![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №32, 02.05.08-ж. |
Меймансап Форум Медил Өзсүңбү, Жатсыңбы, акыйкат андан бийик Турмуш өзү кызык оюн. Оюнга табият кут кылган кумарыңа, ыйгарган ышкыңа жараша катышасың. Согуш да оюн. Каары күчүнө толгон эркектердин ааламга мен ээлик кылам деген эрегиши. Ал эми биздин турмуш жашыруун жабык согуш. Оюну кайсы, чыны кайсы, өзү кайсы, жаты кайсы - акылың алтоо болсо, аңдап бак. Өз, анан Жат деген түшүнүк моюнга алгандардын да, албагандардын да канына сиңип, мээсин уялап алган. Жаралган жасаты ошондой. Минтип ала-кулалап бөлүп-жаруу түшкө да кирбейт деп көпчүлүгү жалган айтып, жанын жейт. Бул деген артында кимдер турганынан алаксытуу амалы. Айланасы бүт "өз менен жаттан" турарын билген адам дилин, тилин, бүт аракет-ариетин ошого жараша көзөмөлдөгөн механизмге айланат. Канткен менен адам өмүр бою эчнерсеге катышпай жашай албайт. Канчалык кайдыгер болом десе да, башкалардын баш оорусу анын да жанын оорутпай койбойт. Ошондо "өз" менен "жат" кээде ийиндеше, ыкташа калат. Башканын жаны кантип жабыркап атканын сезесиң. Бирок унчукпайсың. Уйгу-туйгулук ичиңде казандай кайнайт. Акыйкат сүйгүч сезим "ата-тегинен" бери буйруган адамга "өз" менен "жат" оюн-согушуна катышпай, жашоо өзүнчө эле азап. Эсеби маселең, мен тигинисин да, мунусун да эркектигине жараша баалайм. Туура жүргөн кишилер айыгышкан душманын да ардайым эркектик көктүгүнө, принцибинин бектигине жараша баалаган. Биздин мезгилде,мыйыктан күлкү чакырган "юристтер мезгилинде", асмандан бүткөнсүп эч жерде жазылбаган ушул принципти тилекке каршы, арким өз кызыкчылыгына пайдаланат. Өз жаңылабы, жат жаңылабы, маселе анда эмес, чындык дайыма жалгыз. Үн катып чыгуу керекпи же унчукпай кутулуу керекпиге келгенде, мен турмуштун "өз" жана "жат" оюнунун туткунунда калбаш үчүн СССР эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиевдин кайсы бир жылдары кайрылганын эстейм. Үзөңгүкуушту Кытайга бербөө тууралуу президент Акаевге кат жаздык, ошого сен да кол кой деди эле. Азыр Ысыккөлдөн "Кумтөрдү" кууп жибергиле дегим келген сыяктуу эле анда да колду балчайта койгум келген, бирок кармангам. Андагы Үзөңгүкууш бүгүнкү "Кумтөр" экендигин ошондо эле түшүнгөм. Бул урагыс дубалды, болгондо да жергиликтүү калк кошо курушкан дубалды сүзгүлөгөн адамдын чекеси жарылгандан башка эчнерсе өзгөрмөк эмес. (Европа долбоорунда иштеген менин бир классташым бизнес боюнча өнөктөшпү, айтор "Кумтөр" кожоюндарынын бирөөнүн аңгеме-дүкөнүнө катышып калыптыр. Кыязы, досумдун кыргызстандык экенин билбесе керек, оозу-мурду кыйшайбай: "Алтын казуунун аябаган зыяндуу жолун колдонот экенсиңер деп Африкадан айдап чыкты эле, Кыргызстанга келдик. Бир жылы уу тарткан контейнерибиз суусуна кулады. Ошондо буларың Хиросимадай эле кырылат го деп ойлогон элек. Жандары темирден экен, кырылган жок" дейт имиш). Кыскасы, мен Б.Шамшиевдин катына кол койгон жокмун. Акүйдөн көчүккө жейминби деп корктум. Анда менин атымды укса эле куйкасы курушуп, шакыйы кармаган Осмонакун Ибраимов отурчу. А мен кино тартайын деп аткам. Корккон кообум ошол эле. Ошол мүдөөмдүн үдөөсүнө чыгам деп, Алматы менен Уфа чакырыгынан аткез берип, Бишкекте калгам. А аякта дегениң жергиликтүү 100 режиссер бир спектаклди талашкан кырылыш. Эгемендиктин 15 жылында Кыргызстанда бир кино тартылбаганына ичим туз куйгандай ачышкан жаным бир тыйын пайдасы жок бул тармакка тырышып көрөйүн дегем. 2004-2005-жылдын айланасында Киносоюздун агездеги төрагасы Гүлсайра Ажыбекова "Таксист" деген фильм тарт деп сунуш кылган. Экиби, үчпү режиссер таксисттин турмушун билбейбиз деп аткез беришиптир. А менин ал турмуштан тажрыйбам бар эле, ичинен билчүмүн. Макул болгом, бирок ал фильмди башка бир белгилүү режиссерго бериптир, ал музыкант жөнүндө фильм тартты. Арким өз билгенин жасайт да. Таксист - Кыргызстанда оокат кылуунун эң мыкты огожосу. КМШ боюнча таксист Кыргызстанда көп. Киного өз эмес, жаттардан кирген мен эле болсом керек деп ойлойм. Жат дегеним, сүрмөтоп сүрөгөн кумирлерди жаратылышыман эле жактыра бербейм. Кино жөнүндө айтсам, 15 жылда бир фильм тартылбаса, демек, андай абал кимдир бирөөгө керек окшойт. Март революциясынан кийин Б.Шамшиев "Кыргызфильм" көркөм кеңешинин төрагасы болуп туруп, бир кезде антип кол койбогонум үчүн мени кодулаган жок. "Петрарканы" окуп, сценарийимди колдоду. Аз жерден кайнап каны кошулбас душманыма айлана жаздаган Замир Эралиев анда Мамкино төрагасы болуп калган. Ал кекке алдырган жок. 1994-жылы З.Эралиевдин бир жакын адамы менен эгеше түштүм эле. Ал З.Эралиев менен мени коркуткусу келип, ортого салып атпайбы. Ошондо өмүр бою элдешкис душмандай болуп, эрегише тараганбыз. З.Эралиев аны эстеген жок, же эстебемиш болуп өзүн бийик тутту. Он эки жыл экөөбүз бир орунда отуруп да учурашкан эмеспиз. Көркөм кеңештен сценарийимди З.Эралиев өткөртпөсө өткөртпөй кое турган жөнү бар эле, анткени аны менен элдешкен да, бөйпөңдөгөн да эмесмин. Ал минтип айтты: "Мүмкүн сен жамандырсың (баягынын кээри бар да), бирок жакшы сценарийиң жолуңду ачып кетти". Андан соң менин ишиме жеке өзү аралашкан жок. Көркөм кеңештин түгөнөт десе түтөгөн талкууларында сценарийге биртоп өзгөртүү сунуштарын киргизди. Драматургияны жакшы түшүнөрүн ошондо билдим. Көркөм кеңеш мүчөлөрүнүн арасынан көркөмдүк жагына ал гана өтө кыйкымчылдык кылды, кемчилигин кесе көрсөттү, ийгилигин кош колдоп колдоду. Ошондо байкадым, ал үчүн маселенин майда-чоңу жок экен. Бардыгына эле күйүп-жанып, өрттөнүп турарын билдим. Бул эми өзүнүн иши кыязында айрым кырдаалга көз жумуп, кол шилтеп койсо болот го. Ал антелбайт экен, б.а., тиричилик дипломатиясынын каада-салты менен жашабайт экен. "Корто да болсо өз короомдон кочкор салам" деп өзара кырылышкан ушу заманда. Майда мүдөө, арзыбас пайда көздөп үйүгүшүп-топтошуп, "сен мага тийбе, мен сага тийбейин" мезгилинде. Жогоруда айткандай, таарынычтарды тарс унутуп, фильмимди өндүрүшкө чегерди. Кинонун баш чиновниги болсо да сценарийди бышырууда да, фильм тартылып аткан мезгилде да андай кыл, мындай кыл, аны тарт, муну тарт деген жок. Өзү режиссер болуп, анын тегирменине далай тартылгандыктан художникке жолтоо болбой, бардык тараптан эркиндик бериш керектигин түшүнсө керек. А чындыгында режиссер-начальник калган режиссер үчүн тирүүлөй тозок. Мен андан анын жышаанын да байкаганым жок. Ал башка режиссерлор менен талашып-тартышса да, искусствонун мүрөл үлгүлөрүнө салыштырып талашып-тартышат деп ойлойм. Фильмди монтаждап жана тапшырып атканда ал чыгарманын жакшы жактарын жазбай таанып, тигини алып сал, муну кош деп талап койбогондордун бири болду. Башканын фильминен өзүнүн ойлогонун эмес, ошол башканыкын көргүсү келген, алардын да жашоого укугу бардыгын моюндаган режиссер катары З.Эралиев башкаларга өрнөк болсо болот. Жыйынтыгында менин фильмиме 1-категория ыйгарды. Билгенге бул оңой олжо эмес. Түз эфирден финансы министри А.Жапаровго кино мамлекет максатынан сүрүлүп баратканы тууралуу каш кайтарганы эсимде. Ал премьер-министр Куловдун "Ысыккөл" кинотеатрын агартуу министрлигине бер деген талабын аткарбай койгон. Жогору жактан буйрук берилсе, башкалар жатакалып аткармак. Алдыны тайманбай беттеген адам менен кандай гана маселе болбосун чечүү жеңил. Убаданы убалына карабай берип, артынан суу куйгандар маселе чечпейт. Эсеби маселең, кезектеги киноишмерди киностудия деректирине "тээп", ал көркөм кеңешке, көркөм кеңеш кинонун кандайдыр бир өңсүз-түссүз кардиналына жумшап, ал кайра Мамкиного айдаган "салттуу футбол" ойносо, албетте, Эралиевдин жашоосу жеңил болмок. Күндөлүк турмуштагы демейки жорук көрүнгөн бул жосун ага жат. Ал бардык чүмбөттү сыйрып ыргытып, картаны ачык жаят. Мен ойлойм, жел "желп" этсе, "үлп" этип өмүр өтөгөн художниктерге ушундай ачык, түз адамдар айрыкча зарыл. З.Эралиевдин талуу жери, чыныгы күч-кубаты - түздүгүндө, тайманбастыгында. Ал бүгүн "тепкиленип" атабы, демек бардык лидерлердин тагдыры ошондой. "Өзгөлөрдүн" арасында да, "өздөрдүн" арасында да. Ошонүчүн, бүт жоопкерчиликти өз мойнуна алып, башкалардын артына жашынбагандыгы үчүн лидер. Тилекке каршы, өз колу менен желек көтөргөндөн коркуп, башкалардын көлөкөсүнө жашынган, "чыр чыккан жерди көргөндө, чын күлүктөй темингендерди" алдыга кое берип, бирин-бирине кайраштырып-кагыштырган лидерлер бизде иттин кара капталынан. Менимче, Замир Эралиевдин энергиясы, турмуштук күч-кубаты кинематографга кызмат кылат. Анын ачыктыгы, түздүгү эчкимди адаштырбайт. Далыга калп таптап, убайы жок убадаларды бербегендиги сенин күчүң менен убактыңды бекерге коротпойт. Бул турмушта алдыңдын айкындыгынан башка эмне кымбат? Айкындыкты "өз" да, "жат" да жакшы көрөт. "Өз" да, "жат" да арабызда түз айтып, тайманбай маселе чечкен адамдар көп болсо деп тилейт. Нурлан АБДЫКАДЫРОВ, театр, кино режиссеру Омоктуу окуу жай Билим торбосу кантип толот? Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын дээрлик барынын каалгасын кагып көргөм. Арасында мурдагы абалда жашоо өткөргөнү, материалдык-техникалык базасын чыңай албаганы, заманбап техникаларды (компьютердик) орноштурбаганы, билим деңгээли төмөндүгү бар. Ал тургай Бишкек менен Оштогу окуу жайлар ортосунда бир топ айырма байкалат. Окууга ынтызарлыгы, уюштуруу иштери, кала берсе материалдык-техникалык базасы жагынан Оштогу окуу жайлар алдыда дээр элем. Дегеним, бул Ош Технологиялык Университети (ОшТУ). Болон процесси боюнча ОшТУ пилоттук окуу жай катары тандалып, бул жагдайда жетекчилик Европадан бир топ тажрыйба алган. Ректор Абдибали Токтомаматов: "Чет элдик университеттерди көрүп келгенибиз бизге зор өбөлгө берди" дейт. Айтайын дегеним, Кыргызстандын бир дагы окуу жайында жок "Мульти-медиалык компьютердик борбор" ректор демилгеси менен ачылган. Анда акыркы үлгүдөгү 80 компьютер чоң залга жайгашып, жогорку ылдамдыктагы "Интернет" туташтырылып, электрондук китепкана түзүлгөн. Ар бир студент, окутуучу акысыз интернеттен пайдалана алышат. Студенттердин билим деңгээлин заманбап өстүрүүгө жасалган бул борборго 1,5 млн.ашык сом каражат кеткен. Бүгүн Кыргызстанда билим берүү ортодон төмөн экени көбүнө маалым. Мындай деңгээлге түшкөнүн мугалимдердин айлыгы аздыгынан, коррупцияланышынан, эң башкысы системанын жоктугунан көрүп келебиз. Чындыгы бар. Маселен, 5 жыл университетти таптаган студент толук кандуу билим албаганы ырас. Сапаттан саны көп студенттердин басымдуу бөлүгү компьютер менен иштөөнү билишпейт. Практикалык билимди мындай кой, теориялык билимге канык эмес. Ушундай мезгилде ОшТУ атайын компьютердик борбор ачып, ар бир студентке мүмкүнчүлүк түзүп бергени алкоого арзырлык. Биз жаманын жайып чыккандан мурун жакшыны айтканыбыз оң. К.ПОЛОТОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|