Коомдук-саясый гезит
№32, 02.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


НАТО. Дүйшөмбү күнү Грузиянын Абхазия аймагынан Россия аскер күчтөрүнүн чыгып кетишине НАТО макул болду деген билдирүүсүн четке кагып, альянстын расмий өкүлү билдирүү жасады. Анда негизинен Грузия ММКларынын маалыматы төгүндөлүп, эч кимден мындай сөз чыкпагандыгы айтылды. Россия дарегине багытталган Грузиянын осол мамилеси Москванын ВТОго өтүшү тууралуу Женевада жыйынтык докладдын даярдалышына тоскоол болгон жок.
Чехия. ПРО радарын өз жергесине жайгаштыруу боюнча АКШ менен келишим түзүү мөөнөтүн кийинкиге жылдырды. Ошол эле убакта ПРО элементтерин жайгаштырууга Чехиянын калкы да, парламенти да каршылык көрсөтүүдө. Апрелдин башындагы эки тараптын сүйлөшүүсүнө ылайык, радар Брды шаарында жайгашып, анда 205дөн ашпаган америкалык аскер иштемек. Келишим жүзөгө ашышы үчүн документти парламент ратификациялап, ага өлкө президенти кол коюшу керек.
АКШ. Пентагондун Иранга согуш ачаары тууралуу расмий эмес маалыматтар тарады. Мындай кадамдын себеби, Ирандын Ирактагы ролу, б.а. Тегерандын Багдадды америкалыктарга каршы колдонула турган курал-жарак менен камсыздоосу. Ушу тапта Персия булуңуна АКШнын авиаташуучусу экинчи ирет жеткирилип, Американын эч нерседен тартынбастыгы айтылууда.
Белоруссия. Вашингтондогу белорус өкүлчүлүгүндө иштеген кызматкерлердин саны азайганына байланыштуу АКШ өкүлчүлүгү да өз штатын кыскартышы керек деп жарыялады ТИМ. Бирок америка тарап мындай чечимге макул эместигин билдирди. Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин курчушуна 2007-жылдын аягында белоруссиялык "Белнефтехим" мамлекеттик компаниясына АКШ тарабынан киргизилген санкция себеп болгон.
Сауд Аравия. Баңгизат менен соода кылган үч пакистандыктын башы алынды. Гашиштин ири партиясын ташуу айыбы тагылып, сот тарабынан ушундай өкүм чыккан. Мындан алты күн мурун дагы эки пакистандык жаран баңгизат менен алектенгенгендиги үчүн өлүм жазасын тартышкан. 2008-жылдын башынан бери Сауд Аравияда соттун чечими менен 56 киши өлүм жазасына буйрулган. Өлкөнүн мыйзамына ылайык, өлүм жазасы өлтүрүү, зордуктоо, курал-жарак менен карактоо, өз дининен баш тартуу жана баңгизат сатууда айыпталган адамдарга колдонулат.
Япония. Өлкөнүн түндүгүндө адам өмүрүнө коркунуч апкеле турган куш тумоосунун өзгөчө вирусу Эйч5-Эн1ден өлгөн аккуулар табылган. Ушуга байланыштуу бийлик Товада көлүнөн 30 км аралыкта жайгашкан бардык канаттулар фермасын дыкат текшермекчи.
Египет. Туристтерди Шарм-эш-Шейх курортунан Каирге ташыган автобус жолдон аласалып, өрт башталган. Ичиндеги туристтер Канада, Италия, Россия жана Украинанын жарандары болуп чыкты. Натыйжада, 10 адам каза болуп, 28 адам күйүк жараттарын алышкан. Жабыр тарткандардын ичинен 2 египеттик полицей, 2 канадалык, 1 италиялык жана 3 украина туристи бар экендиги белгилүү болду. "Күйүктөн улам айрым өлүктөр таанылбай турат, бул иш дагы белгисиз убакка созулушу ыктымал", - дейт туризм министрлигинин өкүлү Хала аль-Хатыб



  Дүйнөкүн

Жиндүйнө . Австриянын Амштеттен шаарында 73 жаштагы Йозеф Фритцль 1984-жылдан бери өз кызы Элизабетти жертөлөдө кармаган. 24 жыл аралыгында Элизабет атасынан 7 балалуу болуп, улуу кызы Керстин 19 жашка чыккан. 1996-жылы Элизабет эгиз бала төрөп, үч күндөн кийин бирөөсү чарчап калган. Наристенин өлүгүн атасы өрттөп жоготкон. Үч бала энеси менен жертөлөдө жашаса, үчөөнү таята-ата неберелери катары каттатып, алар менен чогуу күн кечирген. Үрөй учурган окуя Элизабеттин улуу кызы Керстин эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөндөн кийин белгилүү болду. Денсоолугу тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн дарыгерлер кыздын энеси менен байланышууга аракеттенишкен. Ошондон улам Элизабет камактан бошонуп, 11 жашынан бери атасына кордолуп, ушул жертөлөдө жашап келатканын айтып берди. Азыр Элизабет балдары менен жергиликтүү бийликтин камкордугунда, кызы Керстин оорусу белгисиз болуп, эс-учун билбей жатат. Йозеф Фритцль өз жазасын күтүп, камакта.
Кримдүйнө . Алтай республикасында 17 жашар кыз уктап аткан тууганынын үстүнө кайнак суу куюп, андан кийин балталап салган. Сотто кыз күнөөсүн мойнун алып, бирок, мындай кадамга коргонуу иретинде барганын айтууда. Мас болуп келген тууганынын жүрүм-турумуна кыжырланган кыз уруша баштайт. Чоң жаңжал чыгып, акырында кыздын байкеси уктап калат. Өч алуу максатында кыз эринбей чоң мискей сууну кайнатып, уктап аткан байкесинин үстүнө жаба куюп салат. Муну менен эле токтоп калбастан, балта менен башка ургулай баштайт. Кыздын байкеси дароо көз жумган. Азыр кыз сотту күтүп отурган мезгили.
Таңдүйнө . 32 жылдан бери полициядан жашырынып жүргөн 53 жаштагы америкалык Мэри Уолш камакта. 1975-жылы 20 жылга кесилип кеткен Мэри бир жылдан кийин түрмөдөн качып чыккан. Бул мезгилге чейин турмушка чыгып, үч балалуу болууга жетишкен. Эми Мэри качып кеткендиги үчүн 5 жылдан 9 жылга чейин темир тор артында отурушу толук мүмкүн. Ал эми 27 жылдан бери түрмөдө отурган Жеймс Ли Вудардды америкалык сот айыпсыз деп таап, камактан бошотту. Жеймс 1981-жылы 21 жашар кызды зордуктап, өлтүргөн деп айыпталып, сот өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө отурууга өкүм чыгарган. Ал кезде Жеймс 28 жашта болсо, азыр 55те. Американын "эркиндигине жана демократиялуулугуна" баракелде!
Жолдүйнө . 1-май күнү Кытайда жайгашкан дүйнөдөгү эң узун көпүрө ачылды. 36 км узундуктагы көпүрө Ханчжоу суусунан өтүп Шанхай шаары менен өндүрүштүк шаар Нинбону байланыштырат. Ханчжоудагы бул көпүрө Дания менен Швецияны байланыштырган Oresund көпүрөсүнөн 7 эсе узун. Эгер бул көпүрө Ла-Маншта курулса, Франция менен Улуу Британияны бириктирип коймок.
Жупдүйнө . Эки жылдан бери Россия шоу-дүйнөсүн дүңгүрөтүп келген Сергей Жигунов менен Анастасия Заворотнюктун ысык мамилесинин суугандай түрү бар. Көпчүлүктүн оюнда эки жылдыздын мамилеси нике тоюна барып такалмак, тилекке каршы, андай болгон жок. Имиштерге караганда, "гардемарин" кийим-кечесин, буюм-тайымдарын чогултуп, үйдөн чыгып кеткен. Көптөн бери экөө тең коомдук иш-чараларга жалгыздан катышып калышкан. Ажырашуу себеби бүдөмүк.




  Миң түркүн адам

Владимир Путин
Президенттик мөөнөтү ушу жылдын 7-майында аяктайт. 29-30-апрелде Греция премьер -министри Константинос Караманлис менен Москвадагы расмий жолугушуу Путиндин президент катары тышкы саясаттагы акыркы иши болду. 8 жыл аралыгында Россиянын экинчи президенти чет мамлекет өкүлдөрү менен жылына болжолдуу түрдө 145 жолугушуу өткөргөн. Эларалык деңгээлде 1393 жолу сөз сүйлөп, түрдүү форматтагы КМШнын 64 саммитине катышкан. Дүйнөнүн 74 өлкөсүндө 192 жолу иш сапар менен болуп, эң көп Украинага (22), Казакстанга (14), жана Германияга (13) барган.
Алсу
24 жаштагы ырчы айым экинчи кызын төрөдү. Наристенин салмагы 3,365 кг, эне-баланын денсоолугу жакшы. Жакындарынын айтымында, Алсу бир айдан соң эле чыгармачылыгына кайтууну пландаштырууда. Жаштыгына карабастан эки балалуу болгонуна абдан сыймыктанып, дагы көп балалуу болууну самап турган чагы.
Роман
Абрамович
Борис Березовский менен болгон келишпестигинен улам башталган сот иши уланууда. Абрамовичти "Путиндин жашыруун жасоолу" атаган Березовский сотко айрым документтерди кошумчалады. Ал документтерге ылайык, "Челсинин" ээси Кремлдин кандайдыр бир ишканага же ММКга ээлик кылууда терс иштерин жүзөгө ашырган аткаруучу болгон. Буга негизинен "ОРТ" телеканалы, "Сибнефть" компаниясы кирет. Ал эми Абрамовичтин адвокаты Эндрю Попплуэл бул өтө чиеленген баш-аягы жок иш экенин айтууда.
Иосиф Кобзон
Россия эстрадасынын "көзүрү" жүрөк оорусу менен врачтарга кайрылган. Дыкат текшерүүдөн кийин медиктер жүрөктүн согуу ыргагы бузулган деген жыйынтыкка келишти. Азырынча дарылоо ыкмасы аныктала элек. Айрым дарыгерлер операция керек дешсе, кээси кардиостимулятордун жардамы менен жүрөк ишин жөнгө салууга болот деп айтышууда. Иосиф Кобзон 2005-жылы да онкологиялык оору менен ооруп, бир катар операцияны башынан кечирген.
Жерар Депардье
2005-жылдын 3-октябрында италиялык фотокабарчы Дарио Орландини бир муштаганы үчүн сот актерго 800 евро айып салган. Папарацинин айтуусунда, Депардье бир айым менен Италиянын дүкөндөрүн кыдырып жүргөн убагында сүрөткө тарта баштаган. "Ал мени ымдап чакырып алды да, башы менен мурундан ары бир сүздү. Ушунун айынан 4 күн иштен калдым", - дейт журналист.

www маалымат булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan