![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №32, 02.05.08-ж. |
Меймансап Форум Майн, майн, мансап! Кызматчы - кыялына жараша Адатта, карьера тууралуу сөз болгондо, кызмат тепкичи менен көтөрүлүп, жамаатка шеф болгондорду гана айтабыз, карьера жасады, көп нерсеге жетишти деп. Бирок, бардык эле учурда башкаруучу ар тараптан мыкты жана таанымал боло бербейт. Чоң болуп биртоп убакыт башкаруу ишинде отурса да, иш жагдайын жакшы түшүнбөгөндөр бар. Экинчи бир жагы, чоң кызматка жетпесе да мыкты адис катары жогору бааланган барктуулар, чөйрөгө таанылгандар бар. Ушундан улам карьеранын илимий жактан негизделген эки түрү тууралуу кеп кылгыбыз келет. Биринчиси, карьеранын тик өйдө жогорулаган жолу. Экинчиси, тамыры туурасынан жайылган карьера. Өр тарткан карьера Эгер башкаруучулук, уюштуруучулук жөндөмүңүз сизге тынчтык бербей, билимиңиз, дараметиңиз, ал-күчүңүз ашып-ташып, жумушка баш-отуңуз менен киришүүгө даяр болсоңуз, анда сиз тик өйдө кеткен жолду тандашыңыз керек. Креслодогу адамга жогорку айлык акы, жеке айдоочусу бар машине - турган иш. Бирок, башкысы, кожоюндукта отурган адам өз идеяларын, ойлорун ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк алат, кыймыл-аракетинде эркин болот. Эрте кеттиң, кеч келдиң деп эчким зекибейт, бирөөгө көзкаранды болбойсуң, б.а. казандын каягынан кулак чыгарарын казанчы өзү билет. Бул - кызмат көрүнүштүн бир жагы. Тилекке каршы, анын экинчи бети да бар. Башчы болуп көрбөгөн адамга шефтин жашоосу жыргал туюлат. Ал эми жетекчинин жумушундагы эң оор жүк - кандай маселе болбосун, майдасынан чоңуна чейин, ички чөйрөдөн сырткы чөйрөгө чейин шефтин мойнундагы чоң жоопкерчилик. Иштеп аткан ишинен сырткары да өтө түйшүктүү жана моралдык-психологиялык жактан оор. Изилдөөлөргө таянсак, жетекчилердин 65%ы күнүгө оор стресстерге кабылат экен, бул жүрөк, психосоматикалык оорулардын уюткусу экени талашсыз. Кечинде бутун тарталбай, чарчап-чаалыкканын тек коелу, көпчүлүк учурда мындай адамдардын жеке турмушу, үйбүлөсү убакыттын тартыштыгынан көңүл сыртында калат. Канатын жайган карьера Эми карьеранын горизонталдык жагынан кеткен түрүн байкап көрөлү. Эгер сиз шеф болууга умтулбасаңыз, бирок мыкты адис болсоңуз жана дагы көп нерсени билүүгө умтулуп жүрсөңүз, анда карьеранын дал ушул түрүн тандасаңыз болот. Мында адам бир адистиктин ичинде эле тажрыйбасын топтоп, кеңейтип жүрүп отурат же кызматын түп-тамырынан бери өзгөртүп, дагы жаңы бийиктиктерге жетишип, көп нерсени таанып-билет, мыкты адис катары чөйрөгө таанылат. Бул - туурасынан кеткен карьеранын түрү. Азыркы заманда жогорку квалификациялуу адистерди кучак жая тосуп алышат, анткени ар бир жетекчи иштин көзүн билген, тапшырмаларды майын чыгара аткарган, тың адамдардан турган командага ээ болууга аракеттенет. Күнүгө кайталанган бир эле жумушту аткаруудан чарчасаңыз, анда алга! Сиз үйрөнөлек, билелек канчалаган кесип бар. Өзүңүздү ишмердүүлүктүн ар кыл тармагынан байкап көрүңүз, түрдүү компанияларда иштеңиз, тажрыйба топтоңуз, ар тараптан өнүккөн, баарын билген адам болууга жетишиңиз. Бирде болбосо бирде сөзсүз көңүлүңүзгө жаккан иштин ээси болосуз. Карьера жасоонун бул түрүнүн жакшы жагы - өзүңө жаккан, көңүлүң сүйгөн иш менен алпурушканың. "Таңында ишине кубанычтуу жөнөп, кечинде үйүнө кубанычтуу кайткан адам бактылуу" деп атактуу Ю.Никулиндин айтканы бар. Бирок, күлү бир жерге додо болбой улам эле иш алмаштыра берген адамдар жакындары тарабынан жемеге алынат. Акча каражатынын жетишсиздигинен улам горизонталдуу карьеристтер вертикалга өтүүгө мажбур болот. Себеби, өз ишин мыкты билген чебер адис болууга караганда, жетекчилик орунга жетүү кыйла оңой. Кээ бирөөнү турмуш ошого түртөт: акча деген азгырык азыр зарыл болуп атса, кайдагы горизонталдуу карьера деп… Дегинкиси, карьеранын кайсы түрүн тандасаңыз да, эң башкысы - профессионалдык өсүштү өркүндөтүп, алдыга умтулуңуз. Билбеген балээм калган жок деген күндө да токтолбоңуз. Азыр жаңы бийиктиктер ачылып, мүмкүнчүлүктөр кеңейди, жашоо өзгөрдү. Убакыт учкан куш болуп турганда заман менен кадамдаш болуңуз. Резюме деген эмне? Азыр айлыгы жакшы жумуш менен камсыз болуу көйгөйү орчундуу. Бирок, мүмкүнчүлүктөр кеңири экени да талашсыз. Учурдагы рынок абалы тууган-туушканга карабайт, чыныгы мыкты адистерди талап кылгандыктан, бүгүнкү күндө пиар деген түшүнүк кеңири пайдаланылат. Өзүңүздү рекламалоодон уялбаңыз (албетте, чени менен). Иштей аларыңызды, жөндөмдүүлүгүңүздү, колуңуздан көп нерсе келерин далилдеңиз. Көпчүлүк мекемелер резюме талап кылат. Аны да туура түзө билиңиз. Бир барак кагазга өзүңүз, дарегиңиз, үйбүлөлүк абалыңыз, билимиңиз, эмгек жолуңуз, шык-жөндөмүңүз (компьютерде иштөө, чет тилдерде сүйлөө) жана кайрылган максатыңыз тууралуу кыска, так маалымат бериңиз. Башкы максат, резюмеңизди окуган жетекчи сиз менен жолугушууга ынтызар болушу керек. Мүнөзүңө жараша мүмкүндүгүң артат Жаштардын көбү даражалуу кызмат ээлөөгө умтулушат. Албетте, генерал болууну самабаган аскер - аскер эмес. Бирок, шеф болуу да өзүнчө ишмердүүлүк, өзүнчө талант. Антип башкар, минтип башкар деп ЖОЖдор окутпайт. Башкаруучулук ар бир жетекчинин жеке мүнөз сапатынан түптөлөт. Ошого жараша иши жүрүшөт. Бардык эле чоңдор жетекчилик милдетти аркалоого татыктуу боло бербейт. Андыктан, "мен жашаш үчүн иштеп атамбы же иштеш үчүн жашап атамбы?" деген суроонун пайда болушу мыйзам ченемдүү. Роза ОТУНБАЕВА, ЖК депутаты Алгачкы кесип - 9-класс кезимде пионер лагерге барып, пионер вожатыйга жардамчы болгом. Алгачкы маяна - Ошондо анча-мынча тыйын алгам. Канча экени эсимде жок. Ал маянаңызды эмнеге короттуңуз эле? - Шаарга келип өзүмө бир юбка, бир кофта сатып алгам. Карьера жасоого түрткү болгон нерсе - Ал кезде идеология күчтүү болчу. Патриотизм сезими курч эле. Москвадан окууну бүтүп, иштеп эки жылдан кийин эле зав.кафедра болдум. Мамлекеттин келечеги, өсүп-өнүгүшү үчүн бизде жоопкерчилик деген бар болчу. Алдыга умтулуубуз менен ушул даражага жеттик. Өз баамыңызда кандай жетекчимин деп ойлойсуз? - Калысмын. Талапты катуу коем. Турсунбек АКУН, КР Акыйкатчысы Алгачкы кесип - 22 жашымда Тяньшан районунда мал доктур болуп иштегем. Алгачкы маяна - Студент кезимде Токмоктогу эт комбинатында тери иштетүүчү цехте практикадан өтүп, 170 рубль акы алгам. Ал маянаңызды эмнеге короттуңуз эле? - Группалаш, курсташ балдар-кыздар болуп Алматы шаарына барып эсалып келгенбиз. Негизи кыздарга кеткен. Карьера жасоого түрткү болгон нерсе - Мени түрткүлөгөн деле киши болгон жок. Ата-энем карапайым адамдар эле. Таякелерим тыңчыкма экен. Баккан атам - малчы, тапкан атам 40 жыл бою мугалим болуп иштеген. Анан кыйын арызчы экен. Көптөр келип атама арыз жаздырчу. Арыз кимдин үстүнөн жазылса, ал адам оңчу эмес. Эми а киши айылдын, райондун деңгээлиндеги арызчы болсо, мен республиканын деңгээлиндеги арызчы болбодумбу. Өз баамыңызда кандай жетекчимин деп ойлойсуз? - Эми аны коллективден сураш керек го. Өз оюмда жакшы элемин. Токон ШАЙЛИЕВА, коомдук ишмер Алгачкы кесип - 13 жашымда апийимде иштегем. 16 жашымда талаага кызылчага чыккам. Алгачкы маяна - Чынын айтсам, эсимде жок, канча экенин унутуп калыптырмын. Ал маянаңызды эмнеге короттуңуз эле? - Айыл чарба продукциясын өткөрүп, кайра иштеп чыгуу бөлүмүндө заготовитель болуп иштедим. Алган акчама кайненеме көйнөк, анан бир чай алпергем. Карьера жасоого түрткү болгон нерсе - Мен биртуугандарыман башкача болчумун. Ата-энем айылдын күжүрмөн кишилери эле. Өзүм да аракет кылып, жанталашып иштечүмүн. Негизи мен рыноктун кишисимин. Соода менин канымда бар. Бир нерсе алып, аны кайра сатып, жакшы буюмдарды алганды жакшы көрөм. Өз баамыңызда кандай жетекчимин деп ойлойсуз? - Коллектив менен ынтымактуумун. Ар биринин үй-жайы, бала-бакырасы бар да. Бирок талапты катуу коем. Иштеги конфликттерди, пикир келишпестиктерди түшүндүрүү, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылам. Даярдагандар: Салтанат КЫДЫРМАЕВА, Канышай БЕШБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|