![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №32, 02.05.08-ж. |
Меймансап Форум Күлазык Кербен жолдон кеп кетет… Бир бала бир балага мейманчылап келип, экөө сүрөт тарта баштайт. Бирок, эки түр гана карандаш бар экен. Бирөө ак, бирөө кара. Ал эми барагы ак эмес, көк. Ак карандашты алган бала апакай мамык нерсени тартып, бул козу деди. Экинчи бала кара карандаш менен саксайган кара нерсени тартып, бул карышкыр, азыр козуну жейт деди. Биринчи бала жаңы барак алып, ак гүл тартты. Экинчи бала гүлдүн жанына кара курт тартып, айтты: бул курт ак гүлдөрдү жегенди жакшы көрөт деп. Анда биринчи бала учуп бараткан ак көгүчкөндү тартты. Экинчи бала кууп бараткан кара жырткыч кушту тартты. Биринчи бала чоң ак пилди тартты. Экинчи бала темир тор тартып, цирктеги пилдер тордун ичинде камалат деди. Биринчи бала ак карандашы менен ааламга нурун чачып турган ак күндү тартты. Экинчи бала күндүн бетине кара тактарды түшүрүп, күндө да так бар экенин адамдардын баары билет деди. Биринчи бала карандашын коюп, башка эчнерсе тарткысы келбестигин айтты. Экинчи бала дагы тартам деди. Ал кара карандаш менен барак бетин капкара көөдөй боеп, бул түн, бирөө уктап атып коркунучтуу түш көрүп атат деди. Биринчи бала өзүнүн карандашын кайра алып, кара баракка ак лампичке тартты да, караңгы бөлмөнү жандырса жарык болот, коркунучтуу түш болбойт деди. Экинчи бала баракты кара карандаш менен чалды-куйду чийгилеп, бул бороон, деңиздин толкуну, кеменин чөгүшү деди. Биринчи бала ар тарапка жайылган жарык маяк тартып, караңгы толкундуу бороондо да маяк аркылуу сактанса болот деди. Экинчи бала карандашын коюп, эчнесе тарткым келбей калды деди. Экөө бирмаалга чейин бири-бири менен сүйлөшпөй, сүрөт тартпай дулдуюп отурушту. Так ушул учурда бөлмөгө экөөнүн биринин карындашы түркүн-түстүү карандаштар менен кирип келди. Бул жерде жыйырма төрт карандаш бар, кырк сегиздиги, андан да көбү болот деди ал жыргап. Анан карандаштар менен жашыл бак, кызыл гүл, көк булак, сары күн, ак булут тартты. Түркүн түстүү карандаш менен тартуу кандай жакшы деп балдар чын дилдеринен ынанышты. (Р.Хуснитдинованын "Девочка на корабле" китебинен) Ачылалек сандыкта Будда Жандүйнө Адамдын өз жашоосуна жарык жол табуусу да, адашуусу да жандүйнөсүнө жараша болот. Көөдөн көрөңгөсүнүн өзгөрүп туруусунда, мүмкүнчүлүгүндө чек жок. Андыктан, ички дүйнөң кандай болсо, сырткы дүйнө да сага ошондой болуп өзгөрө берет. Таза эмес дүйнө дайыма бирнерседен шектенип, коркуп, кайгырып жашайт. Жашоодогу адашууңдун себебин жандүйнөң менен талда. Адамдар турмуш азгырыктарынын туткунунда жашайт. Жарыкчылыкта каалоонун беш түрү бар. Алар - көзүң кооз нерсени көргөндө, кулагың жагымдуу доош укканда, мурдуң жыттуу жыт сезгенде, жактырган даамыңдан шилекей куюлганда жана колдоруң жагымдуу нерсе кармаганда пайда болот. Эгерде адам өзүнүн көөдөнүн башкара алса, бул каалоолорду керек учурда жеңе алат. Ажайып нерседен көзүн алакача албай, ага азгырылгандан коркуп, көзүн оюп салгысы келген адам - макоо. Негизгиси, көзүн эмес, жандүйнөсүн оңдой алсын. Ошондо ал баарын жеңет. Мансап, байлык, сулуулук, даңк артынан кууган адам - бал сүйкөлгөн мизи курч кылычты жалаган наристеге окшош. Ширин балдан улам тилин тилдирип аларын билбейт. Токтоо жана таза жандүйнөдөн тунук аң-сезим туулат. Позия Калчоро Көкүлов Дүйнө сен дүйнө болсоң... Дүйнө сен дүйнө болсоң, Адилет, калыс болсоң, Бактыга шерик болсоң, Кайгыдан алыс болсоң. Сени деп кашкөйлөнүп, Селпейип жайдак келем. Дүйнө сен дүйнө болсоң, Дүңкүйүп калмак белең... Дүйнө сен дүйнө болсоң, Март болсоң, кенен болсоң, Айкашта атам болуп, Азапта энем болсоң, Тарта тур тизгиниңди, Кое тур шашмалыгың. Биле жүр баш кадырын. Дүйнө сен дүйнө болсоң, Сезе жүр ач кадырын. Дүйнө сен дүйнө болсоң, Кол тийгис асем болсоң. Көз жеткис бийик болсоң. Сөз жеткис көсөм болсоң. Анда эмне мээнет болуп, Бүткөнсүң жалаң терден! Үнүңөн жүрөк үшүп, Түрүңөн коркот пендең! |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|