"Свет өчтү" оюну

Өчүргүлө! Арийне акыл-эсти эмес
Маал-маалы менен жарыкты өчүрүү калк үчүн бир топ эле ыңгайсыздыктарды жаратууда. Бул өнөкөт сууну үнөмдөөгө пайдалуу болгону менен элдин тартып жаткан зыяны да арбын.

"Кыргызлифттин" маалыматына караганда, электрдин өчүп калуусунан улам күн сайын лифтте жүздөгөн адамдар камалып, аларды чыгаруу үчүн лифт кызматкерлери түн жарымына чейин убара болушат. Ал эми лифттин ичинде 3-4 саат камалып туруу да оңой эмес. Жарыкты өчүрүү айрыкча түн ичинде жүргүзүлгөндүктөн, айыл жеринде электр зымдарын кесип кетүү, мал уурулугу күч алды. Бирок ИИМ басмасөз кызматы муну жарыктын өчүп калуусу менен байланыштырбайт. Боло келген кылмыш, мунсуз да боло берет дешет. Кыргызстандын башка аймагы мындай турсун, Чүй облусунун райондорунда эле жарык 8-10 саат өчүрүлүп, дүкөндөрдө балмуздактар эрип, азык-түлүктүн бузулган учурлары күн сайын кездешүүдө.
Башында ооруканалар өчүрүл-бөйт дешкен. Бирок өчүрүлүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык бир гана шашылыш операция жасоо борборлору өчпөйт. Ал турсун жакында эле психикалык оорукана да өчкөн.
Мындан тышкары элде жакшылык, жамандык иштер болот, ар бир үйдө кары-картаң бар. Айрыкча баш кошкон жаштар кенен-кесири тойлобой нааразы болушса, сөөк чыгарган үйлөр жарыктын жоктугунан колдоруна шам кармап аза кайгысы аз келгенсип, кошумча түйшүк тартышууда.
Жарыкты өчүрүү бардык жерде бирдей эмес. Мисалы, Бишкекте түнкү саат он экиден таңкы саат алтыга чейин өчсө, Сокулукта кечки тогуз жарымдан таңкы алтыга чейин өчөт. Түн ичинде машинасына май куялбай же курсагын тойгуза албай карайлап жолдо калган жолоочуларды айтпай эле коелу.
Бир сөз менен айтканда, өкмөт жарыкты өчүрүүнүн графигин бекем көзөмөлгө алып, мындан калк жабыркабай турган деңгээлде жүргүзгөнү абзел.
Илгери жаштардын той-топурда "свет өчтү" деген оюну болор эле. Жай музыка коюлуп, кыздарды колдон тартканда эле шок балдардын бири жарыкты өчүрүп койчу. Эми ошол оюнду бүгүн каалаганда өчүрүп өкмөт кайталап жаткансыйт.
Келдибек НАЗИРОВ




 ...ашасын кыргыз өкмөтү!

Кыргызстанды Бирштейн карааны аралай баштадыбы?
Ошентип өткөн жумада "Ак жолдун" амири менен энергосектордун негизги бөлүгү болгон бөлүштүрүүчү тармакты менчикке берүүгө жол ачылды. Өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков жанүрөбөсө деле бийлик мүдөөсүнө жетмек. Граждандык сектор атынан Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова баш болгон биртопторун чакырып алышып, бирок аларга атайылап сөз бербей, кылтыңдатып, мындан да өттү дедиртишти. Сапарбек Балкыбековдун, "акжолчу" депутат Зайнидин Курмановдун бул тармакты менчиктештирүүгө берүүнүн башкы аргументи - "эгерде азыр менчикке бербесек, анда бул тармактан биротоло кол жууп калабыз" дегени болду. Эң эле кирешелүү эсептелген тармакты биротоло кол жууй турган абалга алып келген жетекчилерден мурда-кийин кимдир бирөө жазаландыбы? Дегеле бул тармакка мамлекет жетекчилери тыкыр көзөмөл жасап, коммерциялык жоготуулар не себептен 50 пайызга жетип атканын, ондогон жылдар бою бул жакка бөлүнүп келген 300 млн. доллардан ашык чет элдик грант, кредиттердин каякка, кандай жумшалганын билиштиби? Президент да, премьер-министр да акыркы кезде "мамлекет деген эң начар кожоюн" дегендин аркасы менен башкаралбай тургандыктарын моюнга алышып, менчиктештирүүдөн өткөн мыкты жол жок экенин баса айтып келишет. Менчиктештирүүдөн башка жол жок болсо, он жылдан ашык убакыт ичинде менчикке өтүп, ийгиликтүү иштеп келаткан бир ишкана барбы? Жок.
Инвестиция болбосо иш жүрүшпөйт деген куру шылтоо экени белгилүү. Кыргызстанга инвестициянын келбей жатканы пикет-митингден эмес, бизнестин колу-бутун тушаган салыктардан жана алкымы ажыдаардай чоң чиновниктердин айынан болуп жүрбөсүн? Жакында эле алтын кенин иштетебиз деп келген инвестордон айтканы эки болбогон бир чиновник 2 млн. доллар "шапке" доолаган экен, тиги ачкан оозу жабылбаган бойдон Кыргызстандан чыгып кетти дешет. Инвестиция деген согуш болуп өткөн Ооганстанга, биз сыяктуу төңкөрүштү баштан кечирген Украина, Грузияга мурда болуп көрбөгөндөй агып кирүүдө. Украина менен Грузияда саясаты тынч болбогону менен экономикасы өр алып баратканын башка өлкөлөр моюнга алууда.
Кыргызстанда инвестиция боюнча чет элдиктердин көзкарашы боюнча бир гана долбоор - Кумтөр ийгиликтүү иштеп жатат. Инвестор үчүн ийгиликтүү болгон Кумтөрдүн пайдасы бизге кандай тийип жатканын көрүп атабыз.
"Улуттук электрстанциялары" АК жетекчиси Бакирдин Сартказиев "мындан ары электр энергиясын толук өлчөмдө бай адамдар гана пайдалана аларын" башкалар билсин таризинде айтканы - анын болгон деңгээлин көрсөтүп турат. Энергияны толугу менен импорттогон өлкөлөрдө да аны пайдаланууда бай-кедей деп бөлбөйт. Биздин чиновниктер өздөрүнүн иштей албастыгын, ар кандай шылтоолор менен жаап, эми Кудай Кыргызстанга бекер эле берген сууну да жөндөп пайдаланалбай жатабыз.
Серепчилердин айтымында, бул тармакка келе турган инвестиция болжол менен 2 млрд. доллар тегерегинде. Инвестор анысын узак мөөнөткө салбайт. 3-4 жыл тегерегинде анысын үстөгү менен сиз менен биздин эсептен эки эсе өндүрүп алып жолго түшөт. Ошондо орто эсеп менен ар бир кыргызстандык электр энергиясы үчүн эле жылына 2 миң доллар тегерегинде каражат которот.
Кыязы, миллиардер Александр Машкевичке бул тармак качан, кандай шартта берилери небак эле чечилип калган окшойт. Болбосо, белгисиз инвестор үчүн жолду мынча тазалашпас эле. Игорь Чудиновдун өкмөтү ушуну менен өз миссиясын аткарып бүттү окшойт.

Аскер САКЫБАЕВА