Сырмаек

Бул ирет джаз стилиндеги ырчы кыз Айжан ГАЗИЕВА менен сейилдедик. Чыгармачылыктан тышкары Айжан учурда улуттук теледе "Бардыгы джаз жөнүндө" деген аталыштагы берүүнү алпарууда.

Джаз. Тагдыр. Курак

- Телеге жаңы жетекчинин демилгеси менен ушул берүүнү ачып, алпарып калдым. Бул жагынан менин көптөн берки тилегим орундалгандай эле болду. Анткени, дал ушул менин багытымдагы музыканттар көздөн жаздым калып келет.
- А жеке жашооң тынчпы?
- Баары сонун. Жумушум бар, апам, балам бар.
- А эмнеге чыгармачылыкта бир топ убакыт тыным алдың? Көпчүлүк жеке турмушуңа байланыштырышат?
- Апам сыркоолоп калды. Ал көп жылдан бери Италияда турат. Кудайга шүгүр, азыр денсоолугу түзүк. Андан сырткары, үйбүлөмдө бир аз өзгөрүү болду. Баламды өзүм жалгыз тарбиялап атам. Эртеден кечке жумушта жүргөндүктөн, мага таекемдин кызы каралашат. Ал деле менин улуу кызымдай болуп калды. Үч жашар балам мен кайтканча уктап калат, анан таңкы 4-5терде ойгонуп, бөлмөмө келип: "Сен менен уктайынчы" деп суранып калат. Жакында балабакчага барабыз. Жеке турмуш өз нугуна салынып калды. Азыр эмне кааларымды, эмне кылышым керектигин так билем, анык бир стратегиямды түзүп алдым. Үйбүлө курганча апам, анан жолдошум, чыгармачылыкта продюсерим А.Молдокматовага таянып келсем, азыр баарына өзүм чуркоом зарыл.
- Үйбүлөлүк очоктун бузулушун апаң кандай кабылдады?
- Адегенде аябай жаман болду. Өзүм да ооруп калдым. Баарын олуттуу сүйлөшкөндөн кийин апам менин чечимимди туура көрдү. Бардык эле ата-эне баласы турмуштан ордун тапса, бактылуу болсо дейт эмеспи. Бирок, жашоодо баары биз ойлогондой болбойт экен. Азыр балам атасы менен көрүшүп турат. Тагдыр экен. Эми ал да өз бактысын табышын тилейм.
- Джаз багыты элге терең сиңген эмес, сага бул жагынан татаал эле болсо керек…
- Бирок, сүйөрмандар аз эмес. Интеллигенция арасынан көп күйөрман табам. Алар түшүнөт, колдошот, ырларымды сүйүп угушат. Бирок, жыл сайын джаз фестивалы өтүп атат. Менимче, бир чыйыр салып алсак, өзүбүз каалагандай ийгиликке жетебиз.
- Апаң Италияда турса, балким, анын жанына барып, кантсе да улуу өлкөдөн тажрыйба алып кайтарсың?
- Өткөн жайда өз багытымда Москвадагы атайын окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок, балам менен мага кыйын болуп калмак. Апам деле чакырып жүрдү, бирок, барсам, конокко эле барам. Анткени, тамырыңды өз тууган жериңде жайылткан жакшы. Мен тобокелчиликтен алысмын. Баарын ойлонуп, таразалап, анан кадам таштайм. Анүстүнө, бөтөн жерде бир ай араң чыдарымды билем. Ушул маселеде апам экөөбүздүн көзкарашыбыз төп келбейт. Эгер бир көйгөйдү чечкиң келсе, аны ошол жеринде чечиш керек. Андан качып болбойт. Кандай талант болсоң да, адегенде өз элиңдин батасын алган жакшы. Университетте окуп жүргөндө бир мугалим айтар эле: "Кыргызстан мындай-тигиндей, бул жок, тигил жок дейсиңер, а силер Кыргызстан үчүн эмне кылдыңар". Чындыгында эле биз эмне кыла алабыз? Арбирибиз өз ишибизди сапаттуу аткара берсек, жыйынтыксыз калбайбыз да.
- Ой-жүгүртүүң, көзкараштарың өз жашыңдагылардан улуу адамдардыкындай.
- Вокалдан кичинемден тарта 10 жыл Рафаэль Сарлыковдон сабак алгам. Ал вокалдан сырткары, мага китептерди тандап келип, окутар эле. Анан өзүнчө бир дептер ачтырып, ага мисалы, интеллигент деген ким, элита деген эмне деген өңдүү сөздөрдү мааниси менен кошо жаздырчу. Мен аларды жаттап келип, маанилерин айтып берчүмүн. Анан ал сөздөрдү турмушта колдонууну үйрөттү. Өз курагымдагылар менен тил табышышым кыйын. Анткени, алардай тамашалаша албайм. Өңүмдү көрбөй, үнүмдү уккандар 30 жаштагы айым болсо керек дешет экен.
- Эмнеге элден аябай өзгөчөлөнүп кийинесиң?
- Бир таанышым: "Айжан, сен өз заманыңдан адашып төрөлгөнсүң" дейт. Балким, ошондойдур. Жообуна жылмайып гана койдум. Мага башынан эле 40-50-жылдардагы стиль жакчу. Адам жандүйнөсүнө жакынды издеп, ошол нерсеге ээлик кылгысы келет эмеспи.