![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №32, 02.05.08-ж. |
Меймансап Форум Хайл, Сайракан! Сая-саалы Т.Акун бийликти алкымдан алабы? Жаңыдан Акыйкатчы бапкесин кармаган Акун уулу Турсунбек ажы Түптөгү оппозиция төпөштөмөйгө оголе ачууланыптыр. Бүт жер жүзү быйыл Адам укуктарынын декларациясынын 60 жылдыгын белгилеп атса, кишинин башкы укуктарынын бири болгон тынч чогулуп-жыйналуу укугун тебелеп-тепсеген акмактар маанисинде бийликти күнөөлөптүр. "Андыктан, Түптөгү шермендечиликти өзүм иликтеп, күнөөлүүлөрдүн акесин таанытамын" дейт Акыйкатчы. Эти казакка кетип, сөөгү бизде калды Маммүлк фондунун анабашы Турсун Турдумамбетов казакка кеткен 4 пансионаттын жери мурдагы премьер-министр Ф.Куловдун кудурети менен бизге сакталып калган деп "элдик генералды" жерге-сууга тийгизбей мактап аткан кези. Көрсө, 2004-жылы экс-башбакан Танай уулу Никелей берешендик кылып, ошол пансионаттарды жер-суусу менен кошо казактарга берилсин деген келишимге кол коюп салыптыр. Кийин анын ордун ээлеген "темир генерал" буга макул болбой, макулдашууну кайра буздуруп, 2006-жылы пансионаттардын жерин кайтартып алыптыр. Өшөнтүп, эс алуу жайларынын эти казакка кеткени менен сөөгү бизде калыптыр. Буюрса, жарым кылымдан кийин этин да кайтарып алат экенбиз. Канттан учуп чыгып, Американы бомбалайт Орусиянын аскер аба күчтөрү жайгашкан Кантта Путиндин ядролук курал алып, алыска учуучу стратегиялык бомбардировщиктери тыным алып, андан ары сапарын улантуучу дагы бир тилке салынат дешет. Буга чейин мындай тилкелер орус жеринде жана Белоруссияда гана жайгашыптыр. Аларда тыныгып, май куюп алып учкан бомбалоочулар АКШга, Англияга, Инд океанынын аркы четиндеги Австралияга чейин, айтор, дүйнөнүн каалаган жерине учуп жетип, кызыл кыргын салат экен. Чебиңден мурда кебиңди бекемде Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңеш катчыларынын Исфарада болуп өткөн жолугушуусунда Баткен облусундагы чегараны эки тарап биргелешип кайтарууну чечишти. Ошондой эле чегара белгиленип делимитацияланмайынча эки өлкө ортосундагы талаш жерлерге эч кандай чарбалык иштер, там салуу болбосун деп шерттешти. Биз тарап Ворухтагы тажик анклавына кире бериште жайгашкан кыргыз чегара постун алып салууга макул болду. Бул тажиктердин ал жерге кирип-чыгышын жеңилдетет тура. Бириндебей, чогуу баргыла 30-апрелдеги фракция жыйынында "акжолчу" депутат Д.Молдошева төрага Адахан Мадумаровго кайрылып, депутаттар округдарга кетип жаткандыктан автоунааларынын бир айлык лимити жетпей калат, бензинди май айына көбөйтүп бериңиз таризинде суранды эле, спикер: "Бир айга бир депутатка 300 литр лимит бар, андан чыгалбайбыз, эгер жетишпей баратса округдарга эки-үч депутат чогулуп бир машина менен баргыла" деп көгөрдү. Айткандын аткармайы бар Башбакан Чудиновдун айтымында, мындан ары данды тыштан кызыл акчага ташыбай, өзүбүз өстүрүшүбүз керек болуп калды. Парламенттеги "Акжол" фракциясынын жыйынында өшөнтүп айтты. Ал үчүн дан өстүрүүчүлөрдү ар тараптан колдойбуз дейт. Ылайым эле ошондой болсун. Крим-аалы Кан узатпайт Токмок шаарынын 58 жаштагы тургуну 26 жаштагы өгөй кызын өлтүрүп салган. Шектүү деп кармалган күнөөкөр кылмышын мойнуна алды. Кылмышкер мурда да уурулук кылгандыгы үчүн отуруп келген экен. Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде жашоочу 39 жаштагы аял Токмоктон келген агасы менен уруша кетип, бычак менен сайып өлтүрүп, денесин жашырып койгон. Учурда кылмыш бети ачылып, агасын өлтүргөн аял менен окуяга күбө болгон анын жарандык никелеши тергөөдө сурак берип отурган кездери. Контрабандалык алтын Кечээ, Стамбул шаарынан Бишкектин "Манас" аэропортуна учуп келген самолеттун жүргүнчүсү, Кыргызстандын жараны В.Пактын сумкасынан 11 килограмм жашырылып келген алтын жасалгалары кармалды. В.Пактын айтуусунда, бул жасалгалар таза алтындан экен. Анын баасы - 290 миң доллар. Россиядан дагы үч кыргызга кол салынды Москва шаарындагы Пролетар проспектисинде Кыргызстандын үч жараны белгисиз адамдар тарабынан сокку жешкен. Окуя болгон жерге келишкен милиция кызматкерлери эс-учун жоготуп жатышкан кыргызстандык үч жигитти ооруканага алып барышкан. Алардын бири ооруканага жетпей көз жумду. Экөө бычактан алган жаракаттан улам оор абалда. Кылмышкерлер издөөдө. Наристелерге өлүм алып келген унаалар 29-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылынын тургуну, он сегиз жаштагы И.Янкел өзүнүн үйүнүн жанынан "Мерседес" автомашинасын артка бурам деп беш жаштагы наристени койдуруп алган. Наристе ошол жерден жан берген. Ал эми ушул сыяктуу окуя 30-апрелде Бишкек шаарынын "Никола" дүкөнүнүн жанында кайталанды. 23 жаштагы Мутлу Учкач "Ауди" автомашинасы менен тогуз жашар өспүрүмдү койдуруп кеткен. Ооруканага жеткирилген өспүрүм эсине келбей көз жумган. Акыйкат издеп ооздорун тиккен эне-бала Укук коргоо кызматкерлеринин адилетсиздигине нааразылыгын билдирүү иретинде Беловодск айылынын жашоочулары Г.Кадырова менен уулу Махмуд ооздорун тигип алды. Аялынын өгөй атасы Владимир менен Махмуд тил табыша албай, өткөн жылдын 5-сентябрында үйдөн уруш чыккан. Владимир күйөө баласы Махмуддун мойнуна бычак сайып, аялын, өгөй кызын да жабырланткан. Быйылкы 12-мартта Владимир Махмуддун үстүнөн милицияга арыз жазып, темир тор артына отургузган. Махмуддун аялы, кайненеси, энеси чырылдап, анын күнөөлүү эместигин далилдешсе да, алардын сөзүн эч ким уккан эмес. Айласы кеткен Махмуд менен энеси ооздорун тигип, акыйкаттыкка жетебизби деген ойдо. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|