Коомдук-саясый гезит
№32, 02.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Каапыр ким да, сопу ким?

Кыргызстанда оригиналдуу адамдар аз, айрыкча Нурлан мырзага окшогон. Кайжерде болбосун сөзсүз бир нерсенин үстүнөн чыгат. Бу саам да "тарс" эткен сөздөрү менен "Агымга" маек курду.
Нурлан МОТУЕВ:
"Эр уруш менен машыгып жүрөм"
- Саяк лидеринин үнү чыкпай кетти. Эмне менен алек болуп атасыз?
- Мындан ары мени саякбашы дегенди токтоткулачы. Революциядан кийин бир жыл Жумгалды, Каракечени "кыңк" эткизбей башкарып турганым ырас. Бүт эл сөзүмдү угуп сыйлашчу, айткандарымды аткарышчу. Губернатор, аким, райпрокурор менден коркушчу. Эми өзүмдү лидермин деп айтпайм. Эмне үчүн саяк элинин эле лидери болушум керек? Башка деле эл бар да Кыргызстанда. Таластык кызга болушуп, кытайды сабаганым бүт гезиттерге чыккан. Дегеле саяк, саруу, ичкилик деген уруучулуктан өйдө көтөрүлөлүчү.
- Түрмөдө жатканыңызда биртууган Бакиевдерди күнөөлөдүңүз эле. Бошонуп чыккандан кийин тескери сүйлөп калдыңыз…
- Мен Бакиевди эчкачан күнөөлөгөн эмесмин. Албетте, достордун арасында ыйкы-тыйкы, талаш-тартыш боло берет. Ал убактылуу эле көрүнүш. Тилекке жараша, менин баркымды биртууган Бакиевдер да түшүндү. Бул адамдар менден мыйзамдуулукту эле талап кылышкан. Ортобузга Кулов аз жерден от жагып жибере жаздабадыбы! Ошону менен элдешип алдык, эми мамилебиз түзүк. Президенттин саясатын азыр деле колдой берем.
- Саяктардын лидерлигинен кетиптирсиз. Эми молдолордун лидери болуу ниетиңиз жокпу? Беш маал намаз окуп, Кудай жолуна түшкөнүңүздөн улам айтып атам…
- Каракечени башкарбай калды деген туура эмес. Каракечени мен эле эмес, эчким башкарбай калган. Менин идеям ишке ашып, мамлекетке өттү. Ал эми, молдолордун лидери деген - чоң атак-даңк. Бул абдан кадыр-барктуу, сыйлуу орун. Анткени, бул Аллахка жагымдуу нерсе. Өткөндө КТРдин "Биз жаңылангыбыз келет" деген берүүсүнөн ислам дини боюнча сөз болуп, катыштым. Кудайга шүгүр, Кыргызстандын муфтийи, Ислам институтунун ректору менин пикириме кулак төшөп, баары мени колдошту. Бирок, молдолордун лидери - Мураталы ажы Жуманов. Муфтий өтө жумшак адам экен. АКШнын базасын өлкөбүздөн чыгып кетсин деп неге айтып койбойт? Алар Ооганстандагы боордошторду бомбалап атышпайбы. Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугу "Гансинин" чыгып кетүүсүн талап кылышы керек болчу. Бул эбак бышып жетилген маселе. Анан да, борбордук мечиттин тегерегиндеги даваат китептерди саткан павильондорду алдыртып салабыз деп мэр Д.Үсөнов менен райаким М.Аманкулов акылсыздыкка барып жатышат. Аерде сигарет, арак сатылган жок да. Бөөдөдөн бөөдө жүз миңдеген мусулман жамаатын козгоп алганы турушат.
- Революциядан кийин кыздар жанымды койбой телефон чалып атат дедиңиз эле…
- Кыздардын жанымды койбогону ырас. Бирок, мага тийип алайын дегендери аз болгон. Көпчүлүгү кызмат сурашкан. Алар да мага окшогон романтиктер да. Ойлошсо керек, мени Акүйдөн бакыйган бир кызматка отурат деп. Анан мага пайдасы тийип калабы деген байкуш үмүттөгү кыздар чалышса керек да.
- Өмүрүңүздө сойкуларга бардыңыз беле? Дегеле көчөдөн денесин саткан кыздарга мамилеңиз кандай?
- Алардан жийиркенем. Кудай өзү сактасын, барган эмесмин, барбайм дагы. Сойкулардын баарын таяк, камчы менен сабап жоготуш керек. Ата-энесин, биртуугандарын тозокко сүйрөп кетчүлөр булар.
- Америкада үйбүлөңүз бар экенин танып атасыз. Неге?
- Ал жакта үйбүлөм, бала-чакам бар деп айткан эмесмин. Америка менен ишим жок, желкемдин чуңкуру көрсүн. Ал - каапырлардын өлкөсү.
- Өтөле олбурлуу көрүнөсүз. Бир коюш менен адамды жыга койчу түрүңүз бар. Спорт менен мамилеңиз жакшы элеби?
- "Ала ТВдан" дайыма панкратионду көрөм. Эрежесиз эр уруш менен машыгып жүрөм. Олуттуу айтсам, күнүнө таң эрте үч километр жүгүрөм. Азыр арыктап, өзүмдү сергек сезип калдым.
- Түрмөгө түшкөнүңүзгө Куловду күнөөлөгөн жайыңыз бар. Саясатчы катары ага кандай баа берет элеңиз?
- Ал калмак, кыргыз тилин билбейт, билейин деген ниети да жок. Саясый аброю бүткөнүн былтыркы шайлоодо 1% алганы айтып турбайбы. Дайыма падышаларга азуусун көрсөтөт дагы, азуудан ары бир койсо отуруп калат.
- Алдыга койгон ой-максаттарыңыздан кеп козгоп берсеңиз. Президент болуу ниетиңиз жокпу? Андай бийик кызматка жетүү үчүн түрмөгө отуруудан да кайра тартпасаңыз керек?
- Ажылыкка баруу - башкы максатым. Өзүм менен өзүм боло бербей, кыргыз элинин турмуш-шартынын оңолуп кетишине колдон келген үлүшүмдү кошоюн дейм. Ал эми сөзсүз эле президенттик үчүн түрмөгө отуруш керекпи? Президент болуу ниетим жок.
- Бир жолку маалымат жыйынында президенттен неге коркушум керек дедиңиз. А азырчы?
- Бул кайраштыруучу суроо экен. Президент болгону үчүн эле андан коркуп, урматташыбыз керек. Болбосо, пендеден эмнеге коркмок элек? Пендеден корксоң, күнүңдү пендеге түшүрүп койом деген Аллах. Менден корксоң ишиңди илгерилетем деп айткан. Ошон үчүн Аллахтан корком.




 

12-таймаш
Борбор калаабыздагы "Спартак" стадионунда Жеңил атлетиканын дүйнөлүк күнүнө арналган мелдеш эртең башталат. Майрамдык турнир үч жаш курагы боюнча өтмөкчү: 20 жаштан жогору, 18-19 жаштагылар жана 1991-жылкылар арасында. Эскерте кетсек, мындай иш-чара буга чейин 11 жолу өткөрүлгөн жана 156 өлкөдө белгиленип келет.
Шах жана Мат
Республикалык шахмат клубунда шахмат боюнча өлкөбүздүн 70-чемпионаттыгы өткөн айдын акыркы күнүндө башталган. Бул мелдеште аялдар Улуу Жеңиш күнүнө чейин ат салышса, эркектердики 14-майда башталары маалым. Аталган иш-чарага Ысыккөл, Талас, Ош жана Баткен облусунан 40ка жакын спортчу келген. Алардын арасында республикабыздын көп жолку чемпиону Ирина Острий жана 2007-жылдын чемпиону Валерия Ким да бар. Алдыңкы төрт орунду камсыз кылган спортчулар күз айларында Германиянын Дрезден шаарында өтө турган дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышмакчы.
Күрөш
Гезитибиздин өткөн сандарында грек-рим күрөшү боюнча Россиянын "Үйбүлө жылына" арналган эларалык турнир башталганын жазганбыз. Аталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан келген 300 спортчу катышты. Эки күнгө созулган турнирде 10 балбан жеңүүчү деп табылды: Жалыбек уулу Балбай (32 кг салмакка чейин, Жалалабат шаары), Төлөбай уулу Мирлан (35 кг салмакка чейин), Эсенкадыр уулу Азамат (38 кг салмакка чейин, Ысыккөл облусу), Өскөнбай Абдупатаев (47 кг салмакка чейин, Бишкек), "Бүркүт" спорт комплексинин тарбиялануучулары: Эркинбек уулу Нуртилек ( 47 кг салмакка чейин) жана Аскай Ажикеев (66 кг салмакка чейин), Максат уулу Бекболсун (53 кг салмакка чейин), Имантур уулу Бекназар (59 кг салмакка чейин), Аманбек уулу Аскат (73 кг салмакка чейин). 85 килограммдан жогору салмакта Москвадан келген конок Гаспар Меликян лидерликти колдон чыгарган жок.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча биринчи олимпиадалык лицензияланган турнир Римде (Италия) радио күнүндө старт алат. Өлкөбүздүн намысын коргоо үчүн эларалык класстагы спорт чеберлери: Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев жана спорт чебери Азис Бейшеналиев аттанышат. Балбандарыбыз менен кошо Б.Алишева (врач), М.Ахметов (калыс), Э.Алыкулов (башкы машыктыруучу) жана Б.Абдилдаев да бармакчы. Спортчуларыбыз жайкы олимпиадалык оюнга жолдомо алышы үчүн жан аябай күрөшүшү керек. Спорттун ушу түрү боюнча Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионаттыгында Руслан Түмөнбаев алтын байгени багындырып, Бээжинге жолдомо алганын эскерте кетели. Шарт боюнча бул Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеген балбандарга гана жолдомо берилет экен. Былтыр Азия чемпиондору болушкан Канатбек Бегалиев менен Данияр Көбөнов Түштүк Кореяда финалга чейин жетип, акыркы секунддарда кореялык жана кытайлык балбандарга уттуруп коюшкан. Балким, Италияда ийгилик биздин балбандарга ооп, жолдомого ээ болуп калгылары бардыр. Айтмакчы, Римге барчу кыргызстандык команда үчүн мамлекеттик денетарбия жана спорт агенттиги 663385 миң сом бөлгөн.
Бээжин-2008:
Баш байгеге - 150 миң доллар!
Бардык өлкөдө Олимпиада оюндарында татыктуу орунга ээ болгон спортчуларга сыйлык берүү салтка айланган. Алсак, коңшу казак, өзбек туугандар баш байге үчүн 100 миң доллар сыйлык берип жүрүшөт. Мурда алтын, күмүш жана коло медалга ээ болгон спортчуларга акчалай сыйлыктар берилип келген. Ал эми бул ирет Бээжинди "чапкан" 1-орундан 8-орунга чейинкилерге сыйлык берилери айтылууда. Алсак, Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилери Мурат Саралинов менен Канат Аманкулов президентке жайкы Олимпиадада баш байгени багындырган спортчуларга 150 миң доллар сыйлык берүү сунушун жолдошкон. Ажобуз бокс менен машыкчу эле, мындай демилгени колдоп калгысы бардыр…
12 жолдомого 59 млн. сом
Өлкөбүздүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянсак, 29-жайкы Олимпиадага даярдык үчүн казынадан 59 миллион сом чыгымдалган. Өткөн жылы Бээжин Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн кыргыз спортчуларынын кетирген чыгымы 27 млн. сомду түзүптүр. А быйыл төрт айдын ичинде 34 млн. сомдон ашык каражат сарпталганы маалым болду.
Бетти даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan