый майдан болуп калган. Оппозициядагы көп жигиттерди: Т.Сариев, Ө.Текебаев, Б.Шерниязовду аябай сыйлайм. Чындыгында эле булар парламенттин көркү болчу, кыргыздын мыкты уулдары. Бирок, кай бир учурда өздүк кызыкчылыктар менен жыйынды шоуга айлантып ийген учурлар да болгон. Депутаттык корпус бизнес клубга айланып калган. Өкмөттү бекитерде кадимкидей соода жүрчү. Өкмөт менен парламенттин ортосундагы тиреш жоюлду. Башканы айтпай эле коелу, мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзамды өткөрүү үчүн жүгүнүп-бүгүлүп, конок кылып эки айлап жүрчү элек парламентте. Кабыл алынгандан кийин да жылкыбызды союп алып меймандайт элек. Мамбюджет Каржы министрлигине же өкмөткө эле керек беле? Ушул маселе да оюнга айланып кетер эле. А быйыл бир жуманын ичинде кабылдап бердик. Албетте, парламент мурдагыдай тиштүү болбой калды, албетте, баштагыдай өз пикирин ачык айталбай калды. Дүйнөдө парламент бийликке негизги оппонент катары чыгат, бул жагынан биз уттурдук. Парламенттик көпчүлүк "Акжолго" таандык болуп калды. Эгер бул партияга 50 орун, ал эми 40 орун оппозициялык партияларга тийгенде, күчтүү парламент болот эле. Мен ошону каалайм.
- Сиз айткан өкмөт менен парламенттин тирешинин жоюлушун мурда четке кагылган мыйзамдардын баары кабыл алынышынан, ветонун баары талашсыз жандырылышынан байкасак болот.
- Карышкыр койду жесе да, жебесе да оозу кан. Тигиндей өтүп баратса да, айгайлап артынан куушчу экен. Биз ошол карышкырдын ролунда болуп калдык. "Акжол" жакшы иштеп, жакшы иш баштаса деле, баягы "Акжол" аталып атат. Өзгөчө өкүндүргөнү ушул. Бирок, эч талашсыз бардык мыйзамдар өтүп атат деген айыпка карата эки мисал айтайын. Эларалык мамилелер комитетинде мүчөмүн. Кумтөр боюнча долбоорду ратификацияны Акүйдөн суранбай, эмне дейт деп кабагынан коркпой эле өткөрбөй койдук. Бул маселенин чийкилиги, кандай талаш-тартыш арбын экени баарыбызга маалым эмеспи. Үч ирет келди комитетке, үч жолу тең четке кактык. Бул деген парламентте да таза күчтөр, көзкарандысыз депутаттар бар экенин айгинелеп атпайбы. Төрт пансионат боюнча маселе адегенде комитеттен колдоо тапкан эмес. Кызыл чеке болгонго чейин бардык. Ачык эле айтып коеюн, Акүйдөн келген кишилер "өткөрүшүңөр" керек дешти. Биз каршы чыктык. 2006-жылы Астанага барганда вице-премьер Д.Үсөнов ушул келишимдин экинчи статьясынын биринчи абзацын эч ким менен кеңешпестен, макулдашпай өз алдынча алып салган. Анда казак тарап өз милдеттенмелерин аткарбаса, кыргыз тарап келишимден бир тараптуу чыгары айтылган. Ошол келишимдин негизинде эле бул пансионаттарды өзүбүзгө алып алсак болот болчу. Данияр Үсөнов ушундай нерсеге барган, бул мамлекеттик кылмыш. Мунун баары ачык айтылды.
- Акыркы окуялар көрсөткөндөй, "Акжолдун" ичинде да азчылык бар турбайбы?
- Мен антип бир партияны экиге бөлбөйт элем, "Акжол" - бир партия, парламентте бир фракция. Азчылык айрым бир маселелерде гана жаралышы мүмкүн. Эгер мен пансионаттар боюнча каршы чыксам, бул бүтүндөй "Акжолго" каршы экенимди билдирбейт. Партиянын мүчөсү болгон соң, чечимдерине баш ийем. Элдин кызыкчылыгына туура келген маселелерге мен эмнеге каршы чыгышым керек. Пансионаттар боюнча колдоп берүү боюнча саясый чечим кабыл алынган, биз ошого карабай каршы чыктык. Бул "Акжолдун" ичинде оңго десе, оңго, солго десе, солго баспай турган депутаттардын да жок эместигин билдирет. Албетте, депутаттыктын жүгү оор, "акылсызга - мансап, акылдууга азап" дегендей эле. "Акырын бассаң - аксак, катуу бассаң - таскак" деген кепке каласың.
Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Кези келгенде

Аалы КАРАШЕВ, Ош облусунун губернатору:
"Өнөржайды өнүктүрбөсөк, экономиканы көтөралбайбыз"
Аалы Азимович - губернаторлордун эң жашы. Чиновниктик кыял-жоругу жок, жөнөкөйлүгү жакты. Кынтыксыз иштесем деген илбериңки үмүтү бар экен. Убакытка жараша ушул маекти алдык.

- Аалы мырза, Өзбекстандагы калктын көпчүлүгү Ошко агылып келүүдө дешет. Маселен, Өзбек университетинде 50%га жакын студент Өзбекстандан келип окуйт экен. Дегеле, улут аралык маселеге кандай карайсыз?
- Улут аралык мамилеге келгенде биз дыкат саясат жүргүзөбүз. Көйгөй бар, ал буга чейин болуп келген. Бул маселе боюнча максаттуу иштерди алып барып атабыз. Өзбек университети боюнча ачык айтышым керек, мынча студент окуйт деген маалыматым жок. Бирнече кылымдан бери өзбектер менен жылуу мамиледе болуп келебиз. Кыз алышып, кыз узаткан тууганчылык жайыбыз да бар. Алар биздин облустагы Карасуу, Өзгөн, Ноокат, Араван районунун борборунда көп жайгашкан.
- Карасууда Өзбекстанга кирип кеткен Барак айылы бар эмеспи, кезинде биртоп көйгөй жараткан. Эл абалы кандай?
- Барак айылынын маселеси президентибиздин жеке көзөмөлүндө. Курманбек Салиевич мага тапшырма берген, "айыл эли менен жолугушуу өткөр, бул маселени кылдаттык менен чечишибиз керек" деп. Кызматка келгенден кийин Барак айылынын тургундарын кабыл алгам. Алардын арыз-муңун да уктум. Чынында ал жерде кыйынчылыктар бар. Өзгөчө дем алыш күндөрү окуу жайда билим алган уул-кыздарыбыз келалбай калган учурлар болот экен. Алар бизге эки маселе койгон. Биринчиси - жол, экинчиси - электр энергиясы. Себеби, Өзбекстандан электр энергиясын алышат. Күнүнө 4-5 саат гана берилип, көпчүлүк мезгилде берилбей калып атыптыр. Коңшу мамлекеттин жергиликтүү бийлигине кайрылып, электр тогун бизден түз алып өтүүнү суранганбыз. Ошол ишти бүтүрүү үчүн 2 млн. сомдун тегерегинде акча сарпталат экен. Аны өкмөттүк деңгээлде коюп, азыр ал маселе чечилип атат.
- Өзбекстандан суткасына канча киши кирип, анын ичинен канчасы чыгып атканы боюнча так маалымат барбы?
- Жакында Карасуу автожолундагы эларалык өткөрүү пунктунун ачылышына катыштым. Чегара кызматында учет болуп турат. Азыр сизге так маалымат бералбайм. Себеби, ошол эле посттон базар күнү 7-8 миңдин тегерегинде киши ары-бери өтөт. Ал эми башка күндөрү 1,5-2 миң киши өтөт экен. Киргендин баары эле Кыргызстанда калып атат деген сөз жаңылыштык деп айтат элем.
- Жер маселеси өтө орчундуу болуп атпайбы. Бул маселеге да кыскача токтоло кетсеңиз.
- Жер титирөөдөн жабыркаган үйбүлөлөрдү жер менен камсыз кылышыбыз керек. Буга чейин бөлүнгөн жерлер боюнча маселе көп. Шаардын тегерегинен Папан айыл өкмөтүндөгү элге жер бөлүнүп берилген. Анын тегерегинде чырлуу маселе бар. Бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керек. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундары, аксакалдар соту менен жолугушуу өткөрдүк. Папан айыл өкмөтүнүн жери боюнча өкмөттүн атайын токтому февраль айында чыгыптыр. Бул маселеге жакын арада чекит коебуз.
- Жумушсуздук маселеси кантип атат? Жерди жалаң эле өзбектер иштетип аткандай…
- Өнөржай ишканасынын продукция көлөмү 2007-жылдын жыйынтыгы менен 492 млн. сомду түздү. Ошол эле маалда айылчарба продукциясы 16,8 млрд. сомду түзүүдө. Өнөржайды өнүктүрбөсөк, анда экономикабызды көтөрө албайбыз да. Ал эми өнүккөн мамлекеттерде тескерисинче, өнөржай продукциясынын көлөмү айылчарбага караганда жогору. Ошондуктан тыштан инвестиция тартуу боюнча иштер жүрүп атат. Токтоп турган өнөржай ишканалары менен өзүнчө иш алпаруудабыз.
- Тыштан инвестиция келип атабы анан?
- Аравандагы цемент заводун мисал келтирет элем. Бүгүнкү күндө 200гө чукул киши жумуш менен камсыз болду. Көпчүлүгү биздин жарандар. Буюрса, июнь айында биринчи продукциясын беребиз деп атышат. Өзгөн районунда кыш заводу да курулууда. Мындан сырткары, көмүр иштетүү боюнча жакшы инвесторлор келип атат. Алар алдын ала 4-5 жолу келип, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Жакында ишти баштайбыз дешти. Ал ишке кирип калса, 1500 адам жумуш менен камсыз болмокчу. Кызылжардагы цемент заводунун жетекчиси келип, "150 киши берсеңер, айлык акысы 7 миңден 11 миң сомго чейин болот" деген. Айыл жеринде 7-10 миң сом чоң акча. Ошентип, жумушчуларды жөнөтсөк, айрымдары кайра келишиптир. Себебин сурасак, "саатына иштейт экенбиз, эртең менен 8ден 12ге чейин иштеп, 12ден 1ге чейин тамактанып, анан 6га чейин иштейт экенбиз. Биз чыдай албай койдук" деп атышпайбы. Бул барып турган жалкоолук эмеспи.
Ошондой эле кичи цехтерде иш алып баруудабыз. Сүт, эт иштетүү боюнча долбоорлорубуз бар. Ош облусу айыл чарбалуу болгондуктан, жер-жерлерде кооперативдерди түзүүнү күчөттүк. Мисалы, 2005-жылдын 1-январына карата облус боюнча 26 кооператив болгон болсо, бүгүнкү күндө ал 4 эсеге көбөйдү.
- Ун маселеси эмки жылы кайра көтөрүлбөйбү? Быйыл буудай айдаган дыйкандар аз го дегеним.
- Облус боюнча 185114 гектар айдоо аянты бар. Анын 87,5 миңи кайрак жер. Тоолуу райондордо жаз кеч келет. Бүгүнкү күндө Араван, Ноокат райондорунун түз жактарында, Карасуу, Өзгөн районунда жер айдалып, иш кызуу жүрүп аткан кези. Президентибиз К.Бакиевдин жарлыгы боюнча атайын максаттуу түрдө Айыл банк аркылуу 14 млн. 140 миң сом биздин облуска бөлүнгөн. 1600 куб күйүүчү май 20,5 сомдон, 53 тонна жер семирткич дыйкандарга таратылган. Бул кичине болсо да дыйкандарга жардам. Чоңалай, Алай, Каракулжа райондорунун жазгы талаа жумуштары аягына чыгалек. Аба ырайы жакшы болуп берсе, 10-майга чейин Чоңалайда жумуш башталат. 60330 гектар жерге күздүк эгилген.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan