![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №32, 02.05.08-ж. |
Меймансап Форум Бул ким: периштеби же азезилби? Жаныш БАКИЕВ: "Максим экөөбүз тең таамай атабыз" Мен элүүгө чыктым. Карагандыдагы милиция мектебин чогуу бүткөндөр эмгиче ынтымактуубуз. Досторум келди, Газмановдун келиши - досторумдун белеги болду. - Эки оппозициялык гезит уулуңуз Асылбек жол кырсыгына себепкер болуп, адам өлгөнүн жазган эле. Кийин ал эки гезитти бир жарым миллион сомго сотко берди. Ушу кырсык болду беле? Гезиттеги макалалардан кийин уулуңуз чын эле депрессия болдубу? - Биринчиден, сотко берүү гезиттердин оппозициячыл экендигине байланыштуу эмес. Асылбек бул жерден юридикалык колледжди бүтүп, Казандагы университетте окуп жатат. Экинчиден, ал кырсык болгондо Асылбек Бишкекте эмес болчу. Муну билеттерди көрсөтүү менен далилдей алабыз. Үчүнчүдөн, анын да, башка туугандардын да кырсыкка учураган машинеге тиешеси жок. Тиги машинеден кандайдыр бир телефон дүмүрчөгүн табышкан экен. Ушуга байлап эле сенсация жасап ийишти. Балким гезиттер популярдуу бололу дешкенби... Асылбекке аны достору электронка менен жөнөтүшкөн экен, телефон чалганынан ушундай макалалар болгонун мен да айттым. Ооба, адам өлүптүр. Бирок менин баламдын ага тиешеси болсо, макалалар чыккыча күтүп отура бермек белек. Кылмыш кодексинин ушундай иштерге байланыштуу жаңы статьялары боюнча, эгер материалдык чыгымды төлөп берсең, сага эчким кине кое албайт. Ошонүчүн уулум чын эле капаланып жүрдү. Таштай катуу адамдар эле сезбей койбосо, мындайда кандай гана адам болбосун азап чегет. Анын адвокаттарды жалдап сотко бергени - өз укугу, иши. - Бирок ал юрист да, эмне үчүн өзү коргоно албады? - Анын Казанда окуусу бар. Доо арыздагы 5 миллионбу же 5 сомбу, баарыбир биз уткан күндө да аны албайбыз, балдар үйүнө же карылар үйүнө которобуз. - Президенттин денсоолугуна байланыштуу аңыздар Кыргызстанды солкулдатып турду. Ушул эле учурда сиз Максим Бакиев менен чатакташып, офис талкаланып, ок атылганы айтылды. Мунун бардыгы кадр саясатын сиз жана Максим чечет экен дегенден чыкты. Максим экономиканы, сиз күч структураларын тейлейт экенсиздер, ушулардын негизинде кармаша кетипсиздер... - Президент келгенде аман-эсен, денсоолугу жайында экенин эл көрдү. Ал мага окшоп тамеки да чекпейт, ошонүчүн денсоолугу жакшы. Максим экөөбүздүн урушуп, бири-бирибизди атышканыбыз жөнүндө жакын санаалаштар айтышты. Баса, атышканда сая кетет экен деп ойлошпосун, экөөбүз тең таамай атабыз. Максим экөөбүз бири-бирибизди бардык маселеде түшүнөбүз. Мамилебиз жакшы. Анын бир жакка келбегени жөнүндө да жазышты. Мындай дегеле болушу мүмкүн эмес. Экөөбүз атышмак тургай, үнүбүздү да катуу чыгарбайбыз, анткени тарбиябыз буга жол бербейт. Мындайга алып келе турган маселелердин болушу да мүмкүн эмес. А биздин маселе чечкендерибиз?.. Имиштер канчалык фантастика болсо, адамдар ошончолук ишенишет турбайбы. А кадрлар боюнча... ИИМ, УКК жетекчилери өз алдынча адамдар. Ким кимди дайындаганын өздөрү айтышсын. - Бекназаров президент өзү эчнерсе чече албасын айтып эле жүрөт. Атамбаев да президент жакшы адам, бирок жакындарынын таасиринен чыгалбайт деди эле. - Бекназаров ушу сөздү кагазы жок айтсын, ал кагазы жок айталбайт. Анткени бул анын сөзү эмес. Ага бирөө жазып даярдап берди, тиги айтып койду. Бул аябай акылдуу сөздөр, аларды айтуу үчүн акыл, билим керек. Бул Бекназаровдун жеке пикири. Ал эмнени айтса да, мен анын деңгээлине түшкүм келбейт. Бирок ар нерсенин чеги болот. - Курманбек Салиевич эчкимдин таасирисиз эле чечимдерди өзү кабыл алат деп айталасызбы? - Кадрдык маселелер боюнча чечимдерди ал кабыл алганын билүү үчүн чоң аналитик болуп деле кереги жок. Ал мени да, башкаларды да укпайт. - Балким, шишкебек бышырып, үйдө эс алып отурганда мамлекеттик маселелерди талкуулайт чыгарсыңар... - Ал аз эле эс алат. Эс алып жатканда да мындай нерселерди айтканды жаман көрөт. Ошонүчүн мындайларды айтпайбыз. - Садыркуловго жиберилген кесилген манжа жана кулакка сиздин тиешеңиз бар экенин айтып жүрүшөт. Сиз Конгантиевге тапшырма берген экенсиз, ал аткаруучуларды тапкан экен... - Негизи ушундай иш болгон бекен? - Расмий түрдө эчким ырастаган жок. - Мен да сураган жокмун, балким болгондур, же болгон эместир. Мен аны тереңден изилдеген жокмун. Бирок жаман нерсе болсо эле эмне үчүн мага байланыштырышат. Мени карасаңыз, чын эле жаман адам көрүнүп турамбы? - Көрүнүшүңүз жакшы таасир калтырат... - Кулак, манжаны кесип, аны дагы бирөөгө жөнөтүп эмне кереги бар? Медет Чоканович экөөбүздүн мамилебиз жакшы эле. - Анда мындай имиштер кимге пайдалуу? - Бекназаров сыяктууларга керек. Эч нерсе жок болсо, бирдеме ойлоп табыш керек да. Биртуугандар өзара же президенттик администрация менен согушууда дешет. - Президент Германияда дарыланып жатканда сиз ага бардыңызбы? - Ооба, бир күнгө барып келдим. Сиздин деле биртууганыңызды операция жасаса, барып көрөт элеңиз да. Мен анын денсоолугу жайында экенин билгем, ошого карабай барып көрүп келдим. - Андай болсо, эмне үчүн барганыңызды ачык айткан жоксуз? - Айтайын дегем, бирок ал төрт күндөн кийин келмек да. Өзү келгенде денсоолугу жөнүндө өзү айтсын деп ойлодум. - Сиз шаан-шөкөттүү чоң той бергениңизди, ага Россиядан Газманов, "Песняры" тобу келгенин айтышууда. Бул окуя президент Германияда экенинде болуптур... - Эгер Курманбек Салиевичтин абалы оор болсо, мен той өткөрөт белем. Мен ага айтсам, "өткөрө бер" деди. Өткөрбөсөм деле адамдар келмек. Себеби, ага бир ай калганда эле Карагандыдагы, Москвадагы, Казакстандагы, Кавказдагы досторум келерин айтышкан. Мен элүүгө чыктым. Карагандыдагы милиция мектебин чогуу бүткөндөр эмгиче ынтымактуубуз. Досторум келди, Газмановдун келиши - досторумдун белеги болду. - Каркыранын, төрт пансионаттын казактарга берилишин кандай карайсыз? - Жеке пикиримди айтайын, мен ал жерде өткөн жылы болгом. Жер үчүн кээде биртуугандар да чырдашат. Бирок 650 гектар көппү же бир жарым миң гектарбы? Биз бирдеме жоготуп атсак, оппоненттер аргумент менен айтсын. Пансионаттар менен да мыйзам боюнча иш кылуу зарыл. Эгер аларды казактар курса, эларалык норма боюнча да алардын алууга укугу бар да. Кандай болгондо да алар утмак. Алар ансыз да биздин айтканыбызды жасап атышса, ызы-чуу көтөрүп эмне кереги бар? Эгер пансионаттарды кургандар тиги куру кыйкырыкчылар болсо, алар аны курууга канча каражат жумшаганын далилдесин. А кургандар пансионаттарды алып, андан сырткары акча да төлөгөнү жатышпайбы. Мурда алар эчтеке төлөшчү эмес да. - 2010-жылы президенттик шайлоого катышасызбы? - Жок, менин президент болоюн деген дымагым жок. Президенттикке ылайыктуу адамдар бизде көп эле. 2012-жылы боло турган парламенттик шайлоого катышуум мүмкүн... 1-майда "Лица" гезитине жарыяланган Жаныш Бакиевдин интервьюсунан которолду. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|