![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №31, 29.04.08-ж. |
Меймансап Форум Шоу "калаасынан" СЕМА көпчүлүктүн суроолору боюнча, "90Х60Х90" ырынын экинчи бөлүгүн жаздырды. Ал эми биринчисине клип тартуу камында. Жаңы ырларды жаратып, Сема учурда убактысынын көбүн өздүк ыр студиясында өткөрүүдө. Макс Бегалиев жубайы Назгүл экөө ишемби күнү Айтол аттуу тун уулуна элден бата алып, жентек той өткөрүштү. Айтмакчы, Максат ушул айдын башындагы концерттик турне маалында, Чолпонатада жүргөн кезде башына үн жаңырткыч оор колонка кулап, медиктердин жардамына кайрылган. Кудайга шүгүр, ырчы жигиттин денсоолугу дурустап калды. Алихан Токтогулдан кымыз артынып келет. Андан бир аз татып алып, машине айдап чыкса, маичилерге кармалат. Машинесин алдырат. Бирок, спирт ичимдиги эмес, кымыз гана экени далилденген соң, маичилер жөн гана чыгарышкан экен. Азат Болотбек ушул жазда башкача бир эргүү алып, эне жөнүндө ыр жаратууда. Эски кайрыктарга да кайрылып, А.Кадыровдун "Жалжалым" аттуу ырын жаңы багытта аткарып чыкмакчы. Ал эми оюнда кандайдыр бир эрдик жасап, Азат аты элге тараса деп жүрөт. Чолпонайды "алагачып кетиптир" деген сөз тараган. Тактасак, бул жөн гана ушак экен. Жакында Кытайга болгон чакыруудан баш тарткан продюсери Э.Үмөталиев экөөнүн ортосундагы келишим мөөнөтү аяктаганча ботокөз ырчынын тоюн күталбайбыз. Өзү да үйбүлө курууга али эрте деп эсептейт. ОМАР - "Түзбайланышта"! "Жаштолкун" эларалык фестивалынын программасынын алкагындагы Москвага жасаган сапарынан бүгүн кайтат. Ал эми сиздер үчүн, ардактуу окурмандар, ушул сынакта кыргыз шоу бизнесинен алгачкылардан болуп өлкөнү тааныта турган ырчы жигит менен түз баарлашууга мүмкүндүк түзөбүз. 6-май, шейшемби күнү, кечки саат 17.00дөн 19.00гө чейин 66 55 82 номурун бураңыз да, каалаган сурооңузду жолдоңуз, туура көрсөңүз сындаңыз, камдап жүрсөңүз, каалоо-тилек арнаңыз. Ал эми ошол күнү телефон чалууга шарт болбосо, aika01@mail.ru электрондук дарегине кат же 66 55 82 номуруна факс жөнөтүңүз. Бактыгүл Бадыева "Сүйүү тамгасы" аттуу "Кайып булак" тасмасынын алкагындагы ырына тартылган клибине аз күн аралыгында күбө болосуздар. Бирок, аталган тасмадан эч бир кадр алынган эмес. Бюджети - үч миң доллардан ашык, белгилүү бир сюжет жок, болгону кооз кадрлар. Айткандай, Бактыгүл 15-майда Россия борборуна аттанганы турат. Москвадагы мекендештер уюштурган кайрымдуулук концертинде ыр аткарып кайтмакчы. Кундуздун (90Х60Х90) сыр каткан күйөрмандары пайда болду. Коңгуроосун кагып, бирок, эшик ачкыча күтпөй эки ирет гүлдесте калтырып кетишкен. Баса, шаар ичинде машина айдаганды араң үйрөнүп келаткан ырчы кыз гастролдон кайтканда Боом капчыгайынан бери өзү жалгыз автомобилди башкарып келди. Айдап келаткан досунун иниси улам көзү илине бергендиктен, рулга өзү олтурган. Кайсы жерге бурууну сурайын десе, жанындагы иниси таптакыр уктап кетиптир. Көзүнө жакшы көрүнгөн жакка бурулуп кете берген. Бир маалда тааныш эмес жол экенин аңдаган соң, түн ортосу экенине карабай Бишкектеги досуна телефон чалып, улам сурап олтуруп, үйүнө аман-эсен жеткен. ОМА фонограммага тыюу салуу аракеттерин ураалап кабыл алды. Ырчы жигит жандуу аткаруу үчүн гитарачыларды, барабанщиктерди топтоп, команда түзүүнү пландаган. Андан сырткары, кубаттуу концерттик аппаратураны сатып алууга демөөрчү издеп жүрөт. Себеби, жандуу аткаруу кубаты күч аппаратураны талап кылат эмеспи. Айгерим РАСУЛ кызы Санкт Петербург, Москва, Нижний Новгороддо концерт берип кайтты. Мекендештердин алатоолук ырчыны колдогонун мындан билиңиз, бир диски аукциондо 8000 сомго сатылган. Ырчыны толкундаткан дагы бир нерсе - залдагы күйөрмандар концерт маалында "Айгерим, биз сен менен!" деген жазууларды көтөрүп турушканы. Баса, жакында Айгерим дагы бир окуяга туш болду. Бир күнү атасына бейтааныш бирөө чалат. Ал кишинин Азамат аттуу 19 жаштагы уулу жүрөгүнөн оор операция алдында жатып, Айгеримди бир көргөзүүнү өтүнгөн экен. Ырчы ата-энеси менен барып, жигиттин денсоолугунан кабар алган. Кумиринен дем-күч алган жигитке 6 саат операция жасалып, клапандары бүт алмаштырылган. Кудай буюрса, ушул тапта Азаматтын денсоолугу жакшы. Адегенде баланын ашыкча толкунданганынан чочулаган Айгерим азыр сүйүнүп жүрөт. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|