Коомдук-саясый гезит
№32, 02.05.08-ж.

Меймансап
Форум




 "Туризм жана саякат - BITF 2008"

28-29-апрелде Бишкекте "Туризм жана саякат - BITF 2008" жарманкеси жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп өттү.
Кылым кыргыз

Көргөзмөнүн катышуучуларынын көпчүлүгү Кыргызстандын облустарынан келген кол өнөрчүлөр өз буюмдарын, алсак бозүй, үй тиричилигине керектүү нерселер жана зергер буюмдарын коюшту. Ошондой эле тайган салып, куш таптаган мүнүшкөрлөр да катышты. Мындан сырткары Египет, Түркия, Болгария, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринен өкүлдөр келген.
Дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытуу жана ушул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоо менен бирге инвесторлорду тартуу максатын аркалаган бул иш-чарасынын өтүшү Кыргызстан үчүн жакшы кадам болду деп эсептейт, Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Айбек Молдокадыров.
- Не дегенде көп журналисттер келип, коомчулукка Кыргызстанда тынч эмес деген маалыматтарды таратышы мүмкүн. Быйыл биз сезондун башталашында атайын ушул иш-чараны уюштуруп жатабыз. Бул биздин биринчи кадамыбыз. Мындан ары да мындай өңүттөгү иш-чаралар уланат.
Вашингтондогу "Ишкер адамдар" журналынын башчысы Юрий Сиговдун айтымында, АКШда көбүнчө Кыргызстан тууралуу терс маанайдагы маалыматтар таратылат. Ошондуктан, чынында эле Кыргызстанга келгенге чейин ал башкача пикирде экен.
- Көрсө жаңылыптырмын, баары мен уккандай жана ойлогондой эмес экен. Көп нерселер таң калтырды. Мисалы, өлкөдө эли кедей турушары, дайыма пикет, митингдердин болуп атканы жана саясый абал начар экендиги айтылат. Эми өз көзүм менен көрүп, таптакыр башкача экендигине ынандым, - дейт Юрий Сигов.
Жарманке салт катары Ысыккөлдө уланып, май айында Ош жергесинде өтмөкчү. Бул жарманке Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин ушул жылга белгилеген алгачкы иш-чарасы. Алдыда дагы кыргыз элинин маданиятын, үрп-адат, каада-салттарын чагылдырган фестивалдарды уюштуруу максаттары бар.
Нуржан АЛЫМКАНОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan